СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест по кыргызскому языку

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест по кыргызскому языку»

Кыргыз тили

Окуучунун аты-жөнү: _____________________________________________________ 10-класс

1-тапшырма. Сүйлөмдүн тыныш белгилерин туура кой.

  1. Ат жоорутмак тердиктен найза саймак эрдиктен

  2. Мен Мамлекеттик комиссиянын төрагасына келип мындай дедим

  3. Учкуч лейтенант Гагарин космостук Восток кораблинде учууга даяр

2- тапшырма. Берилген сөздөрдүн лексикалык маанисин жаз

Сөздөр

Лексикалык мааниси

Калкан


Булдурсун


Саадак


Бий


3-тапшырма Фразеологизмдердин маанисин чечмелеп жазгыла

Фразеологизмдер

Маанилери

Жел таман


Буту үзүлгөнчө чуркоо


Мурдунан жетелөө


Кулак кагыш кылуу


Бармагын кесе тиштөө


4-тапшырма. Төмөнкү сүйлөмдөрдү сүйлөм мүчөлөрү боюнча ажыраткыла

  1. Уйкусу ачылып кеткен Аскар ордунан ыргып турду.

  2. Ак төөнүн карды жарылган күз келди.

5-тапшырма. Берилген сүйлөмдү маанисине карай толуктагыла


1-бөлүгү


2-бөлүгү

1

Тан куланөөк болгондо........

А

.........жаш өспүрүм кулап кала жаздады.

2

Жамгыр көп жаагандыктан........

Б

........кайраты тоо томкорот.

3

Ошол чек ааламдын кыйыры сыяктанып...

В

........кун алыста балбылдап турду.

4

Капыстан астындагы тору ат үрккөндүктөн...........

Г

.........жылдыздардын жарыгы солгундай баштайт.

5

Кумурсканын өзү кичине болсо да.........

Д

........быйыл ташка да чөп чыкты.

Жооп:

1

2

3

4

5






6-тапшырма. Төмөнкү сүйлөмдөгү сөздөрдү сөз түркүмү боюнча ажырат.

сүйлөмдөр


Сөз түркүмдөрү

сөздөр

1

Капырай, кызым, ушундай да алдайсынбы.

1

Сырдык сөз



2

Сын атооч



3

Сан атооч


2

Мен эртең, 13-декабрда, шаарга барып, иштерди бүтүрүп келем.

4

Ат атооч



5

Тактооч



6

Этиш


3

Чындыгында, баарыбызда чоң кемчиликтер бар, бирок эч кимибиз моюнга алгыбыз келбейт.

7

Зат атооч



8

Киринди сөз



9

Каратма сөз



7-тапшырма. Сүйлөмдөргө карата берилген варианттардын ичинен туура келгенин таап,сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1. Ал-______________________адам,____________________жактырбастыгы анык.

А) тыкан,ызы-чууну Б) түнт,көпчүлүктү В) сарамжал,ысырапкордукту Г) шайыр,жөнөкөйлүктү

2.___________________ - __________________оорууларды так аныктоонун эн натыйжалуу методу.

А) бөйрөктү УЗИге тартуу/ ички органдарды Б) доплерге тушуу/ баладагы өнөкөт

В) Тиштерди рентгенге тартуу/ ооз көңдөйдөгү Г) магниттик-резонанстык томогорафияга түшүү/муундагы

8-тапшырма. (практикалык грамматика боюнча)

1. Кайсы сөздөр грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албайт?

а) чакчылдар, атоочтуктар б) тууранды сөздөр

в) жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр г) каратма сөз, киринди сөздөр, сырдык сөздөр

2. Үнсүз “т” тыбышынын мүнөздөмөсүн тапкыла

а) жумшак, орточул, жарылма б) каткалаң, уччул, жарылма, түгөйлүү

в) үнсүз, уяң, уччул, кең г) түгөйсүз, артчыл,

3. Таандык мүчөлөр кайсылар?

а) –мын, -сың,-биз, -сыңар, -сыздар б) –ныкы, -ым,-ың,-ыңыз,-ы,-ыбыз,-ыңар

в) –нын,-га,-ыш,-лар г) –сыз,-ыш,-т,-чыз

4. Этишке кандай грамматикалык категориялар мүнөздүү?

а) таандык, сан, жак б) даража, жөндөмө, ыңгай

в) жак, таандык, көптүк г) мамиле, ыңгай, чак, жак



5. Карама-каршы багыныңкы сүйлөм деген эмне?

а) татаал сүйлөмгө карама-каршы айтылса б) оң маанидеги сүйлөмгө карама-каршы айтылса

в) баш сүйлөмдө айтылган ойго каршы айтылган сүйлөм г) баш сүйлөмдүн структурасына каршы

айтылган сүйлөм

6. Кептин канча түрү бар?

а) 5 б) 3 в) 4 г) 6

7. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы кеңири ойду билдирип турган бөлүгү эмне деп аталат?

а) ээ в) багынычсыз сүйлөм б) баш сүйлөм

г) багыныңкы сүйлөм

9-тапшырма. Текстти окуп чыккыла, суроолордун туура жоопторун тапкыла.

Гүлазык

Гүлазык – кубаты мол, узакка сакталган, ичкенге жарым-жартылай даяр кылып жасалган азык. Таразалай келгенде, байыркы башаттын акылынан жаралган, эчен кылымдык мол тажрыйбанын табият менен шайкештигинин, ар нерсенин кадыр-баасын, сын-сыпатын терең билгендиктин түшүмү.

Жоокерчилик заманда жортуулга чыккан, жүрүшкө аттанган эрендердин жан баштыгында гүлазыктын бир нече түрү камдалган. Керек жерде жан казандагы кайнап жаткан сууга салып жиберип, курсагын тойгузуп, кубатын толтуруп, дымагын тирилтип, аны даярдаган энесине же эже-карындашына, асыл жарына батасын берген.

Гүлазыктын дан азыктарынан, сүт азыктарынан жана эт азыктарынан даярдалган түрлөрү бар. Дан азыктарына талкан, кошкон май, куурулган буудайды кошсо болот. Сүт азыктарынан курут, кайнатылган курут, кургак кымыз өңдүү гүлазыктарды камдашкан. Эт азыктарын, негизинен, көбө турган, көбөйө турган жылкынын же кийиктин этинен даярдашкан. Анткени алардын көбөйө турган касиетин жана гүлазыктын кубаттуулугун эске алышкандыгын салттуу билим алып жүрүшкөндөр аныкташкан. Сүт азыктары менен дан азыктарынан жасалган гүлазыктардын жасоо ыкмалары аздыр-көптүр түшүнүктүү болгондуктан, эт азыктарынан даярдалган гүлазык тууралуу кененирээк токтололу.

Жылкынын же кийиктин этин бышырып, нымы кеткиче бакандарга иле туруп, анан козу кулак же ат кулактын үстүнө жайып, көлөкөгө көп күн кургатышкан. Арасына сарымсак, согон, тоо пиязды майда туурап кошуп, жалбыз, кийик оту өңдүү чөптөрдүн кургак жалбырактарынын күкүмдөрү татымал иретинде аралаштырылган. Тоборсуп кургап калгандан кийин жаргылчакка тартып, күлмайда талкан кылышкан. Элдик билимде жаргылчакка тартпай, үбөлөп тууралган түрлөрү да бар дешет. Айрымдары буудай талканды аралаштырса, кээ бири талкан аралаштырбай пайдаланышканы тарыхта белгилүү. Даяр гүлазыктар атайын тигилген кездеме баштыктарга салынып, баканга илинип, ар бир үйдө көздөй азык катары аяр узакка сакташкан.

Ой тизгинин жыйып, гүлазыкка карата жалпылап пикир тизмектеп айтсак, байыркы атабабадан калган гүлазыктын бардык түрү азыркынын жарым даяр азыктарынан алда канча кубаттуу, алда канча пайдалуу. Албетте, бул – таза дан, табигый азыктардан даярдалгандыгынын натыйжасы.

Жоокерчилик заманда ылдам жүргөнгө, ар дайым, ар кандай кырдаалга шайма-шай болгонго басым жасалган. Азыр деле заман агымы менен алпурушуп, таңда туруп шашып жумушка аттанабыз, кечкисин батыраак тамак даярдаганга ашыгабыз. Мындай жагдайда, балким, салттуу гүлазыктардын түрлөрүн күнүмдүк тамак-аштын катарына киргизсек, пайдалуу жана кошулмалары жок таза азык катары учурга шай, убакытка туура келмек деген ой келет…

(Шаакан Токтогул)

1. Гүлазык кандай шарттан улам келип чыккан?

(А) Гүлазык даярдалуучу азыктар көп болгондуктан

(Б) Ат үстүндө алып жүрүүгө жеңил болгондуктан

(В) Ата-бабадан калган салттуу тамак болгондуктан

(Г) Ар кандай кырдаалда керектүү азык болгондуктан

2. Гүлазыктын түрлөргө бөлүнүшү эмнеге байланыштуу болгон?

(А) Жүрүшкө чыккан эрендердин көптүгүнө

(Б) Колдо болгон дандын жана эттин көлөмүнө

(В) Ар кандай азыктардан жасоо мүмкүнчүлүгүнө

(Г) Эт азыктарынан даярдоо татаал болгондугуна

3. Текст боюнча гүлазыкты даярдоонун жолун иретке келтиргиле.

(А) Кургатылган чөптөрдүн татымалдарын кошушкан

(Б) Тоборсуган этти жаргылчакка тартышкан

(В) Этти бышырып көлөкөгө көпкө кургатышкан

(Г) Талкан аралаштырып узакка сакташкан

1

2

3

4







4. Тексттеги «ой тизгинин жыйуу» деген эмнени билдирет?

(А) Корутундулоо

(Б) Чечмелөө

(В) Түшүндүрүү

(Г) Тастыктоо

5. Акыркы абзацтагы автордун негизги ою –

(А) өткөн учур менен азыркы заманды салыштыруу жөнүндө

(Б) гүлазыктын түрлөрүн жайылтууну колго алуу жөнүндө

(В) азыркы учурда таза азыктардын аздыгын көрсөтүү жөнүндө

(Г) азыркы замандын шартына ылайык айкалыштыруу жөнүндө

10-тапшырма. Берилген сүйлөмдөрдү маанисине карата иретке келтирип, «Жийде жыты» деген темада чакан текст түзгүлө. Сүйлөмдөрдүн туура иретин таап, таблицаны толтургула.

1) Бир убакта мурунга башкача бир жыт келди.

2) Кангыдай эмесмин, жытка кумар болдум, маашырландым, ыракатка бөлөнгөндөй болдум.

3) Ошол жийде жыттанып жатыптыр.

4) Күндөлүк түйшүктүн өйдө-ылдыйын ойлоп, көчө менен илкий басып бараттым.

5) Бир азга кадамым шилтенбей дендароо болуп туруп калдым.

6) Жакындадым, мурдумдун таноолорун дердеңдетип, кайра-кайра жыттадым.

7) Жыт, укмуш жыт.

8) Маанайым пас, жаркылдап жанып кеткидей деле себеп жок эле.

9) Ошондо мен көп дарактардын ичинен бозоргон жийдени, анын бариктеринин арасынан жылдыздай жыбыраган майда сары гүлдөрдү көрдүм.

1

2

3

4

5

6

7

8

9












11-тапшырма. Сүйлөмдөргө карата берилген варианттардын ичинен мааниси жагынан башкаларынан көбүрөөк туура келгенин таап, сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1) Акыркы учурларда ______ саны күн сайын көбөйүп, ________ болгон муктаждык өсүүдө.

(А) адамдардын / сууга

(Б) университеттердин / аудиторияга

(В) базарлардын / сатуучуга

(Г) шаарлардын / мекемеге

2) Мен он жыл үзүрлүү эмгектенгенден кийин гана маянам жогорулады. Демек, жакшы жана ________________ мөөнөт иштөөнүн ийгилиги болору ___________________.

(А) узак / шектүү

(Б) кыска / анык

(В) узак / шексиз

(Г) кыска / белгилүү

12-тапшырма. Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн тутумундагы белгиленген сөздөрдүн синонимдерин жана антонимдерин тапкыла.

Ата Журтубуз эң назик сөздөр менен ар убак даңазалоого татыктуу. Ар бир элдин жугумдуу насаат сөзү, каада-салты, эмгеги, эрдиги, тарыхы болот эмеспи. Кыргызстандын эң баалуу мурасы – бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси.

Сөздөр

Мааниси

Мисалы

Ар убак

синоним


Касиеттүү

синоним


Назик

антоним


Насаат сөз

антоним


13-тапшырма. Төмөндөгү фразеологизмдердин жана макалдардын маанилеш эквиваленттерин тапкыла.

1) Жүрөгү түшүү – ________________________________________________________________

2) Кубанычы койнуна батпоо – ______________________________________________________

3) Аккан арыктан суу агат – ________________________________________________________

4) Карга баласын «аппагым» дейт – __________________________________________________

14-тапшырма. Төмөндөгү омоним сөздөрдүн үчтөн кем эмес маанилерин жазгыла.

1) Көк – _____________________________________________________________________

2) Жак – _____________________________________________________________________

3) Бак – ______________________________________________________________________

15-тапшырма. Тең байланыштагы жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөргө бирден мисал келтиргиле. 1)______________________________________________________________________________ 2)______________________________________________________________________________

16-тапшырма. 1. «Тилек» деген зат атооч сөзгө экинчи жактын таандык мүчөсүн улап, сылык формада жөндөмөлөр боюнча жөндөгүлө.

2. «Бул» шилтеме ат атоочун жөндөмөлөр боюнча жөндөгүлө.

Жөндөмөлөр

“Тилек “ зат атоочу

Жөндөмөлөр

“Бул” шилтеме ат атоочу

Атооч


Атооч


Илик


Илик


Барыш


Барыш


Табыш


Табыш


Жатыш


Жатыш


Чыгыш


Чыгыш


17-тапшырма. Этиштин арсар келер чагына, айкын өткөн чагына жана адат өткөн чагына бирден мисал келтиргиле.

1)___________________________________________________________________________ 2)___________________________________________________________________________ 3)___________________________________________________________________________

18-тапшырма. Берилген сүйлөмгө тиешелүү тыныш белгилерин койгула.

Эскертүү: Баш тамга жана кичине тамгаларды өзгөртпөгүлө!

Сүйүнбек Мен ойлогондой болбой калды деди да калганын эмкиде сүйлөшөлү деп бизди карады.

19-тапшырма. Төмөндөгү берилген сөздөрдүн жазылышына көңүл буруп, туура варианттарын жазгыла.

Берилиши

Туурасы

1

АКШында


2

ак кула


3

чоң сары ой


4

ыраакы чыгыш


5

ош эркечтам кашкар жолу


6

көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги


7

билим берүү жана илим министрлиги


8

жаныш байыш эпосу


20-тапшырма. Берилген сөз айкаштарын тиешелүү орунга ырааты менен жайгаштырып, татаал сүйлөм түзгүлө.

1.талаанын табиятын 2. кулак түрүп 3. мемиреген түнкү 4. жан дүйнөмө 5. түн жамынган 6. сиңирип отурдум 7. талаа сырына чөмүлдүм 8. дилимди ачып коюп 9. булак башына отуруп

1

2

3

4

5

6

7

8

9















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!