СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Воспитательный час

Нажмите, чтобы узнать подробности

Семья и дети 

Просмотр содержимого документа
«Воспитательный час»

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги  Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУ ЖАНА КООПСУЗДУГУ   Мектеп окуучусунун ата-энесине арналган колдонмо

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору

МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУ ЖАНА КООПСУЗДУГУ

 

Мектеп окуучусунун ата-энесине арналган колдонмо

Тема: БАЛДАРЫБЫЗДЫ ЗОМБУЛУКТАН КАНТИП КОРГОШУБУЗ КЕРЕК Бишкек-2022

Тема: БАЛДАРЫБЫЗДЫ ЗОМБУЛУКТАН КАНТИП КОРГОШУБУЗ КЕРЕК

Бишкек-2022

Балдардын үстүнөн болгон зомбулук – балага (өспүрүм) жасалган зомбулук – чоңдордун же курбалдаштарынын балага психологиялык же дене бой жактан жаракат келтирүүчү кайсы гана болбосун аракеттери же аракетсиздиктери. Психикалык зомбулук – үй-бүлөнүн бир мүчөсү тарабынан үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн абийрин жана кадыр-баркын атайылап басынтуу же аны коркутуу, мазактоо аркылуу аларга укук бузууга же анын өмүрү же ден соолугу үчүн коркунуч туудурган, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жетелек мүчөсүнүн психикалык, физикалык же жеке адам катары өнүгүүсүнүн бузулушуна алып баруучу иштерди жасоону эскертүү (мажбурлоо).
  • Балдардын үстүнөн болгон зомбулук – балага (өспүрүм) жасалган зомбулук – чоңдордун же курбалдаштарынын балага психологиялык же дене бой жактан жаракат келтирүүчү кайсы гана болбосун аракеттери же аракетсиздиктери.
  • Психикалык зомбулук – үй-бүлөнүн бир мүчөсү тарабынан үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн абийрин жана кадыр-баркын атайылап басынтуу же аны коркутуу, мазактоо аркылуу аларга укук бузууга же анын өмүрү же ден соолугу үчүн коркунуч туудурган, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жетелек мүчөсүнүн психикалык, физикалык же жеке адам катары өнүгүүсүнүн бузулушуна алып баруучу иштерди жасоону эскертүү (мажбурлоо).
Психологиялык зомбулуктун мисалдары: аны аракеттер, ишара, көз караштардын жардамы аркылуу коркутушат; баланы коркутуу; коркутуу үчүн өзүнүн боюн, курагын пайдаланышат; ага өкүрүп-бакырышат; башкаларга (баланын ата-энесине, досторуна, жаныбарларына ж.б.) карата зомбулук көрсөтөбүз деп коркутушат. Эгерде төмөндөгүдөй болсо балага зомбулук жасаган болушат: анын кадыр-баркын басмарлашса; көңүл оорута турган ызалуу аттарды колдонушса; аны өкүл адам катары колдонушса; бала менен мамиле түзүүдө иретсиздикти көрсөтүшсө; баланы уяткарышса; баланы башка ата-энеге (чоң адамга) маалымат жеткирүүчү катары колдонушса. анын кадыр-баркын басмарлашса; көңүл оорута турган ызалуу аттарды колдонушса; аны өкүл адам катары колдонушса; бала менен мамиле түзүүдө иретсиздикти көрсөтүшсө; баланы уяткарышса; баланы башка ата-энеге (чоң адамга) маалымат жеткирүүчү катары колдонушса.

Психологиялык зомбулуктун мисалдары:

  • аны аракеттер, ишара, көз караштардын жардамы аркылуу коркутушат;
  • баланы коркутуу;
  • коркутуу үчүн өзүнүн боюн, курагын пайдаланышат;
  • ага өкүрүп-бакырышат;
  • башкаларга (баланын ата-энесине, досторуна, жаныбарларына ж.б.) карата зомбулук көрсөтөбүз деп коркутушат.

Эгерде төмөндөгүдөй болсо балага зомбулук жасаган болушат:

  • анын кадыр-баркын басмарлашса; көңүл оорута турган ызалуу аттарды колдонушса; аны өкүл адам катары колдонушса; бала менен мамиле түзүүдө иретсиздикти көрсөтүшсө; баланы уяткарышса; баланы башка ата-энеге (чоң адамга) маалымат жеткирүүчү катары колдонушса.
  • анын кадыр-баркын басмарлашса;
  • көңүл оорута турган ызалуу аттарды колдонушса;
  • аны өкүл адам катары колдонушса;
  • бала менен мамиле түзүүдө иретсиздикти көрсөтүшсө;
  • баланы уяткарышса;
  • баланы башка ата-энеге (чоң адамга) маалымат жеткирүүчү катары колдонушса.
Эгерде төмөндөгүдөй болсо, балага экономикалык зомбулук жасалган: анын негизги муктаждыктары канааттандырылбаса, жүрүм-туруму акчанын жардамы менен көзөмөлдөнсө; чоңдор тарабынан үй-бүлөлүк акчалар коротулуп жатса; бала ажырашуу учурунда экономикалык соодалашуунун каражаты катары колдонулса. анын негизги муктаждыктары канааттандырылбаса, жүрүм-туруму акчанын жардамы менен көзөмөлдөнсө; чоңдор тарабынан үй-бүлөлүк акчалар коротулуп жатса; бала ажырашуу учурунда экономикалык соодалашуунун каражаты катары колдонулса. Физикалык зомбулук – тарбиячынын көз карашынан алганда баланын жагымсыз же туура эмес жүрүм-турумуна тарбиячы (ата-эне) тарабынан жасалган кайсы гана болбосун физикалык таасир этүү. Бул кыйноо, уруп-сабоо, ден соолугуна зыян келтирүү.

Эгерде төмөндөгүдөй болсо, балага экономикалык зомбулук жасалган:

  • анын негизги муктаждыктары канааттандырылбаса, жүрүм-туруму акчанын жардамы менен көзөмөлдөнсө; чоңдор тарабынан үй-бүлөлүк акчалар коротулуп жатса; бала ажырашуу учурунда экономикалык соодалашуунун каражаты катары колдонулса.
  • анын негизги муктаждыктары канааттандырылбаса, жүрүм-туруму акчанын жардамы менен көзөмөлдөнсө;
  • чоңдор тарабынан үй-бүлөлүк акчалар коротулуп жатса;
  • бала ажырашуу учурунда экономикалык соодалашуунун каражаты катары колдонулса.

Физикалык зомбулук – тарбиячынын көз карашынан алганда баланын жагымсыз же туура эмес жүрүм-турумуна тарбиячы (ата-эне) тарабынан жасалган кайсы гана болбосун физикалык таасир этүү. Бул кыйноо, уруп-сабоо, ден соолугуна зыян келтирүү.

Уландысы

  • Физикалык зомбулук жасалган учурда:
  • физикалык зомбулуктун көрүнүп турган белгилери дайыма эле болушу мүмкүн эмес; теринин үстүнкү катмарынын бузулушу (жаракаттар, күйүк, көк-ала тактар, сыйрылган жерлер); кайсы бир буюмдун (кийим илгич, таяк, курдун таралгасы) изи калган канталап көгөргөн жерлер; денедеги же колу-буттардагы циркулярдык канталап көгөргөн жерлер (манжалар менен басканда пайда болот); тиштин издери; алакандагы, буту-колдордогу тамекиден күйгөн издер; эрин жана ооз көңдөйүнүн жаракаттары (жыныс мүчөсүнүн терисинин айрылышы, тиштеринин түшүп калуусу); кулак калканынын жаракаты; көздүн жаракат алышы (алдыңкы камерага кандын куюлушу, геморрагия, гематома); курсактын жабык жаракаты (курсак ичиндеги гематомалар, боордун, ашказан алдындагы бездин, көк боордун сыйрылышы жана айрылышы); сыныктар ж.б.
  • физикалык зомбулуктун көрүнүп турган белгилери дайыма эле болушу мүмкүн эмес;
  • теринин үстүнкү катмарынын бузулушу (жаракаттар, күйүк, көк-ала тактар, сыйрылган жерлер);
  • кайсы бир буюмдун (кийим илгич, таяк, курдун таралгасы) изи калган канталап көгөргөн жерлер;
  • денедеги же колу-буттардагы циркулярдык канталап көгөргөн жерлер (манжалар менен басканда пайда болот);
  • тиштин издери;
  • алакандагы, буту-колдордогу тамекиден күйгөн издер;
  • эрин жана ооз көңдөйүнүн жаракаттары (жыныс мүчөсүнүн терисинин айрылышы, тиштеринин түшүп калуусу);
  • кулак калканынын жаракаты;
  • көздүн жаракат алышы (алдыңкы камерага кандын куюлушу, геморрагия, гематома);
  • курсактын жабык жаракаты (курсак ичиндеги гематомалар, боордун, ашказан алдындагы бездин, көк боордун сыйрылышы жана айрылышы);
  • сыныктар ж.б.
Уландысы Дене бой жактан зомбулук жасалган учурдагы адекваттуу чара баланын ал физикалык зомбулукка кабылып жаткан үй-бүлөдөн камкорчу органдар же милиция органдары тарабынан алынышы жана аны бала соттун чечимине (камкорчу органдар тарабынан мындай учурларда ата-энелерди ата-энелик укугунан ажыратуу же чектөөгө чейин жете турган кылмыш иши козголот) чейин жашай турган социалдык коргоо мекемесине жайгаштыруу. Эгерде баланын адекваттуу туугандары бар болсо, алар ага кам көрүүгө жана зордукчунун мүмкүн болгон кол салууларынан коргоону камсыздоого даяр болсо, бала алардыкында тура алат (камкорчу органдын мындан кабары болуп жана анын уруксаты менен).

Уландысы

Дене бой жактан зомбулук жасалган учурдагы адекваттуу чара баланын ал физикалык зомбулукка кабылып жаткан үй-бүлөдөн камкорчу органдар же милиция органдары тарабынан алынышы жана аны бала соттун чечимине (камкорчу органдар тарабынан мындай учурларда ата-энелерди ата-энелик укугунан ажыратуу же чектөөгө чейин жете турган кылмыш иши козголот) чейин жашай турган социалдык коргоо мекемесине жайгаштыруу. Эгерде баланын адекваттуу туугандары бар болсо, алар ага кам көрүүгө жана зордукчунун мүмкүн болгон кол салууларынан коргоону камсыздоого даяр болсо, бала алардыкында тура алат (камкорчу органдын мындан кабары болуп жана анын уруксаты менен).

Сексуалдык зомбулук – бала жана башка адамдын (анын ичинде өспүрүмдөр дагы) ортосундагы баланын сексуалдык жаткан пайдаланылып жаткан кайсы гана болбосун байланыш же өз ара аракеттенишүүсү.

  • Сексуалдык зомбулук болгон учурда:
  • сексуалдык зомбулуктун анык белгилерин сейрек аныкташат; зомбулук көп учурда сексуалдык эркелетүүдө турат: жыныс органдары менен ышкылоо жана жаракат келтирүү жана башка белгилер (жыныс кынында сперманын болушу, кыздык белгинин айрылышы) менен коштолбогон башка жыныстык байланыштар; жыныс кынынын жабыр тратуусу жана андан кан агышы; кош бойлуулук; жыныстык жол аркылуу берилүүчү оору; кыздык жука челдин айланасында жайгашкан ткандардын кызарышы жана ашыкча васкуляризацияланышы (ткандын ичинде жаңы кан тамырлардын пайда болушу, адатта капиллярлар); жыныс эриндеринин арт жагындагы теринин (кичине жыныс эриндеринин ануска жакын жайгашкан жериндеги жыныс кынына кире бериштеги былжырлуу челдин тилкеси) өтө жумшактыгы; кыздык челдин чоюлушу жана асимметриясы, анын айрылышы; перианалдык (анустун тегереги) аймактагы сыйрылган жерлер, тырыктар жана жараңкалар, арткы тешиктин айланасынын шишимик тартышы; кыздык белгинин жана былжыр челдин жакында эле болгон же айыгып калган айрылган жерлери, алаанын жана перианалдык аймактагы жаракаттар жана айрылган жерлер; жыныс кынында, түз ичегиде сперманын болушу.
  • сексуалдык зомбулуктун анык белгилерин сейрек аныкташат;
  • зомбулук көп учурда сексуалдык эркелетүүдө турат: жыныс органдары менен ышкылоо жана жаракат келтирүү жана башка белгилер (жыныс кынында сперманын болушу, кыздык белгинин айрылышы) менен коштолбогон башка жыныстык байланыштар;
  • жыныс кынынын жабыр тратуусу жана андан кан агышы;
  • кош бойлуулук;
  • жыныстык жол аркылуу берилүүчү оору;
  • кыздык жука челдин айланасында жайгашкан ткандардын кызарышы жана ашыкча васкуляризацияланышы (ткандын ичинде жаңы кан тамырлардын пайда болушу, адатта капиллярлар);
  • жыныс эриндеринин арт жагындагы теринин (кичине жыныс эриндеринин ануска жакын жайгашкан жериндеги жыныс кынына кире бериштеги былжырлуу челдин тилкеси) өтө жумшактыгы;
  • кыздык челдин чоюлушу жана асимметриясы, анын айрылышы;
  • перианалдык (анустун тегереги) аймактагы сыйрылган жерлер, тырыктар жана жараңкалар, арткы тешиктин айланасынын шишимик тартышы;
  • кыздык белгинин жана былжыр челдин жакында эле болгон же айыгып калган айрылган жерлери, алаанын жана перианалдык аймактагы жаракаттар жана айрылган жерлер;
  • жыныс кынында, түз ичегиде сперманын болушу.
Үй-бүлөлүк зомбулук Үйдүн ичинде болуп жаткан нерселерге, кийлигишүүгө болбой турган үй-бүлөлүк гана иш катары мамиле жасоо түп-тамырынан бери өзгөрүп жатат. Курмандыктарга, анын ичинде балдарга көтөрүү абдан кыйын болгон же ал гана эмес өмүр үчүн коркунучтуу болгон абалдан чыгууга жардам берүү үчүн мындай мамилени өзгөртүү абдан маанилүү. Балдарга таш боор мамиле кылуунун жыйынтыгында келтирилген жан дүйнө жаракаттары жана зыяндарына караганда физикалык зомбулуктун жыйынтыгында келтирилген жаракаттар көбүрөөк байкалат. Ошондуктан сөз физикалык же айдан ачык зомбулук тууралуу болуп жаткан учурда гана зомбулуктун учурларын табышат. Иш жүзүндө физикалык зомбулук дайыма андан кем эмес жаракат алып келүүчү психологиялык зомбулук менен коштолот, ал адамга жашоодогу кырдаалдарды жөнгө салууга тоскоол боло турган көйгөйлөрдү пайда кылат. Психикалык зомбулуктан баарынан дагы балдар жапа чегишет. Мисалы, психологиялык зомбулуктан ата-энесинин уруш-талашын дайыма угуп же көрүүгө мажбур болгон балдар жабыркашат.
  • Үй-бүлөлүк зомбулук
  • Үйдүн ичинде болуп жаткан нерселерге, кийлигишүүгө болбой турган үй-бүлөлүк гана иш катары мамиле жасоо түп-тамырынан бери өзгөрүп жатат. Курмандыктарга, анын ичинде балдарга көтөрүү абдан кыйын болгон же ал гана эмес өмүр үчүн коркунучтуу болгон абалдан чыгууга жардам берүү үчүн мындай мамилени өзгөртүү абдан маанилүү. Балдарга таш боор мамиле кылуунун жыйынтыгында келтирилген жан дүйнө жаракаттары жана зыяндарына караганда физикалык зомбулуктун жыйынтыгында келтирилген жаракаттар көбүрөөк байкалат. Ошондуктан сөз физикалык же айдан ачык зомбулук тууралуу болуп жаткан учурда гана зомбулуктун учурларын табышат.
  • Иш жүзүндө физикалык зомбулук дайыма андан кем эмес жаракат алып келүүчү психологиялык зомбулук менен коштолот, ал адамга жашоодогу кырдаалдарды жөнгө салууга тоскоол боло турган көйгөйлөрдү пайда кылат. Психикалык зомбулуктан баарынан дагы балдар жапа чегишет. Мисалы, психологиялык зомбулуктан ата-энесинин уруш-талашын дайыма угуп же көрүүгө мажбур болгон балдар жабыркашат.

Талаш-тартыш жана көйгөйлөрдү чечүү жашоонун табигый бөлүгү, балдар ушул нерсеге дагы үйрөнүүгө тийиш, бирок талаш-тартыштар пикир алышуунун күнүмдүк формасы болуп калса, жаман болуп калат, бул баланын эмоционалдык саламаттыгына таасирин тийгизиши, анын өнүгүүсүнө жана жашоо кырдаалдарын жөнгө салуусуна тоскоол болушу ыктымал.

Кээ бир учурда балдарга таш боор мамиле жасоо зомбулукту түшүнбөөчүлүк же зомбулук тууралуу туура эмес элестетүү менен шартталган. Кайсы бир аракет эмоционалдык жактан таш боор мамиле катары каралышы мүмкүн деп эсептешпейт же таш боор мамиле кандай кесепеттерге алып келе тургандыгын билишпейт.

Баланы коркутуу, таарынтуу, басмарлоо, тоготпой коюу, анын муктаждыктарын эске албоо, курбалдаштары менен мамиле түзүүгө тоскоол болуу балада тескери сезимдерди жана эмоцияларды пайда кылат. Жыйынтыгында өзүн өзү төмөн баалоо, мамиле түзүүдө жана аны сактоодо ишенбөөчүлүк, өзүн жаманмын жана катардан чыкканмын деп эсептеген сезимдер пайда болот. Албетте, балдар бейбаштык кылып, тартип бузган учурлар болот, бирок мындай учурларда ага таш боор мамиле кылуу эмес бала менен маектешүү, көйгөйдү чечүү жакшы жыйынтык берет. Баланы тынч жерге ойлонуу жана тынчтануу үчүн жөнөтүп же мындай нерсе кайталанбашы үчүн бала менен биргеликте ойлонуу менен эреже жана нормаларды бузгандыгы үчүн аны тартипке салууга болот. Бала ал жаңылышкандыгын түшүнүүсү маанилүү. Көп жагынан алганда бала көңүл бурууга муктаж жана аны чоңдордун угуусун каалашат. Бала жакшы нерсе жасаган учурда жакшы баа берүү абдан маанилүү, анда ал анын аракеттерин жок дегенде жакшы сөз менен баалагандыгын биле алат. Бала жакшы жана жаман иштердин кесепеттерин ушундай жол менен түшүнүүнү үйрөнөт.

  • Мектептеги зомбулук
  • Мектептеги зомбулук – бул мектептеги мамилелерден келип чыккан зомбулук. Зомбулук учурлары мектептин айланасында же мектепте өтүшү сөзсүз эле керек эмес. Мектептеги зомбулук – бул окуучу же мугалимдин үстүнөн болгон шылдыңдоо, акча жана буюмдарын тартып алган, аларды бузуп, булгаган, ошондой эле ушактарды таркатуу, зомбулук менен коркутуу жана уруп-сабоо учурлары. Зомбулуктун учурларын мүмкүн болушунча эрте аныктоо үчүн бала менен мектепте болуп жаткан нерселер тууралуу маектешүү маанилүү.
  • Көп учурда курбалдаштары тарабынан зомбулуктун курмандыктары бул тууралуу эч кимге айтууну каалашпайт, көйгөйдү өз алдынча чечүүгө аракеттенишет (көп учурда бул оңунан чыкпай калат), ал эми бул көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн эместигинин жыйынтыгы ден соолуктун бузулушу жана зомбулуктун курмандыктарында эмоционалдык-жүрүм-турум бузулуулары болуп саналат. Мектепке баруудан караманча баш тартуу, окууга болгон кызыгуунун жоголушу, ден соолугуна тынымсыз даттануулар, депрессиялык абалдар, түнт болуу жана бөлүнүү, компьютердин виртуалдык дүйнөсүнө толук кетүү – мектептеги үзгүлтүксүз зомбулуктун кесепеттеринин варианттарынын бири.

Ата-энелер үчүн баарынан дагы алардын баласына эмне болгондугун түшүнүү зарыл – эгерде бул классташтары, курбалдаштары тарабынан кайсы гана болбосун зомбулук (анын кайсы гана болбосун формасы – жыныстык кол тийбестик тууралуу айтпаганда дагы дене бойго зыян келтирүү менен уруп-сабоо, моралдык-нравалык басынтуу, ат коюу, түкүрүү) болсо – бала менен ага буларды түшүндүрүү менен сүйлөшүү керек:

  • мектептеги зомбулук кырдаал тууралуу унчукпай койгон учурда жасалат. Эгерде чыдай турган болсо – эч нерсе өзгөрбөйт, болгону ого бетер начарлай берет. Аракеттенүү керек. Чоңдор жана администрация кийлигишкен учурда ого бетер жаман болот деп коркуунун кереги жок. Дагы бир жолу: эгерде чоңдор кийлигишпесе начарлайт. Көндүрүү, макул кылуу жана карама-каршылыкты тынчтык жол менен чечүүгө болгон аракеттер адатта натыйжалуу эмес, болбосо аларды дайыма ушундай чечишмек болчу.
  • көйгөй бала мектепте жүргөн учурда келип чыккан, демек, мектептин администрациясы зордукчуларга карама-каршы аракеттенүү үчүн эмес, курмандыктын ар бир көгөргөн жери жана ыңгайсыздыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат. Эгерде ата-энеге анын баласын басынтып же уруп-сабап жаткандыктары белгилүү болсо, ата-эне эч нерсе кылбаса, анда алар өзүнүн баласына каршы кылмыштын катышуучусу болуп калат!
Ата-энелер, эмне үчүн дал ошол балдар кылмыштын курмандыктары болуп калышат? Анткени балдар ишенчээк жана баёо! Ал эми кылмышкер кайсы гана болбосун балага керектүү ачкычты тандай алат. Ошондуктан бир нерсе жасаардын алдында Сиздин балаңыз өзүнүн аракеттерин жакшылап ойлонушу зарыл. Зомбулуктан качууга болот. Бул үчүн кырдаалды туура баалоо жана туура чечим кабыл алуу керек. Балдар зомбулукка дуушар болуп калбашы үчүн, аларга алдын алуунун жолдорун үйрөтүү абзел. Төмөндө бул боюнча бир катар сунуштар келтирилди.

Ата-энелер, эмне үчүн дал ошол балдар кылмыштын курмандыктары болуп калышат?

  • Анткени балдар ишенчээк жана баёо! Ал эми кылмышкер кайсы гана болбосун балага керектүү ачкычты тандай алат. Ошондуктан бир нерсе жасаардын алдында Сиздин балаңыз өзүнүн аракеттерин жакшылап ойлонушу зарыл.
  • Зомбулуктан качууга болот. Бул үчүн кырдаалды туура баалоо жана туура чечим кабыл алуу керек.
  • Балдар зомбулукка дуушар болуп калбашы үчүн, аларга алдын алуунун жолдорун үйрөтүү абзел. Төмөндө бул боюнча бир катар сунуштар келтирилди.
Кандай учурларда балдарыңар «ЖОК!» деп жооп берүүлөрү керек: эгерде баладан мейманга келип кетүүнү же үйгө жеткирип коюну сунуштаса, мейли алар коңшулар болсо дагы; эгерде ага мектепке же бала бакчага чоочун адам келсе, ал эми ата-энелер бул тууралуу алдын ала эскертпеген болсо; эгерде ата-энелер жок учурда чала тааныш адам келсе, аны батирге киргизүү же аны менен бир жакка баруу керек болсо; эгерде жаңы тааныш жей турган нерсе берип сыйласа. Чоочун адамдар менен керексиз сүйлөшүүлөр Көп учурда кылмышкерлер балдардын ишенчээктигинен пайдаланышат. Үйүнө жеткирип коюну же бир жаныбарды көрүүнү, сүйүктүү оюнун ойноону сунушташат. Буга эч убакта макул болууга болбойт.

Кандай учурларда балдарыңар «ЖОК!» деп жооп берүүлөрү керек:

  • эгерде баладан мейманга келип кетүүнү же үйгө жеткирип коюну сунуштаса, мейли алар коңшулар болсо дагы;
  • эгерде ага мектепке же бала бакчага чоочун адам келсе, ал эми ата-энелер бул тууралуу алдын ала эскертпеген болсо;
  • эгерде ата-энелер жок учурда чала тааныш адам келсе, аны батирге киргизүү же аны менен бир жакка баруу керек болсо;
  • эгерде жаңы тааныш жей турган нерсе берип сыйласа.

Чоочун адамдар менен керексиз сүйлөшүүлөр

  • Көп учурда кылмышкерлер балдардын ишенчээктигинен пайдаланышат. Үйүнө жеткирип коюну же бир жаныбарды көрүүнү, сүйүктүү оюнун ойноону сунушташат. Буга эч убакта макул болууга болбойт.
Ошентип, курмандык болуп калбаш үчүн балдар эмнелерди билүү керек: Эгерде баладан көчөнү кантип табуу керектигин сурашса, кантип жетүү керектигин түшүндүрсө болот, бирок эч убакта узатып барбасын. Эгерде аны көндүрүүгө аракеттенип жатышса, ал үйгө барып жана ата-энесине эскертип, аларга кайсы жерге жана ким менен бара жатканыңды айтышым керек деп жооп берсин. Эгерде тааныш эмес адам балага бир нерсени карап көрүүнү же акча төлөп берем деп убада кылып баштыгын жеткиришип коюну сунуштаса, “Жок!” деп жооп берсин. Эгерде анын жанына машина келип токтосо, андан мүмкүн болушунча алыс кетип, эч убакта ага отурбасын. Эгерде бирөө андан калбай ээрчип келе жатса, кайсы гана болбосун үйдүн жанына барып ал анын үйү болгондой түр көрсөтүп, терезеден туугандарын көрүп турган сыяктуу колун жаңсасын жана чакырсын.

Ошентип, курмандык болуп калбаш үчүн балдар эмнелерди билүү керек:

  • Эгерде баладан көчөнү кантип табуу керектигин сурашса, кантип жетүү керектигин түшүндүрсө болот, бирок эч убакта узатып барбасын.
  • Эгерде аны көндүрүүгө аракеттенип жатышса, ал үйгө барып жана ата-энесине эскертип, аларга кайсы жерге жана ким менен бара жатканыңды айтышым керек деп жооп берсин.
  • Эгерде тааныш эмес адам балага бир нерсени карап көрүүнү же акча төлөп берем деп убада кылып баштыгын жеткиришип коюну сунуштаса, “Жок!” деп жооп берсин.
  • Эгерде анын жанына машина келип токтосо, андан мүмкүн болушунча алыс кетип, эч убакта ага отурбасын.
  • Эгерде бирөө андан калбай ээрчип келе жатса, кайсы гана болбосун үйдүн жанына барып ал анын үйү болгондой түр көрсөтүп, терезеден туугандарын көрүп турган сыяктуу колун жаңсасын жана чакырсын.
Кылмышкерлер өзүнүн курмандыктарын (балдарды) кайдан күтүп турушат? ЛИФТТИН ИЧИНДЕ! Лифт аянтчасында баланын артынан кабинага кирип кете турган чоочун адам жок экендигине көзү жеткенден кийин гана лифтке кирсин. Эгерде чакырылган лифтте чоочун адам болсо кабинага кирбесин. Тааныш эмес адам менен лифтке кирбесин. Эгерде чоочун адам баары бир лифтке кирип калса, ага далысын салып турбасын, анын аракеттерине көз салып турсун. Дайыма жакынкы кабаттын кнопкасын бассын. Эгерде лифттин эшиктери ачылса, аянтчага чыга качып, үйдүн жашоочуларын жардамга чакырсын. Коопсуздукта болгондон кийин, ошол замат милицияга чалсын, эмне болгондугун, так даректи, ошондой эле кол салуучунун белгилери жана ал кеткен тарапты кабарласын.
  • Кылмышкерлер өзүнүн курмандыктарын (балдарды) кайдан күтүп турушат?
  • ЛИФТТИН ИЧИНДЕ!
  • Лифт аянтчасында баланын артынан кабинага кирип кете турган чоочун адам жок экендигине көзү жеткенден кийин гана лифтке кирсин.
  • Эгерде чакырылган лифтте чоочун адам болсо кабинага кирбесин.
  • Тааныш эмес адам менен лифтке кирбесин.
  • Эгерде чоочун адам баары бир лифтке кирип калса, ага далысын салып турбасын, анын аракеттерине көз салып турсун.
  • Дайыма жакынкы кабаттын кнопкасын бассын.
  • Эгерде лифттин эшиктери ачылса, аянтчага чыга качып, үйдүн жашоочуларын жардамга чакырсын.
  • Коопсуздукта болгондон кийин, ошол замат милицияга чалсын, эмне болгондугун, так даректи, ошондой эле кол салуучунун белгилери жана ал кеткен тарапты кабарласын.
Эгерде андан кутулуп чыгуу мүмкүн болбой калса, кырдаалга жараша аракеттенүүсү керек: Эгерде зордукчу баланын оозун басып жана кийимин чече баштаса коркутпасын, ыйлабасын, тынчтыкты сактап, зордукчу менен сүйлөшсүн. Эгерде колунан келсе болушунча коргонсун, качып кетүүгө мүмкүнчүлүк болуп калса, буюмдарыңды чогултуп отурбасын, эмне кийип турса ошону менен качсын.

Эгерде андан кутулуп чыгуу мүмкүн болбой калса, кырдаалга жараша аракеттенүүсү керек:

Эгерде зордукчу баланын оозун басып жана кийимин чече баштаса коркутпасын, ыйлабасын, тынчтыкты сактап, зордукчу менен сүйлөшсүн. Эгерде колунан келсе болушунча коргонсун, качып кетүүгө мүмкүнчүлүк болуп калса, буюмдарыңды чогултуп отурбасын, эмне кийип турса ошону менен качсын.

ПОДЪЕЗДДЕ! Үйгө келгенде артынан кимдир-бирөө келе жатпаганына көңүл бурсун. Эгерде кимдир-бирөө келе жатса, подъездге кирбесин. Көчөдө 15-20 мүнөт серүүндөсүн, эгерде тааныш эмес эркек артынан ээрчүүсүн уланта берсе, ал тууралуу алдынан чыккан кайсы гана болбосун чоң адамга айтсын. Эгерде үйдө домофон бар болсо, подъездге кирүүнүн алдында өзүнүн батирине чалсын жана ата-энеси тосуп чыгуусун өтүнсүн. Эгерде чоочун эркек подъездде турган болсо, ошол замат көчөгө чыксын жана подъездге үйдөгү чоң адамдардын бирөөсү киришин күтүп турсун. Тепкичке кеч киргенде чыкпасын. Таштандыны эртең менен чыгарган жакшы. Капыстан кол салган учурда кырдаалды баалап, мүмкүнчүлүккө жараша качсын же кайсы гана жол менен болбосун коргонсун.

ПОДЪЕЗДДЕ!

  • Үйгө келгенде артынан кимдир-бирөө келе жатпаганына көңүл бурсун.
  • Эгерде кимдир-бирөө келе жатса, подъездге кирбесин. Көчөдө 15-20 мүнөт серүүндөсүн, эгерде тааныш эмес эркек артынан ээрчүүсүн уланта берсе, ал тууралуу алдынан чыккан кайсы гана болбосун чоң адамга айтсын.
  • Эгерде үйдө домофон бар болсо, подъездге кирүүнүн алдында өзүнүн батирине чалсын жана ата-энеси тосуп чыгуусун өтүнсүн.
  • Эгерде чоочун эркек подъездде турган болсо, ошол замат көчөгө чыксын жана подъездге үйдөгү чоң адамдардын бирөөсү киришин күтүп турсун.
  • Тепкичке кеч киргенде чыкпасын. Таштандыны эртең менен чыгарган жакшы.
  • Капыстан кол салган учурда кырдаалды баалап, мүмкүнчүлүккө жараша качсын же кайсы гана жол менен болбосун коргонсун.
ЧООЧУН АВТОУНААДА! Автоунаа – бул орун которуу каражаты эле эмес, ал ошондой эле кылмышкердин куралы боло алат. Эгерде рулда же салондо аял киши отурса дагы чоочун автоунаага отурууга болбой тургандыгын так билүү керек. Чоочун автоунаага түшүп калган учурда курмандык болуп калбаш үчүн “Автоунаадагы жүрүм-турум эрежесин” аткаруу керек. Эгерде жол улаш автоунаа менен кетип жатса, узатып жаткандардан автоунаанын номерин, маркасын, айдоочунун фамилиясын жазып калууну өтүнсүн жана бул тууралуу ата-энесине кабарласын.
  • ЧООЧУН АВТОУНААДА!
  • Автоунаа – бул орун которуу каражаты эле эмес, ал ошондой эле кылмышкердин куралы боло алат. Эгерде рулда же салондо аял киши отурса дагы чоочун автоунаага отурууга болбой тургандыгын так билүү керек.
  • Чоочун автоунаага түшүп калган учурда курмандык болуп калбаш үчүн “Автоунаадагы жүрүм-турум эрежесин” аткаруу керек.
  • Эгерде жол улаш автоунаа менен кетип жатса, узатып жаткандардан автоунаанын номерин, маркасын, айдоочунун фамилиясын жазып калууну өтүнсүн жана бул тууралуу ата-энесине кабарласын.
КӨЧӨДӨ! Көчөдө күндүз деле балдарды көп сандаган коркунучтар күтүп турат. Эгерде балага чоочун адам тийишип жатса төмөндөгүдөй кылуу керек: Өзүн кармап алышын күтпөсүн. Эгерде колунан келсе кол салуучуну бир канча убакытка чейин шаштысын кетирип жана алаксытуу үчүн бетине бир нерсени (мисалы, портфель, бут кийим салынган кап же бир ууч бир нерсени) ыргытсын. Адамдар көп турган жерге качсын. Эгерде оозун колу менен басып жатышса колунан тиштесин. Кайсы гана болбосун кошумча каражаттарды: калем сап, тарак же ачкычтарды колдонсун (жүзүнө, бутуна же кол салуучунун колуна сайып алсын); кайсы гана болбосун аэрозоль каражатын колдонсун (анын агымын көзүнө багыттасын); такаларды (кол салуучунун буттарына такалар менен катуу тепсин) колдонсун. Күчүнүн жетишинче мушташсын, колу менен баш-аламан чапкылабасын. Кол салуучунун жанын мүмкүн болушунча оорутуу керек. Ал колун бир аз бошотоору менен качып кетсин.
  • КӨЧӨДӨ!
  • Көчөдө күндүз деле балдарды көп сандаган коркунучтар күтүп турат. Эгерде балага чоочун адам тийишип жатса төмөндөгүдөй кылуу керек:
  • Өзүн кармап алышын күтпөсүн.
  • Эгерде колунан келсе кол салуучуну бир канча убакытка чейин шаштысын кетирип жана алаксытуу үчүн бетине бир нерсени (мисалы, портфель, бут кийим салынган кап же бир ууч бир нерсени) ыргытсын.
  • Адамдар көп турган жерге качсын.
  • Эгерде оозун колу менен басып жатышса колунан тиштесин.
  • Кайсы гана болбосун кошумча каражаттарды: калем сап, тарак же ачкычтарды колдонсун (жүзүнө, бутуна же кол салуучунун колуна сайып алсын); кайсы гана болбосун аэрозоль каражатын колдонсун (анын агымын көзүнө багыттасын); такаларды (кол салуучунун буттарына такалар менен катуу тепсин) колдонсун.
  • Күчүнүн жетишинче мушташсын, колу менен баш-аламан чапкылабасын. Кол салуучунун жанын мүмкүн болушунча оорутуу керек.
  • Ал колун бир аз бошотоору менен качып кетсин.
Көчөдөгү жүрүм-турум эрежелери: Эгерде кечинде жалгыз кетүүгө туура келсе, тез-тезден жана ишенимдүү бассын жана коркконун көрсөтпөсүн; ишенимдүү көрүнгөн аялга же улгайган жубайлардын жанына барууга же алар менен катар басууга болот. Автобус, троллейбуста айдоочуга жакын отурсун жана кийинки аялдама өзүнүкү экендигин көрсөтпөстөн акыркы болуп чыксын. Жолдон унаа тоспосун жана жеткирип коёюн же кайсы бир жерге кантип баруу керек деген өтүнүчкө жооп бербесин. Жолду көрсөтүп берүү үчүн эч убакта унаага отурбасын. Алыска жана кишилер жок жерлерге барбасын. Алдыда топтошкон адамдарды же мас кишини көргөндө көчөнүн экинчи тарабына өтсүн же багытын өзгөртсүн. Эгерде автоунаа жаныңда жай жүрө баштаса, жолдун экинчи тарабына өтсүн. Туугандарына дайыма кайда бара жатканын эскертсин жана алардан кечкисин тосуп алып турушун өтүнсүн.  
  • Көчөдөгү жүрүм-турум эрежелери:
  • Эгерде кечинде жалгыз кетүүгө туура келсе, тез-тезден жана ишенимдүү бассын жана коркконун көрсөтпөсүн; ишенимдүү көрүнгөн аялга же улгайган жубайлардын жанына барууга же алар менен катар басууга болот.
  • Автобус, троллейбуста айдоочуга жакын отурсун жана кийинки аялдама өзүнүкү экендигин көрсөтпөстөн акыркы болуп чыксын.
  • Жолдон унаа тоспосун жана жеткирип коёюн же кайсы бир жерге кантип баруу керек деген өтүнүчкө жооп бербесин. Жолду көрсөтүп берүү үчүн эч убакта унаага отурбасын.
  • Алыска жана кишилер жок жерлерге барбасын.
  • Алдыда топтошкон адамдарды же мас кишини көргөндө көчөнүн экинчи тарабына өтсүн же багытын өзгөртсүн.
  • Эгерде автоунаа жаныңда жай жүрө баштаса, жолдун экинчи тарабына өтсүн.
  • Туугандарына дайыма кайда бара жатканын эскертсин жана алардан кечкисин тосуп алып турушун өтүнсүн.
  •  

ҮЙДӨ!

Үйдөгү баланын жүрүм-турум эрежелери:

  • Эшикти ачаардын алдында сөзсүз түрдө эшиктин көзөнөгүнөн карасын. Батирге жакшы тааныш адамдарды гана киргизсин.
  • Батирден чыгып бара жаткан учурда дагы көзөнөктөн карасын. Эгерде тепкич аянтчасында адамдар бар болсо, алар кеткенче күтө турсун.
  • Эгерде сантехник же электрик чакыруусуз келсе, аны киргизээр алдында үйүн тейлеген диспетчердик пунктка чалып, маалымат алсын.
  • Эгерде үйгө кайтып келе жатканда аны аңдып келе жатышкандыгын сезип калса, үйгө кирбесин, адамдар көп турган жерге кайтып барсын жана жардам сурасын.
  • Кире турган эшикти ачкыч менен ачаар алдында жакын арада эч ким жоктугун текшерсин.
  • Батирге тааныш эмес адамды киргизүүгө болбойт!
  • Ар бир бала олуттуу иш боюнча чоңдор ата-энелер менен гана сүйлөшө тургандыгын түшүнүүгө тийиш. Эгерде почтадан телеграмма же эсеп алып келишсе, анда алар үчүн кол коюу керек болсо, анда муну чоңдор гана жасай алышат.
  • Бала жөн гана үйдө чоңдор болгон учурда келгиле деп айтышы керек. Ушул нерсе электрик жана суу өткөргүчкө дагы тиешелүү. Эгерде үйүңөрдө капыстан жарык өчүп калса же түтүк жарылып кетсе, ата-энеге чалып эмне кылуу керектигин сурап алууга болот. Жок дегенде силер көптөн бери билген коңшулардан сурасаңар болот.
  •  
Ата-энелер эсиңерде болсун: бала караңгы кирген учурда үйдө болууга тийиш; эгерде балаңар мектептен, спорт секциясынан ж.б. жактардан кеч кайтса, аны тосуп алууга аракет кылгыла, мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда бул тууралуу досторуңар, коңшуларыңар, туугандарыңардан өтүнгүлө. Бала чындап эле үйгө келгендигин текшергиле; эгерде балаңардын кайда жүргөнүн билбесеңер, ал телефон чалууларга жооп бербей жатса, ички иштер органдарына токтоосуз кайрылгыла, өз алдыңарча издөө менен алектенбегиле; балага мектепке, көчөгө чыкканда ири суммадагы акча, кымбат телефон, аудио- видео- жана фототехника бербегиле.  

Ата-энелер эсиңерде болсун:

  • бала караңгы кирген учурда үйдө болууга тийиш;
  • эгерде балаңар мектептен, спорт секциясынан ж.б. жактардан кеч кайтса, аны тосуп алууга аракет кылгыла, мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда бул тууралуу досторуңар, коңшуларыңар, туугандарыңардан өтүнгүлө. Бала чындап эле үйгө келгендигин текшергиле;
  • эгерде балаңардын кайда жүргөнүн билбесеңер, ал телефон чалууларга жооп бербей жатса, ички иштер органдарына токтоосуз кайрылгыла, өз алдыңарча издөө менен алектенбегиле;
  • балага мектепке, көчөгө чыкканда ири суммадагы акча, кымбат телефон, аудио- видео- жана фототехника бербегиле.

 

Балдарыңарга төмөндөгү маалыматты жеткиргиле:

  • капыстан таанышкан адамдардан сак болуу, өзүнүн телефон номерин жана дарегин чала тааныш адамдарга алар канчалык ак пейил сезилсе дагы берүүгө шашылбоо керек;
  • көчөдө караңгы киргичекти ойноого болбойт;
  • үйдөн алыс кетпеш керек, эгерде ошондой болуп калса – ал кайсы жерде жана ким менен тургандыгы тууралуу силерге билдириши керек, эгерде ал турган жай өзгөрсө, силерге кайра чалышы зарыл;
  • тааныш эмес компанияларды жана мас адамдарды айланып өтүү керек;
  • адамдар жок жерлерден, аң, ээн талаа, жер төлөө, чатыр, каралбай калган үйлөр жана бөлмөлөрдөн качуу абзел;
  • достор менен сүйлөшүп жатканда же чоочун адамдар бар учурда үйдө (ата-энесинин) кымбат баалуу буюмдары, баалуулуктары, зергер буюмдары бар экендиги тууралуу мактануунун кереги жок;
  • чала тааныш жана чоочун адамдардын астында телефонду көрсөтүп жана аны менен мактанба;
  • уюлдук телефонду чоочун адамдардын колдоруна бербөө керек;
  • эгерде тааныш эмес адам баланы өзүнүн үйүнө же башка жерге музыка угуу, сүрөткө түшүү, бир нерсени белекке берүү, кино, жаныбарларды көрүү үчүн чакырып жатса же бир нерсе жасоо үчүн жардам бергенге кайсы бир жерге барууну өтүнсө, эч убакта макул болбоо зарыл;
караңгы короолорго кирүүгө болбойт, мүмкүнчүлүккө жараша тааныш багытта жарык көчө менен же адамдар көп жүргөн жерлерден басуу керек; чала тааныш же тааныш эмес адамдардан эч нерсе алууга болбойт; кимдир-бирөө баланы кармап алууга, кууп жетүүгө аракет кылса күч колдонуу, катуу кыйкыруу, жардамга чакыруу, качуу, батирлердин коңгуроосун басуу, терезелерди каккылоо ж.б. жасоо зарыл; Интернеттеги тааныш эмес сайттарга кирүүгө болбойт, социалдык түйүндөрдөгү тааныш эмес адамдардын сунуштарына жооп бербөө керек; эгерде кимдир-бирөө сайт аркылуу өжөрлүк менен достук издөөгө аракеттенсе, мейманга барайын деп өтүнсө же жолугушууга чакырса, бул тууралуу ата-энелерге же бала өзү ишенген башка чоң адамдарга айтышы керек. Аларга эскертпестен эч жакка чыгууга болбойт; чеге турган аралашмаларды, алкоголь, баңги колдонуп көрүү; бир нерсе жыттап көрүү, ичүү, чайноо сунуштарынан караманча баш тартуу зарыл. Эгерде жөн гана баш тартуу оңунан чыкпай жатса, анда көрсөтүлгөн аракеттери ордуна келгис кесепеттерге алып келе турган оорум бар демиш болуп шылтоо кылуу керек.
  • караңгы короолорго кирүүгө болбойт, мүмкүнчүлүккө жараша тааныш багытта жарык көчө менен же адамдар көп жүргөн жерлерден басуу керек;
  • чала тааныш же тааныш эмес адамдардан эч нерсе алууга болбойт;
  • кимдир-бирөө баланы кармап алууга, кууп жетүүгө аракет кылса күч колдонуу, катуу кыйкыруу, жардамга чакыруу, качуу, батирлердин коңгуроосун басуу, терезелерди каккылоо ж.б. жасоо зарыл;
  • Интернеттеги тааныш эмес сайттарга кирүүгө болбойт, социалдык түйүндөрдөгү тааныш эмес адамдардын сунуштарына жооп бербөө керек; эгерде кимдир-бирөө сайт аркылуу өжөрлүк менен достук издөөгө аракеттенсе, мейманга барайын деп өтүнсө же жолугушууга чакырса, бул тууралуу ата-энелерге же бала өзү ишенген башка чоң адамдарга айтышы керек. Аларга эскертпестен эч жакка чыгууга болбойт;
  • чеге турган аралашмаларды, алкоголь, баңги колдонуп көрүү; бир нерсе жыттап көрүү, ичүү, чайноо сунуштарынан караманча баш тартуу зарыл. Эгерде жөн гана баш тартуу оңунан чыкпай жатса, анда көрсөтүлгөн аракеттери ордуна келгис кесепеттерге алып келе турган оорум бар демиш болуп шылтоо кылуу керек.
Ата-энелер билүүгө тийиш болгон коопсуздуктун он эрежеси 1. Мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бурууга жана сылык-сыпаа болууга аракеттенгиле жана эскертүүчү сүйлөшүүлөрдүн учурунда баланын жообуна көз салгыла. 2. Силердин сөзүңөрдү көрсөтмө мисалы менен тастыктоого боло турган кырдаалды колдонгула.   3. Кээ бир учурда балдар өзүнүн күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча баалап жиберишет. Силердин милдетиңер - балага “колуңа бутуңду алып чуркагын” тактикасы  эр жүрөктүүлүк менен унчукпай коюуга караганда кыйла пайдалуу экендигин түшүндүрүү. 4.  Потенциалдуу коркунуч болуп калган учурларга карата аракеттерди иштеп чыгууда баланын мүнөзүн эске алгыла. 5. Мектеп курагындагы бала үчүн уюлдук телефон – бул коопсуздук каражаты. Силер баланын телефонуна бир гана номерди - силер чала ала турган программаны тандай аласыңар.  6.  Кырдаалды көзөмөлдөгүлө. Баладан ал үйүгө мектептен качан кайтып келиши керектигин сурагыла. Ага күндүз чалып анын пландарын сурап тургула.
  • Ата-энелер билүүгө тийиш болгон коопсуздуктун он эрежеси
  • 1. Мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бурууга жана сылык-сыпаа болууга аракеттенгиле жана эскертүүчү сүйлөшүүлөрдүн учурунда баланын жообуна көз салгыла.
  • 2. Силердин сөзүңөрдү көрсөтмө мисалы менен тастыктоого боло турган кырдаалды колдонгула.  
  • 3. Кээ бир учурда балдар өзүнүн күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча баалап жиберишет. Силердин милдетиңер - балага “колуңа бутуңду алып чуркагын” тактикасы  эр жүрөктүүлүк менен унчукпай коюуга караганда кыйла пайдалуу экендигин түшүндүрүү.
  • 4.  Потенциалдуу коркунуч болуп калган учурларга карата аракеттерди иштеп чыгууда баланын мүнөзүн эске алгыла.
  • 5. Мектеп курагындагы бала үчүн уюлдук телефон – бул коопсуздук каражаты. Силер баланын телефонуна бир гана номерди - силер чала ала турган программаны тандай аласыңар. 
  • 6.  Кырдаалды көзөмөлдөгүлө. Баладан ал үйүгө мектептен качан кайтып келиши керектигин сурагыла. Ага күндүз чалып анын пландарын сурап тургула.
7 . Балдарга аларга коюла турган тузак тууралуу эскерткиле. Адатта бала мышыктын баласына же ыйлап жаткан бөбөккө жардам берүүгө чакырган чоңдордон баш тартышпайт. Айрым чоңдор кичинекейлерди атайылап кара ниеттик максатта алдай тургандыгын айтып бергиле. 8. Материалды улам-улам чыңдап тургула, бирок баланы мындай репетициялар жадатып жибербеши керек. 9.  Сактыкты мезгил-мезгили менен текшерип туруудан уялбагыла. 10. Баланы “БОЛБОЙТ” деген беш эрежени сактоого үйрөткүлө: Подъезд жана лифтке чоочун адамдар менен кирүүгө болбойт. Чоочун адамдардан эч убакта жей турган нерсе же белек алууга болбойт. Чоочун машинага эч убакта отурууга болбойт.  Чоочун адамдарга өзүң жана өзүңдүн үй-бүлөң тууралуу эч убакта айтууга болбойт. Эгерде бир нерсе шектүү болуп жатса эч убакта унчукпай коюуга болбойт, кыйкырып же адамдар көп жерге жерге качуу керек.

7 . Балдарга аларга коюла турган тузак тууралуу эскерткиле. Адатта бала мышыктын баласына же ыйлап жаткан бөбөккө жардам берүүгө чакырган чоңдордон баш тартышпайт. Айрым чоңдор кичинекейлерди атайылап кара ниеттик максатта алдай тургандыгын айтып бергиле.

8. Материалды улам-улам чыңдап тургула, бирок баланы мындай репетициялар жадатып жибербеши керек.

9.  Сактыкты мезгил-мезгили менен текшерип туруудан уялбагыла.

10. Баланы “БОЛБОЙТ” деген беш эрежени сактоого үйрөткүлө:

  • Подъезд жана лифтке чоочун адамдар менен кирүүгө болбойт.
  • Чоочун адамдардан эч убакта жей турган нерсе же белек алууга болбойт.
  • Чоочун машинага эч убакта отурууга болбойт.
  • Чоочун адамдарга өзүң жана өзүңдүн үй-бүлөң тууралуу эч убакта айтууга болбойт.
  • Эгерде бир нерсе шектүү болуп жатса эч убакта унчукпай коюуга болбойт, кыйкырып же адамдар көп жерге жерге качуу керек.

Баланы кантип бактылуу кылуу керектиги” тууралуу жети алтын эреже:

  • 1. Мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөшкүлө
  • 1. Мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөшкүлө
  • Өзүн бала менен “бир толкунда” сезүү, анын жашоосунун ал гана эмес кичинекей эле окуяларынан кабардар болуу – “жакшы ата-эне болуунун” башкы эрежеси. Силер өзүңөрдүн балаңар тууралуу бардыгын түшүнгөндөй болуп калган учурда, ал капыстан эле дээрлик жаңы нерсени чыгара калат! Балдар тез чоңоюшат, демек силер күтүүсүз өзгөрүүлөргө абдан кунт коюп көңүл бурууга жана даяр болууга тийишсиңер.
  • Баланы угуп, аны менен чоң киши катары сүйлөшүү менен силер аны туура маектешүүгө үйрөтсүңөр. Анын өз учурунда айтылган “өтүнөм” жана “рахмат” деген сөздөрү үчүн аны мактоону же оройлук, чыргоолугуна бөгөт коюну унутпагыла. Албетте, силердин пикир алышууңар суткасына 24 саатка чейин уланышы мүмкүн эмес, бирок ал силерде буга убакыт бар экендигин билиши зарыл. Эртең менен бардыгы шашып жаткан учурда, ал эми силердин балаңар бир нерсе айтууга аракеттенип жатса, кечирим сурагыла жана аны кечинде уга турганыңарга убада бергиле. Кечинде сөзсүз түрдө кийинкиге жылдырылган сүйлөшүүгө кайтып келгиле – бул аны өзү силерге чындап эле керек экендигине ишенүүгө мажбурлайт. Бала силерге кийин дагы ишенүүсү үчүн кунт коюп көңүл бурган жана чыдамдуу угуучу болгула. Анткени ата-энелер балдар алар менен пикир алышууну каалабай тургандыгына көп арызданышат эмеспи.
2. Ырааттуу болгула Балдар алдын ала божолдоону жакшы көрүшөт. Режим, орнотулган чектөөлөр аларга курчап турган дүйнөдөгү тартип жана коопсуздук сезимин тартуулайт. Так эрежелер карама-каршылыктардан жана жазалоодон качууга жардам берет. Эгерде бала тентектик кылса, ал али кичине жана эмне кылып жаткандыгын түшүнбөй жатат деп өзүңөрдү тынчтандыруунун кереги жок. Ар бир жолу мындай кылууга болбой тургандыгын сабырдуулук менен айткыла. Эгерде ал кежирлик кыла турган болсо, башка бөлмөгө жөнөтүү менен жазалагыла. Ага эмне үчүн өзүн башкача эмес, ушундайча алып жүрүү керектигин түшүндүрүүнү унутпагыла.

2. Ырааттуу болгула

  • Балдар алдын ала божолдоону жакшы көрүшөт. Режим, орнотулган чектөөлөр аларга курчап турган дүйнөдөгү тартип жана коопсуздук сезимин тартуулайт. Так эрежелер карама-каршылыктардан жана жазалоодон качууга жардам берет. Эгерде бала тентектик кылса, ал али кичине жана эмне кылып жаткандыгын түшүнбөй жатат деп өзүңөрдү тынчтандыруунун кереги жок. Ар бир жолу мындай кылууга болбой тургандыгын сабырдуулук менен айткыла. Эгерде ал кежирлик кыла турган болсо, башка бөлмөгө жөнөтүү менен жазалагыла. Ага эмне үчүн өзүн башкача эмес, ушундайча алып жүрүү керектигин түшүндүрүүнү унутпагыла.

3. Мүмкүнчүлүк болгон сайын өзүңөрдүн сүйүүңөрдү көрсөткүлө

  • Тарбиялоодо ыраатуулукка караганда эмоционалдык ачыктык маанилүүрөөк. Бала апасы менен атасы аны эч нерсеге карабастан жакшы көрө тургандыгын билгенде, эгерде силер кокус ачуулансаңар ал анчалык деле коркпойт. Балага кандайдыр бир кубаттаган сөздөрдү көбүрөөк айтууга аракеттенгиле: эгерде ал өзүнүн төшөгүн эскертүүсүз эле жыйнап койсо, мактагыла же сыйлык катары компьютерде ашыкча 15 мүнөт ойноого уруксат бергиле. Бала силер анын жакшы жүрүм-турумун баалай тургандыгыңарды, эгерде ачууланып жатсаңар жасаган иши үчүн экендигин түшүнөт. Эсиңерде болсун: силердин дайыма “жок” жана “болбойт” деген сөздөрүңөр балада стресс пайда кылышы мүмкүн.
  • Балдарыңардын кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча активдүүрөөк колдогула жана өзүңөрдүкүн таңуулабагыла.
  • Өзүнүн баласын спорт менен машыгууга мажбурлаган спортчу ата-энелер балада кыжырлануу пайда кылат. Ага кызык болгон нерсени жасоого уруксат бергиле. Силер мындай кылуу менен анын жөндөмдүүлүктөрүнө өзүңөрдүн урматтооңорду көрсөтөсүңөр жана баланы ал кандай болсо ошондой кабыл ала турганыңарды түшүндүрө аласыңар.
4. Ийкемдүүлүгүңөрдү билдиргиле Көпчүлүк ата-энелер зарыл болгон орнотулган эрежелерди сактоо зарылчылыгы жана баланын каалагандарын жасатуу, оюна коюунун ортосунда дайыма арсар болуп турушат. Ийкемдүү болгула: кайсы гана болбосун эрежелердин ичинен өзгөчө учурлар боло тургандыгын эстен чыгарбагыла. Балага силер өзүңөрдүн чечимиңерди эмне үчүн өзгөрткөнүңөрдү жана адаттагы режимден четтеп кеткениңерди сөзсүз түшүндүргүлө. Мисалы: “Сен билесиңби, саат 20.00дө уктоо керек. Бирок бүгүн бизге чоң атаң менен чоң энең келди, ошондуктан сен бир аз коё туруп жатсаң болот”. Силер мындай кылуу менен балаңарды тигил же бул көйгөйдү чечүүдө ийкемдүү болууга үйрөтөсүңөр. Бул андан ары ага эрежелер жана чектөөлөргө урматтоо менен карап, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жардам берет.  
  • 4. Ийкемдүүлүгүңөрдү билдиргиле
  • Көпчүлүк ата-энелер зарыл болгон орнотулган эрежелерди сактоо зарылчылыгы жана баланын каалагандарын жасатуу, оюна коюунун ортосунда дайыма арсар болуп турушат. Ийкемдүү болгула: кайсы гана болбосун эрежелердин ичинен өзгөчө учурлар боло тургандыгын эстен чыгарбагыла. Балага силер өзүңөрдүн чечимиңерди эмне үчүн өзгөрткөнүңөрдү жана адаттагы режимден четтеп кеткениңерди сөзсүз түшүндүргүлө. Мисалы: “Сен билесиңби, саат 20.00дө уктоо керек. Бирок бүгүн бизге чоң атаң менен чоң энең келди, ошондуктан сен бир аз коё туруп жатсаң болот”. Силер мындай кылуу менен балаңарды тигил же бул көйгөйдү чечүүдө ийкемдүү болууга үйрөтөсүңөр. Бул андан ары ага эрежелер жана чектөөлөргө урматтоо менен карап, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жардам берет.
  •  
5. Маалыматтуу болгула Жакшы ата-энелер туура чечимди табигый сезим аркылуу таба билишет. Бул үчүн балаңардын ар бир конкреттүү курактагы мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүктөрү тууралуу мүмкүн болушунча маалыматтуу болуу керек. Маалыматы жок ата-энелер бардык учурда өзүнүн баласын ашыкча баалашат да көп учурда көңүлдөрү калат. Бактыга жараша бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо боюнча толгон-токой адабияттар бар. Демек, билим алууга кош келиңиз! Ошондой эле чоң эне, чоң ата, достор, кесиптештер жана коңшулар сыяктуу маалыматтын баалуу булагын эске албай койбогула.

5. Маалыматтуу болгула

  • Жакшы ата-энелер туура чечимди табигый сезим аркылуу таба билишет. Бул үчүн балаңардын ар бир конкреттүү курактагы мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүктөрү тууралуу мүмкүн болушунча маалыматтуу болуу керек.
  • Маалыматы жок ата-энелер бардык учурда өзүнүн баласын ашыкча баалашат да көп учурда көңүлдөрү калат. Бактыга жараша бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо боюнча толгон-токой адабияттар бар. Демек, билим алууга кош келиңиз! Ошондой эле чоң эне, чоң ата, достор, кесиптештер жана коңшулар сыяктуу маалыматтын баалуу булагын эске албай койбогула.
6. Өзүңөргө эс алууга укук бергиле Балдарга кам көрүү физикалык жана жан дүйнө күчүнүн аябагандай чыңалуусун талап кылат. Албетте, балага карата сүйүүдөн улам бардыгын көтөрүүгө болот, бирок эгерде бала бул сиз үчүн эмне экендигин, сиз кандай кыйналып жана кыжырланып жатканыңызды көргөндө, ал: “Апам абдан чарчады, мунун бардыгы менин айымдан” деп ойлойт. Эгерде сиз өзүңүзгө эс алуу жана көңүл ачууга убакыт бөлүп турсаңыз, бала башка адамдардын дагы сыйлоо керек болгон өзүнүн керектөөлөрү бар экендигин түшүндүрөт. Кээде өзүңүздү кайрадан “жакшы ата-эне” сезиш үчүн болгону бир аз эс алышыңыз керек. Жөн гана: “Мен азыр чарчадым, 15 мүнөт жаткым келип жатат”, - деп айтыңыз. Ишенип коюңуз – бала сизди түшүнөт!  7. Өзүңөрдөгү ишенимдүүлүктү сактагыла Эгерде силер жогоруда саналып өткөн эрежелерди дайыма кармана турган болсоңор, анда жакын арада жакшы жыйынтыктарды сезесиңер. Силерде өзүн жакшы ата-эне сезүүгө болгон кескин түрдөгү негиздер пайда болот. Ал эми бала: апам менен атам кантип жакшы кылуу керектигин билишет деп ишенимдүү болот!
  • 6. Өзүңөргө эс алууга укук бергиле
  • Балдарга кам көрүү физикалык жана жан дүйнө күчүнүн аябагандай чыңалуусун талап кылат. Албетте, балага карата сүйүүдөн улам бардыгын көтөрүүгө болот, бирок эгерде бала бул сиз үчүн эмне экендигин, сиз кандай кыйналып жана кыжырланып жатканыңызды көргөндө, ал: “Апам абдан чарчады, мунун бардыгы менин айымдан” деп ойлойт. Эгерде сиз өзүңүзгө эс алуу жана көңүл ачууга убакыт бөлүп турсаңыз, бала башка адамдардын дагы сыйлоо керек болгон өзүнүн керектөөлөрү бар экендигин түшүндүрөт. Кээде өзүңүздү кайрадан “жакшы ата-эне” сезиш үчүн болгону бир аз эс алышыңыз керек. Жөн гана: “Мен азыр чарчадым, 15 мүнөт жаткым келип жатат”, - деп айтыңыз. Ишенип коюңуз – бала сизди түшүнөт! 

7. Өзүңөрдөгү ишенимдүүлүктү сактагыла

  • Эгерде силер жогоруда саналып өткөн эрежелерди дайыма кармана турган болсоңор, анда жакын арада жакшы жыйынтыктарды сезесиңер. Силерде өзүн жакшы ата-эне сезүүгө болгон кескин түрдөгү негиздер пайда болот. Ал эми бала: апам менен атам кантип жакшы кылуу керектигин билишет деп ишенимдүү болот!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!