Просмотр содержимого документа
«Ботаника 6-класс. Эңилчектер»
Биология 6-класс
Эңилчектер
Эңилчектер
Сабактын максаты :
- Окуучулар эңилчектер жана алардын түзүлүшү, түрлөрү, тиричилиги, көбөйүшү, симбиоз, эңилчектердин ролу тууралуу билимдерге ээ болушат .
- Эңилчектердин түрлөрүн бири биринен айырмалай алат. Эңилчектердин түзүлүшү менен тиричилигин байланыштырышат
- Эңилчектердин жаратылыштагы жана адам тиричилигиндеги маанисин өздөштүрүшөт
Эңилчек – бул козу карын менен балырдан турган симбиоздо жашоочу бирдиктүү организм.
.
Эңилчектер органикалык дүйнөдө өзгөчө бир орунду ээлешет.
Сырткы көрүнүшү жана түсү боюнча ар түрдүү.
Алар түптүү, жалбырактай жана кебер сыяктуу болушат
Эңилчектер
Түнт карагай токоюнда кары бутактардан сакал эңилчегинин саксайган купкуу сакалчалары салаңдап турат. Кургак мырза карагай токойлорунда бутактуу кызгылтым, боз жана ак эңилчектер килемдей болуп жерди жыш каптап жатат. Аба ырайы кургак кезде бут менен басса кычырап турат. Бул – түптүү энилчектер. Эңилчектер тундрага бир түрдүү боз түс берип турат. Тундрада «бугу моху» деп аталуучу ягелдер айрыкча көп
Эңилчектер
- Түнт карагай токоюнда кары бутактардан сакал эңилчегинин саксайган купкуу сакалчалары салаңдап тура
Таштарда күрөң боз кеберге окшогон кебер эңилчектер кеңири таралган. Алар таштарда, дарактардын жалбырактарында, кабыктарында өсөт. Мындай эңилчектерден байтеректин кабыгындагы алтын сымак сары ксантория айрыкча көп кездешет.
Эңилчектердин түзүлүшү
- Эңилчектин денеси – кат-кат болгон түзүлүштөгү эки организм. Себеби ал козу карындан жана балырдан турат . Эңилчектердин денеси козу карындын чырмалган жипчелеринен турат, ал эми алардын арасында бир клеткалуу жашыл же көк-жашыл балырлар (цианобактериялар) жайланышкан.
- Кээде козу карындын жипчелеринде соргучтар пайда болот, алар балырлардын клеткаларынын ичине кирет.
- Козу карындын жипчелери сууну жана анда эриген минералдык туздарды соруп алышат, ал эми жашыл балырлардын клеткаларында болсо, фотосинтез процессинде органикалык заттар пайда болот .
Эңилчектердин түзүлүшү
Балырлардын клеткалары
Козу карындын гифтери
Эңилчектер тиричилиги
- Күн ысыкта эңилчектер какшып кургап, тиричилиги токтоп калгандай сезилет, ал тургай колго алсаң үбөлөнүп түшөт. Бирок жаан жаар замат алар кайрадан жанданып, өсө башташат.
- Эңилчектер – жер тандабаган организмдер. Өсүмдүктөр өспөгөн эң начар жерлерде да өсө алышат. Аларды башка өсүмдүктөр өспөгөн бийик тоолордогу жылаңач аскалардан да кездештирүүгө болот.
- Эңилчектер өтө жай өсөт. Мисалы, «бугу моху» бир жылда бар болгону 1–3 мм ге гана жетет .
Эңилчектердин жашоо чөйрөсү
Арктика
Тундра
Тайга
Антарктика
Чөлдөр
Тоолор
Тропик
Эңилчектердин 25 миңге жакын түрү бар Орточо жашоосу 30-100 жыл . Гренландияда эң көп жашаган 4500 жыл жашаган түрү кездешет
Дубал ксантория
Сакал эңилчеги
Цетрария
Кладония
Гипогимния
Леканора
Эңилчектердин көб өйүшү
- Эңилчектер негизинен кат-катынын бир үзүмү жана алардын денесинин ичинде пайда болуучу клеткалардын өзгөчө бир топтору менен көбөйүшөт.
- Козу карындын жана балырдын клеткаларынын бул топтору көп санда пайда болот. Эңилчектин денеси өзүнүн өсүп чыккан массасынын басымы астында бөлөк-бөлөк болуп үзүлөт, ал клеткалардын тобу шамал жана жаан суусу менен таралып кетет .
Эңилчектердин жартылыштагы жана тиричиликтеги мааниси
- Эңилчектер такыр жерлерде биринчи болуп өсүшөт.
- Өлгөндөн кийин алар чириндини пайда кылат да, кийин ал жерде башка өсүмдүктөр өсөт.
- Эңилчектер өзгөчө бир кислоталарды бөлүп чыгарып, тоо тектерин акырындык менен бузат. Эңилчектердин жаратылыштагы мааниси мына ушунда.
- Эңилчектердин практикалык мааниси өтө чоң. Алар түндүктө кышында бугулардын негизги тоюту болуп эсептелет.
- Эңилчектердин кээ бир түрлөрүнөн боекту жана химиялык өнөр жай үчүн керектүү өзгөчө затты – лакмусту алышат.
Эңилчектер симбиоздук өсүмдүктөр. Симбиоз (грек. συμ- «бирге, биргелешип» βίος — «жашоо») — ар кандай түрдөгү организмдин узакка же дайыма биргелешип жашоосу. Симбиоз өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, өсүмдүк менен жаныбардын, жаныбарлар менен микроорганизмдердин ортосунда болот. Көп учурда симбиоз эки жакка тең пайдалуу.
Эңилчектер – индикаторлор
Эңилчектер абанын тазалыгын аныктоонун негизги көрсөткүчү болуп саналат. Анткени, аба булганганда адегенде эле эңилчектер сезгич келип, өлүп баштайт .
Лихенология (грек тилинде. leichen – эңилчек, logos -окуу, илим) – эңилчектер жөнүндөгү илим, ботаниканын бир тармагы. .
Бышыктоо
- 1. Эңилчектер кайда кездешет?
- 2. Эңилчектин түзүлүшү кандай жана алар кантип азыктанат?
- 3. Эмне үчүн эңилчектерди өсүмдүктөрдүн пионери деп айтышат?
- 4. Эңилчиктердин практикалык мааниси кандай?
- 5. Симбиоздун пайда болушу эмне менен түшүндүрүлөт жана симбиоздун дагы кандай мисалдары менен таанышсыңар?
Тапшырма
Эңилчектер жаратылышта жана адам тиричилигинде кандай мааниге ээ?
Эңилчектер
Жаратылышта
Адам тиричилигинде