СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тил пикир алышуунун куралы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тил пикир алышуунун куралы

Просмотр содержимого документа
«Тил пикир алышуунун куралы»

Сабактын темасы: ТИЛ – ПИКИР АЛЫШУУНУН КУРАЛЫ. ТИЛ ЖАНА КЕП



Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар тил жана кеп боюнча маалы- мат ала алышат.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: кептин тил менен болгон карым-катышын билишет.

Тарбия берүүчүлүк максаты: топтордо иштөөдө бир-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу... а) тил жана кепти бири-биринен айырмалай алышса;

б) кептин тил менен болгон карым-катышын билсе;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара түшүнүшсө жана ойлорун баалай билишсе.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

  • Сөз кадырын баалай билет.

  • Кыргызды кыргыз кылган – кыргыз тили экенин түшүнүшөт.

Кептик компетенттүүлүк:

  • Маданияттуу, эркин жана туура сүйлөөгө көнүгүшөт.

  • Өз оюн түшүнүктүү жана жеткиликтүү билдире алат.

Таанып-билүүчүлүк компетенттүүлүк:

  • Тил маданияты – эл маданияты экенин түшүнөт жана баалайт.

  • Улуттук маданияттын баалуулуктарын өздөштүрүшөт Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы. Сабактын методу: өз алдынча иштөө, жуптук жана топтук иш. Предмет аралык байланыш: адабият, тарых, этнопедагогика.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу (Жагымдуу маанай тартуулоо максатында окуучулар бири-бирине мактоо сөздөрүн айтышат.)

Балдар, биз өз ара бири-бирибиз менен кантип пикир алышабыз? Пи- кир алышуунун негизги куралы эмне деп ойлойсуңар? Биздин бүгүнкү са- багыбыз ушул багытта болмокчу.

Тил – пикир алышуунун куралы, адамдар ортосундагы байланыш, баарлашуу, карым-катышты тейлөөчү каражат болуп эсептелет. Эгерде тил болбосо, өз ара пикир алышуу, биргелешкен эмгектин болушу мүмкүн эмес. Турмушта пикир алышуу, катнаш-байланыш жасоо – оозеки да, жа- зуу аркылуу да ишке ашырылат. Ошондуктан тил аркылуу берилип жат- кан ой-пикир угуу жана көрүү аркылуу кабыл алынат. Натыйжада оозеки айтуу – сүйлөшүп жаткан белгилүү мезгилдин бир гана учурунда кызмат өтөсө, жазуу аркылуу берилген кеп узак мезгилге чейин сакталып, адам баласынын бир канча муундарын курал катары байланыштырат. Ал эми кептин тил менен карым-катышы мында: Тил – колдонулуп, белгилүү бир коомдук милдетти аткарганда гана тил боло алат. Ал эми тилдин колдонулушу, коомдук милдет аткарышы кеп аркылуу ишке ашы- рылат. Кепсиз тил эч качан өзүнчө колдонулбайт, тил катары да коомдук милдет аткара албайт.

Кеп оозеки жана жазуу түрүндө ишке ашат, башкача айтканда, тилдин тикеден-тике берилиши, жүзөгө ашырылышы болуп саналат.

Силер эне тилиңерди канчалык сүйүп, туура сүйлөсөңөр, кеп ошончо- лук түшүнүктүү, уккулуктуу жана таасирдүү болот. Демек, тил менен кеп бири-бири менен өз ара ажырагыс бекем байланышкан. Тил менен кепти ажыратып, өз-өзүнчө кароого болбойт.

Мугалим теманы түшүндүргөндөн кийин 1-көнүгүүдөгү «Мамлекет- тик тил – биригүүнүн данакери» деген текст көркөм окулуп, мааниси тал- кууланат.

Эмесе, тилдин бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө эмне айта аласыңар?

(Балдар өз ойлорун айтышат.)

Мугалим: Эне тилин сактоо, өнүктүрүү, албетте, жалпы элдик иш. Эне тилдин баркын көтөрүүгө улуттук идеологиянын деңгээлинде көңүл буру- лушу зарыл.

1-слайд: Кыргыз Республикасында «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. 1998-жылы 20-январ- да КРнын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө КРнын Пре- зидентинин Жарлыгы жарыяланган. Ушул Жарлыктын негизинде КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссия түзүлүп, тилди өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыккан. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам 2004-жылы 12-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан айрым өзгөртүүлөр ме- нен кабыл алынган.

2006-жылы 10-мартта КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен «Кыргыз тили» төш бел- гиси негизделген. 2006-жылы 10-мартта КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен Мамле- кеттик тилдин гимни кабыл алынган. Биз аны дайыма жатка билүүбүз ке- рек. (Гимндин текстти 2-слайд менен сунушталат) 2008-жылы 17-январда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комис- сиянын чечими менен «Кыргыз тили» газетасы уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин чыгып келе жатат (Аталган газетанын айрым сандары көрсөтүлөт.)

Анда эмесе, балдар, бүгүнкү алган билимиңерди кеңейтүү максатын- да жайлоого саякатка чыгалы. Кандай дейсиңер? Ал үчүн класс эки топко бөлүнөлү. Биздин дайым алып жүрчү нерсебиз, жүгүбүз тил жана кеп бол- мокчу. (Доскада чоң ватманда жайлоонун сүрөтү илинген).

1. Мектептен автобуска түшүп, жайлоону көздөй сапар алыш үчүн, бизге берилген тапшырмаларды так, туура аткарышыбыз керек. Сүрөттө

ар бир сапардын жанында кутуча жайгашкан, ал кутучада тил жана кепке байланыштуу тапшырмалар түзүлгөн.

Тапшырма: 2-көнүгүүдөгү «Улуулардан улуу кеп» деген текстти окуп, тил боюнча ойлорун айтып, өз ара талкуулашат. Эми сапарыбызды улай- лы, ал үчүн төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарышыбыз керек.

Тапшырма: 3-көнүгүүнү көчүрүп жазып, белгилүү адамдардын тил жөнүндө айткан цитаталарын окуп, алар тилге кандай баа бергенин түшүн- дүрүп бергиле.

  1. топко: Тил эң эле ыйык! Ал элпектикти, сулуулукту, тактыкты, ук- кулуктуулукту талап кылат. Ага кайдыгер кароого болбойт. Тил улуттун – жан дүйнөсү (А. Т.)

  2. топко: Эне тилин кадырлабаган адам, элдин өзүн да кадырлабайт. (Б. Ю.). Кыргызды кыргыз кылган – кыргыз тили. Өз тилин урматтоо – улутчулдук эмес. (Ч. А.).

Сабактын кийинки бөлүгүндө (жайлоодон мектепти көздөй кайтууда) 4-көнүгүүдө берилген монолог жана диалогдор көркөм окулуп, диалогдун эки адамдын ортосунда болорун, монологдун жандуу жана жансыз зат- тардын өзүнө-өзү кайрылган учурларда колдонула тургандыгы аныкталат. Сабактын аягында 1-топ «Кыргыз тили» деген сөзгө кластер түзсө,

  1. топ «Кыргыз тили» деген сөзгө синквейн түзүшөт. 3-топ Ж. Касаболо- товдун төмөнкү ыр саптарын көркөм окуп, маанисин айтып беришет:

Кызыл оттой сөздөрүн жаныткан тил Кыйла акындын таңдайын талыткан тил. Кыргыз деген журт менен бирге туулуп, Кылымдардын далайын карыткан тил.



Айкөл Манас сүйлөгөн тил, Арабасын тарыхтын сүйрөгөн тил. Эгемендик заманды сүйүнчүлөп, Эртеңкиге канатын күүлөгөн тил.



Түгөнбөстөн түбөлүк жайнап турсун! Түпкүрүнөн от жанып кайнап турсун! Бүгүнкүдөн башталган келечекте, Бүтүн дүйнө кыргызча сайрап турсун!



Ар бир топтон өкүлдөр чыгып, берилген тапшырманы презентация- лап беришет. Топтун калган мүчөлөрү кемчиликтерин толукташат.

Мугалим сабактын акырында балдар менен төмөнкүдөй кайтарым байланыш жүргүзөт:

  • Тил дегенди кандай түшүнөсүң?

  • Кеп деген эмне? Тил менен анын кандай байланышы бар?

  • Кепсиз тил жашай алабы?

-Кептин уккулуктуу жана түшүнүктүү болуусу үчүн эмнени билүү зарыл?

Окуучулардын билимдерин баалоонун критерийлери:

1.Берилген суроолорго так, туура жана түшүнүктүү жооп бере алышы;

    1. Оюунун жыйынтыктуулугу жана аны ирети менен айтып берүүсү;

    2. Орфографиялык жактан сабаттуулугу.

Үй тапшырма: 6-көнүгүү. Тилге байланыштуу макал, лакаптардан




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!