СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест по кыргызскому языку

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тест по кыргызскому языку

Просмотр содержимого документа
«Тест по кыргызскому языку»

КР ББИМ ББСБМТУБ МОНИТОРИНГ



ТЕСТ АДМИНИСТРАТОР ҮЧҮН

НУСКАМА

Тест жүргүзүү сценарийи


Бардык мектептерде тестирлөөнү өткөрүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу үчүн сценарий боюнча гана иш алып баруу керек. Ошондуктан, сценарий сөзсүз түрдө СӨЗМӨ-СӨЗ ОКУЛУШУ КЕРЕК. Эч нерсени өткөрүп жиберүүгө же кошуп коюуга болбойт. Сценарийди жаттоо керек эмес. Эгерде көпчүлүк окуучулар тапшырма боюнча көрсөтмөлөрдү түшүнбөсө, анда дагы бир жолу окуп чыгып, окуучулардын суроолоруна жооп бериңиз. Бардык окуучулар тексттин үстүнөн кантип иштөө керектигин түшүнгөндүгүнө көзүңүз жеткенде гана тестти баштоо керек.


Урматтуу окуучулар,


Бүгүн силер өлкөдөгү окуучулардын жетишкендиктеринин деңгээлин түшүнүүгө жардам бере турган мониторингге катышасыңар.

Бүгүн силер онлайн баалоодон өтөсүңөр. Бул баалоо окуу планынын негизинде иштелип чыккан. Тапшырмаларды аткаруу үчүн 2 саат убакыт берилет. Ар бир окуучу эки багыт боюнча тапшырмаларды аткарат. Тестирлөө убактысын көзөмөлдөө үчүн, компьютердин жогору жагындагы оң бурчта тестке бөлүнгөн убакытты көрүүгө болот.

Убакытты эске алуу абдан маанилүү, анткени убакыт бүткөндөн кийин программа автоматтык түрдө жабылат. Тест администратор эки жолу (жарым саат, 15 мүнөт) убакыт жөнүндө эскертип турат.

Бул баалоодо тапшырмалардын ар кандай түрлөрү кездешет: бир туура жоопту тандоо, бир нече туура жоопту тандоо, дал келүүлөрдү табуу, ачык жоопторду жазууну талап кылган тапшырмалар.

Ар бир тест варианттарында математика, табыгый-илимдер жана текстти окуу жана түшүнүү боюнча ар кандай тапшырмалар бар. Варианттар көп, ошондуктан ар кимдин тапшырмасы ар башка болот.

Ар бир суроону кунт коюп окуп, мүмкүн болушунча жакшы жооп берүүгө аракет кылгыла.

- Окуу жана түшүнүү боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн атайын тексттер берилет. Тексттердин мазмунуна карата суроолор сунушталат. Адегенде текстти кунт коюп окуп, мазмунун түшүнүүгө аракет жасагыла. Андан кийин гана суроолорго жооп берүүгө өткүлө.

- Математика жана табигый илимдер (физика, химия, биология, география) боюнча тапшырмалар жөнөкөйдөн татаалга карай ар кандай деңгээлде түзүлгөн. Эсептерди чыгаруу үчүн, черновиктер берилет.

Айрым тапшырмалар силерге оңой, башкалары тескерисинче, кыйын сезилиши мүмкүн. Эгер суроого жооп бере албасаңар, кийинки суроого өткүлө. Тесттин аягында убакыт калса, өткөрүп жиберген суроолорго кайрылсаңар болот. Убакытты сарамжалдуу пайдаланып, мүмкүн болушунча көп тапшырмаларды аткарууга аракет жасагыла. Эгер түшүнбөгөн суроолор болсо, колуңарды көтөргүлө, биз жаныңарга барып жооп беребиз. Бирок тесттин мазмуну боюнча суроолорду бергенге болбойт.



Тест тапшыруучулардын ишин көзөмөлдөгүлө.

ЭСКЕРТҮҮ: программада тестирлөө убактысы белгиленген, ар бир тест тапшыруучу убакытты өзү көзөмөлдөй алат.

Тест аяктаганда, программа окуучу тестти бүтүргүсү келеби деп сурайт.

Эгерде аткарылбай калган тапшырмалар бар болсо, программа бул тапшырмаларды эскертет.


Сураныч, жооп берүүдөн мурун суроолордун ар бир түрү боюнча нускамаларды окуп чыккыла.

Бир суроо бүткөндөн кийин, чычканды экрандын ылдый жагына жылдырып, «Далее / Next», баскычын баскыла. Ал кийинки суроого алып барат. Бардык суроолорду аткаргандан кийин, жоопторду сактоо жана серверге жөнөтүү үчүн «Отправить тест / Submit test» баскычын басасыңар.



Суроолор барбы??

Пауза…….

Силерге ийгилик каалайбыз!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!