Просмотр содержимого документа
«География 6- класс»
6-класс география
Тема: гидросфера жана жер шарында суунун айланышы
Сабактын максаты:
- Гидросфера жөнүндө түшүнүк алуу
- Дүйнөлүк суунун айланышына мүнөздөмө берүү
- Гидросферанын жартылышта жана адам баласынын жашоосундагы маанисин түшүнүү
Гидросфера деп эмнени айтабыз?
Гидросфера – бул Жер шарынын суу кабыгы
«Гидро»- суу, «сфера» – шар, кабык.
Суу жаратылышта үч агрегаттык абалда кездешет:
Анын курамына планетадагы бардык суулар кирет
Дүйнөлүк океан
Кургактыктагы суулар
Атмосферадагы суулар
96,4%
3,58%
0,0007%
Гидросферанын курамы
Дүйнөлүк океан
- Тынч океаны Атлантика океаны Инди океаны Түндүк Муз океаны
- Тынч океаны
- Атлантика океаны
- Инди океаны
- Түндүк Муз океаны
Кургактыктагы суулар
- көлдөр Булактар Саздар Мөңгүлөр дарыялар
- көлдөр
- Булактар
- Саздар
- Мөңгүлөр
- дарыялар
Атмосферадагы суулар
- Суу буусу Суу тамчылары
- Суу буусу
- Суу тамчылары
Жердеги суунун бөлүштүрүлүшү
Жаратылышта суу айланат.
Айлануу схемасы:
Океан суусунун күн энергиясынын негизинде буулануусу
Атмосферада суу бууларынын топтолушу, булуттардын пайда болуусу
Булуттардан кайрадан океандарга жана кургактыктарга жаан-чачын болуп түшүүсү
Кургактыктагы суулардын кайрадан океандарга барып кошулуусу
Суунун айланышы
Жаратылыштагы суунун айланышы.
Чоң айланыш Кичине айланыш
Суунун айлануусу Дүйнөлүк океан менен эле чектелсе – ал суунун кичине айлануусу болуп эсептелинет .
Ал эми суунун айланышы океан менен кургактыктын ортосунда жүрсө – суунун чоң айлануусу деп аталат .
Гидросферанын адам баласы үчүн мааниси
- Адамдын денесинин 70% суудан турат
- Суу турмуш тиричиликте, өнөр жайларда, айыл-чарбада пайдаланылат
- Деңиздер, көлдөр, дарыялар кеме жүрүү , балык уулоо үчүн колдонулат
- Суунун кыймылдуу күчүн электр энергиясын алуу үчүн пайдаланылат ж.б
Сабакты бышыктоо:
- Гидросфера Жер шарынын кайсы кабыгы?
- Гидросферанын курамы кандай?
- Эмне үчүн табияттагы суу түгөнгүс болуп саналат?
- Суунун буулануу процессинин натыйжасы эмнени берет?
Үйгө тапшырма:
§20. окуу, дептерге негизги маалыматтарды жазуу. Суунун айланышынын схемасын дептерге тартуу.