СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых сабагынан тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЖРТга даярдоо максатында окуучулардан алган тест менен бөлүштүм.

 

Просмотр содержимого документа
«Тарых сабагынан тест»

ТАРЫХ

1. Эмне үчүн XIII к. башында Чынгыз хандын аскерлери жана XVIII-XIX к. башында Кокон башкаруучулары кыргыздарды оңой эле басып алышкан?

а) басып алуучулар салык чогултпасын убада кылышкан;

б) кыргыздар өздөрү чет мамлекеттин карамагына өтүү демилгесин көтөрүшкөн;

в) кыргыз урууларында биримдик жок болгон;

г) Кыргыз башкаруучулары элдик көтөрүлүштөрдөн коркуп, өздөрү басып алуучуларга баш ийип беришкен.

2. Кокондуктардын Теңир-Тоо аймагына дээрлик каршылык көрбөй кирип келип, оңой жеңишке ээ болгондугунун себеби эмнеде эле?

I) Кыргыздардын чачкындыгында II) Уруулардын ич ара чыр-чатактарында

III) Манаптардын бийлик талашып күрөшкөндүгүндө.

а) I, II б) II, III в) I, III г) I, II, III

3. Байыркы Афина мамлекети Байыркы Чыгыш мамлекеттеринен эмнеси менен айырмаланат?

а) Афинада бүт бийлик падышалардын колунда болчу;

б) Афинада мамлекетти башкарууга кулдар катышчу;

в) Афинада бийлик мураска өткөрүлүп берилчү;

г) Афинада шаар-мамлекетти башкарууга эркин тургундар катышчу.

4. Аныктамаларды маанисин дал келтиргиле.

1. Национализим

А) төмөндөн жогору карай өнүгүү, жетишерлик эместен толук мыктылыка жетүү.

2. Милитаризм

Б) эл-бийликтин булагы деп билүүчү мамлекеттик бийликтин формасы

3. Прогресс

В) улуттун артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү жөнүндө идея

4. демократия

Г) Согушка даярдануу максатында аскердик күчтөрдү өнүкүрүү

а) 1-А, 2-Б, 3-В, 4-Г б) 1-Б, 2-В, 3-Г, 4-А

в) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б. г) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В.

5. Эмне үчүн кыргыздар Россияга каршы күрөштө Кененсары ханды колдобой коюшкан?

а) Кыргыздар Россия менен достукта болуу, казактар менен болгон достуктан кымбатыраак деп эсептешкен.

б) Кыргыздар кытайлык баскынчыларга каршы күрөштө Россия жардам берет деп ойлошкон

в) Кыргыздар падыша бийлигинин колон. тышкы саясатын өз башынан өткөрүп көргөн эмес

г) Кыргыздар казактар менен мамиле түзгүсү келген эмес.

6. 1642-1646-жж. Англиядагы жарандык согуштун алгачкы жылдарында королдук кавалерлердин армиясы жеңиштерге ээ болгон. Мунун себеби эмнеде?

а) парламенттик армия ыктыярдуулардан туруп, алар согуш ишин билишкен эмес;

б) королдук армияга башка өлкөлөр жардамга келген;

в) королдук армиянын колунда көп аймак болгон;

г) парламенттик армия өнүккөн өлкөлөрдөн колдоо таба алган эмес.

7. Англиядагы революциядан кийин революциячыл «жаңы үлгүдөгү» армия баскынчылар армиясына айланган. Буга эмне себеп болгон?

а) аскерлер революцияны жеңгенден кийин ал жерлерди талап-тоной баштаган;

б) королдун армиясын аёосуз кыра баштаган;

в) армия Ирландияны басып алууга пайдаланылган; г) революциядан кийин армия тарап кеткен.

8. Эмне үчүн АКШнын көз каранды эместик үчүн болгон согушта Англия жеңилүүгө учураган?

а) Англиянын деңиз флоту начар болуп, көпчүлүгү Америкага сүзүп жете алган эмес;

б) бул согушта Англия өзүнө союздаштарды таба алган эмес;

в) АКШ жергиликтүү индейлер менен мамиле түзүп, алардан жардам алган;

г) АКШнын конституциясы жеңишке жардам берген

9. Кытайдагы тайпиндер көтөрүлүшүнүн негизги максатын белгилегиле

а) капиталисттик дөөлөттөргө толук экономикалык көз карандылыктан кутулуу;

б) буржуазиялык республиканы жарыялоо;

в) помещиктик жер ээлөөнү жоюу, тең укуктуулукту жарыялоо, феодалдык эзүүнү жок кылуу;

г) Кытайдын обочолонуу саясатын кайра баштоо.

10. Кытайдын «апийим согушунда» жеңилишинин себебин белгилегиле.

а) колонизаторлордун аскерлеринин санынын артыкчылыгы;

б) Кытайдын экономикалык жана согуштук-техникалык жактан артта калуусу;

в) жергиликтүү байлардын колонизаторлор тарапка өтүүсү;

г) Кытай армиясында бирдиктүү аскердик башкаруунун жоктугу.

11. Тарыхты изилдөөдө эки негизги багыт пайда болгон: материалисттик жана идеалисттик. Материалисттик багыттын өзгөчөлүгүн бөлүп көрсөткүлө.

I)тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүн адамдардын аң-сезими аныктайт;

II) экономикалык түзүлүш, коомдогу процесстер жана кубулуштар адамдардын ортосундагы мамилелерди аныктайт;

III) адамдардын аң-сезимине карата материалдык турмуш биринчи орунда турат

IV) жаратылышка караганда аң-сезим маанилүү деп эсептешет

а) II,III б) I, IV в) II, IV г) I, III

12. 1877-жылы АКШны кайра куруу аяктаган. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы анын натыйжасы болуп эсептелет?

а) АКШнын жаңы конституциясы кабыл алынган б) Өлкөдө кул ээлөөчүлүк түзүлүш жайылган

в) АКШнын түштүгүндө капиталисттик мамилелер өнүккөн

г) АКШ түндүк жана түштүк болуп экиге бөлүнгөн.

13. Гунндардын (хунн) сансыз колунун Европага басып киришинин натыйжасын атагыла:

а) Европалыктар Азиянын маданиятын таанышкан;

б) алар варварларды (германдарды) өз жеринен сүрүп чыккандыктан, варварлар Батыш Рим империясына кирип келишкен;

в) Германдар гунндардан малчылыкты үйрөнүшкөн;

г) Азияга Европанын маданияты жайылтылган.

14. 1929-1933-жж. дүйнөлүк экономика үчүн....................... мүнөздүү болгон.

а) капитализмдин убактылуу туруктуулугу б) дүйнөлүк экономикалык кризис

в) Испаниядагы жарандык согуш г) биринчи фашисттик режимдин түзүлүшү

15. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы Сактарга мүнөздүү эмес?

а) Чыгыш иран жана байыркы түрк тилдеринде сүйлөшкөн;

б) европеид түспөлүндө болгон, айрымдарында монголоиддик белгилер кездешкен;

в) генеологиялык жактан саяк уруусу менен байланыштуу деген пикирлер бар;

г) хунндар жана юэджилер менен коңшулаш болуп, Улуу Кытай дубалынын батыш тарабында көчүп жүрүшкөн.

16. Биздин замандын жылдарынын башында байыркы Кытайда илимий билимдер пайда болгон. Илим билимдердин өнүгүшүно кайсыл фактор таасир эткен?

а) чарбанын улам жогорулап өнүгүшү; б) басып алуучулук согуштардан элдердин тажашы;

в) императордун зордук менен жүргүзгөн аракеттери;

г) байыркы Кытайда билимдүү адамдар гана мамлекеттик кызматтарга кабыл алынышы.

17. Киев Русунун княздарынын X к. орто чениндеги тышкы саясаты эмнеге багытталган?

а) Европа башкаруучулары менен династиялык никелерди түзүүгө;

б) багындырылган Хазар кагандыгынан салык чогултуп алууга;

в) бардык коңшу урууларга карата баскынчылык жортуулдарды жасоого;

в) бардык чыгыш славян урууларын бирдиктүү мамлекетке бириктирүүгө.

18. Тарых илимдин башка тармактары филосо-фия, социология, психология, экономика, ал тур-гай физика, математика, химия сыяктуу табигый илимдер менен тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок тарых илими жогорудагы илимдерден эмнеси менен айырмаланат?

а) көп мезгилди камтыгандыгы менен;

б) коомдун өнүгүүсүнүн ар кыл жактарын бир тутумда карап, коомдук турмуштун бардык жактарын бири-бири менен байланышта талдайт

в) адамдар көбүрөөк кызыккандыгы менен; г) кызыктуу окуялар көп болгондугу менен.

19. Төмөн жакта аты аталган тарыхый инсандардын жуп аттарынын кайсынысы бир мезгилде жашаган адамдардын аттарын камтыйт?

а) Барсбек жана Капаган каган б) Истеми жана Төнүкүк

в) Хайду жана Тоглук-Темир г) Тон жабгу каган жана Чынгыз хан

20. 19-суроодо суралган замандаштарды кайсы тарыхый окуя бириктирип турат?

а) Кыргыздардын улуу дөөлөтүн орнотуу үчүн күрөш;

б) Энесай кыргыздарынын Түрк кагандыгынан көз карандысыз болуу үчүн күрөшү;

в) түрктөргө каршы коалициянын түзүлүшү;

г) Улуу Түрк кагандыгынын түзүлүшү.

21. VII-IX кк. Кыргызстандын аймагы бири-бирин алмаштырган бир катар Түрк кагандык-тарынын курамына кирген. Төмөн жакта кел-тирилгендердин ичинен азыркы Кыргыз-стандын аймагын камтыган Түрк мамлекет-теринин бири-бирин алмаштыруусунун туура иретин белгилегиле.

а) Батыш Түрк →Карлук→Түргөш; б) Түргөш→Батыш Түрк→Карлук;

в) Батыш Түрк→Түргөш→Карлук; г) Түргөш→Карлук→Батыш Түрк.

22.Мамлекеттин пайда болушуна кайсы факторлор мүнөздүү.

А) жалпыга тиешелүү жерлердин, малдардын жеке менчикке айланышы;

Б) дыйканчылыктын келип чыгышы;

В) адамды адам эзүүнүн, кул ээлөөчүлүктүн пайда болушу;

Г) эмгекти бөлүштүрүүнүн башталышы. а) А, Б, В б) А, Г в) А, В г) Б, В

23.Байыркы Египеттин тарыхын баяндаган жылнаамаларда жылдар дээрлик кездешпейт. Анда Байыркы Египеттин тарыхы эмне менен белгиленет?

а) бул мамлекеттин тарыхы династиялар менен белгиленет;

б) Байыркы Египеттин тарыхы аз гана мезгилди камтыгандыктан жылдар менен белгиленбейт;

в) Байыркы Египетте жыл сүрүү болгон эмес;

г) башаламан кагылышуулардан, согуштардан Байыркы Египеттин тарыхы жок болуп кеткен.

24. Римдеги Спартактын көтөрүлүшү мамлекеттин кайсы кемчилигин ачык далилдеген?

а) дагы жаңы жерлерди басып алуу керектигин;

б) кулдарга жакшы мамиле кылуу керектигин;

в) мамлекет кул ээлөөчүлөрдүн кызыкчылыгын камсыз кыла албастыгын;

г) кулдардын көтөрүлүштөрүн оңой менен баса албай тургандыгын.

25.Б.з.ч. 44-жылы Римдин императору Цезарга кол салуу болуп, өлтүрүлгөн. Римдик ак сөөктөрдү буга кайсы себеп аргасыз кылган?

а) кулдарды эзүүнүн күчөп кетиши;

б) Цезарь чексиз бийликке ээ болуу менен сенатты саясий бийликтен ажыраткан;

в) согуштарда жеңилип, Рим көп жеринен айрылган;

г) Римде салыктын көлөмү, түрү көбөйгөн.

26. Б.з.ч. IX к. финикиялык алфавиттин эң зор жетишкендиги алфавиттик жазуунун ойлонуп табылышы болгон. Буга байыркы Финикиядагы эмне себеп болгон?

а) финикиялыктардын арасында сабаттуулук өтө бааланган;

б) финикиялыктардын башка элдер менен тыгыз байланышы;

в) финикиялык падышалардын каардуу буйруктары;

г) Финикияда сооданын бир кыйла өнүгүшү.

27. Б.з.ч. 594-жылы Афинада Солондун реформалары жүргүзүлгөн. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы бул реформаларга мүнөздүү эмес?

а) бардык жарандарды жер салыгынан бошоткон;

б) кедей жарандар элдик жыйында добуш берүү укугунан ажыратылган;

в) эгинди чет өлкөгө сатууга каршы болгон;

г) чет өлкөгө сатылган афиналыктар мамлекет тарабынан кайра сатылып келген.

28. А. Македонскийдин аскерлери менен сактардын чечүүчү салгылашы б.з.ч. 329-ж. Сыр-Дарыянын жээгинде болгон. Бул салгылаштын тарыхый маанисин белгилегиле.

а) Македонскийдин Индияга жоортуулу кечеңдеген;

б) Орто Азияга гректердин маданияты тараган;

в) гректер башка өлкөлөрдү басып алууга акыбалдары келбей калган;

г) гректердин мамлекети начарлаган.

29. Караханий каганы Муса ибн Сатук жана Моголстан өкүмдары Тоглук-Темир жүргүзгөн ички саясаттардын кандай жалпылыгы болгон?

а) шаарларды куруу; б) акча реформасын жүргүзүү;

в) Самаркандды жеңип алуу; г) исламды кабыл алуу.

30. Төмөн жакта келтирилген даталардын кайсынысы Түрк кагандыктарынын бирине да тиешеси жок?

а) 552 б) 744 в) 751 г) 940

31. XV жана XVII кк. Батыш Европадагы маданиятты кайра жаралуу доору деп аталышына эмне себеп болгон?

а) чиркөө маданияты жогорулаган;

б) протестантизмдин өнүгүү мезгили болгон;

в) байыркы маданиятты үлгү кылып, жаңы маданиятты жаңылашкан;

г) суу барасы жана домна меши ойлонуп табылган.

32. Төмөнкү окуялардын болуп өтүү датасы боюнча өсүү тартибинде жайгаштыргыла.

I) Караханий кагандыгынын ислам динин расмий дин катары жарыялашы;

II) Карахани кагандыгынын бөлүнүшү;

III) Моголстан мамлекетинин түзүлүшү;

IV) Кыргыздардын уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алышы.

а) III, IV, I, II б) IV, II, III, I в) I, II, III, IV г) IV, I, II, III

33. Араб маданиятынын жетишкендиктерин арабдарга караганда европалыктар тез кабылдашкан. Эмне үчүн арабдар өз маданиятын өнүктүргөн эмес?

а) интеллекттик жактан изденүүнү андан ары тереңдетпестен, исламдын диний догмаларына байланып калышкан;

б) арабдар басып алуучулук согуштардан маданиятын өнүктүрүүгө убакыт тапкан эмес;

в) баскынчы элдер араб маданиятын талкалашкан;

г) араб маданияты жаңы доорго ылайыксыз болуп калган.

34. Кыргыздардын мал чарбачылыгы экстенсивдүү болгон. Муну кандайча түшүндүрө алабыз?

а) мал чарбачылыгы көчмөн турмушка ылайыкташкан;

б) дыйканчылык менен айкалыштырып жүргүзүшкөн;

в) малдын продуктуулугу жогорулатылбастан, санына көңүл бурушкан;

г) бир айылга таандык жайытка бөлөк айылдын малы жолой алган эмес.

35. Окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.

А) Советтик бийлик кулады

Б) Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы

В) жерди жеке менчиктөө киргизилди

Г) Кыргызстанда Президенттик кызмат түзүлдү

а) Г, А, Б, В б) А, Б, В, Г в) Б, В, Г, А г) В, Г, А, Б

36. Батыш Европанын жана АКШ өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө XVIII к. аягы жана XIX к. өнөр жайындагы илимий техникалык прогресс кандай таасир кылды?

а) техникадагы ийгиликтер эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн тез өсүшүнө түрткү болду;

б) жаңы ойлоп табуулар чыгарылган продукциянын сапатын жакшыртты;

в) шаар калкынын өсүшү жер иштетүүнүн кеңейишине жана жакшырышына алып келди;

г) өндүрүштүк анархия токтоду.

37. Улуттар Лигасынын башкы маселеси ............. көмөк көрсөтүү болгон.

а) АКШнын дүйнө жүзүнө үстөмдүгүн орнотуусуна;

б) антисоветтик үгүт жүргүзүүгө;

в) тынчтык жана коопсуздукту бекемдөөгө;

г) Европада Германиянын таасиринин күчөшүнө.

38. Кыргызстандын тарыхында 1961-, 1985-, 1990- жж. кандай мааниге ээ?

а) Кыргызстандын жетекчилери алмашкан, б) Кыргызстандын символдору кабыл алынган;

в) Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган

г) Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүш этаптары.

39. Француз-прусс согушунун мүнөзү 1870-жылдын 4-сентябрынан кийин Франция үчүн басып алуу согушунан боштондукка чыгуу согушу болуп өзгөргөн. Төмөн жактагы окуялардын кайсынысы буга себеп боло алат?

а) Францияда буржуазиялык-демократиялык революция болуп өткөн;

б) Франциянын королу Наполеон III туткунга түшкөн;

в) Франция жаңы союздаштарды тапкан;

г) Франция багынып берүүгө макул болгон.

40. Эмне үчүн Моголстан малекетин түптөгөндөн кийин Пуладчы Тоглук-Темирди хан тактысына көтөрүүгө жана анын атынан бийлик жүргүзүүгө аргасыз болгон?

а) Пуладчы Чынгыз хандын тукумунан болгон эмес;

б) жергиликтүү көчмөндөрдүн колдоосуна ээ боло алган эмес;

в) Тоглук-Темир Чынгыз хандын чөбөрөсүнө үйлөнгөн болчу; г) Пуладчы мусулман эмес болгон.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!