СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак»

Сабактын темасы: Мекенимди данктаймын.

Сабактын максаты:а) Окуучулар 23-февраль Ата Мекенди

коргоочулар күнү ,анын тарыхы жө-

нүндө маалымат алышат.

б)Мекенге болгон сүйүүсү жана пат-

риоттук сезимдери жогорулайт.

в)Мекенди сүйүүгө ,көздүн карегиндей

сактоого тарбияланышат.

Кече гимн менен башталат.

Саламдашуу .

Саламатсыздарбы урматтуу К.Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалимдер жааматы ,келген коноктор жана келечектеги мотурайган мекен сакчылары. Сиздерди 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайбыз.Келечектеги мекен сакчылары биз силер менен сыймыктанабыз.Силер бар биз бактылуубуз.

Ар кандай оор кырдалга даярданып ,

Мекендин так чегинде тынбай басып.

Чек арачы деген атка сыймыктанып,

Эли үчүн өлүүгө да даяр болуп.

Мекендин чек арасын турат коруп ,

Бөтөн адам басып кирсе чек арадан .

Барышат жан аябай алоолонуп.

Анда куттуктоо үчүн сөздү окуу бөлүмүнүн башчысы Машиева Татына эжекеге сөз берилет.

Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары
Абасова Арзыкан эжекеге сөз берилет .

23-февраль Ата мекенди коргоо күнүнүн тарыхы. Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиле-нип келет.Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып бул күнү дайым майрамдалып келет.Майрамыңыздар менен.

Элиңди чындап сүйө бил ,

Эл үчүн оттой күйө бил .

Ата Журт уулу дегенди,

Акылга дайым түйө жүр.

Кезекти 1-класстын балдарына беребиз “Мен кыргыздын уулумун “ырын ырдашат.(азаматсыңар балдар)

Кайрадан кезекти 1-класстын кыздарына беребиз кыздар бийлешет.

Оо кымбат ,алтын туур Ата Мекен,

Кучактап көкүрөккө кысар белем.

Жок десе чыгыш үчүн бир кыдырып ,

Кыйрыңа жетпейт өмүр жетпейт ченем.

Кезекти 2-класстын балдарына беребиз (бийлешет)

2-класстын кыздары (ырдашат) жана мекен жөнүндө декламацияларды айтышат.

Аруузат: Булар кимдер –булар мекен сакчысы,

Булар кимдер—булар элдин бактысы .

Өз мекенин карегиндей сактаган ,

Мекен коргоо кесиптердин мыктысы.


Жасмина :Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол кыргыздын жигиттери.

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

Чоң атабыз үйрөткөн сени мени .


Жуманур: Ар намыска шыктандырып улуу төр,

Ар убакта алга сүрөйт үмүттөр.

Көз ирмебес кыраан кылып таптаган ,

Эрки күчтүү кыргыз элим мүнүшкөр .

Кезекти 3-класстын окуучуларына беребиз.

3-класстын кыздары “Тынчтык керек “ырын ырдашат.

жана бий аткарышат.Декламация айтышат.

Жумаиза: Улуу Манас чоң казатка баштаган ,

Бир урпагы жоодон кайра кайтпаган .

Эркиндиктин жаңы доордун тушунда,

Кыргыз элим бүркүтүндөй таптаган.


Асия: Эли жерин коргогон,

Душман келсе коркпогон.

Мылтык алып колуна ,

Душманга карай октогон.


Арууке: Оо Ала Тоо сенсиң менин мекеним ,

Башым ийип сага таазим этемин.

Өлгөнүмчө сени коруп душмандан,

Өмүр боюу кадырыңа жетемин.

Азаматсыңар балдар анда кезекти 4-класстын окуучуларына берели бизге ырларын бийлерин аткарып беришсин.

Кыздары бийлешет .баары хор ырдашат.”Мекен “ жөнүндө.

Азаматсыңар балдар .

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,

Толкундай бол кыргызымдын жигиттери.

Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,

Тоолук эне төрөгөн сени мени.

Башталгыч класстар арасындагы кечебиз соңуна чыгып баратат.Келип көрүп катышып кеткениңиздер үчүн раазычылык билдиребиз.Саламатта барыңыздар.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!