СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн түзүлүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн түзүлүшү боюнча сабактын слайды

Просмотр содержимого документа
«Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн түзүлүшү»

Кыргыз тили 9-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

9-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Сайрап турсун ар үйдө,  Тамгалары китептин.  Заманы жакшы, турмушу,  Китеби бар адамдын.

Сайрап турсун ар үйдө, Тамгалары китептин. Заманы жакшы, турмушу, Китеби бар адамдын.

Сабактын темасы: Тең байланыштагы  татаал сүйлөмдүн түзүлүшү.

Сабактын темасы:

Тең байланыштагы

татаал сүйлөмдүн

түзүлүшү.

Сабактын максаты: Тең байланыштагы татаал сүйлөм деген эмне? Тең байланыштагы татаал сүйлөм кандай түзүлөт?

Сабактын максаты:

  • Тең байланыштагы татаал сүйлөм деген эмне?
  • Тең байланыштагы татаал сүйлөм кандай түзүлөт?
Өткөн сабакта: Татаал сүйлөм, анын мүнөздүү белгилери жана түрлөрү 123-көнүгүү.   Көнүгүүнү окуп чыгып, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп жазгыла. Татаал сүйлөмдөрдүн тутумунда канча жөнөкөй сүйлөм бар экенин аныктагыла.

Өткөн сабакта:

Татаал сүйлөм, анын мүнөздүү белгилери жана түрлөрү

123-көнүгүү. Көнүгүүнү окуп чыгып, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп жазгыла. Татаал сүйлөмдөрдүн тутумунда канча жөнөкөй сүйлөм бар экенин аныктагыла.

Жаңы тема:  Тең байланыштагы татаал сүйлөм.  Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине грамматикалык жактан багынбай, өз ара тең даражада байланышып, синтаксистик түзүлүшү, мааниси жана интонациялык жактан бир бүтүн бирдикти түзүп турган сүйлөмдөр тең байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

Жаңы тема:

Тең байланыштагы татаал сүйлөм.

Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине грамматикалык жактан багынбай, өз ара тең даражада байланышып, синтаксистик түзүлүшү, мааниси жана интонациялык жактан бир бүтүн бирдикти түзүп турган сүйлөмдөр тең байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

 Багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн баяндоочтору дайыма тыянактуу формада (үч жактын биринде) айтылат, ошол себептүү алар синтаксистик жагынан белгилүү бир өлчөмдө өз бетинчелигин сактап, грамматикалык жактан өз ара тең укуктуу келет. Ушундан улам багынычсыз татаал сүйлөмдүн компоненттери баш жана багыныңкы сүйлөм болуп бөлүнбөйт. Мисалы: Ай аркан бою көтөрүлдү, жылкылар көк жашыл бетке жайылып чыкты. Ай нуру өзөн ичине чачырай элек, эрте жаздагы аба бир аз нымдуу .

Багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй

сүйлөмдөрдүн баяндоочтору дайыма тыянактуу формада (үч жактын

биринде) айтылат, ошол себептүү алар синтаксистик жагынан

белгилүү бир өлчөмдө өз бетинчелигин сактап, грамматикалык жактан

өз ара тең укуктуу келет. Ушундан улам багынычсыз татаал сүйлөмдүн

компоненттери баш жана багыныңкы сүйлөм болуп бөлүнбөйт.

Мисалы: Ай аркан бою көтөрүлдү, жылкылар көк жашыл бетке

жайылып чыкты. Ай нуру өзөн ичине чачырай элек, эрте жаздагы аба

бир аз нымдуу .

 Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн тең укукта, бири экинчисине көз каранды болбой туруп айкалышы менен мүнөздөлөт. Мисалы: Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет.  Бул мисалдардагы жөнөкөй сүйлөмдөр мааниси жагынан байланышып, интонациялык жактан ажырагыс биримдикте болушту да, ар бир жөнөкөй сүйлөмдүн баяндоочу тыянакталган ойду берип турат. Бирок мындан тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз-өзүнчө турган жөнөкөй сүйлөмдөрдүн жыйындысы экен деп белгилөөгө болбойт, анткени алар өз ара биригип, бир бүтүн ойду берип турушат. Мисалы: Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт. Жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт.

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн тең укукта, бири экинчисине көз каранды болбой туруп айкалышы менен мүнөздөлөт.

Мисалы: Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет.

Бул мисалдардагы жөнөкөй сүйлөмдөр мааниси жагынан байланышып, интонациялык жактан ажырагыс биримдикте болушту да, ар бир жөнөкөй сүйлөмдүн баяндоочу тыянакталган ойду берип турат. Бирок мындан тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз-өзүнчө турган жөнөкөй сүйлөмдөрдүн жыйындысы экен деп белгилөөгө болбойт, анткени алар өз ара биригип, бир бүтүн ойду берип турушат.

Мисалы: Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт. Жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт.

 Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр төмөнкүдөй жолдор менен байланышат: 1)интонация, 2)байламталар. Мисалы: Адамдын бийлигин жоготуп койгону аянычтуу эмес, абийрин жоготуп койгону аянычтуу. Ар дайым акыл издеген адамды акылдуу десе болот, ал эми акылдуусунганды – акмак десе болот. Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот, бирок абийрин эч ким ача албайт. Дүйшөн бул сүрөттү көптөн бери алып жүргөн болуу керек, себеби кагазы эскирип калган болчу.  Мына ушундай өзгөчөлүгүнө карай тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм жана байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм болуп экигебөлүнөт.  Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосунда төмөнкүдөй маанилик катыштар болот: мезгилдеш, карама-каршы, себеп-натыйжалаш, чечмелөө,толуктоо.

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр төмөнкүдөй жолдор менен байланышат:

1)интонация,

2)байламталар.

Мисалы: Адамдын бийлигин жоготуп койгону аянычтуу эмес, абийрин жоготуп койгону аянычтуу. Ар дайым акыл издеген адамды акылдуу десе болот, ал эми акылдуусунганды – акмак десе болот. Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот, бирок абийрин эч ким ача албайт. Дүйшөн бул сүрөттү көптөн бери алып жүргөн болуу керек, себеби кагазы эскирип калган болчу.

Мына ушундай өзгөчөлүгүнө карай тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм жана байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм болуп экигебөлүнөт.

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосунда төмөнкүдөй маанилик катыштар болот: мезгилдеш, карама-каршы, себеп-натыйжалаш, чечмелөө,толуктоо.

Бышыктоо үчүн көнүгүү: 136-көнүгүү.  Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү гана көчүрүп жазгыла.

Бышыктоо үчүн көнүгүү:

136-көнүгүү. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү гана көчүрүп жазгыла.

Көрүшкөнчө!

Көрүшкөнчө!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!