СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдердин эмгек келишими

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдердин эмгек келишими»

КР өкмөтүнүн 09.02.06 №82

токтому менен бекитилген.


Э М Г Е К К Е Л И Ш И М И


Сай айылы 1-сентябрь 2023-ж.


1. Жумуш берүүчү М. Баатыров атындагы орто мектеби мекемеси Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү күбөлүк сер: ГПЮ №0054583

Абдырайымова Каныгуль Кочкорбаевна Мариш Баатыров атындагы орто мектеби мекемесинин директору

Кызматкер ______________________________________________________________________

Паспорт №_______________________________________________________________________

Социалдык коргоо күбөлүгүнүн идентификациялык №__________________________________ ортосунда төмөндөгүдөй мазмунда эмгек келишими түзүлдү.

Кызматкер ______________________________________________кызматына кабыл алынат.

2. Эмгек келишиминин түрү: (асты сызат)

белгиленген мөөнөткө

белгиленбеген мөөнөткө

5 жылга

1 жылга

3. Кызмат келишиминин колдонулуш мөөнөтү :

Кызмат ишитин башталыш күнү__________________________

Кызмат ишитин бүтүрүлүшү күнү__________________________

4. Жумуш күнүнүн иш тартиби :

Башталышы ____________________

Тыныгуу мезгили________________

Жумуштун бүтүшү_______________

5. . Эмгек келишими боюнча иштөө убактысы:

4. Иш күнүнүн режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана билим берүү мекемесинин уставдарынын негизинде жүргүзүлөт:

6. Кызматкердин төмөнкүлөргө укугу жана милдеттери бар:

- башка мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;

- ага эмгек келишимдеринде шартталган жумушту жана эмгек акыны алууга;

- зыяндуу жана коркунучтуу факторлордун таасирлеринен корголгон жумуш ордуна, жумуш ордунда эмгекти коргоо боюнча шарттардын абалы жана талаптары жөнүндө маалыматка;

- өзүнүн квалификациясына, аткарылган иштердин санына жана сапатына ылайык эмгек акынын өз учурунда жана толук төлөнүшүнө;

- анын күнөөсүз иштебей токтоп калууларга кодексте аныкталгандан төмөн эмес өлчөмдө акы төлөнүшүнө;

- жумуш убагынын чектеген узактыгын, бир катар кесиптер, иштер жана кызматкерлердин айрым категориялары үчүн кыскартылган жумуш күнүн белгилөө, ошондой эле жума сайын дем алыш күндөрүн, жумушчу эмес майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;

- өз таламдарын коргоо үчүн кесиптик бирликтерди жана башка кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарын түзүү укугун кошкондо;

- өзүлөрүнүн өкүлдөрү аркылуу жамааттык сүйлөшүүлөргө кирүүгө жана жамааттык макулдашуу жүргүзүүгө;

- кесиптик даярдыкка, кайра даярдыктан өтүүгө жана өз квалификациясын жогорулатууга;

- эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу саламаттыкка келтирилген залалдын ордун толтуртууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттүү социалдык камсыздандырууга;

- мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген кепилдиктердин жана компенсациялардын берилишине;

- мыйзамдарда каралган ыкмаларды колдонуу менен соттук коргоого укукту кошкондо өзүнүн эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушуна.

Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- эмгек келишиминде ага жүктөлгөн өзүнүн эмгек милдеттерин ак ниеттүү аткарууга;

- уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;

- белгиленген эмгек ченемдерин аткарууга;

- эмгекти коргоо боюнча талапты сактоого жана өндүрүш коопсуздугун камсыз кылууга;

- иш берүүчүнүн жана кызматкердин мүлкүнө аяр мамиле кылууга;

- ага тапшырылган мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды эмгек келишимине ылайык жарыя кылбоого;

- иш берүүчүгө адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кырдаал тууралу иш берүүчүнүн жана кызматкерлердин мүлкүнүн сакталышы, ошондой эле бош туруп калуулардын келип чыгышы жөнүндө билдирүүгө.

7. Иш берүүчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Иш берүүчү төмөнкүлөргө укугу бар:

- Кодексте башка мыйзамдарда белгиленген тартипте жана негиздерде кызматкер менен эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;

- эмгекти уюштурууга багытталган локалдуу ченемдик актыларды кабыл алууга;

- жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө;

- өкүлчүлүктөрдүн максаттарында өзүлөрүнүн укуктары менен таламдарын коргоого жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин түзүүгө жана ага кирүүгө;

- кызматкерлерди сыйлоого;

- кызматкерлерден уюмда колдонулган эмгек тартибин жана эмгек келишиминин шарттарын аткарууну талап кылууга;

- ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматкерлерди тартиптик жана материалдык жоопкерчиликке тартууга;

- өзүлөрүнүн укуктарын жана таламдарын коргоо максатында сотко кайрылууга.

Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, локалдуу ченемдик актыларды, жамааттык келишимдин, макулдашуулардын жана эмгек келишимдеринин шарттарын сактоого;

- кызматкерге эмгек келишиминде шартталган жумушту берүүгө;

- кызматкерге бирдей эмгек үчүн бирдей акы төлөөнү камсыз кылууга;

- кызматкерге эмгек акысын өз учурунда жана толук өлчөмдө төлөөгө;

- эмгекти уюштурууга (жобо, нускама, буйрук) багытталган локалдуу ченемдик актыларды жана уюмдун кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон башка актыларды кабыл алууга;

- кызматкерлердин өкүлдөрүнө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди түзүү, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;

- белгиленген тартипте жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле жамааттык келишим түзүүгө;

- эмгекти коргоонун жана гигиенанын талаптарына жооп берүүчү шарттарды жана эмгек коопсуздугун уюштурууну камсыз кылууга;

- кызматкерлерди эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл жабдуулар, шаймандар, техникалык документтер жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;

- мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо органдарынын буйурутмасын өз учурунда аткарууга, ошондой эле эмгектик укук ченемдерин камтыган мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды бузгандык үчүн салынган айыптарды төлөөгө;

- кызматкерлерди мыйзамдарда белгиленген тартипте милдеттүү социалдык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга;

- мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте жана шарттарда эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле моралдык зыянды компенсациялоого;

- иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматына шарттарын жана эмгек акысын көрсөтүү менен бош жумуш орундарынын (вакансиялардын) бар экени жөнүндө маалыматтарды ай сайын берүүгө;

- Кодексте, эмгектик укук ченемдерин камтыган мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда жана эмгек келишимдеринде каралган башка милдеттерди аткарууга.

II. Тараптардын милдеттери:

1. Эмгек келишими мезгилинде кызматкер өз кызматына ылайык функционалдык

милдеттерин так аткарууга милдеттүү, №1 тиркемеге ылайыктуу.

2. Жумуш берүүчү келишим мезгилинде төмөндөгүлөргө милдеттенет:

Кыргыз Республикасынын «Билим Берүү мыйзамы», «Мугалимдердин статусу» жөнүндө мыйзамы жана башка ведомстволук нормативдик, укуктук актылардын негизинде шарттарды түзөт.

3. Эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине негизделип токтотулат.

4. Кошумча шарт келишимде көрсөтүлгөн пункттар функционалдык милдеттер

бузулса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чаралар колдонулат,

керектүү учурда кызмат абалдарына чейин каралат.

5. Эмгек келишими шарттары эки тараптын макулдашусу менен мөөнөтү

узартылат же кыскартылат , протокол түзүү менен бекемделет.

III. Тараптардын жоопкерчилиги:

1. Эки тараптын ортосундагы талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мыйзам чегинде чечилет.

2. Бул келишимде эске алынбаган шарттар Кыргыз Республикасынын эмгек

кодексине ылайык жолго салынат.

3. Эмгек келишими 2 нускадан түзүлүп юридикалык жактан бирдей күчкө ээ болуп

эки тарапка бирдей берилет.

IV. Эмгек келишими кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жумуш берүүчү: Кызматкер:

_______________ _____________________________

колу колу




1 Тиркеме

Жалпы билим беруучу мектептин мугалими.

Функционалдык милдеттери:

  • Класста окуу жана тарбиялоо иштерин жүргүзөт;

  • Окуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт;

  • Кесиптештери жана окуучулары менен бирдикте педагогикалык этиканын негизинде мамилелешет;

  • Мектептин иш кагаздарын өз убагында жана туура толтурат;

  • Педагогикалык кенештердин заседаниелерине,педагогикалык консилиумдарга, усулдук кенештин, кафедраньн заседаниелерине, усулдук семинарларга катышат;

  • Окуу планындагы мектеп компонентине ажыратылган сааттарды аныктоого жана аларды ишке ашырууга катышат;

  • Мамлекеттик стандарттагы билим берүү программаларын, окуу пландарын ишке ашырат, окуучулардын окуу материалдарынын сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылат

  • Окутуунун жаны технологияларын жайылтууну ишке ашырат; Иштерде алдынкы технологиялардын жана интерактивдуу усулдарды колдонот

  • Окуучулардьн алдын-алуу жана жыйынтык аттестацияларын жүргүзөт;

  • Ата-энелер (алардын ордун басуучулар) менен байланыш түзөт

  • Жогорку кесиптик деңгээлде сабактарды өтөт жана сабагынан жетишпеген, артта калган окуучулар учун консультацияларды уюштурат;

  • Окуучуларды олимпиадаларга жана конкурстарга катыштышууга даярдайт;

  • Класстардагы педагогикалык-психологиялык климаттын жакшырышына өбөлгө түзөт жана класс жетекчилерге педагогикалык жагдайдын жүрүшү боюнча кабарлайт;

  • Өзүнүн классынын жекече-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн изилдейт жана класстагы окуучулардын тартибине,жүрүш-турушуна, жетишүүсүнө, катышуусуна көзөмөл жүргүзөт;

  • Өз билимин өркүндөтүү курстарынан өтөт жана мектептин аттестациялык комиссиясына өзүнүн кесиптик кваликациялык категориясын тастыктоо үчүн аттестациялоого катышат;

  • Балдарды коргоонун талаптарынын сакталышынын жана жашы жетпегендердин укуктарын, кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылат;

  • Билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасынын, техникалык коопсуздук эрежелеринин, санитардык-гигиеналык режимдердин талаптарынын сакталышын камсыз кылат жана окуучулардын эмгегин коргоого жооп берет;

  • Окуучулардын окуу жана окуу-методикалык адабияттар менен камсыз болуусун, алардын сарамжалдуу колдонуусун көзөмөлдөйт;

  • Билим беруу мекемесиндеги окуу процессинде жана класстан тышкаркы иштерди өткөрүү мезгилдеринде бекитилген окуучулардын ден-соолугуна, өмүр коопсуздугуна тикеден-тике жекече жооп берет.

  • Класстын журналда туура жана оз учурунда толтурат жана окуучулардын дептерлерин өз учурунда текшерип турат.


  • Өз билимин өркүндөтөт жана алдынкы педагогогикалык  тажрыйбасын жайылтат



  • Кабинетти жабдыйт жана жаны методикалык адабияттар менен толуктап турат.





  • Ар-бир чогулуштун чечимдерин аткарып турат.


  • Мектептин ичин жана сыртын жашылдандырууга салымын кошуп турат.

  • Ишинде социалдык жана аналитикалык мониторинг жургузуп турат.

  • Коомдук иштерге активдуу катышат.

  • Сабак учурунда 3 сааттан ашык себепсиз кечикпейт.

  • Пенсия курагында болсо, жаны  келген  кадрларга орун  бошотуп берет.


Келишимдин бузулушу.

  1. Иштердин билими талапка жооп бербесе.


  1. Ишкер өз милдеттерин аткарбаса.


  1. Журуш-турушу начар болгон учурда.



  1. Жумушуна  себепсиз келбеген учурда.


  1. Жумушка  мас абалда келген учурда.



  1. Жаамат ичинде  ушак- айындарды  таратып, интригаларды  жүргүзсө.


  1. Уруксааты  жок митингдерди  уюштурса..



  1. Мектеп  администрациясынын  буйруктарын  өз  убагында  аткарбаса


Жогорудагы «Эмгек келишими « мыйзамга ылайык ишке ашат. Келишим  аткарылбаса , Эскертуу, катуу эскертуу,андан  кийин акт  түзүлүп, иштен четтетилет.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!