СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тил-пикир алышуунун куралы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тил-пикир алышуунун куралы»

Сабактын темасы: Тилим-менин жан дүйнөм

Сабактын максаты: . а) Билим берүүчүлүк: Окуучуларга тил биздин жан дүйнөбүз экенин түшүндүрүү; Б) Өнүктүрүүчүлүк: теманы өтүү аркылуу окуучулардын аң-сезимин, ойлоосун, сөз байлыгын өстүрүү, ар бир улуттук тил бар экенин түшүндүрүү;

В) Тарбиялык: эне тилин сүйүүгө, аны кадырлап сыйлоого, маданияттуулукка, гуманизмге тарбиялоо;

Ресурстук каражаттар: учкул сөздөр, доклад, буклеттер, карточкалар, сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү:

А) Уюштуруу: “Окуу” , “Кыргыз тили” борбору

Б) Кыргыз тилинин гимни ырдалат.

В) Доклад. “Тилим-менин жан дүйнөм”


Кана, балдар бүгүнкү сабакты биз жагымдуу маанай менен баштайлы. Баарыбыз бири-бирибизге карап жылмаюу тартуулайлы. Азаматсыңар! Анда эмесе баарыбыз көңүл коюп менин кебиме кулак салгыла!

Доклад! (кеп)

Бүгүн биз үчүн чон майрам. Силер билгендей эле “кыргыз тили” майрамы. Мен ушул тилибиздин тарыхына токтолуп кетсем.

Тилдин тарыхы, элдин тарыхы менен элдин тарыхы тилдин тарыхы менен тыгыз байланышта. Анткени тил ар дайым коом менен бирге жашайт. Ооба, тил атадан балага, муундан-муунга өтүп, сакталып келет. Ошентсе да улуттук тилибиздин “мамлекеттик тил” болуп жашашына 29 гана жыл толуп отурат.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 10-сессясында “ Кыргыз тили” мамлекеттик тил катары кабыл алынган. Бул кыргыз тилинин өсүшүнө улуттук маданиятын сактоого мүмкүндүк берет.

“ Кыргыз тили кылымдарды карыткат, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” –демекчи кыргыз эли не деген кыйынчылыктарды башынан өткөрбөдү, не деген кордуктарды көрбөдү. Ушуга карабастан тилибиз муундан-муунга өтүп, өчүп калбай тарыхта өз ордун таап жашап келе жатат. Жогоруда айткандай тилибиз санжырада, жомоктордо, уламыштарда, макал-лакаптарда, табышмактарда, үрп-адат, каада-салтыбызда жашап келүүдө. Тил жалаң гана сөз эмес, байланыштын бардык түрү- тил, анын түрлөрү.

Өзүбүзгө байкалбаган менен окуу жылы башталгандан силерда балдар, ар бир сабакта канча сөз үйрөнбөдүңөр. Ошондуктан биз күн сайын тил үйрөнүп, сөз байлыгыбыз, кеп маданиятыбыз өсүп турат. Тил-түрдүү, жандуу көрүнүш. Бул деген сөз- кээ бир сөздөрдү өзүнчө айтсаң түшүнбөй калышыбыз мүмкүн. А текстти окуп жатканда, айрыкча кызыктуу чыгармаларды окуп жатканда, андагы тааныш эмес сөздөр тааныш болуп, маанисин түшүнө аласың. Анткени ал чыгармада сөздөрдүн баары жандуу, бири-бири менен байланышып турат. Демек, тил биздин жан дүйнөбүз экен. Тилсиз жашоо-бул туңгуюк. Тилдин жашоодо орду толук мааниси чоң. Мен кебимди А.Токомбаев атабыздын Кыргыз тили жөнүндө жазган ыр саптары менен бүтүрөйүн.


Кымбаттан кыналышкан бүткөн тилим,

Кылымдан азиз көзүм ачкан тилим.

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,

Жаралып жаным менен бүткөн тилим.


Ооба, балдар тил чынында эле жан дүйнө менен кошо бүтүп, жашообузга нурун чачып келе жатат.

Кана балдар! Менин айткан кебиме түшүндүңөрбү? Түшүнсөңөр азаматсыңар. Эмесе, азыр биз 2 топкко бөлүнүп алганбыз “Окуу” “ Кыргыз тил” борбору болуп.

“Кана жигит, канча кыз, өнөрүңдү сынагын” демекчи кыздар “Тил борбору балдар “Окуу” борбору болуп жарышабыз.


  1. “Кыргыз тили” мамлекеттик тил болуп качан кабыл алынган? ( 1989-ж. 23-сентябрь)

  2. Кыргыз алфавитин ким түзгөн? (К.Тыныстанов)

Азаматсыңар! ( жооп бергендер упай алышат)

  1. Ким тил жөнүндө ырдан жатка айта алат? (жооп берсе упай алат) обондуу ыр болсо деле болот.

  2. Бул жерде эки көөкөр сүрөтү турат. Көөкөр эмне экенин билесиңерби?

Көөкөр-улуттук буюм, кымыз, суусундук куюлуучу идиш (упай берилет)

Бирден бала топтон келип алсаңар артында табышмактар бар! Ким биринчи тапса ошого упай берилет.

  1. №1 отуз эки бүркүт, бир ак куу көлдө жаткан

Ал ак куу ар нерсенин даамын таткан (тиш, тил)

№2 Казан толо чай боорсок, ортосунда чоң боорсок (тиш, тил)


Эми биз: тилбизди санжырада, уламыштарда деп жана кебимде айтып өттүм. Силер мекен таануу деген сабакткан окуп үйрөнгөнсүңөр “Жети ата” санжыра дегенди

  1. Жети атасын ким айтат?

Балдан атага карай жети муундун аты

  1. Ата

  2. Чоң ата

  3. Баба

  4. Буба

  5. Жото

  6. Жете

  7. Тек

Атадан балага карай жети муундун атын

  1. Бала

  2. Небере

  3. Чөбөрө

  4. Кыбыра

  5. Тыбыра

  6. Жебер

  7. Урпак

Азаматсыңар!

  1. Эне тил макал айтуу.

  2. Класстер түзүү

  3. Саабакты жыйынтыктоо:

Балдар бүгүн биз тил майрамыбыздын тарыхын окуп-үйрөндүк. Кимде кандай суроо бар?

Эмесе топто ким канч аупай топтоду эсептейли. Ким көп топтосо ошол жеңүүчү болот? Жеңичүүлөргө кол чабуулар!


Баалоо:


Үйгө тапшырма: Тилим-менин жан дүйнөм


Билем Билдим Билгим келет

Улут тил 22-жыл статуска ээ тил жөнүндө дагы эмне

Кыргыз тили болгонуна б.а мамле- билгиңер келет.

кеттик тил болуп кабыл

алынганына


Скачать

© 2023 49 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!