Просмотр содержимого документа
«Манастын жети осуяты»
Л
Ош Гуманитардык педагогикалык институту МжКтф предмет: Манас таануу Тема: Манастын жети осуяты Окутуучу: Наркеева Акылай Тайпа: Ин-20 б Студент: Советбек кызы Зулайка
Максаттардын түрлөрү:
Максаттар
Билим берүүчүлүк
Манастын осуяттарын окуп биле алышат.
Өнүктүрүүчүлүк
Тарбия берүүчүлүк
Өз алдынча эркин ой жүгүрткөнгө. Манас эпосунун жети осуятын өз алдынча эркин талдап турмушта пайдаланганга көнүгүшөт.
Манастын осуяттарын окуп биле алышса.
Көрсөткүчтөр
Жети осуятын маани маңызын түшүнүшөт.
Өз алдынча эркин ой жүгүртсө. Манас эпосунун жети осуятын өз алдынча эркин талдап турмушта пайдаланганга көнүгүшсө.
Патриоттуулукка ,өз мекенин сүйүп, коргоого, ар дайым ынтымакта биримдикте болууга тарбияланат.
Жети осуятын маани маңызын түшүнүшсө.
Патриоттуулукка ,өз мекенин сүйүп, коргоого, ар дайым ынтымакта биримдикте болууга тарбияланса.
Манас атанын жети осуяты – Дүйнөгө белгилүү «Манас» эпосунан алынган акыл-насааттар, идеялар. Манастын жети осуяты Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А. Акаев жактан иштелип чыгып, Кыргызстандын бүт аймактарына таралган. Алар калктын атуулдук, улуттук ар-намысын ойготуу максатын көздөйт. Ал осуяттар төмөнкүлөр:
1. Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.
2.Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык
3.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет
4.Арыбас мээнет, алдынкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу
5.Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк
6.Табият менен таттуу мамиледе болуу
7.Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.
- Элдин ынтымагы, бөлүнбөй биргелешип иш кылсак баарын жеңебиз, каалаган кыйынчылыктарга чыдайбыз деген мааниде.
- Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык
- Башка элдер, улуттар менен жакшы мамиледе болуу, кызматташуу, өнөктөшүү
- Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет
- Ар бир жаран патриот болуусу, ата-мекен алдындагы милдетин сезе билүүсү, инсан катары мекенин жана өзүн сыйлоо
Арыбас мээнет, алдынкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу
- Эмгек, акыл-эс, билим аркылуу жакшы жашоо жолунда басуу, жалкоолуктан, жаман адаттардан арылуу
Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк
- Ички жан-дүйнөнү байытып, акылдуу, адилеттүү, тажрыйбалуу, көптү билген көсөн адам болуу
Табият менен таттуу мамиледе болуу
- Жаратылышты коргоо, ага аяр мамиле жасоо, жаратылышка ысыраптык мамиле жасабоо, ар бир өсүмдүк, ар бир жандыктын маанисин билүү
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
- Эркек же аял болобу Мекенибизди өнүктүрүүгө салым кошуу, душмандардан сактоо, ата-журт, кичи-мекен, үй-бүлөө мунун баары Мекенибиз экенин түшүнө билүү.
Көңүл буруңуздарга чоң рахмат 😍😍😍