СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суутектин касиеттери

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

суутектин физикалык жана химиялык касиеттери

 

Просмотр содержимого документа
«Суутектин касиеттери»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Суутектин химиялык касиети. Колдонулушу.

Сабактын методу: Айтып берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү



Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Суутектин химиялык касиетин, кычкылдандыргыч жана калыбына келтиргич касиетин, колдонулушун окуп үйрөнүшөт.

  • Суутектин химиялык касиетин химиялык реакция түрүно жаза алышса;

  • кычкылдандыргыч жана калыбына келтиргич касиетин;

  • Колдонулушун айтып бере алышса.


Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Суутек атому, суутек жөнөкөй заты, суутек иону, суутектин физикалык касиети, суутектин бирикмелери боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.

  • Суутек атому;

  • суутек жөнөкөй заты;

  • суутек иону;

  • суутектин физикалык касиети;

  • суутектин бирикмелерин айтып бере алышса жана химиялык теӊдемелерди жаза алышса.




Күтүлүүчү натыйжа:

  • Суутектин химиялык касиетин химиялык реакция түрүно жаза алышат;

  • кычкылдандыргыч жана калыбына келтиргич касиетин;

  • Колдонулушун айтып бере алышат.

  • Суутек атому;

  • суутек жөнөкөй заты;

  • суутек иону;

  • суутектин физикалык касиети;

  • суутектин бирикмелерин айтып бере алышса жана химиялык теӊдемелерди жаза алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Суутектин химиялык касиетин, кычкылдандыргыч жана калыбына келтиргич касиетин, колдонулушу жөнүндө маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Суутек атому, суутек жөнөкөй заты, суутек иону, суутектин физикалык касиети, суутектин бирикмелери, химиялык реакция, химиялык теӊдеме боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.



Жагымдуу маанай түзүү: Беш манжаны чийишет ага жанында отурган окуучулар каалоо тилектерин жазышат.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. Алюминий менен туз жана күкүрт кислоталарынын эритмелери өз ара аракеттенишкенде суутекти алууга болот. Бул реакциялар теңдемелерин түзгүлө.

2. Цилиндрдин бирөө суутек мекен, ал эми экинчиси кычкылтек менен толтурулган. Кайсынысында кандай газ бар экендигин кантип аныктоого болот?



Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

  1. Галогендер менен реакция. Кадимки шартта суутек фтор менен гана реакцияга кирет:

H2 + F2 = 2HF.

Хлор менен жарыктын таасири менен аракеттенишип хлордуу суутек пайда болот. Бром менен реакция тезирээк жүрөт. Йод менен суутек аракеттенишпейт, жогорку температураны таасир этүүдө да реакция аягына чейин жүрбөйт

  1. Кычкылтек менен болгон реакция. Нормалдуу шартта суутек кычкылтек менен реакцияга кирбейт, 4000С де кычкылтек менен ал эми 6000Сде аба менен аракеттенип, күйгүзүүдө реакция жарылуу менен жүрөт.

2H2 + O2 = 2H2O.

Суутек өтө чөн өлчөмдөгү жылуулукту бөлүп чыгаруу менен кычкылтекте күйөт. Суутек-кычкылтек жалынынын температурасы 2800 °С чейин жетет.

  1. Күкүрт менен болгон реакциясы. Балкып эриген күкүрт аркылуу суутекти жиберүүдө күкүрттүү суутек алынат:

H2 + S = H2S.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):



Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. Бир идиштен экинчисине:

а) суутекти;

б) кычкылтекти кантип куюштурууга болот?




Үйгѳ тапшырма:

1. Суутектин химиялык касиеттерин мүнөздөй турган реакциялар теңдемелерин түзгүлө.

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!