СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Презентация, психология

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Психология

Просмотр содержимого документа
«Презентация, психология»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ







Ош Мамлекеттик Университетти Физика-техника факультетти

Студенттин өз алдынча иши

Тема: Курак категориясы

Текшерген: Сабирова М

Аткарган: Сүйумбаева Фаатима

Ош 2021





Тема: Курак категориясы

План:

  1. Курак категориясына жалпы мүнөздөмө

  2. Э.Эриксон З.Фрейддин концепсиясы

  3. Д.Б.Выготский менен Э.Элкониндин курактарга болуштуруусу.



























Курак категориясына жалпы мүнөздөмө.

Курак психологиясы деп онтогенез процессинин ар кайсы этаптарында адамдын психикалык өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөчү психологиялык илимдин өз алдынча тармагын айтабыз.

Курак психологиясынын обьектиси болуп онтогенез процессинде өнүгүп жаткан нормалдуу адам саналат.

Адамдын психикалык өнүгүүсүнүн негизги этаптарына жараша курак психологиясы тийиштүү тармактарга ажырайт. Аларга жаңы төрөлгөн курак, эрте балалык курак, мектеп жашына чейинки курак, кенже мектеп курак, өспүрүм курак, улан-кыздардын курагы, жаштыктын курагы, орто жаштын курагы жана карылык курак кирет.

Курак психологиясынын негизги маселелери Л.С.Выготский тарабынан аныкталган.

Окумуштуулар курак психологиясынын эң орчундуу проблемалары катары төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүшөт:

  • Адамдын психикалык өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчтөрүн, булактарын жана механизмдерин изилдөө;

  • Онтогенездеги психикалык өнүгүүнү мезгилдерге бөлүштүрүү;

  • Психикалык прцесстердин (кабыл алуу, ойлоо, эс, кунт коюу ж.б.) курактык өзгөчөлүктөрүн, жүрүү мыйзам ченемдүлүүктөрүн (жаралуу, түптөлүү, өзгөрүү, өркүндөө ж.б.) окуп үйрөнүү;

  • Ар кандай ишмердүүлүктөрдү ишке ашыруунун курактык мүмкүнчүлүктөрүн, өзгөчөлүктөрүн жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн табуу;

  • Курактык нормаларды жана ошондой эле жаштык менен карылык







куракта психофизиологиялык функциялардын айырмасын илимий жактан далилдөө;

  • Индивиддин, инсандын жетилүүсүнүн эталондорун аныктоо;

  • Адамдын жашоосунун ар кайсы этаптарында анын актуалдуу жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;

  • Конкреттүү тарыхый шарттарда инсандын курактык өнүгүүсүн изилдөө ж.б.

Курак психологиясы адамдын психикасынын өсүүсүн гана эмес кандай сапаттык өзгөрүүлөрдү изилдейт.

“ Өсүү” –бул кандайдыр бир функциянын сан жагынан өзгөрүшү же өркүндөшү болуп эсептелет. Мисалы: ар бир бала ар куракта ар кандай болот. Бир жаштагы баланын бою эки жаштагы баланын боюнан узунуурак болот же болбосо салмагы коп болот. Өнүгүү- абдан татаал процесс , анын жүрүшүндө ар бир куракка тиешелүү болгон инсандык өзгөрүүлөр жаралат. Мисалы, балдар чонойгон сайын алардын ойлору, дүйнөгө болгон көз карштары да чоңоет, өнүгөт десек болот.

Курак категориясында “курак” деген термин нгеизги түшүнүктөрдүн катарына кирет. Л.С.Выготскийдин аныктамасы боюнча, курак деп “өнүгүүнүн салыштырмалуу түрдө туюк, өз алдынча түзүлүшкө жана динамикга ээ болгон циклин” түшүнөбүз.















Э.Эриксон жана З.Фрейддин концепсиясы.



Психикалык өнүгүүнү курактар боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү курак психологиясынын өтө татаал проблемаларынын бири болуп эсептелет. Бул проблеманы изилдөө маанилүү теориялык мааниге ээ, себеби психикалык өнүгүүнүн мезгилдерин жана бир мезгилден экинчи мезгилге өтүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоо аркылуу психикалык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрү жөнүндө проблеманы чечүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Онтогенез процессинде – төрөлгөндөн тартып өмүрүнүн акырына чейин – адам өзгөчө белгилерге ээ болгон бир нече жаш курак мезгилин же стадиясын басып өтөт. Мезгилдердин, аталышы жана убакыт боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүнүн негизги критерийи менен аныкталат.

Дээрлик бардык көрүнүтүү окумуштуулар курак психологиясына өз салымдарын кошушкан. Кыргызстандын окумуштуулары 1860-жылдан баштап балдар психологиясы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө башташкан.

Ж.М.Жумалиева “Мектеп жашына чейинки баланын ойлоосунда сын-пикирдин пайда болушунун калыптанышы” деген эмгегинде илимий изилдөөнүн медотикасын изилдеп чыккан. Мектеп жашына чейинки беш-алты жашар балдардын жоопкерчилигин инсандык сапат катары тарбиялоонун негизги психология-педагогикалык ыкмаларын кеңири иштеп чыккан. Белгиленген илимий иштерде мектеп жашына чейинки балдардын психикасынын жалпы өнүгүүсү, инсандык сапаттарынын калыптанышы окуу-тарбия ишинде изилденген.

Адамдын психикасынын өнүгүүсү белгилүү окумуштуу-психологдор Л.С.Выготский, А.Н.Леонтьев, Д.Б.Элконин, Ж.Пиаже, Э.Эриксон жана башкалар тарабынан изилденген. Алардын көз карашы боюна, адамдын

психикалык өнүгүүсүнө тил, ишмердүүлүк жана карым-катнашы өзгөчө таасир тийгизет.

Э.Эриксон өз алдынча психоаналитикалык концепсияны түзгөн. Анын теориясы илимде инсандын өнугүүсүнүн эпигенетикалык концепсиясы деген ат менен белгилүү. Эриксондун теориясы “Мен” жана коомдун ортосундагы

мамилелер жөнүндө болбстон, балаыктын концепсиясы болуп саналат. Эрик эриксон өзүнүн “Детство и общество” аттуу эмгегинде фрейдисттик

концепсияны кеңейтип, анын чегинен чыккан. Ал З.Фрейддин концепсиясынан айырмаланып, баланын инстинктерин анализге албастан, жакын адамы менен болгон мамилесин талдаган. Э.Эриксон баланын психикалык өнүгүүсун курак этаптарга ажыратып, алардын ичин кеңири социалдык констексти киргизип , баланын өзүн-өзү кабыл алып, балоо процессине чоң адамдар менен түзгөн мамилелердин тийгизген таасирин ачып көрсөткөн.

Э.Экриксон түзгөн психосоциалдык өнүгүүнүн стадияларынын жалпы мүнөздөмөсү менен З.Фрейддин өнүгүүнүн психосексуалдык стадияларын салыштыруу.

Курак

З.Фрейд

өнүгүүнүн

психосексуал-дык

сталиялары

Э.Эриксон психо-социалдык өнүгүүнүн стадиялары

Стадиянын жалпы мүнөздөмөсү

0-1

жашка

чейин



оралдык

Базистүү ишеним ишенбөөгө каршы

Ымыркай бала ишеним жана жеке баалуулук сезимдерине ээ болот. Эгерде балага тийиштүү кам көрүлбөсө, анда дүйнөгө карта ишенбөө сезими туулат.

1-3

Жашка

чейин



Аналдык

Өз алдынчал-уулук уялуу сезими жана күмөн саноого каршы

Бала өзүн тейлөө ыкмаларына ээ болуп, ата-энеден көз карандысыз аракеттенүүгө умтулат. Эгерде анын өз алдынчалуулугу чектелсе, өз күчүнө ишенбөө жана уялуу сезимдери туулат.

3-6

Жашка

чейин



фалликалык

Демилгелүүлүк пассивдүүлүк менен күнөлүү болуп сезимине каршы

Өз алдынчалуулуктун неизинде бала актывдүүлүктүн ар кандай формаларын: оюн, теңтуштары менен пикирлешүү ж.б. аткарат. Активдүүлүктү тыюу күнөөлүү болуу сезимин жаратып, ал баланын демилгелүүлүгүн тормоздойт. Ошентип, балдар өзүнүн демилгеси менен ата-эненин талаптарынын ортосунда тең салмакты сактайт.



7-11

Жашка чейин





Латенттүү





Компетентүүлүк жарыбагандыкка каршы

Ү

Балдар ар кандай окуу жана социалдык ыкмалдарды өздөштурүп, ар дайым эле аларды ишке ашырууда ийгиликке жетише албаса, өзүнүн жарыбагандыгы жөнүндө ойго келет. Бул баланын активдүүлүгүгө терс таасир тийгизет.



















Л.С.Выготский менен Д.Б.Элкониндин курактарды категорияларга бөлүштүрүүсу.

1920-1930-жылдары Выготский баланын өнүгүүсүнүн маданий-тарыхый теориясынын негиздерин иштеп чыккан. Л.С.Выготский баланын психикалык өнүгүсүүндө социалдык жана биологиялык шарттардын өз ара байланышын изилдеген. Анын пикири боюнча, адамдын өнүгүүсү биологиялык жетилүүдөн да, үйрөнүүдөн да көз каранды болот. Бала төрөлөр замат бул процесстер параллелдүү жүрө баштап, өнүгүүнүн бирдиктүү багытын жаратат.

Л.С.Выготский психикалык процесстерди төмөнкү же элементардуу жана жогорку деп бөлүп караган.

Интериоразация-филогенез жана онтогонез процессинде жогорку психикалык функциялардын өнүгүүсүнүн фундаменталдуу мыйзамы болуп

эсептелет. Интериоризация жогорку психикалык процесстердин пайда болушун жана жаратылышын түшүндүрөт.

Л.С.Выготскийдин пикири боюнча, жогорку психикалык функциялар алгач ирет баланын жүрүш-турушунун коллективдүү формасы катары пайда болуп,кийинчерээк алар баланын жекече функциясы болуп калыптанат.

Мисалы, балада кеп адамдар менен пикирлешүүнүн каражаты катары калыптанып, өнүгүү процессинде ал интериоризацияланып, ички кеп болуп, интеллектуалдык функцияны аткара баштайт. Адамзаттын өнүгүүсүндө эки этап каралган: биологиялык жана маданий өнүгүү. Маданий өнүгүүнүн ар бир формасы адамзаттын тарыхый өнүгүүсүнүн формасы болуп эсептелет.

Выготскийдин ою боюнча, социалдык чөйрө – бул бизди курча турган адмдар кана эмес. Социалдык чөйрө материалдык жана рухий маданияттын предметтеринде топтолгон адамзаттын тажрыйбасын камтыйт. Ал жеке өнүгүүнүн булагы болуп эсептелет. Себеби коом менен карым-катнаш түзмөйүн, адам инсандык сапаттарга ээ боло албайт. Баланын өнүгүүсүнүн керектүү шарты болуп организмдин бардык функционалдык системаларынын толук кандуу иштөсү эсептелет.

Л.С.Выготский курак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүнүн үч тобун ажыраткан:

- өнүгүүнүн сырткы критерий боюнча түзүлгөн психикалык өнүгүүнү курак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү;

-өнүгүнүүн бир белгиси боюнча түзүлгөн психикалык өнүгүүнү курак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү;

-өнүгүнүүн маанлилүү белгиси боюнча түзүлгөн психикалык өнүгүүнү курак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү;

Баланын психикасында жаңы түзүлүштөрдүн пайда болушу ишмердүүлү процессинде жүрөт. Мында, өзгөчө, алдыңкы ишмердүүлүтүн мааниси зор болуп эссептелет. Анын таасири астында баланын психикасында башкы жана орчундуу өзгөрүүлөр пайда болот. Бул сыяктуу өзгөрүүлөр

баланы өнүгүүнүн кийинки-жогорку-баскычтарына көтөрүлүүсүнө өбөлгө түзөт.

Л.С.Выготскийдин өнүгүүнү курактар боюнча классификациялоонун негизинде динамикалык жана мазмундук критерий жатат. Өнүгүүнүн динамикасына карата балаык кризистүү жана литикалык мезгилдерге бөлүнөт.

Стабилдүү мезгилдерге баланын өнүгүүсү жай болуп,чукул өзгөрүлөрсүз жүрөт. Узак мөөнөттүн ичинде жүрүп жаткан өзгөрүүлөр тегеректеги адамдар үчүн көп байкалбайт. Алар топтоло берип, бул этаптын акырында сапаттууу өзгөрүүгө, башкача айтканда, курактык жаңы түзүлүштөргө айланат. Стабилдүү мезгилдер балалыктын көп мезгилин түзөт. Алар бир нече жылга чейин созулат. Бул мезгилде калыптынган курактык түзүлүштөр акырындык менен инсандын түзүлүшүндө бекемделип баштайт. Стабилдүү мезгилдерге карганда, кризистер кыска мөнөттүү болушат. Эгерде

жагымсыз шарттар түзүлсө, кризис кээде бир-эки жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Бул мезгилде өнүгүү катастрофалык мүнөзгө ээ болот. Кризис билинбей башталып жана билинбей бүтүшү мүмкүн. Анын чектери анча так эмес. Психикалык абалдын курчушу кризис мезгилдин ортосунда байкалат. Выготскийдин пикири боюнча, баланын тегерегиндеги адамдардын кабыл алуусунда кризистүү абал анын жүрүш-турушунун өзгөрүүсү, тарбияга кыйындык менен баш ийүүсү катары сезилет. Бала чоң кишилердин көзөмөлүнө каршы чыгып, тарбиялоо процессинде мурун эффективдүү болгон педагогикалык каражаттар таасирдүү болбой калат. Бул учурдагы балдар ар бир нерсеге аябай курч мамиле кылышат. Ушул мезгилде жакындарынын көмөгүнө муктаж болот, балам өзгөрүп өзүнөн кетип калыптыр дебей ата-энелер ага жардамдашып, бул учурдан баланы алып чыгып кетүүгө жардам бериши керек. Бул учурда кээ бир балдар кескин түрдө өзгөрсө, кээ бирлери ошо бойдон кана калат.

Кризис мезгилинде башкы өзгөрүлөр болуп ички психикалык өзгөрүлөр эсептелет, тагыраак, айтканда кызыгуулары жана ички баалуулуктар системасы өзгөрөт.

Л.С.Выготский балалык куракты мазмуну жагынан психологиялык жаңы түзүлүштөр, башкача айтканда, белгилүү курактагы балдардын ишмердүүлүгүн жана аң-сезимин аныктоочу психикалык жана социалдык өзгөрүүлөр аспектисинде карган.

Ушул жоболордун негизинде Л.С.Выготский төмөнкү курак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүнүү сунуш кылган.

Жаш курак

Өнүгүүнүн стабилдүү

мүнөзүү

Өнүгүүнүн кризистүү мүнөзү

0-2 айга чейин


Жаңы төрөлгөн мезгилдин кризиси

2айдан 1 жашка чейин

Ымыркай курак

1 жаштагы кризис

1-3 жашка чейин

Эрте балалык курак

3 жаштагы кризис

3-7жашка чейин

Метеп жашына чейинки курак

7жаштагы кризис

8-13 жаштагы кризис

Мектеп жашы

13 жаштагы кризис

14-17 жашка чейин

Пубертаттык мезгил

17 жаштагы кризис



Д.Б.Элкониндин теориясы Л.С.Выготскийдин илимий көз караштарына негизделет. Ал өзүнү өнүгүүну курак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүсүндө үч критерийди колдонгон.

1. Өнүгүүнүн социалдык кырдалы( баланын коомдогу мамилелер системасы)

2. ишмердүулүктүн алдыңкы түрү (баланын өнүгүшүнүн негизги багытын аныктоочу ишмердүлүүктүн түрү).

3. Өнүгүүнүн психологиялык жаңы түзүлүштөрү, башкача айтканда, алдыңкы ишмердүүлүктү аткаруу мезгилинде пайда болуучу баланын мүмкүнчүлүгү.

Д.Б.Элконин баланы айлана-чөйрө жана адамдар ортосундагы мамилелерди активдүү түрдө таанып-билүүчу инсан катары караган. Бул процессте бала эки түрдүү мамилелердин ситемасына катышат: “бала-буюмдар дүйнөсү” жана “бала-чоң кишилер дүйнөсү”. Буюм белгилүү физикалык касиетерге ээ болуу менен бирге, аны менен аракет жасоонун коом тарабынан иштелип чыккан ыкмаларын камтыйт, башкача айтканда, ар бир буюм-бул коомдук нерсе, демек , аны менен иш-аракет жасоону бала үйөнүүсү зарыл. Чоң киши болсо бул конкреттүү жекече кассиеттерге ээ болгон адам гана болбостон, белгилүү кесиптин ээси жана коомдук ишмердүүлүктү алып жүрүүчү “ коомдук чоң киши” болуп эсептелет. “Бала –коомдук нерсе” жана “ бала –коомдук чоң киши” сиситемаларныдагы баланын аркети бирдиктүү процессти түзүп, анын ишке ашырылышында баланын инсандык сапаттары калыптанат. Бала кезек-кезеги менен “бала –коомдук чоң киши” жана “бала – коомдук буюм” мамилелер системасын өздөштүргөндүктөн, анын өнүгө турган чөйрөлөрү мыйзам ченемдүү түрдө бири-бирин алмаштырып туруусу байкалат. Мисалы,ымыркай куракта мотивация чөйрөсү өнүгүп, интеллектуалдык чөйрөсү артта калат, ал эми эрте балалык мезгилде , тескрисинче, интеллект тез тепмте өнүгүп, мотивациялык чөйрө артта кала баштайт.

Бул көрүнүштүү Д.Б.Элконин мезгилдүүлү мыйзамы деп атаган. Анын мазмунуну Д.Б.Элконин мындайча түшүндүргөн: “бала- өзүнүн өнүгүүсүнүн ар бир баскычына “ бала –чоң киши” жана “бала-буюм” мамилелер системасында өздөштүргөн билимдердин ортосундагы карама-каршылыктар менен кадам шилтейт. Ушул карама-каршылыктар абдан күчөгөндө, өнүгүү кризиси байкалат. Андан соң, мурунку этаптарда өнүгүүсү артта калып жаткан тараптар өнүгө баштайт. Ошентип , ар бир тараптын өнүгүүсү инсандын башка бир тарабынан өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.”

Д.Б.Элконин мезгилдүүлү мыйзамын эске алуу менен өнүгүү кризистеринин мазмунун жаңыча түшүндүргөнгө аракет кылган.

Өнүгүү кризиси деп Д.Б.Элконин учурдагы алдыңкы ишмердүүлүктүн кийинкисине өттүү мезгилин эсептеген. Кризис-баланын өзгөрүүлөргө болгон муктаждыгын көрсөтүүчү өзгөчө жүрүш-түрушу. Мисалы, чоң

кишилер менен түзүлгөн мамилелер системасын озгөртүүгө болгон конреттүү ж.б.

Жалпы түрдө Элкониндин курактарга бөуштүүрүсү төмөнкүдөй болот. Психикалык өнүгүүнү мезгилдерге курак боюнча бөлүштүрүү

эпоха

Эрте

балалык курак

балалык


Өспүрүм


мезгил

Ымыркай курак

(1жашка чейин)

Эрте балалык курак

(1-3 жашка чейин)

Мектеп жашына чейинки курак

(3-6-7 жашка чейин)

Кенже окуучулук курак

(6-7 жаштан 10-11жашка чейин)

Өспүрүм курагы

(10-11 жаштан 13-14 жашка чейин)

Алгачкы улан кыздар курагы

(13-14жаштан 16-17 жашка чейин)

Алдынкы ишмердуулук

Эмоционалдык пикирлешуу

Нерсе-лер менен манип-уляция

Ролук оюн

Окуу ишмер-дуулук

Интим-дуу инсан-дык пикир-лешуу

Окуу проф-ессионалдык ишмер-дуулук

кризис

Жаш торолуу кризиси

1жаштагы кризис

3жаштагы кризис

7жаштагы кризис

11-12 жаштагы кризис

15жаштагы кризис



Ошентип, писхология илиминде психиканын өнүгүүсүн изилдөө негизги проблема болуп саналат. Психикалык өнүгүүнү курагы боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүнө таянат. Муну окуу-тарбия ишмердүүлүгүндө эске алуу зарыл.















.





















Жыйынтык

Демек, ар бир курак маанилүү. Ата-эне менен эжекелер баланы тарбиялоодо ар бир курактагы балага ар башка мамиле, методдорду пайдалануусу зарыл. Себеби 1 жаштагы бала менен 4 жашагы баланын түшүнүктөрүү ар түрдүү, 4 жаштагы балага 1 жаштагы баладай мамиле кылбоо керек. Ар бир бала кундон-кунго онугуп орчуйт. Баланын пикирлери, ойлору, түшүнүктөрү дуйного болгон коз карштары дайыма озгоруп турат, ошондуктан эжекелер баланы түшүнүп ага туура мамиле кылуусу зарыл. Ошондой эле ар бир курактын кризиси болот. Ошол кризистик учурда балага эжекелер, ата-эне туура мамиле кылып, анын жүрүш-турушунун, кыялдарынын өзгөрүүсүн туура кабыл алып, ага жакшы мамиле кылуу керек.





Терминдер:

Кризис- бул,кыска, бирок курч өтө турган өнүгүү стадиясы, анын жүрүшүндө баланын психикасында олуттуу өзгөрүүлөр байкалып, анын бүткүл жүрүш-турушу өзгөрөт.

Интериоризация-филогенез жана онтогенез процессинде томонку же элементардуу жана жогорку деп болуп караган.



















Колдонулган адабияттар:

  1. Абрамова Г.С “Возрастная психология”

Екатеринбург. 2000

  1. Байтикова Т.А “ Курак психологиясы”

  2. Интернеттен алынган маалыматтар


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!