СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Майсалбектин каты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата интернеттен алынган макала

Просмотр содержимого документа
«Майсалбектин каты»

Майсалбектин каты

«Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем, - деп баштаптыр. - Мен сени кандай киши экенинди билбесем, бул катты жазбайт болчум. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентседа эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.

Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгуңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: «Балам, кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп чоңойттум? » Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эчкачан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй, эң бир асыл ишке - мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун , ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айбым эмес.

Мына азыр мектепте окуучу жаштарга менин биринчи жана эң акыркы берип кетер сабагым ушул, аларга окутуп кеткен билимим да ушул. Буга мен турмуштан алып чыккан баардык билимимди, баардык дилимди жумшайм.

Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн баардык жакшылыгы үчүн...

Бул менин акыркы катым, акыркы калем шилтешим, акыркы сөзүм. Апа, миң бир эки апа десем да,кадырыңа жетер белем, түшүнгүн: бул жөн эле өлүп берүү эмес, бул жөн эле жанкечтилик эмес, бул өмүр сүрүүнүн эң бир эбегейсиз түрү. Кулакка балким, жат угулса да, бул жашоо үчүн болгон өлүм. Мен өз ыктыярым менен ушуну туура таптым. Мен эч кандай кылчактаган жерим жок. Мекеним бул ишти мага ишенип тапшырганы үчүн сыймыктанам!

Мени жоктобо, апа. Менин артымда туягы калган жок дебе. Дүйнөдө мындан нары согуш болбосо, жаңыдан төрөлгөн баланын ыңаалаганы - ошол мен, бой жеткен кыздардын жоодураган көздөрү - ошол мен, бутакта көгөргөн жалбырак - ошол мен, талаада өнүп чыккан эгин - ошол мен, мугалимдин балдарга биринчи үйрөткөн «А» тамгасы - ошол мен, ощонун баары мен, ошонун баарын мен, мен деп билип жүргүн, апа!

Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын, Мындай өлүм үчүн эч ким ыйлабасын.

Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, карааныңдан айланайын, Ала-Тоо!

Сенин мугалим уулуң - лейтенант Майсалбек Субанкулов.

Фронт. 9-март 1943-ж. түнкү саат - 12.»




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!