Просмотр содержимого документа
«Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдө коюлуучу тыныш белгилер»
Кыргыз
тили
9-класс
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
Бул китептин баркын билет окуган, Билимсиздин эмне келет колунан. Ж.Баласагын .
Сабактын темасы:
Байламталуу
тең байланыштагы
татаал сүйлөмдөрдө
коюлуучу тыныш
белгилер
Сабактын максаты:
Байламталуу тең байланыштагы
татаал сүйлөмдөргө кайсы
учурда жана кайда
тыныш белгиси коюла тургандыгы
жөнүндө биле алышат.
Өткөн сабакта:
Байламталуу
тең байланыштагы
татаал
150-көнүгүү.
Көп чекиттин ордуна тиешелүү байламталарды койгула .
Жаңы тема:
Бештин айынын он сегизи.
Байламталуу тең байланыштагы
татаал сүйлөмдөрдө коюлуучу
тыныш белгилери.
Байламталардын тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн кайсынысына тиешелүүлүгүнө байланыштуу коюлуучу тыныш белгилери да түрдүучө болот.
1. Жана байламтасы аркылуу байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосуна эч кандай тыныш белгиси коюлбайт. Анткени жана байламтасы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн экөөнө тең бирдей тиешелүү болуп келет.
Мисалы: Аттардын көбү тынбай жол жүргөндүктөн жайлап калышты жана өзүбүз да алыс жолдо аябай чарчадык.
2. Да, дагы байламтасы өзүнөн мурдагы сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылат, ошондуктан үтүр бул байламталардан кийин коюлат.
Мисалы: Күндүн алтын шооласы ай-ааламга таралды да, чөптөрдүн үстүндөгү сымаптай көйкөлгөн шүүдүрүм көз уялтып жаркырады.
3. Калган байламталардын баары өзүнөн кийинки сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылгандыктан, үтүр дайыма ал байламталардан мурун коюлат.
Мисалы: Экөө аттарын текирңдете чабышты, бирок кула тай жүрүшүн бузбады, жыбылжып бара берди.
Төрөгөн эненин баары бирдей, ошондуктан айырмасы жок.
Азыр токтобой станцияга жөнөңүз, анкени уулуңуз эки күндө биздин станциядан өтөт экен, жолугуп калайын дептир.
Бышыктоо:
152-көнүгүү.
Көп чекиттин ордуна сүйлөмдүн маанисине ылайык келүүчү байламталарды жана тиешелүү тыныш белгилерин койгула.
Кийинки сабакта
көрүшкөнчө
саламатта болгула!