СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туура кесип тандоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кесиптер жөнүндө билимди актуалдаштыруу

Просмотр содержимого документа
«Туура кесип тандоо»

«Туура кесипти тандаганың –ийгиликтүү келечекке жол ачат.

Кең келечектүү кесип болбойт, келечеги кең адис болушу мүмкүн.

Макал

Сабактын максаты:

  • Кесиптер жөнүндөгү билимди актуалдаштыруу;

  • Чоң класстагы окуучуларды кесипти түшүнүп тандоосуна багыт берүү;

  • Кесиптин мүнөздөмөлөрү менен жөндөмдүүлүктү, шыкты салыштыруу жана айкалыштыруу.




Алдын ала даярдануу: Окуучулардын кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүгүн, шыгын аныктоо үчүн сурамжылоо.




Керектелүүчү ресурстар: Ватмандар, маркерлер, «Аукцион» өткөрүү үчүн балка (көрсөткүч таякчаны же сызгычты колдонсо болот).




Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Уюштуруу. Көнүгүү «Аукцион».

10 мүн.

2.

Негизги бөлүк:

  • Мини-лекция:

  • Кесиптик билим

  • Кесиптердин түрлөрүн талкуулоо

  • Көнүгүү «Мен жана менин жөндөмдүүлүгүм»

30 мүн.

3.

Жыйынтыктоо

5 мүн.



45 мүн.




Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. Көнүгүү

«Аукцион» (10 мүн.)

Максаты: Кесиптер дүйнөсү боюнча жалпы маалыматтуулуктун деңгээлин оңой жана эркин аныктоо.

Мугалим: Сабактын темасын айтат жана окуучулар үч топко бөлүнөт. Ар бир топко ватмандарды жана маркерлерди берет. Топтор кесиптердин аттарын жазышып жана аларды окушат. Кайсы топ балка үчүнчү жолу урулганга чейин көп кесиптин аттарын атаса, ошол топ жеңишке ээ болот.







Мугалим: төмөндөгү суроолорду берет:

  • Силердин көңүлүңөрдү тарткан кандайдыр бир кесиптик чөйрө барбы?

  • Эмне үчүн силер бул чөйрөнү тандадыңар?

  • Бул ишкердик чөйрөнүн артыкчылыктарын айта аласыңарбы?

  • Тандалган кесипке ээ болуу үчүн кандай кадамдарды жасоо керек?

  • Профессионалдык ишкердикте ийгиликтерге жетүү үчүн эмнелерди жасоо керек?

Жыйынтыктоо: Профессионалдык ишкердиктин максаты - өзүнүн үй- бүлөсүнө кам көрүү үчүн каражат табуу, коомчулукка жана мамлекетке пайда алып келүү.

Мугалим: Бизге жашоодо дайыма тандаганга туура келет: кийим сатып алганда, достошкондо, кечелерге барууда ж.б. Кээ бир тандоо оңой болот, кээ бирлери кыйын болот.

  • Оңой болгон жана тоскоолдуктарды жаратпаган тандоого мисал келтиргиле (кийим, тамак тандоо).

  • Келечекте так калтырган, тагдырына кийин таасир берген жана аны түзгөн тандоого мисал келтиргиле (жубай тандоо, кесип тандоо).

  • Акыркы учурда тандоого эмне тоскоолдук жаратат? (өзүңдүн талантыңды таануу, материалдык көйгөйлөр).

  • Эмне үчүн жашоодо тандоо маанилүү болуп саналат?

  • Тандаганга айланадагы кимдер жардам бериши мүмкүн? Кимдин оюу силерге маанилүү?

(ата-энелер, мугалимдер, классташтар).

  • Тандоого ким жоопкерчиликтүү? (ар бир адам өзү).

Жыйынтыктоо: Кесипти жана профессионалдык чөйрөнү тандоо татаал жагдай жана көптөгөн факторлорду

эске алуу керек. Булар жөнүндө сабакта сүйлөшөбүз.

  1. Негизги бөлүк (30 мүн.)

Максаты:

  • Кесиптик чөйрө эмне экендигин түшүндүрүү;

  • Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын мазмунун берүү;

  • Кесиптердин түрлөрү жөнүндө маалымат берүү;

  • Окуучуларга тигил же бул кесиптин талаптары жана мүнөздөмөлөрү боюнча туура түшүнүк берүү.

    1. Мини-лекция.

Кесиптик билим

Мугалим: Эгерде адам жашоосунда кандайдыр бир бийиктиктерге жетүү жана кесип тандоо, карьера жасоо максатын койсо, анда ал сөзсүз профилдик билим алышы керек. Бул үчүн кесиптик билим берүү системасы бар.

Кыргыз Республикасында кесиптик билимдин деңгээлдери.

Кыргыз Республикасында билим берүү системасында үч деңгээл бар: орто, орто кесиптик, жогорку кесиптик билим.




Орто билим: Толук орто билим этабы жогорку мектепке жол ачат, эки жылдын ичинде жалпы билим, профилдик орто мектептерде, гимназияда, лицейде окутулат. (10-11-окуу жылдары).

Орто кесиптик билим алуу: Кесиптик билим берүү окуу жайларынын негизгилери жогорку квалификациялуу жумушчуларды даярдаган кесиптик лицейлер, училищалар болуп саналат. Бул окуу жайлар төмөнкү звенодогу квалификациялуу жумушчуларды жана кызматкерлерди даярдашат.

Училищада жана лицейде окуу мөөнөтү тандаган квалификацияга байланыштуу жана бир жылдан төрт жылга чейин болот. Көбүнчө күндүзгү окуу формасы болот.

Кесиптер: электрик, жыгач уста, медайым, тигүүчү ж. б.

Азыркы мезгилде мамлекет квалификациялуу кадрларга муктаж жана бул кесиптер актуалдуу, керектүү болуп жатат.

Жогорку кесиптик билим алуу: Кыргыз Республикасындагы институттар, университеттер, академиялар.

Алар жогорку звенодогу адистерди даярдашат. Бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясы ар түрдүү: бакалавр- жалпы даярдык деңгээлинде болот, магистр- специализациясы бар тигил же бул багытта даярдыктан өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана конкурстук негизде кабыл алынат ( жогорку окуу жайга карайт). Окуу формасы: күндүзгү, сырттан окуу, кечки бөлүм, экстернат.




Талкуулоо:

Мугалим: Билим деңгээлин кайсы критерийлерге карай тандайт? (мүмкүн болгон жооп: кесип тандоодон, кесипти алуудагы убактылуу мезгилден)

  • Карьерада бийиктикке жетүү үчүн кайсы деңгээл жардам берет? (мүмкүн болгон жооптор: карьерада өсүш үчүн бардык деңгээл жардам берет).




Мугалимге сунуш: Кайсы гана билим болбосун жашоодо ийгиликтерге жетсе боло тургандыгын окуучуларга түшүндүрүү. Эмгек рыногунда көбүнчө жогорку билимди талап кылбаган кесиптерге көп төлөнөт жана керектүү. Бирок, билимди жогорулатууга аракеттенүү мактоого татыктуу.




Жыйынтыктоо: Жакшы айлык акыга жана сый-урматка чыныгы ишмерлер гана татыктуу.




Кесиптердин түрлөрү

Мугалим: Ишкердик чөйрөнү тандоо үчүн кесиптердин өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүнүк болушу керек жана өзүңдүн мүнөзүң жана жөндөмдүүлүгүң менен салыштырылышы керек. Бул үчүн бизге кесиптерди тандоо боюнча психологиялык тесттер жардам берет. Классификациянын негизинде эмгектин предмети жатат, мындайча айтканда,

бул адис ким менен эмне менен иштейт. Бул кесипке эмне талап кылынат активдүү болуубу, тез реакция кылуубу, мобилдүүлүкпү, тил табышуубу же чыдамдуулукпу, тыкандыкпы, анализдөө жөндөмдүүлүгүбү, фантазиябы, элестетүү жөндөмдүүлүгүбү?




Белгилүү россиялык психолог Е.А. Климов кесиптердин төмөнкү түрлөрүн сунуштаган.

«Адам - адам»

Ишмердүүлүк дайыма адамдар менен байланышууну талап кылат.

Профессионалдык чөйрө - медицина (дарыгерлер, медайымдар), билим алуу жана тарбиялоо системасы (мугалимдер, тарбиячылар, тренерлер), тейлөө сферасы (парикмахер, стилист, сатуучу), менеджмент-башкаруу (менеджер, интервью алуучу), юриспруденция (адвокат, тергөөчү), мамлекеттик кызмат (эл менен иштеген чиновниктер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, администратор) кирет.




Талкуулоо:

Мугалим: Кесиптерге дагы мисалдарды келтиргиле (күтүлүүчү жооптор официант, соода, жарыя жана камсыздандыруу агенти).

Мугалим: Бул жумуш орундарына ээ болуу үчүн кандай сапаттар керек? (күтүлүүчү жооптор: сабаттуу сүйлөө, чыр-чатаксыз мамиле, ачык айрымдуулук).

Жыйынтыктоо: Өзүңөрдүн аргументтериңерди далилдей жана адамды ишендире алсаңар, боло турган адекваттуу эмес реакциядан коркпосоңор, адамдар менен оңой тил табыша алсаңар, анда силерге бул кесип туура келет. Эгерде мындай жөндөмдүүлүгүңөр жок болсо, анда үйрөнүшүңөр керек.

«Адам-техника»

Ишкердик техникалык процесстерди тейлөө иш-аракеттерин билдирет - монтаж, оңдоо, кураштыруу, техникалык түзүлүштөрдү ишке киргизүү. Булар башкаруу жана аткаруу звеносундагы кесиптер болушу мүмкүн. Мисалы, инженер-конструктор станоктун проектисин жасайт, мастер - куруучу аны чогултуп, бузулбай иштеп жаткандыгын карайт, уста аны колдонот, мындайча айтканда станоктун жардамы менен жумуш иштерин жасайт. Жумушчу специалисттер - айдоочу, механик, электрик, жыгач уста ж. б.




Талкуулоо:

Мугалим: Бул түргө дагы кандай кесиптерди киргизсе болот? (күтүлүүчү жооптор: жыгач уста, фрезеровщиктер)

Мугалим: Бул жумуш орундарына кандай сапаттарга ээ болуу зарыл? (күтүлүүчү жооптор көңүл коюу, эмгекке болгон жөндөмдүүлүк, так илимдерди билүү).

Мугалим: Техника менен иштөөнү каалагандар барбы жана эмне үчүн?




Жыйынтыктоо: Профессионалдык ишкердүүлүктүн бул түрүнө туура келүү үчүн, бул сферада чоң илимий базага ээ болуу керек, образдык ой жүгүртүү керек (жогорку башкаруу звено - инженерлер, конструкторлор

кирет) механизмдердин иштөө схемасын билүү керек, ийкемдүүлүк, жакшы реакция, координация жана практикалык тажрыйба талап кылынат.




«Адам - системалык белги»

«Системалык белги» деген түшүнүктү талдайбыз. Системалык белги – маалыматты берүү жана алуу, иштеп чыгуу үчүн колдонулган белгилердин топтому. Мисалы, тил, алфавит

(тамгалар), математикалык формулалар (сандар), эсептөө системасы (коддор), схемалар, чиймелер, карталар (сызыктар), үн сигналдары (үндөр) жана түстөр, жарыктар системалык белги болуп саналат. Ар бир системалык белги белгилерден жана алардын аткарылышындагы белгилүү бир

эрежелерден турат. Белгилерди, алардын системасын, иштөө принциптерин изилдеген атайын семиотика илими бар.

Мындай кесиптерге төмөнкүлөр кирет: котормочу, тексти басуу – тамгалар менен текстти түзүшөт же өзгөртүшөт; бухгалтер, IT-специалист, кассир, брокер

  • сандар, коддор, символдор менен иштейт. Үн сигналдары менен радисттер, телефондор жана кол телефондордун специалисттери иштешет; карталардын схемасы менен картографтар, мебелди жасоо боюнча конструкторлор, ландшафт дизайнерлери ж.б. кирет.

Талкуулоо:

Мугалим: Ушул түргө тиешелүү болгон кесиптердин аттарын айтыңыз (күтүлүүчү жооптор корректор, архитектор).

Мугалим: Бул кесипке ээ болгон адам кандай мүнөздөргө ээ болуусу керек? (күтүлүүчү жооптор логикалык жана абстрактуу ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү керек)




Жыйынтыктоо: Ушул кесиптин профессионалы болуш үчүн, тырышчаактык, тактык жана көңүл буруу жөндөмдүүлүгү, операцияларды жасоодо тыкан, кылдаттык талап кылынат.




«Адам - көркөм образ»

«Көркөм образ» деген түшүнүктү карайбыз. Адабият сабагында силер бул түшүнүк менен таанышкансыңар. Бул эмнени түшүндүрөт?

Философиялык энциклопедиялык сөздүк бул түшүнүккө мындай аныктаманы берет: «Көркөм образ – белгилүү бир эстетикалык идеалдын позициясы тарабынан искусстводо обүективдүү чындыкты чагылдыруунун формасы. Башка сөз менен айтканда мындай кесип искусство чыгармаларын жаратуу, каалаган нерсени көрүү же чындык чагылдырылган искусствонун жемиши. Композиторлор, искусство адамы, сценаристтер, журналисттер, сүрөтчүлөр, жазуучулар жана башкалар жашоодо болгон нерселерди чагылдырып көрсөтүшөт. Бул түрдүн прикладдык кесиптерде дагы образды көрүп аткарат: зергерлер, дизайнерлер, тигүүчүлөр, өсүмдүктөрдү өстүрүүчүлөр ж.б.

Чыгармачылыкта ийгиликтерге жетүү

үчүн өнүккөн элестетүү, кыялдануу болуш керек, образдар менен элестетүү, укмуштай сезимге ээ болуу керек жана аларды ишке ашыра билүү керек. Бул кесипте көп нерсени талант чечет.




Талкуулоо:

Мугалим: Дагы кайсы кесиптер бул түргө кирет (күтүлүүчү жооптор режиссерлор, музыканттар, актерлор, аниматорлор, блогерлер)?

Мугалим: Бул кесипке таланты жок эле ээ болуу менен ийгиликке жетишүүгө болобу (күтүлүүчү жооп өтө кыйын, мүмкүн эмес)

Жыйынтыктоо: окуучулар бул кесипке ээ болуу үчүн талант керек экендиги боюнча жыйынтыкка келишет.




«Адам - жаратылыш»

Бул чөйрөдө иштеген адамдар жаратылышты жактырат. Жактыруу бул – алар үчүн жаратылыштын өнүгүү

ченемдерин изилдөө, жаратылыш менен адамдын ортосундагы мамиледеги гармонияны жаратуу. Изилдөө предмети

  • тирүү жана тирүү эмес жаратылыш, жаныбарлар, өсүмдүктөр, өстүрүү жана буларга кам көрүү. Кесиптердин мисалдары - агроном, зоолог, эколог, геолог, фермер ж.б. Бул чөйрөдө ийгиликке жетүү үчүн кылдаттуулук, закон ченемдүүлүктү белгилөө жана логикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү болушу керек.




Талкуулоо:

Мугалим: Ушул түрдүн дагы кесиптерин айткыла ветеринар, кинолог).

Мугалим: Кандай мүнөздүү сапаттар керек? (жаратылыш дүйнөсүн жакшы көрүү)

Жыйынтыктоо: Билим алуунун деңгээлдери менен тааныштыңар, кесиптердин түрлөрү жөнүндө маалымат алдыңар, азыр кесипти тандоодо эске ала турган силердин жөндөмдүүлүгүңөр боюнча сүйлөшөлү.

    1. Көнүгүү: «Мен жана менин жөндөмдүүлүгүм»

Мугалим: Сабактын башында сурамжылоодон өттүңөр, анкеталарды анализдөөгө даярдангыла.




Сурамжылоо

Тапшырма: Керектүү жоопторду тегерек кылып белгилегиле (сабактын астында аткарылышы керек).

Сен кичине кезиңде жакшы көргөнүң чынбы?

  1. кыймылдуу оюндарды ойногонду;

  2. оюндарды ойлоп табуу жана аларды башкаруу;

  3. шашки жана шахматта ойноону;

  4. оюнчуктарды сындырууну жана ичинде эмне бар экендигин кароону;

  5. ырларды окууну жана ырдоону;

  6. тааныбаган адамдар менен сүйлөшүүнү жана суроолорду берүүнү;

  7. жомокторду же аңгемелерди укканды жана чыгарууну;

  8. тартканды жана байкаганды;

  9. китептерде сүрөттөрдү көпкө чейин көргөндү;




Сага азыркы учурда жагабы?

  1. спорттук мектепте, секцияларда же физкультура сабагына катышуу;

  2. уюштуруу иштерине жоопкерчиликти өз ыктыярдуулук менен алуу;

  3. балдарга математикадан маселелерди чечүүгө жардам берүү;

  4. белгилүү жана ойлоп табуулар жөнүндө окууну;

  5. өздүк көркөм чыгармачыклыкта катышуу;

  6. көйгөйлөрдү талдоодо башкаларга жардам берүү;

  7. искусство боюнча жаңы нерселерди билүү жана үйрөнүү;

  8. көркөм студияда, көркөм кружоктордо алектенүү;

  9. эркин темада дил баян жазуу




Өзгөчө ырахат аласыңарбы?

  1. спорттук мелдештерде катышуудан;

  2. адамдарды коюп, жумуштарды бөлүштүрүүдөн;

  3. кыйын математикалык маселелерди чыгаруудан;

  4. күнүмдүк жашоодо колдонулган электро жана радио приборлорду оңдоодон;

  5. сахнада ойноодон;

  6. адамдар менен сүйлөшүүдөн;

  7. жаңы музыкалык инструментер жана чыгармалар менен таанышуудан;

  8. көркөм көргөзмөлөргө баруудан;

  9. эпизоддон же китептен окуган окуяны же жашоодон көргөндөрдү айтып берүүдөн.




Сени көбүнчө тартат:

  1. көп убакытка чейин физикалык көнүгүүгө;

  2. сенин тырышчаактыгыңды жана демилгени талап кылган топтогу иштерге;

  3. математикалык маселелерди чечүүгө;

  4. кандайдыр бир моделдерди жасоого;

  5. спектаклге катышууга;

  6. адамдарга жардам берүүгө жана аларга тилектеш болууга;

  7. музыкалык инструменттерде ойноого;

  8. краска же карандаш менен тартууга;

  9. ырларды жазуу же күндөлүк жүргүзүүгө.

Көп убакытка чейин сен жактырасың:

  1. спорт жана физикалык эмгек менен алектенүүнү;

  2. башкалар менен жигердүү иштөөнү;

  3. шахмат же черчение менен алектенүүнү;

  4. механизм шаймандарды кароону;

  5. кичинекейлер, алсыз жана оорулуу адамдарга кам көрүүнү;

  6. адамдардын тагдыры жөнүндө ойлоону;

  7. музыкалык пьесаларда ойноону;

  8. фантазия менен сүрөт тартуу, чаптап жасоону;

  9. дил баянга, доклад окууга даярданууну.




Жөндөмдөрдү анализдөө.

Бардык окуучулар өздөрүнүн жоопторун тегеректегенден кийин, ар бир окуучу анкетанын аркасына тигинен кылып бардык сандарды жазып чыгат. Андан кийин мугалим ар бир сандын алдына айтылган жөндөмдүүлүктөрдү жазууларын окуучуларга айтат.

Мисалы, окуучу цифраларды жазып алып, мугалимдин сөзүнөн туура келген жөндөмдүүлүктөрдү жазат:

2 - Уюштуруу жөндөмдүүлүгү

- Эмоционалдык – сүрөттөөчү (артисттик) жөндөмдүүлүктөр.

7 - Музыкалык жөндөмдүүлүк

18 - Филологиялык жөндөмдүүлүк

30 - Математикага болгон жөндөмдүүлүк




Анкетанын ачкычтары:

Физикалык жөндөмдүүлүк (1, 10, 19, 28, 37).

Уюштуруу жөндөмдүүлүгү (2, 11, 20, 29, 38).

Математикага болгон жөндөмдүүлүк (3, 12, 21, 30, 39).

Конструктивдүү-техникалык жөндөмдүүлүк (4, 13, 22, 31, 40).

Эмоционалдык - ойлоп тапкычтык (артисттик) жөндөмдүүлүк (5, 14, 23, 32, 41).

Коммуникативдүү жөндөмдүүлүгү (6, 15, 24, 33, 42).

Музыкалык жөндөмдүүлүк (7, 16, 25, 34, 43).

Көркөм өнөрчүлүк жөндөмдүүлүгү (8, 17, 26, 35, 44).

Филологиялык жөндөмдүүлүк (9, 18, 27, 36, 45).




Жыйынтыкты талкуулоо Мугалим:

  • Силердин каалоолоруңар менен туура келдиби же силер үчүн ачылыш болдубу?

  • Ушул ишкердик сферасы жөнүндө кыялдандыңар беле?




Жыйынтыктоо: кесипти тандоодо психологиялык изилдөөгө таянуу милдеттүү эмес, келечекте кесипти тандоодо эске алсаңар болот.

3-Сабакты жыйынтыктоо

(5 мүн.)

Максаты: окуучулардын сабакта алынган билимин бышыктоо

Мугалим окуучуларга жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирет жана үч суроого жооп берүү менен сабакты жыйынтыктоону сунуштайт.

  • Кесиптик чөйрөнү тандоо эмнеден көз каранды?

  • Кесиптик чөйрөнү тандоо кызыгуудан, мүмкүнчүлүктөн жана жөндөмдүүлүктөн көз каранды.

-Кесипти тандоодо кандай критерийлер бар?

  • Ар бирибиз кесипти тандоого эмне критерий боло тургандыгы боюнча ойлонууга туура келет: жакшы көргөн жумушуңа өзүңү арнагың келген каалооң, көп каражат табуу, престиждүүлүгү, бул критерийлерди бириктирүү боюнча.

  • Каалаган кесипке ээ болуш үчүн биз эмне кылышыбыз керек?

  • кесипти тандоодо азыртадан өзүңдү даярдашың керек: кеңеш суроо, консультация алуу, тандалаган кесипке ылайык билим алуу.

  • кызыккан кесиптин окуу жайын аныктап, кирүү мүмкүнчүлүктөрүн, кандай документтер жана балл талап кылына тургандыгын билүү үчүн ачык эшик күндөрү ал окуу жайга баруу.

  • кызыктырган кесипке ээ болгон адамдар менен таанышып, анын өзгөчүлүктөрүн билүү.

  • аймактык дарыгерден тигил же бул кесиптерге каршы келе тургандыгы боюнча консультация алуу, анткени мүмкүн силер учкуч жана куткаруучу болууга жарабашыңар мүмкүн.

Мугалим:

-Азыр эң маанилүү жана негизги жасай турган нерсе – керектүү маанилүү сабактардан жана дегеле башка сабактардан жакшы окуп жетишүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!