СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ЖРТга даярдоо тести2

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ЖРТга даярдоо тести2»

Достор, бүгүнкү математика боюнча суроолорго жалпы 90 минута берилет:

1-бөлүм САЛЫШТЫРУУ -30 минута

2-бөлүм МАТЕМАТИКА-60 минута.

(КОЛУҢУЗДАРДАН КЕЛСЕ, УБАКЫТ МЕНЕН ИШТЕГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛЫНЫЗДАР.)

Жоопторду 24:00 го чейин жиберсенер болот.

Бул сынамык тестте айрым колдонулган белгилердин түшүндүрмөсү:

/ - бөлчөктөр (мисалы: 1/2 -экиден бир)

^ - (мисалы: 5^2 - 5тин экинчи даражасы)

|| -модуль

– - кемитүү белгиси

+ - кошуу белгиси

• -көбөйтүү белгиси

: -бөлүү белгиси

% -пайыз ж.

__

БАРДЫГЫҢЫЗДАРГА ИЙГИЛИК!

ЖРТ сынамык тести (@INSTATUBE.KG)

18-апрель

МАТЕМАТИКА (1-бөлүк)

_____

1-30-суроолордо (КОЛОНКАЛАР) "А" жана "Б" колонкалары чондуктарды камтыйт. Бул эки чоңдукту салыштырып, жообун табууңар керектелет👇



А-эгерде "А" КОЛОНКАСЫНДАГЫ чоңдук чоң болсо,

Б-эгерде "Б" КОЛОНКАСЫНДАГЫ чоңдук чоң болсо,

В-эгерде эки чоңдук БАРАБАР болсо,

Г-эгерде бул маалыматтар боюнча жогорудагы чоңдуктардын кайсынысы чоң экендигин аныктоого же эч бирин тандоого мүмкүн эмес болсо.

___

1)Колонка "А". Колонка "Б"

-12/5+2/5. -1/3-2/5



2)Колонка "А". Колонка "Б"

а:(7:11). (11/7)•а



3)Колонка "А".

ЭКЖБ (96,144)/ ЭЧЖБ (96,144)

Колонка "Б"

4



4)9^(у-1)

Колонка "А". Колонка "Б"

у. 3



5)х:у=0 жана х+у=-1

Колонка "А". Колонка "Б"

х. у



6)х^2-у^2=60 жана х-у=12

Колонка "А". Колонка "Б"

х+у. 6



7)Колонка "А". Колонка "Б"

1200м+400см. 1.2км+40дм



8)x=987,654

Колонка "А".

ондук үлүшкө чейин тегеректелген х саны

Колонка "Б"

жүздүк үлүшкө чейин тегеректелген х саны



9)360 санынын 0,4%ы а

Колонка "А". Колонка "Б"

а. 14



10)Колонка "А". Колонка "Б"

5-√3. 2√3



11){4а-3b=12 жана {3а+4b=24

Колонка "А". Колонка "Б"

a. b



12)Бардык сандар үчүн h(x)=5 жана f(x)=2x-4

Колонка "А". Колонка "Б"

h(f(x)). f(h(x))



13)19/y=x жана х,у-бүтүн сандар

Колонка "А".

х тин бардык маанилерини суммасы Колонка "Б"

у дын бардык маанилерини суммасы



14)0,(7)

Колонка "А". Колонка "Б"

х. 15/18



15)Мектеп жамааты мугалимдерден жана окуучулардан куралган. Алардын 1/10 бөлүгү- мугалимдер, кыздар 46%ын түзөт. Ал эми, калган бөлүгү- эркектер.

Колонка "А". Колонка "Б"

Кыздардын саны Эркектердин саны



16)Колонка "А". Колонка "Б"

а^x•a^y. a^(x•y)



17-18-суроолорго төмөндөгү маалыматка ылайык жооп бергиле.

Асел 0-100 го чейин баалануучу сынакта төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө ээ болду: 67, 43, 73, 64, 85, 68, 57, 68*



17)Колонка "А". Колонка "Б"

Мода. Медиана



18)Колонка "А". Колонка "Б"

Арыш. 43



19)-29,-20,-11,... - арифметикалык прогрессия

Колонка "А".

а9 (прогрессиянын 9-мүчөсү)

Колонка "Б"

а5•6 (прогрессиянын 5-мүчөсү•6)



20)Периметрлери барабар болгон тик бурчтук жана квадрат берилди.

Колонка "А".

Тик бурчтуктун аянты

Колонка "Б"

Квадраттын аянты



21)a,b,c,d,e- удаалаш жуп сандар.

Колонка "А". Колонка "Б"

d. 30



22)Туура 9 бурчтуктун сырткы бурчтары х ке барабар.

Колонка "А". Колонка "Б"

х. 45



23)х тин 5/7 болүгү 36нын 5/9 бөлүгүнө барабар.

Колонка "А". Колонка "Б"

х. 20



24)Колонка "А". Колонка "Б"

(9!)^0. 0



25). Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүротко ылайык жооп бергиле.

Кубдун бизге көрүнгөн грандары гана жашыл түскө боёлгон. Ал 27 барабар кубиктерге бөлүндү.

Колонка "А".

Бир бети гана боёлгон кубиктердин саны

Колонка "Б"

4



26). Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Колонка "А". Колонка "Б"

х. 5



27). Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Колонка "А". Колонка "Б"

t. 25



28). Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Колонка "А". Колонка "Б"

S(BDEF). S(ADE)+S(ЕFC)



29). Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Колонка "А". Колонка "Б"

x. 140



30). Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Колонка "А".

үч бурчтуктун аянтынын периметрине болгон катышы

Колонка "Б"

ү
ч бурчтуктун периметринин аянтына болгон катышы

25- суроо

МАТЕМАТИКА (2-бөлүк)

_____

31)48:6-12•6+45:5=?

А)-65

Б)-55

В)-25

Г)-45

Д)-35



32)Жаныбек 17 жашта жана иниси Каныбек 3 жашта. Жаныбек Каныбектен эки эсе улуу болгондо, экөөнүн жаштарынын суммасы канчага барабар болот?

А)40

Б)42

В)36

Г)45

Д)48



33)Концертке билет алуу учун 13 адам канча бөлөк түрдө иретке тура алышат?

А)1313

Б)91

В)78

Г)1697

Д)13!



34)|2х-2|

Жогорудагы барабарсыздыкты чыгаргыла.

А)(-8,6)

Б)(-6,8)

В)((-8,-6)

Г)(6,8)

Д)(-3,4)



35)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы эки жөнөкөй сандын суммасы боло албайт?

А)10

Б)20

В)30

Г)40

Д)41



36)Китеп дүкөнүндө чоң жана кичине китептер сатылат. Чоң китептин баасы кичине китептикинен 3 эсеге кымбат. Эгерде Султан 3 чоң жана 2 кичине китеп алган болсо, ал алгандары үчүн канча акча төлөшү мүмкүн?

А)60

Б)64

В)65

Г)77

Д)78



37)3 мамлекеттик ишкер 3 саатта 3 документти текшере алышат. Ушундай эле 8 ишкер 6 саатта канча документти текшере алат?

А)7

Б)8

В)10

Г)12

Д)16



38-41-суроолорго берилген сүрөткө ылайык жооп бергиле👇



38)Сурамжылоого катышкандардын канча пайызы лилия гүлүн жактырышат?

А)19%

Б)18%

В)9%

Г)29%

Д)14%



39)Эгерде сурамжылоого жалпы 1300 адам катышкан болсо, анда алардын канчасы лилия гүлүн жактырышат?

А)260

Б)239

В)247

Г)208

Д)238



40)Сурамжылоого катышкандардын канча бөлүгү ромашканы жактырышат?

А)1/10

Б)2/5

В)1/6

Г)3/10

Д)3/20



41)Көрсөткүчтөр пайыз түрүндө берилген. Бул пайыздардын медианасы тиешелүү түрдө кайсы гүлгө таандык?

А)лилия

Б)жоогазын

В)ромашка

Г)тюльпан

Д)сирень



42)Класстагы окуучулардын бардыгы ийримдерге катышышат. Эгерде англис тили боюнча ийримге 24, кытай тили боюнча ийримге 16 жана экөөнө тең 12 окуучу катышса, класста жалпы канча окуучу окуйт?

А)52

Б)28

В)24

Г)20

Д)32



43)Кабыл ишти 12 минутада аткара алат. Ал эми, Мирбек 4 минутада жасай алат. Эгерде алар бул ишти биригип жасашса, канча минута керектелет?

А)1

Б)2

В)2,5

Г)3

Д)4



44)Жалил өкчөгүчтү эки жолу өкчөдү. Алардын жок дегенде бирөөсүнөн 1 чыгып калуу ыктымалдуулугу канча?

А)1/3

Б)1/6

В)7/36

Г)11/36

Д)1/4



45)Касым ар бир алты күндө бассейнге барып эс алат. Эгерде ал биринчи жолу дүйшөмбү күнү барган болсо, 10-жолу кайсы күнү барат?

А)шейшемби

Б)бейшемби

В)жума

Г)ишемби

Д)жекшемби



46)680 сантиметр 1 километрден канча пайызга аз?

А)6,8%

Б)32%

В)68%

Г)93,2%

Д)94%



47)1•3•5•7•9•11•13

Жогорудагы көбөйтүндү кайсы цифра менен аяктайт?

А)1

Б)3

В)5

Г)7

Д)9



48)Бардык х жана у сандары үчүн (х^(2)-5у):1/4=11 жаны операция берилген. Эгерде х=8 болсо, у канчага барабар?

А)4

Б)5

В)6

Г)7

Д)8



49)Алиман кафеге барып, салат, тамак , шире жана десерт заказ кылгысы келди. Эгерде кафеде 8 түр тамак, 4 түр салат , 1 түр шире жана 2 түр десерт болсо, ал канча башка түрлүү заказ кыла алат?

А)14

Б)16

В)32

Г)48

Д)64



50)у=5х-9/2х-8

Жогорудагы функциянын аныкталуу областын тапкыла.

А)4төн башка бардык сандар

Б)4кө чейинки бардык сандар

В)4төн башка бардык оң сандар

Г)4төн кийинки бардык оң сандар

Д)4төн башка бардык бүтүн сандар



51)Окшош эмес сандар катары берилген: 7,3,11,8,5,а. Бул сандардын арышы 8ге барабар болсо, а канчага барабар?

А)6

Б)8

В)11

Г)14

Д)2



52)Жагы 4 см болгон кубдун толук бетинин аянты канчага барабар?

А)48 см^2

Б)64 см^2

В)72 см^2

Г)96 см^2

Д)128 см^2



53)Ромбдун диагоналдары 10 см жана 24 см ге барабар болсо, анын жагы канчага барабар?

А)7

Б)17

В)13

Г)26

Д)15



54). Суроо үчүн атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Айлананын диаметри 12 смге барабар. Анын боёлгон бөлугунун аянты канча?

А)6π

Б)30π

В)36π

Г)72π

Д)120π



55). Суроо учун атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Чиймеде борборлорунан бекитилген радиустары 10 жана 4 см болгон тегеректин бирөө айланат жана ал экөөнө курчалган жип аркылуу экинчисин да айлантат. Чон тегерек 8 жолу айланганда кичине тегерек канча жолу айланат?

А)20

Б)16

В)12

Г)15

Д)24



56). Суроо учун атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

х канчага барабар?

А)15

Б)30

В)45

Г)60

Д)75



57). Суроо учун атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Чон тик бурчтуктун боёлгон бөлүгүнүн аянты канчага барабар?

А)110 см^2

Б)90 см^2

В)98 см^2

Г)140 см^2

Д)104 см^2



58). Суроо учун атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

Төмөндөгү фигуранын боёлгон бөлүгүнүн аянты канчага барабар?

А)8(2-π)

Б)16(1-π)

В)4(4-π)

Г)2(4-π)

Д)4(2-π)



59). Суроо учун атайын сүрөт берилген. Сүрөткө ылайык жооп бергиле.

|TK| узундугун тапкыла.

А)9√3 см

Б)12√2 см

В)6√3 см

Г)9 см

Д)6√6 см



60)Төмөндө келтирилгендердин кайсынысы призманын кырларынын санына барабар болуусу мүмкүн?

А)12

Б)16

В)20

Г)25

Д)26













1- болум АНАЛОГИЯЛАР 35 мунот

1. браконьер : уучу

А) өлтүргүч : кылмышкер

Б) диктатор : президент

В) бандит : ууру

Г) башчы : манап

2. эгоист : альтруист

А) расист : нацист

Б) вандал : филантроп

В) фашист : демократ

Г) ач көз : сараң

3. ымыркай : өспүрүм

А) музоо : кунажын

Б) кыз : аял

В) жөжө : тоок

Г) кунан : асый

4. он эки : мүчөлүү жаш

А) жыйырма төрт : сутка

Б) кырк беш : тайм

В) он : декада

Г) элүү : юбилей

5. бедел : авторитет

А) желдет : баатыр

Б) генерал : маршал

В) нарк : баа

Г) малай : кул

6. буулануу : булут

А) тердөө : тер

Б) эрүү : суюктук

В) жетилүү : алма

Г) тоңуу : муз

7. балет - бий

А) натюрморт : искусство

Б) элегия : ыр

В) "Манас" : эпос

Г) фантастика : фильм

8. капиталист : байлык

А) манап : бийлик

Б) артист : талант

В) жароокер : кубат

Г) акын : даңк

9. акылман : акыл

А) балбан : күч

Б) карыя : барк

В) сабатсыз : акылсыздык

Г) апенди : күлкү

10. такыя : селки

А) чапан : карыя

Б) кесел : бозой

В) белдемчи : кыз

Г) тебетей : улан

11. дегустатор : даамдоо

А) журналист : сүйлөө

Б) архитектор : чийүү

В) хакер : бузуу

Г) учкуч : учуу

12. учуу : бийик

А) басуу : жай

Б) сүзүү : терең

В) качуу : ылдам

Г) калкуу : жеңил

13. гольф : топчо

А) бильярд : луза

Б) шахмат : пешка

В) поло : клюшка

Г) хоккей : шайба

14. маяк : жарык

А) мунара : азан

Б) саат : убакыт

В) китеп : акыл

Г) мектеп : мугалим

15. вена : кан

А) шыйрак : чучук

Б) ооз : шилекей

В) шланг : суу

Г) казан : шорпо

16. күйөө : бажа

А) күйөө : абысын

Б) күйөө : кудагый

В) күйөө : балдыз

Г) күйөө : карындаш

17. мерез : таш боор

А) сабаттуу : акылдуу

Б) коркок : суу жүрөк

В) жупуну : ак көңүл

Г) митаам : кара мүртөз

18. оптимист : пессимист

А) баталист : пейзажист

Б) гуманист : мизантроп

В) коммунизм : капитализм

Г) аллергик : фармацевт

19. чүчкүрүү : ак чүч

А) айттоо : маарек

Б) алик алуу : салам алейкум

В) кой айдоо : кош

Г) какоо : майга-сүткө

20. чарчоо : эстөө

А) уйкусуроо : керилүү

Б) шашуу : унутуу

В) сүйлөө : ойлоо

Г) тултуюу : мыңкылдоо

Сүйлөм толуктоо

21. _ , Кыргызстанда _ үй-бүлөлөр көп. Бирок, _ , күнүмдүк тамак-ашка жетерлик каражат _ бар.

А) Тилекке каршы/ жакыр/ Кудай жалгагыр/ кээ бирөөндө

Б) Бактыга жараша/ бай/ Кудай сактасын/ азында гана

В) Тилекке каршы/ жетишпеген/ Кудайга шүгүр/ баарында

Г) Бактыга жараша/ бактылуу/ Кудайга тобоо/ эч кимде



22. Канчалык _ , канчалык ачылыштарды ачкан сайын, окумуштуулар жаратылышта _ _ ошончолук _ экендигине __ .

А) көп окуп/ сакталган/ кооздуктун/ назик/ көздөрү жетет

Б) эксперимент жасап/ изилдениле элек/ жаныбарлардын/ көп/ ишенип келишет

В) изилдөөгө алып/ катылган/ сырлардын/ терең/ ынанып келишет

Г) байкоо жүргүзүп/ пайда болгон/ элементтердин/ уникалдуу/ таң калышат

*23. Тайфундардын аябай чоң кыйратуучу күчкө ээ болушу анын _ түрүндөгү абалына жана басымына _ . *

А) айлана/ алып келет

Б) тоголок/ көз каранды

В) тегеренме/ таасир этет

Г) айлампа/ байланыштуу

*24. Түрк элдеринде Х кылымдан баштап _ ислам динин башкалардай эле кыргыз эли да _ _ . *

А) жоголуп бараткан/ өз каалоосу менен/ сактап калган

Б) жайылтылган/ өз ыктыяры менен/ кабыл алган

В) тараган/ эркине каршы/ сактап калган

Г) өнүгүп келе жаткан/ каалоосуна ылайык/ өнүктүрө баштаган

*25. Кийим-кечелерден биз адамдын социалдык _ , кирешесин, билим деңгээлин билүү менен _ , анын _ баалоосун жана кандайдыр бир поп-маданияттарга болгон _ байкай алабыз. *

А) абалын/ эле чектелбестен/ өзүн-өзү/ мамилесин

Б) ордун/ биргеликте/ кийимди/ сый-урматын

В) статусун/ гана калбастан/ өзүн-өзү/ тиешесин

Г) турмушун/ чогуу/ башкаларды/ көз карашын

*26. Эгер биз _ адамдардын жанында жүрсөк, же _ музыкага толгон чөйрөдө болсок, өзүбүздү абдан _ , өзүбүзгө _ пайда болот. *

А) жагымдуу/ шаңдуу/ жеңил сезип/ ишеним

Б) урушчаак/ капалуу/ жаман көрүп/ жийиркенүү

В) иш кылбаган/ туура эмес/ жалкоо сезип/ жамандык

Г) акылдуу/ классикалык/ сабаттуу көрүп/ сыймыктануу

*27. Орус империясы кыргыз жеринде _ , бүткүл _ накта _ саясатты жүргүздү. *

А) да/ Туркестанда/ зулумдук менен

Б) гана болбостон/ империяда/ колониалдуу

В) эле эмес/ Орто Азияда/ колониалисттик

Г) гана/ өлкө боюнча/ катуу

*28. Экономикасы _ өлкөлөр көпчүлүк учурда _ өлкөлөргө _ . *

А) өнүгүп бараткан/ өнүккөн/ стимул болушат

Б) өнүккөн/ артта калган/ терс таасирин тийгизишет

В) өнүкпөгөн/ кедей/ жардам бербейт

Г) өнүгө элек/ алдыңкы/ чоң минус болушат

*29. Ар бир _ адамзатын тынчтыкка, адеп-ахлакка, ички гармонияга үндөйт. _ , заманбап адамзаты _ баалуулуктарга _ келет. *

А) маданият/ Кудайга шүгүр/маданий/ көз чаптырып

Б) руханий окуу/ Кызыгы/ руханий/ басым жасап

В) каада-салт/ Бирок/ салттык/ көз жуумп

Г) диний агым/ Тилекке каршы/ диний/маани бербей

*30. Байыртадан биздин бабаларыбыз жаратылыш менен _ жашап, табият _ комуздун күүсүнө _ менен келтире алышчу. *

А) бетме-бет/ жандыктарын/ эргүү

Б) дайыма/ көркүн/ шыктуулук

В) бирге/ кооздугун/ талант

Г) эриш-аркак/ үндөрүн/ чебердик





















2- болум ПРАКТИКАЛЫК ГРАММАТИКА. 30- мунот

1). Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз айкашы төмөндөгү сөз айкаштарынын кайсынысына маанилеш?

А)чырагына май тамызуу

Б)башына чырак жагуу

В)ийри отуруп, түз кенешүү

Г)өчкөн отун тамызуу



2)Кайсы катардагы сөздөр бири-бири менен маанилеш?

А)изги- ийгилик

Б)арык-мылмыгый

В)жакын-жуук

Г)кыйды-ак көңүл



3)Салымбек кара суудан каймак алган ___ неме.

А)мээнеткеч

Б)кара ниет

В)эпчил

Г)текебер



4)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз түстү билдирди?

А)Чүйдун талаасына боз түшүп турду.

Б)Эргеш окуучулардын алдында боз ала болуп кала берди.

В). Боз улан кезимдин кандай сонун эскерүүлөрү бар.

Г)Көгөргөн чөпсүз талаанын боз топурагы белден бурайт.



5)Кайсы катардагы сүйлөмдө акылга сыйбас сөз айкашы катышкан?

А)Жооштон жоон чыгат.

Б)Көрүнбөй кайда жүрөсүң, тирүүнүн өлүгү болуп?

В)Асел шаардын четинен автобуска түшүп, кайра акыркы аялдамадан автобустан түштү.

Г)Султангазы ,Эген менен жаман-жакшы көрүнбөй , кетип калууну туура көрдү.



*6)Мен, Нурматова Чолпон, мектеп бухгалтериясынан апрель айы үчүн 5500 сом өлчөмүндөгү айлык акымды ушул мектептин кызматкери Идирисова Арзыкандын алуусуна ___ берем. *

Жогорудагы сүйлөмдү ылайыктуу сөз менен толуктагыла.

А)ишеним кат

Б)күбөлүк кат

В)маалым кат

Г)тил кат



7)Балдардын кумдарды чачып ойноосу Асан карыянын зыгырын кайнатты.

Жогорудагы сүйлөмдө кайсы сөз туура эмес колдонулган?

А)кумдарды

Б)чачып ойноосу

В)Асан карыянын

Г)зыгырын кайнатты



8)Эки буту кылтылдаган, майышкан бир отургуч. Эшик алдындагы бурчта дат баскан, эскирген, калбыр болуп тешилген темир меш.Анын ичи- жык толгон күл.

Жогоруда сүрөттөөнүн кайсы түрү берилген?

А)жаратылышты сүрөттөө

Б)турак-жайды сүрөттөө

В)кыялданып сүрөттөө

Г)буюмду сүрөттөө



9)Төмөндөгү айтымдардын кайсынысы илимий стилге мүнөздүү?

А)Студенттер "өлбөстүн үрөнүн" (стипендия) күтүп гана жатып калышат.

Б)Студенттерге берилген билим сапаты күн сайын өсүүдө.

В)Университет- ар кандай бөлүмдөрү (факультеттери) бар жогорку окуу жайы жана илимий мекеме.

Г)Кубат ,университте окуп жүрүп, түгөйү Жанар менен таанышты.



10)Бийлик колдо болгондон кийин, мынчалыкка барбашы керек эле.

Жогорудагы сүйлөм татаал сүйлөмдүн кайсы түрүнө мисал боло алат?

А)сыпат

Б)себеп

В)мезгилдеш

Г)салыштырма



11)Төмөндө берилген сүйлөм бөлүктөрүн кайсы варианттагы ырааттуулук боюнча жайгаштырсак, сүйлөмдү туура түзгөн болобуз?

1)өрөөндү жаңыртып

2)Жамийла тынч отура алган жок

3)ырдап кирди

4)акыры үнүн көтөрүп



А)1-2-4-3

Б)4-3-2-1

В)4-2-1-3

Г)2-4-1-3



12)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз сүйлөмгө мүчө боло албайт?

А)Айбек агай, биздин класс жетекчибиз, бүгүн сабакка келген жок.

Б)Айбек агай, Айзада эжей грамота менен сыйланышты.

В)Айбек агай - мектептеги жалгыз биология мугалими.

Г)Айбек агай, сиз үйгө тапшырма берген эмессиз.



13)Төмөндөгүлөрдүн ичинен жаксыз сүйлөмдү тапкыла.

А)Жакыпка үйдөгүлөрдүн кайра боору ооруду.

Б)Тотойдун уюн уурдап кетишиптир.

В)Кары адамга катуу айтууга мүмкүн эмес экенин билген эмесмин.

Г)Анын бул айтканы буга чейин айтканы менен дал келбейт.



14)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсылары сүйлөмдө бирдей милдет аткарышты?

1)Анда, сен мени менен барып кел.

2)Анда сен бизге баарын айтып бересиң.

3)Анда кайгыруу, кубануу деген жок экен.

4)Анда мен болгону 3 жашта болчумун.

А)1,3

Б)2,4

В)1,4

Г)2,3



15)Кайсы катарда мезгил багыныңкы байланыштагы сүйлөм берилген?

А)Элебес сенин теңиң болсо, менин иним болчу.

Б)Сен билбесен, биз билебиз аны.

В)Партия тапшырса, сөзсүз, ал милдетти аткарам.

Г)Айдай эшикке чыкса, балдар чүкө ойноп жатыптыр.



УЛАНДЫСЫ👇

[18:59, 20.4.2019] Жрт: 16)Кайсы катарда үндөштук законуна баш ийбеген сөздөр берилген?

А)нокто, чалгын, тарак

Б)бадал, чымын, келишим

В)мугалим, беймаал, насип

Г)өткүн, сөксөөл, жагалмай



17)Кайсы катардагы сөздөрдүн бир гана вариантын жазууга жол берилет?

А)силки - силк

Б)ыракмат - рахмат

В)небак - эбак

Г)ээмп-эмип



18)Кайсы катардагы сүйлөмдө орфографиялык эрежеге ылайык келбеген сөз катышкан?

А)"Манас" эпосу - кыргыз рухунун туу чокусу.

Б)Мен да силер менен Сулайман-Тоого баргай элем.

В)"Атам келдиби?"- деп апаман сурадым.

Г)Аман дагы сени ээрчиир.



19)Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?

А)Саманчынын жолу, Алай-Куу, Жаңы жыл майрамы

Б)саманчынын жолу ,Алай-Куу, жаңы жыл майрамы

В)Саманчынын жолу, Алайкуу, жаңы жыл майрамы

Г)Саманчынын Жолу, Алайкуу, Жаңы жыл майрамы



20)Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура ташымалданган?

А)мам-лекет,баталь-он, турум-тай

Б)12-км ,консуль-тация, Ч.Т.-Айтматов

В)жетиш-түү, раз-ъезд, искус-ство

Г)калып-танган ,подъ-езд, Жаны-бек



21)Кайсы катардагы сүйлөмдүн тыныш белгилери туура коюлган?

А)Сарыбай- "Мага окшогон кетменчилерге ал жакта суутуп коюптурбу?"- деди.

Б)"Мага окшогон кетменчилерге ал жакта суутуп коюптурбу? ",- деди Сарыбай

В)"Мага окшогон кетменчилерге,- деди Сарыбай, -ал жакта суутуп коюптурбу?"

Г)"Мага окшогон кетменчилерге.- деди Сарыбай, -Ал жакта суутуп коюптурбу?"



22)Тилек баарын элди жерди башкарган айыл башчысы.

Жогорудагы сүйлөмгө канча тыныш белги жетишпейт?

А)бир

Б)эки

В)үч

Г)төрт



23)Акыл жаштан асыл таштан.

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белги же тыныш белгилер жетишпейт?

А)үтүр

Б)сызыкча

В)үтүр, кош чекит

Г)үтүр, сызыкча



24)Кайсы катардагы сүйлөмдө сызыкча туура эмес коюлган?

А)Кайрылдым - жооп ала албадым.

Б)Күч- билекте, кайрат - жүрөктө.

В)Ардак тактага илинесиң- милдетиңди так аткар.

Г)Катуу уктап жатат - бала аябай чарчаптыр.



25)Кайсы катардагы создөрдүн ортосуна дефис коюлушу керек?

А)ден соолук, айлап жылдап

Б)жайлы жайлай, инженер механик

В)үй бүлө, улук лейтенант

Г)жаман жакшы, темир жол



26)Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысына мүчө жалганган эмес?

А)соргок

Б)чертмек

В)илим

Г)жамын



27)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз кыймыл-аракеттин ал-абалын билдирди?

А)Балам, жакшы оку : жалгыз таянычыбыз сенсин.

Б). Жакшы бала болуп, тилегиңе жет, айланайын!

В)Сенин жакшылыгыңа кайра жакшылык менен жооп берермин.

Г)Алмаңыздын жакшысынан берип коёсузбу?



28)Күйөрмандык

Жогорудагы сөз кайсы мүчөлөрдүн жардамы менен жасалган?

А)-ар, -ман, -лык

Б)-өр, -ман, -дык

В)-арман, -лык

Г)-арман, -дык



29)Кайсы катардагы сүйлөмдө кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиш катышкан?

А)Базардан мага кийим-кече ала келчи.

Б)Ал жолдо тайгаланып кете жаздады.

В)Биз мектепке окуганы келгенбиз.

Г)Сабыр чыдабай айтып жиберди.



30)Кайсы катардагы сөз ой-пикирди ырастоо, бекемдөө үчүн колдонулат?

А)айтор

Б)арийне

В)өңдөнөт

Г)көрсө

[19:00, 19.4.2019] Жрт: ОКУП ТУШУНУУ (1-ТЕКСТ)

_____

БАЛДАРДЫ ТАТЫКТУУ ЖАШООГО ҮНДӨӨ – АТА-ЭНЕЛЕРДИН МИЛДЕТИ.



1-сап

Сөз учугубуз маӊыздуу жана өтөлгөлүү өмүр сүрүү үчүн бала тарбиялоонун ролу, анын бир нече багыттарын сунуштоо жөнүндө болмокчу. Ар бир пенде өмүр жолунда жакшы из калтырууну туура ойлоно билсе, ага кызыга алат. Бул жашоодо адам баласынын из калтыруусу үчүн бир нече багыттар бар.

11-сап

Алардын бири – бала тарбиялоо.

Татыктуу тарбияга тарбиялуу коом керек…

Эртеӊки жаркын келечек, тарбиялуу коом, өнүккөн маданияттуу турмушубуз үчүн – балдарыбызга тереӊ, туура тарбия берүү зарылдыгы келип чыкты. Коомчулук жапа тырмак киришип, ар бир

21-сап

үй-бүлө, ар бир ата-эне баланы туура тарбиялоого астейдил кызыкдар болуп, үйдө да, мектепте да, көчөдө да балдарыбыз туура багытты тандоосу үчүн тарбия багытындагы бардык шарттарды жандандыруубуз керек.

Мисалы, кээ бир адамдар бар, өздөрүнүн балдары өзгөлөрдүн

31-сап

балдарына караганда күчтүүрөөк болушун каалайт. Бул түшүнүк, албетте,  жаман нерсе эмес, бирок жаман жагы да бар. Анткени, мисал келтирип көрөлү, айылда 60 ата-эненин экиден 120 баласы бар дейли. Алардын төртөө балдарын эӊ жакшы тарбиялады. Бирок калган жакшы тарбиялабаган 56 ата-эненин

41-сап

тартипсиз балдары, тарбиялуу

төрт баланын жакшы иштерин жок кылууга, ал тургай айылдагы эӊ жаман окуялардын келип чыгышына себепкер болушат.э. Ал тургай айылдагы ууру-кески, мушташ-тиштеш — терс көрүнүштөргө аралашкан балдар болуп чоӊойсо, анда «менин балам башкалардын балдарынан

51-сап

жакшы бала болсун» деген

тилектин канчалык деӊгээлде пайдасы бар? Эгерде, бардык балдар тарбиялуу болгондо, анда ошол чөйрөдө эӊ сонун жашоо өкүм сүрөт. Демек ата-энелер «Балдарыбыз жакшы тарбиялуу болсун» дешсе, анда башкалардын балдарынын дагы тарбиялуу болушун каалаш керек

61-сап

жана ага карата аз да болсо

салым кошушу зарыл. Жеткинчек курагында уурулук кылган бала, ал ишин кийин кайталашы да, кайталабашы да мүмкүн. Мындан сырткары, мына ошол биринчи уурулугуна карата кандай чарага туш болуп, кандай жооп алгандыгына да карата кадамы уланат. Канткен чакта да мына

71-сап

муну эсибизден чыгарбашыбыз

керек, ошол жеткинчек өзүнүн ушул уурулук кылганын унутпай жашайт. Андыктан, балдарыбыз чоӊойгон кезде балалыгынан эӊ жакшы окуялардын элесин сактап калышына камылга көрөлү.

Балдарыбызды туура тарбиялоону эч качан

81-сап

кечиктирбешибиз зарыл.

Чындыгында балдарды тарбиялоо «эненин кардында бала түйүлдүк кезинен башталуусу зарыл» деген ойду дагы четке каккан окумуштуулар бар. Анткени ата-эне болуучу эки жаш келечектеги күмөндүү балдар үчүн, ошол мезгилден баштап өзүнүн ден соолугуна

91-сап

кам көрүүсү шарт. Андан сырткары, эки баш кошуучу жаштын жаш өзгөчөлүгү, алган буга чейинки тарбиясы, билими, мындан кийин кайда жашашы, же болбосо, алардын мүнөздөрүндөгү дал келүүчүлүк менен карама-каршылыктар изилденип чыкпаса, анда бактылуу үй-бүлөнүн болушу

101-сап

кыйыныраак болот. Ал эми үй-бүлөдө бактылуулук болбосо, анда балдарды тарбиялоо тескери натыйжа жаратат. Бала тарбиялоого өзгөчө маани берүү — эч к…

[19:00, 19.4.2019] Жрт: 151-сап

эӊ негизги милдети. “Манас” эпосунан тарта элибиздин улуттук баалуулуктарын акылыбызга сиӊирип,  тарыхыбыздын алтын казынасында сакталып келе жаткан элдик педагогиканын асыл мурастарын балдарыбыздын жүрөгүнө кайтаруу мезгили келди деп

161-сап

коӊгуроо каккым келди.

“Эрдин көркү – эл менен, эмгегиӊ менен элге жак”, “Жаш кезиӊде жаркылдап, калкыӊа тийгиз керегиӊ” деген Токтогулдун насаатынан тарта “Зөөкүрдү чабар камчы бол, кургак жерге тамчы бол! Дүлөйлөргө кулак бол, чөлдүү жерге булак бол!”- деп коӊгуроо

171-сап

каккан Жеӊижоктой улуу акындарыбыздын көркөм дөөлөттөрүндө катылган тарбия жараяндарына кайрадан баш-отубуз менен кирип, руханий байлыктарыбызды балдарыбыздын билимине айкалыштыруу учуру келип отурат.

Ата-энелерге кайрылып айтарым,

181-сап

балдарыбызга жаӊы кийим, же кымбат кийим сатып алып берүүдөн кечиксек мейли, бирок туура тарбиялоону эч качан кечиктирбешибиз керек.

Улутубуздун улуттук баалуулуктарын эске алуу менен, ата-бабаларыбыздын тарых беттеринде, турмуштун жазылбаган мыйзамдарында

191-сап

калтырып кеткен нарктуу байлыктарын жүрөгүбүздө аздектеп, балдарыбыздын келечегин эртеӊ эмес, бүгүн, алдын ала ойлонуп, татыктуу жашоого үндөө керек. Тарбиялоону – элдик педагогиканын уӊгусунда карап, улуттук каада-салт, улуттук нарк-насил менен тарбиялашыбыз

201-сап

учур талабы. Демек, ойгонолу, ойлонолу. Бала тарбиялоодо кечигип калуу коркунучунан алыс бололу!

(Куштарбек Кимсанов)

[19:01, 19.4.2019] Жрт: ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ

1-ТЕКСТ БОЮНЧА СУРООЛОР

___

1)Автордун негизги максаты - ___

А)баланы татыктуу тарбиялоонун маанилүүлүгүн көрсөтүү менен айрым багыттарды берүү.

Б)ата-энелердин бала тарбиялоодогу мүчүлүштүктөрүн айтып, кайталабоого чакыруу.

В)балдарды тарбиялоодо элдик педагогиканы колдонууну сунуштоо.

Г)балдардын татыксыз тарбия алып жатканын эскертип, ата-энелерге нааразычылыгын билдируу.



2)22-саптагы "астейдил" деген сөз текстте кандай мааниде колдонулду?

А)абдан

Б)чын дилден

В)жапырт

Г)ишеним менен



3)Автор балдарды эмнелердин негизинде тарбиялоону сунуштайт?

1)үрп-адат

2)уруулуктан алыс кармоо

3)адабий мурас

4)окумуштуулардын теориялары

5)бактылуу үй бүлөнүн болушу

А)1,4,5

Б)1,3,5

В)1,2,3

Г)1,2,4



4)Автор Токтогул, Жеңижокторду эскерүү менен эмнени айткысы келди?

А)кыргыз адабиятында чыныгы адам болуп жетилүү үчүн көптөгөн чыгармалар бар экендигин

Б)балдарды таалим-тарбия берүүчү чыгармалар менен калыптандаруу керек экендигин

В)Токтогул, Жеңижоктор балдарды эң мыкты тарбиялагандыгын

Г)Токтогул менен Жеңижоктун мыкты чыгармачыл инсан болгондугун



5)Тексттин 11-28-саптары тексттин калган бөлүгүнө эмне болот?

А)чечим

Б)тезис

В)мүнөздөмө

Г)деталь



6)Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы калгандарына жалпылоочу мааниге ээ?

А)"Эртеӊки жаркын келечек, тарбиялуу коом, өнүккөн маданияттуу турмушубуз үчүн – балдарыбызга тереӊ, туура тарбия берүү зарылдыгы келип чыкты. "

Б)"Балдарыбызды туура тарбиялоону эч качан кечиктирбешибиз зарыл. "

В)"Ата-энелер «Балдарыбыз жакшы тарбиялуу болсун» дешсе, анда башкалардын балдарынын дагы тарбиялуу болушун каалаш керек. "

Г)"Балдарыбыз чоӊойгон кезде балалыгынан эӊ жакшы окуялардын элесин сактап калышына камылга көрөлү."



7)2-саптагы "өтөлгөлүү өмүр" деген сөз айкашы кандай маанини туюндурду?

А)татыктуу жашоо

Б)таасирлүү жашоо

В)сыйлуу жашоо

Г)ойдогудай жашоо



8)29-53-саптарда туюнтулган негизги ой-...

А)өзүңдүн балаң тарбиялуу болушу үчүн, анын теңтуштары да тарбиялуу болушу керек.

Б)азыркы күндө алтымыш баланын төртөөсү гана тарбиялуу.

В)азыркы күндө адамдардын арасында туура эмес принцип жашайт.

Г)менин балам башкалардын балдарынан жакшы бала болсун» дегендин пайдасы жок.



9)Автор текст аркылуу кимдерге кайрылууда?

А)жалпы ата-энелерге

Б)турмуш курган жана кура элек бардык жарандарга

В)балдары бала бакчадан тарбия алган ата-энелерге

Г)ата-энелерге жана балдарга



10)89-саптагы "ошол кезден" деген сөз кандай мааниде колдонулду?

А)баланын түйүлдүк кези

Б)эки жаш баш кошкон мезгил

В)бала жарыкка келген мезгил

Г)эки жаш баш кошконго чейинки мезгил

___

Жоопторду 0505090999 номерине жибергиле.

[19:02, 19.4.2019] Жрт: 2-ТЕКСТ

__

Тарых таразасындагы кыргыз айымдары



1-сап

Аялдарга кыргыздар аяр мамиле жасап, ар дайым сый-урмат көргөзүп келген. Дастандарда, элдик чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазага алынган. Андагы Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Жаңыл Мырза сыяктуу

11-сап

кыргыз кыздарынын жандуу образы менен жаңы муун тарбияланган.

Тарыхта урукка, урууга, аймактагы элге башчылык кылган кыргыз аялдарынын ысымдары көп кездешет. Бирок, ѳткѳнгѳ таптык көз караш таңууланган коммунисттик доордо ал тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес

21-сап

эле. Кыргыз аялдары төңкөрүшкө чейин коомдо укуксуз, теңсиз, күң абалында жашагандыгы дамамат айтылып келген. Көптөгөн тарыхый даректерде кыргыз аялдарынын ачык- айрым, меймандос, эл башкарып, коомдук иштерге аралашкандыгы айтылат. ХIХ кылымда Кыргыз жергесине келишкен европалык

31-сап

саякатчылар, да кыргыз аялдары тууралуу баалуу даректерди жазып калтырган.

Казактын чыгышпоз аалымы Чокан Валиханов 1856-жылы Ысык-Көлгө келгенде кыргыз аялдарынын абалы менен таанышып чыккан соң, ал тууралуу: «Кыргыз аялдары ак көңүл, ушунчалык баласаак.

41-сап

Аялдар күйөөлөрүнө таасир көргөзө алышат», - деп жазган. Андан ары ал: «Мен отурган боз үй жаш жана улгайган аялдарга жык толуп, биздин ортобузда ишенимдүү сөздөр башталды. Биз жаш аяштар менен тамашалашсак, алар курч жооптору менен сөз кайтарып жатты» - деп, кыргыз

51-сап

аялдарынын ачык-айрымдуулугун белгилеген.

1896-жылы Ош, Алай, Памир кыргыздарында болуп кеткен италиялык саякатчы Феликс Рокко кыргыз аялдары тууралуу: «Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздардай өз ата, энелерин, аялдарын урматтагандар аз кезигет. Алар

61-сап

эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт, тескерисинче, өз эркектери менен тең катар укукка ээ болушат. Үй-бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын ою да сөзсүз эсепке алынат», - деп жазган.

Италиялык саякатчынын жазганы

71-сап

боюнча:«Ал тургай согуш учурунда же башка бир тополоң болгон күндөрдө да кыргыз аялы тынч отура албайт, кээде алар өз боз үйүнүн бейпилдигин коргоо үчүн кармашка кирген учурлар болгон. Байыркы авторлордун Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар жөнүндөгү аңгемелери кыргыз жана

81-сап

түркмөн аялдарынын ат үстүндөгү турмушун элестетет».

1907-жылы Ошко келип Курманжан датканын өмүр таржымалын изилдеген И.П.Ювачев да кыргыз аялдары тууралуу жылуу пикирин жазган. Ал «Курманжан датка - алайлык кара-кыргыздардын канышасы» деген даректүү макаласында:

91-сап

«Адатта Түркстандагы мусулман аялдарынын эч кандай укугу болбойт. Күйөөлөрү аларды пулга сатып алган оокаты катары көрүшөт. Күйөөсү аялын башка кишиге көрсөтпөйт. Аял киши тышка чыгып калса бетин кара чүмбөттөп, башынан аягына чейин паранжы менен жаап алышы керек. Паранжы бир

101-сап

көргөн кишинин көзүнө өтө эле өөн учурайт. Кыргыздардын аялдары тышта болобу, үйдө болобу өз каалаганындай жүрө берет. Ал жүзүн бирөөдөн эч качан жашырбайт. Кийген кийимдери да кудум эле эркектердикиндей ийиндерине чаар чапан жабынышат, баштарында болсо ак элечек.

111-сап

Бир болгон айырмасы - аялдар элечекти ээк алдынан байланып алышат. Кыргыз аялы ат үстүндө эркин жүрөт, чарбачыл, конок-кечени жайдары тосуп алган үй ээси. Кыргыз аялы коомдук иштерге катышкан мисалдар да болгон»,- деп кыргыз аялдарынын башкалардан өзгөчөлүгүн көрсөткөн.

121-сап

Курманжан датка жөнүндө 1898-жылы жарык көргөн дагы бир макалада, анын акылына суктанган автор, «бул жерде эч таң кала турган нерсе жок, анткени кыргыздарда акылдуу аялдар зор таасирге бөлөнүп келген», - деп жазат.

Биз жогоруда өткөн кылымдарда

131-сап

кыргыз аялдары тууралуу жазылган үч дарекке гана токтолдук. Мындай мисалдарды айта берсек өтө эле көп. Кыргыз жергесине үч башка мезгилде келишкен бул авторлордун жазгандары бири-бирине үндөш.

Тилекке каршы, кыргыз аялдарына берилген мындай мүнөздөмөлөр чечмеленип

141-сап

изилденбей келди. Тарыхта аты таанымал кыргыз аялдары тууралуу алигиче атайын эмгек жок. ХIХ кылымда Кокон хандыгынын ордосунда зор таасирге ээ Жаркын айым, Зыяда датка, Таластагы Ажыбек датканын байбичеси Ак Суусар, Көлдө таланты менен таанылган Бурулча сыяктуу кыргыз аялдары

151-сап

тарыхта өз баасын албай келет. Айтылуу Алай канышасы Курманжан датканын өмүрү, ишмердиги кийинки муундарга толук ачыла элек. Айтор, кыргыз аялдарынын тарыхта ээлеген орду тууралуу айтыла турган сөздөр али алдыда.

(azattyk.org)

[19:02, 19.4.2019] Жрт: ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ

2-ТЕКСТ БОЮНЧА СУРООЛОР

___

11)Текстке ылайык, Түркстандагы мусулман аялдарынын эч кандай укугу болбогонунун себеби эмнеде?

А)аялдардын буюм катары эсептелүүсү

Б)аялдардын түркөйлүгү

В)эркектердин социалдык орду

Г)эркектердин кызганчаактыгы



12)Тексттин 14-21-саптары менен 141-155-саптарынын ортосундагы байланыш - ___.

А)факт жана ага мисал

Б)себеп жана анын натыйжасы

В)тезис жана ага далил

Г)натыйжа жана анын себеби



13)Автор кыргыз аялдарынын эл арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө болгон таасирлүлүгүн кимдин жазган дарегин колдонуу менен билдирет?

А)Ч.Валиханов

Б)Ф.Рокко

В)И.П.Ювачев

Г)автордун өзү



14)24-саптагы "дамамат" деген сөз кандай мааниде колдонулду?

А)көп учурда

Б)кээде

В)эч качан

Г)ар дайым



15)Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы текст боюнча туура эмес?

А)Кыргыз аялдарыны мейманды жайдары тосуп алган жана коомдук иштерге жигердүү катышкан.

Б)Кыргыздар аялдарын сыйлашат жана алардын ой-пикирин маанилүү деп эсептешет.

В)Кыргыз аялдары ,башка элдер менен салыштырмалуу, эркектер менен тең укукка ээ.

Г)Кыргыз аялдары тышка чыгып калса, бетин чүмбөттөп, паранжы жамынышкан.



16)21-33-саптардагы негизги ойду тексттин калган бөлүгү __

А)жалпылап турат

Б)далилдеп турат

В)кайталап турат

Г)төгүндөп турат



17)Тексттен автордун эмнесин байкоого болот?

А)феминист болгонун

Б)белгилүү аялдарды изилдеген тарыхчы болгонун

В)Курманжан датканын ишмердүүлүгүн жогору баалагандыгын

Г)казакча сүйлөй алгандыгын



18)Тексттин маанайы эмнеге көбүрөөк жакын?

А)баяндоого

Б)сүрөттөөгө

В)ой жүгүртүүгө

Г)далилдөөгө



19)Текстке ылайык, төмөндөгүөрдүн кайсынысы кыргыз аялдарына мүнөздүү өзгөчөлүктөр болуп саналат?

1)кырс мүнөз

2)балага жакындык

3)чарбачыл

4)кыйдылык



А)1,2,3

Б)2,3

В)2,3,4

Г)баары



20)Жогорудагы текст кайсы стилде жазылган?

А)көркөм

Б)илимий

В)адабий-көркөм

Г)публицистикалык

___

Жоопторду 0505090999 номерине жибергиле

[19:03, 19.4.2019] Жрт: ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ

3-4-ТЕКСТ

___

1-үзүндү

__

Кыз ала качуу



1-сап

Америкада бир семинарга барып калсам, ошол жердеги профессор Кыргызстанга кызыгып, Интернеттен текшерип караса, кыз уурдоо салты тууралуу бир чет элдиктин видеосу чыга калыптыр. Аны корүп алып, эжекейим шок болуп, ушундайбы салтыңар деп аябай капа болду. Бул журналист

11-сап

тартканда да тээ биздин ажаан жеңелерден тандап тарткан экен, алар байкуш кызды баса калышып, көз , иши кылса батыштык эмес, бишкектик менин көзүм менен караганда деле жапайы гана эмес, ушунчалык ырайымсыздыкты, таш боордукту, жапайычылыкты көрүп, зээним өтө кейиди. Эми

21-сап

кантип түшүндүрмөк элем кыргыздар тууралуу, ал кишинин оюн өзгөртүү кыйын болуп калды го. Бишкекте бир америкалык досум айтчу: “Кыргыз жигиттер кыздар менен мамиле түзө алышпагандыктан уурдоого барып атышат, мектептен мунун үйрөтпөйт”, - деп. Анын сөзүндө да чындык бар. Бул маселе -

31-сап

медалдын бир жагы.

Медалдын экинчи жагы бир кыйла татаалыраак, анткени кээ бир чет элдик, ошондой эле биздин эле жарандарга байланыштуу бир нече маселе пайда болуп жатат. Кыз уурдоо салтына байланыштуу бир чет элдик окумуштуу тегерек стол уюштуруп жаткан экен. Негизи

41-сап

мен ага кыргыздын кыз ала качуу салты менен кыз уурдоо кылмышынын айырмасын айтып бердим. Ошондой эле бул салтты туура эмес түшүнгөн киргиздерибиздин колдоосу менен кээ бир чет элдик уюмдар кыргыздын аброюна дүйнөлүк деңгээлде өтө чоң зыян алып келип жаткандыгын, керек болсо

51-сап

бул үчүн ошол уюмдар моралдык жактан кыргыз элине көө жапканы үчүн 10 млрд. евро компенсация төлөсө да элдин намысын ордуна келтире албай турганын да айтканга чейин бардым. Анткени кыз урдоо бул чынында кыргыздын салты эмес, бул көп улуттарга тиешелүү. Орустун "Кавказская пленница"

61-сап

деген фильмин унута электер Кавказда ушундай салт бар экенин билет. Ал эми чынында бул салт Кавказдан да ары тээ байыркы гректерде бар экен.

Кыз ала качуу салты - ыйык салт. Бул салт махабаттын касиетин жана кыргыз элинин эркиндикке болгон терең урматын даназалаган, башка миңдеген

71-сап

оор жана зыяндуу салттардан айырмаланган маанилүү салт. Бул салтты түшүнүү үчүн окумуштуу болуп деле кереги жок, болгону кыргыз тилин билип, анан кыргыздын дилине жана салт-санааларын кичине кызыгып карап көрүп эле жетиштүү. Мисалы, Жантай чалга сатылган кыздын арман ырынын

81-сап

контекстин ала турган болсок, анда материалдык байлыкты өздөрү жараткан кызынын тагдырынан артык көргөн ата-эненин жоругу тартылган. Бул поэманын авторунун максаты - окурмандын жан дүйнөсүндө Жантайга гана эмес, материализмге, жакшылыкты муунткан кээ бир салт-

91-сап

санааларга карата сезимдерди ойготуу экенин баамдаса болот. Ошону менен катар эле бул салтка ачык каршы чыгуу кыйын болгон, анткени кыргыздар ата-энени кудайдындай көргөн, бир нерсе айтуудан айбыккан, ал эми салттын баары ыйык эсептелинген. Ушундай оор жана ырайымсыз салттардан кутулуу

101-сап

үчүн кыргыздар кыз ала качуу салтын жаратышкан. Бул салттын максаты - сатыкка башы байланган же бешиктейинен кудаланып калынган кыргыздын кырчындай кызын мындай оор тагдырдан куткаруу болгон.

Кыз ала качууда сүйүшкөн эки жаш, кээде кыздын жеңеси катышкан. Сүйгөн жары үчүн,

111-сап

эркиндик үчүн, ыйык махабат үчүн бардыгын курмандыкка чалууга бел байлаган кыз өз эрки менен түбөлүк өмүрлүк жары экөөлөп бирге болжошкон күнү булактын жанына келет. Ошол жерден жигит кызды ала качат,

башкача айтканда кызды кулчулуктан куткарат. Жигит кыздын эрки менен ала качат.

121-сап

Кыз-жигит муну өз ата-энесин жана туугандыктарынан түбөлүк качып кетуу максатында эмес, тескерисинче келечек кыргыз тукуму ак сүйүү бааланган үй-бүлөдө эркиндикте төрөлүүсү үчүн кылышат. Анткени кулчулдук менен эркиндиктин айырмасы асман-жер. Эгерде кыргыз менин айтып

131-сап

жатканымды түшүнсө, анда заман өзгөрөт, ал эми түшүнбөсө азыркы абалда кала берет.

Кыз уурдоо менен кыз ала качуу салтынын айырмасы асман-жер. Кыз уурдоо - бул кылмыш, кул мүнөз, билимсиз акмактардын иши. Бул макаланы окуганга чейин уурдагандарга айтып жатканым жок, бул

141-сап

макаланы окуп, ыйык салт менен ыплас салтын айырмасын билип туруп, кыздарды уурдагандарга кечирим болбоо керек. Ошондой эле кыргыздын салттарын унутуп, кыргыздын тилин билбеген, дилин түшүнбөгөн, чет элдик гранттар үчүн элинин аброюн саткан боордошторумун намысы ойгонсун деген тилекте

151-сап

жана ыйык салтка жамынган кылмышты айыптоо максатында ушул макаланы жаздым.

(Мамбеталиев Аскарбек)

[19:04, 19.4.2019] Жрт: ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ

3-4-ТЕКСТ

___

2-үзүндү

___

Кыз ала качуу - бул салтпы же бир кокустук жагдайбы?



1-сап

Ушул убакытка чейин улуу муундардан ата-бабаларыбыз илгертен кыз ала-качып үй-бүлө куруп келишкенин угуп келебиз. Бирок бул жагдай азыркы заманга канчалык деңгээлде туура келет деген суроо жаралат. Илгери ата-бабаларыбыз уулдары бой жетип чоңойгондо кыз караштырып, ата-тегин

11-сап

сураштырып, кыздын ата-энесинин алдына колун сурап куда түшүп келишкен, эки тарап сүйлөшүп макулдашкан, анан кыргыздын салт-санаасы менен той беришкен. Ошол эле учурда кыздын ата-энесинин алдына барбай туруп, кызды бир көрүп ала качып алган учурлар деле абдан көп болгон. Бирок жаңы

21-сап

курулган үй-бүлө очор-бачар болуп жашап кетишине эч-кандай күмөн болбогон. Азыркы заманга бул жагдай дал келбегендиги өтө кейиштүү. Анын себеби, бир нече жыл сүйлөшүп жүрүп, болбогондой чоң той берип үй-бүлө куруп, бир ай жашап ажырашып кеткендер арбын. Ошол эле учурда ала-

31-сап

качып үй-бүлө куруп жашап кеткендер да жок эмес.

Көбүнчө айыл жеринде үй-бүлө ала качуунун артынан курулат деген түшүнүк бар. Уул-кызы бойго жеткенде алар менен үй-бүлө куруу маселеси терең, ачык-айкын талкууланбагандыктан чыккан жагдай болушу да мүмкүн.

41-сап

Мамлекет тарабынан кандайдыр бир түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө кыздардын укуктук сабатсыздыгынын жоюлушуна бир аракет жасалса, ала качуу жок болбосо дагы, кескин азаят беле. Укук коргоо органдарына болгон ишеничтин жоктугу да ала качууга жол ачат. Айрымдар милицияга кайрылуунун кажети

51-сап

жок, алар жардам бере албайт деп эсептейт. Анткени ала качууга карата тийиштүү жаза көрүлбөйт. Көбүнчө ала качуу бул салт деген түшүнүктөн келип чыккан жагдай.

Бир да динде, анын ичинде ислам дининде, кыз ала качууга жол берилбейт. Ал эми диний кызматкерлерге карата ала качуу

61-сап

жолу менен мажбурлап никеге тургузууда кандайдыр бир жаза көрүлсө, молдолор нике кыйгандан баш тартып, диний кызматкерлер менен укук коргоо органдары биргелешип түшүндүрүү ишин жүргүзүшсө гана бир оң жыйынтык чыгышы мүмкүн.

Ажырашуунун көбөйүшүнүн

71-сап

кесепетинен социалдык жетимдердин саны өсүүдө. Кыргызстанда жетим жана кароосуз калган балдарды камкордукка алган ондогон мекемелер бар. Мындай жайларда тарбияланып жаткандардын дээрлик 80 пайызы социалдык жетимдер болуп саналат. Психологдордун

81-сап

айтымында, бири-бирин тааныбай туруп, баш кошкондордун арасында ажырашуу көп болот, ага өз ара түшүнбөстүк да себеп болоору белгиленген. Ал эми түшүнбөстүккө жубайлардын бири-бирин жакшы тааныбагандыгы түрткү болот. Карапайым жарандар да

91-сап

ажырашууга ала качуу негиз болот деп эсептешет. Ала качууда бир эле кыздын гана эмес, баланын дагы тагдырына кесепети тийет. Ала качуу үчүн түрмөгө кесилген жарандын дагы тагдырына балта чабылып, ал жактан кандай адам болуп чыгаары дагы белгисиз. Негизи кыргыздын кыз ала качуу салты

101-сап-

менен кыз уурдоо кылмышынын айырмасын түшүнө билишибиз керек.

Тарыхчылар мындай салт кыргызда болбогонун айтышат. Кыргыздар бир гана учурда - кыз менен жигит макулдашып, кыздын ата-энеси каршы чыкканда гана ала качкан. Кыргыздар муну мурдатан

111-сап

келаткан салт деп түшүнүүсү туура эмес, кыздарды ала качыш керек деген салт жок экенин билиши керек. Эгерде биз кыз ала качууну салт дей турган болсок, анда биздин башка жакка көчүп кеткен этникалык кыргыздарга көңүл буруп карашыбыз керек. Ооганстан, Кытайда жана башка жерлерде

121-сап

жашап жаткан биздин этникалык кыргыздар көп салттарды сактап калышкан. Бирок алардын арасында ала качуу жок.

Бирок, кыз ала качуу кыргыздарга гана эмес, башка улуттарга да тиешелүү экендигин биздин өлкөдөгү Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынан сурап билдик. Ал эми ала качуу

131-сап

салт катары Кавказда бар экендигин “Кавказ туткуну” тасмасынан билебиз.

Негизи кыз ала качуу салты махабаттын касиетин жана кыргыз элинин эркиндикке болгон терең урматын даңазалаган салт экендигин мисалы, Жантай чалга сатылган, Болотунан айрылган Ак Мөөр

141-сап

сулуунун армандуу ырынын контекстинен түшүнсөк болот. Ошол замандын эрежесинде кыз бала кимге барат деген маселе эмес, кайда, кайсы салттуу жерге барат деген маселе коомчулуктун талдоосуна түшчү.

Кыз ала качуу салтынын максаты – сатыкка башы байланган же бешиктейинен кудаланып

151-сап

калынган кыргыздын кырчындай кызын мындай оор тагдырдан куткаруу болгон. Бул салттын маңызы - сүйүүнү кулчулдуктан куткаруу болгон. Ушундан улам, ала качууну салт катары көрүп, адам уурдоо кылмышына баруу тобокелдиги олуттуу экенин белгилеп кетмекчибиз.

* (Алтынай Асаналиева)*

[19:05, 19.4.2019] Жрт: ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ

3-4-ТЕКСТ БОЮНЧА СУРООЛОР

___

21)1-үзүндүдөгү 1-24-саптардан автордун кандай эмоциясын байкоого болот?

А)ачуулануу

Б)кайгыруу

В)жактырбоо

Г)тоготпоо



22)Тексттердин авторлорунун негизги максаты эмне?

А)ала качуунун чоң кылмыш экендигин далилдөө

Б)ала качуу тууралуу маалымат берүү

В)кыз ала качуу менен кыз уурдоонун айырмасын элге жеткирүү

Г)ала качуунун салт экендигин төгүндөө.



23)Эки үзүндүдө тең "жаш" деген сөзгө маанилеш кайсы сөз колдонулган?

А)этникалык

Б)моралдык

В)кырчындай

Г)ак



24)Эки үзүндүдөн тең кандай тыянактарды чыгара алабыз?

А)Ала качуу менен адам уурдоонун айырмасы асман-жер.

Б)Бири-бирин тааныбай туруп баш кошуу ажырашууга алып келет.

В)Мамлекет тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, ала качуу жок болмок.

Г)Тарыхчылар ала качуу салты кыргызда болбогонун айтышат.



25)1-үзүндүдөгү 73-101-саптар менен 2-үзүндүдөгү 134-155-саптар бири-бирине ___.

А)маанилеш

Б)удаалаш

В)каршылаш

Г)себеп-натыйжалаш



26)Авторлор Жантайды, Акмөөрдү эскерүү менен эмнени айткылары келген?

А)ала качуунун колдонулуш себебин

Б)кыз уурдоонун кыз тагдырына чабылган балта болгондугун

В)ала качуунун терс натыйжаларга алып келерин

Г)ала качуу салты мурда эле бар болгондугун



27)2-үзүндүнүн 95-сабындагы "кесепет" деген сөз кандай мааниде колдонулду?

А)пайда

Б)жамандык

В)кырсык

Г)зыян



28)1-үзүндүдө 2-үзүндүгө караганда ___

А)проблеманын чечилүү жолдору көбүрөөк берилди.

Б)автор өз иш-тажрыйбасын кененирээк колдонду.

В)мисалдар өтө айкын берилди.

Г)автордун эмоциялары күчтүүрөөк болду.



29). Ала качуунун курмандыктары __ болсо, ажырашуунун башкы курмандыктары- __.

Жогорудагы сүйлөмдү тексттеги маалыматтарга ылайык толуктагыла .

А)эки жаш болсо / өспүрүмдөр

Б)жаш кыздар / эркектер

В)түркөйлүктөн улам/ тил табыша албагандыктан

Г)кырчындай кыздар / балдар

30)Бул тексттердеги негизги ой эмнеге байланыштуу?

А)каада-салттын чеки тараптарына

Б)элдик түшүнүккө

В)салттын оң жана терс жактарына

Г)коомчулуктун сабатсыздыгына








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!