Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү»
№ 42 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү ортоп метеби
9-а класс
Кыргыз тили
Мугалим:Көчүмкулова Сүйүмкан.
Сабактын темасы :
- Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү,
аларга коюлуучу тыныш белгилер .
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү боюнча түшүнүк алышат.
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн таба алышат жана алардын байланышуу жолдорун үйрөнүшөт.
Бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына коюлуучу тыныш белгилер менен таанышат.
Жагымдуу маанай!
Мисалы:Мен силерге
ишенем.Силер келечек-
те билимдүү,акылдуу,
Кыргызстандын желе-
гин желбиреткен эң мык-
ты уул-кыздардан болуп
жетишесиңер!
Суйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деген эмне? Суйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү бирдей суроого жооп берип,суйлөмдүн бир мүчөсүнүн милдетин аткарат. Мисалы: Элибиз достукту,ынтымакты жактырат. Алар бири-бирине багынбай ,тең укукта болушат. Мисалы: Чыдамкай,токтоо,эмгекчил адам гана баарын жеңет. Сүйлөмдүн бардык мучөсү(ээ,баяндооч,аныктооч, толуктооч,бышыктооч )бир өңчөй боло алат.
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү
бир өңчөй ээ
бир өңчөй баяндооч
Ажар арт жагын карайт,жүгүрөт,
шашат.
Жер жүзүнө жарыктык, тиричилик кирди .
бир өңчөй аныктооч
Дүйнөдө боорукер,бейпил,акылман адамдар жок эмес .
бир өңчөй толуктооч
бир өңчөй бышыктооч
Элибиз достукту,ынтымакты жогору баалашат.
Музейлерге,театрларга бардык.
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү интонация жана байламталар аркылуу байланышат.
Бир өңчөй мүчөлөр санак интонациясы аркылуу байланышса,арасына үтүр коюп жазылат.
Мисалы: Үнү да өтө эле кырааттуу,ыргактуу,муңайыңкы эле.
Бир өңчөй мүчөлөр менен, жана байламталары аркылуу байланышса,арасына үтүр коюлбайт.
Мисалы: Окуучулар майрамда ырдашты жана бийлешти.
Да,дагы байламталары аркылуу байланышса,үтүр байламтадан кийин коюлат.
Мисалы: Майсалбектен да , Субанкулдан да , Касымдан да кат жок . Жайнап турган дасторконго коноктор дагы, үй ээси
дагы көңүл бурушпастан,комузчунун черткен күүсүнө
көңүл бурушат.
Бышыктоо:
195-көнүгүү. ( жана,ары,да,менен)
1 .Керимбек...Өмүш өзүлөрүнчө күбүрөшүп,сүйлөшүп жатышты. 2.Директор...парторг...анын сырын билише элек. 3.Ошол үч күн табигаттын ...эң ачуу...каардуу күнү болдубу бейм. 4.Үч пуд сары май,кант...кыйла азыктар жыйналып өткөрүлдү. 5.Бул тек адамдык ак пейилдүүлүктүн...назик... кылдат...сезгич сезими болсо керек. 6.Ал өзүн...кишилерди...ар кандай кырсыктан...кеселден
четте болсун дечү.
Тапшырма: