СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу китебиндеги текст менен иштөөдөгү тапшырмалар

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарых сабагында окуу китебиндеги текст менен иштөөдөгү тапшырмалар менен кандай иштөө боюнча мисалдар берилген

Просмотр содержимого документа
«Окуу китебиндеги текст менен иштөөдөгү тапшырмалар»

СЭБОМ предметинен Семинардык тапшырма

3-курс СЭО (б) 11-18 Ишенбек уулу Бакберген.



1-тапшырма: 5-11-класстардын Кыргызстан тарыхы жана Дүйнө тарыхы предметтеринен бирден тема тандап алып төмөндөгү “Окуу китебиндеги текст менен иштөөдөгү тапшырмаларга” жооп бергиле.

Окуу китебиндеги текст менен иштөөдөгү тапшырмалар: 6-класс дүйнөнүн тарыхы:

Тема: Байыркы Греция

  1. Окуу китебинде берилген түшүнүктүн аныктамасын жазгыла, аны сөздүктөгү берилиши менен салыштыргыла.

Бул темада окуучуларга тааныш болбогон түшүнүктөр, терминдер көп кездешет.

Антикалык дүйнө- латын тилинен, байыркы, эзелки дегенди түшүндүрөт. Байыркы Грекия жана Байыркы Рим менен байланышкан байыркы дүйнө тарыхынын этабы.

Полистер- Байыркы Грекиядагы шаар-мамлекеттер

Гоплиттер- Полистердеги армиянын негизги оор куралданган жоокерлери

Фаланга- Жоокерлердин төрт бурчтук формасындагы бири-бирине кыналып катарга тизилүүсү. Согушта ушундай тактика колдонушкан

Педагог- Баланы жолдо коштоп баруучу деген маанини билдирет

Палестра- Менчик гимнастика мектептери. Акчалуу ата-эненин балдары билим алышкан.

  1. Параграфтагы материалдын негизинде (параграфтагы бир тема) хронологиялык таблица түзгүлө (окуялар календары).

Хронология


Окуялар

Б.з.ч. 2-миң жылдыкта

Крит аралдарында алгачкы шаар-мамлекеттердин жана Миной цивилизациясынын пайда болушу. Микен, Крит мамлекеттеринин пайда болушу

Б.з.ч. 1450-жылдары

Грецияга микена урууларынын басып кириши. Анын туруктуу калкын ахейлер дешкен.

Б.з.ч. 1200- жылы

Түштүк Грецияга дорий урууларынын басып кириши жана Микен мамлекеттинин кыйрашы.

Б.з.ч 10- кылымда

Спарта (Лаконика) шаар-мамлекеттинин түзүлүшү

Б.з.ч 8-кылымда

Акрополь чебинин курулушу. Афина шаар-мамлекеттинин пайда болушу



  1. Т
    екстин мазмунунун негизинде тарыхый-географиялык объектин (картадан көрсөткүлө) контр картасын түшүргүлө.





  1. Параграфка (параграфтын пунктуна) план түзгүлө.



    1. Байыркы Грециянын аймагы

    2. Байыркы цивилизациялардын пайда болушу

    3. Грециянын өнүгүшү. Шаар мамлекеттердин пайда болушу

    4. Афина шаар-мамлекети

    5. Спарта шаар-мамлекети

  1. Параграфтагы текстин негизги идеясын ачып берүүчү, негизги, көркөмдөлгөн теориялык тыянактарды бекемдөөчү ж.б. мисал келтиргиле жана текстке жараша ачык айкындуу таблицаны толтургула.

Параграфтагы негизги идеаларды ачып берүүчү тыянактар Грециянын ээлеген аймагы, жаратылышы, Байыркы Грецияда антика жана эллинизм доору, Байыркы цивилизациялардын пайда болушу, Грециянын гүлдөп өнүгүшү жана шаар-мамлекеттердин пайда болушу ж.б.



  1. Окуу китебинде берилген эки же андан көп бир тараптуу фактылардын жыйынтыгы боюнча салыштырмалуу-жыйынтыкталган таблицаны түзгүлө.

Афина мамлекети

Спарта мамлекети

Б.з.ч 8-кылымда пайда болгон


Грецияга басып кирген микен ахейлер тарабынын негизделген


Демократия, экономикасы, чарбасы гүлдөп өнүккөн Грекиядагы эң күчтүү полис болгон

Б.з.ч 10-кылымда пайда болгон


Түштүк Грецияга басып кирген дорий уруулары тарабынан негизделген


Согуш өнөрүнө көп көңүл бурулган, эң мыкты жоокерлерди тарбияланан күчтүү полис болгон



7. Тарых окуу китебиндеги конкреттүү каралган суроолорду логикасын үйрөнгүлө жана автордун ой пикирин ачып берүүчү логикалык схема түзгүлө.

8. Параграфтын ар бир пункту боюнча тыянак чыгаргыла жана бардык текстеги тыянактарды жыйынтыктагыла.

1-пунктта Грециянын ээлеген аймагы жаратылышы, калкы жөнүндө кенен жана кызыктуу маалыматтар берилет

2-пунктта. Байыркы гректердин цивилизациясы, алгачкы түзүлгөн мамлекеттер жана алардын пайда болушу өнүгүшү жана кыйрашы тууралуу маалымат берилет

3-пунктта. Грециядагы өнүккөн полистердин пайда болушу ошол эле Афина, Спарта мамлекеттеринин пайда болушу, негизделиши, экономикасы, чарбасы жана согуш өнөлөрүнүн гүлдөп өнүгүшү берилет.

Жыйынтыгында Байыркы Грекиянын аймагы жаратылышы калкы, өнүккөн цивилизациялары, шаар-мамлекеттери тууралуу маалыматтар, карталар, сүрөттөр берилип, аларга толук анализ жүргүзүлгөн.

9. Параграфта берилген текстке цифралык маалымат, графика, статистикалык таблица же диаграмма түзгүлө.

Афина калкынын бөлүнүшү



Чет өлкөлүктөр-метектер



Афиналык жаран Атасы-энеси да эркин афиналык жаран болгон





Кулдар











10. Бир катышуучу менен байланышкан параграфта берилген тарыхый окуяны айтып бергиле.

Салондун реформалары тууралуу айтсак ал архонттордун эзелки мыйзамдарын жок кылган кедейлердин карызынан кутулткан, жерлерди барымтадан чыгарган, ак сөөктөрдүн укугун чектеген, элдик чогулуштарды чогулткан жана демократиянын негиздери калыптанган. Бул реформалардын натыйжасында Афина андан ары өнүккөн

1
1. Параграфтын мазмунун же анын бөлүгүн өзүңөрдүн тарткан сүрөтүңөр менен сүрөттөгүлө.



Бул сүрөттөгү палестра мектептеринде турган айкелдердин бири. Мирон скульптордун Дискобол ( Диск ыргытуучу ) дегенди билдирет. Айкелдер аркылуу жигиттин кандай болушу- күчтүү жана дени соо болушу жана мекенин коргоого даяр турушу чагылдырылып турган.

12. Параграфка жана анын кичи темаларына өзүңөрдүн тапшырмаңарды жана суроолоруңарды ойлонгула.

Байыркы Греция кайсыл жерде жайгашкан?

Грециянын калкынын болжолдуу саны канча болгон жана кандай уруулар мекендеген?

Байыркы Грецияны картадан таап контур картасын түшүргүлө?



13. Параграфтын мазмунуна жараша тематикалык кроссворддорду жана башкаларды түзгүлө.





2.








С








П




1.

Ф

А

Л

А

Н

Г

А





Р








Т




3

П

Е

Д

А

Г

О

Г



  1. Грецияда Жоокерлердин төрт бурчтук формадагы бири-бирине кыналып тизилүүсү эмне деп аталат? (ФАЛАНГА)

  2. Эр жүрөк, тайманбас, жоокер өнөрүн мыкты өздөштүргөн Грециянын кайсыл полиси болгон? (СПАРТА)

  3. Баланы коштоп баруучу деген маанини билдирген түшүнүк? (ПЕДАГОГ)





2-тапшырма: 5-11-класстардын Кыргызстан тарыхы жана Дүйнө тарыхы предметтеринен бирден тема тандап алып комментарийленген жана аналитикалык суроолорго жооп даярдагыла.

Кыргызстан тарыхы 7-класс Караханийлер мамлекети

Комментарийленген суроолор:

  1. Караханийлер мамлекети канчанчы жылы негизделген? Кайсы аймакта түзүлгөн?

Караханийлер мамлекети 940-жылы түзүлүп, Орто Азиянын анын ичинде Кыргызстандын, Борбордук Теңиртоодо түзүлгөн.

  1. 960-жылы ислам динин Карахандардын расмий дини деп ким жарыялаган? Ал кимдин уулу болгон?

Сатук Буура-хандын уулу Байташ ( Муса )

  1. Орто кылымдардагы мусулман мамлекети болгон Газневийлер мамлекети эмнеге ушундай аталыш менен аталып калган?

Борбору Газна шаары болгондуктан ошентип аталган



Аналитикалык суроолор:

  1. Бул мамлекеттин негизги түзүүчүлөрү чигилдер болушкан муну Махмуд Кашгари калтырган тарыхый маалыматтар тастыктайт. Эмнеге илимде Чигилдер кагандыгы эмес Карахандар кагандыгы деп аталат?

Карахандар кагандыгы же Кара кагандар мамлекети деп аталышын илим чөйрөсүнө орус чыгыш таануучусу В.В. Григорьев тарабынан сунуш кылынган

  1. Карахандардын төбөлдөрү өздөрүнүн расмий санжырасында эң байыркы бабасы уламыштык Афрасийаб менен байланыштырышат. Афрасийаб этималогиясынын өзөгүн эмне түзөт?

Афрасийабдын этималогиялык өзөгүн байыркы түркчө “ Барс алп" деген сөз түзүлүшү мүмкүн. Ошондой эле байыркы түрк баатырынын ысымы Тоңа Алп Эр болгон, бул ысым фарсыча өзгөртүлүп Афрасийаб деп аталып калган деп жоромолдонгон



3-тапшырма: 5-11-класстардын Кыргызстан тарыхы жана Дүйнө тарыхы предметтеринен документтүү материалдарды таап аларга суроолорду коюп андан кийин жооп бергиле .






Документтин түрү: Саясий ишмерлердин сөздөрү, күндөлүгү

Жусуп Абдрахмановдун “ Күндөлүгүнөн"

  1. Документтин автору ким? Анын саясий көз карашы кандай?

Документтин автору көрүнүктүү коомдук жана партиялык ишмер Ж. Абдрахманов. Анын саясий көз карашы элден пахтаны зордоп тартып алуу иш чараларына баа берүү болгон

  1. Документ кандай шартта түзүлгөн? Ал качан кайда пайда болгон?

Ж. Абдрахманов Зеленскийдин чакыруусу менен Жалалабадка барган жана планга ылайык пахта тапшыруу шарттарынын чараларынын талабын өзүнүн күндөлүгү жазып калтырган

3. Документтин автору эмнени айыптайт жана эмнеге чакырат?

Бул чаралардын планды толтура албастыгын, ажат абалдан куткара албастыгын айыптайт жана дыйкандар менен болгон мамилелерди бузуп албоого чакырат

4.Ал калктын кайсы катмарынын кызыкчылыгын көздөгөн?

Пахта айдаган дыйкандардан планды тапшыруу үчүн көп талап кылуу менен дыйкандардын мамилесин бузуп албайлы деп алардын кызыкчылыгын көздөгөн.

5.Бул документтин чыныгы же болжолдуу ишке ашычуу идеаларынын кесепети кандай?

План тапшыруу үчүн иштелип чыгарылган бул чаралар ишке ашышы менен дыйкандардын, жергиликтүү калктын жыйнаган түшүмдөрүн алып алышып, анын үстүнө да кошумча тапшырмалар берилип, пахта айдаган дыйкандардын үйлөрү тинтүүгө алынган






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!