СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандын географиясы

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

                                                                                            Студент: Ашимова Элина       

Жетекчи:  Асилбек уулу Өмүрбек

Кыргызстандын аймагында мөңгүлөрдүн таралышы.

Мөңгү деген эмне?

Мөңгү - бул көп жылдар бою жыйналган муз катмары. Ал кышында жааган кардын жайында толук эрибей калып топтоло беришинен пайда болот. Бийик тоолордо, Арктиканын аралдарында жана Антарктидада мөңгүлөр ушинтип пайда болот. Жайында абанын температурасы нөл градустан жогорулаганда, мөңгүнүн үстүнкү бетиндеги кар эрийт. Акырындык менен эриген кар бири-бири менен өтө бекем бириккен көк муздарга айланат. Бирок бул али туташ мөңгү эмес. Эриген кар көк музга, анан мөңгүгө айланышы үчүн бир гана жаз жетишсиз. Too мөңгүлөрүнүн калыңдыгы 100 метрче, ал эми Антарктида менен Гренландиядагы, Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү мөңгүлөрдүн калыңдыгы 3-4 чакырымга чейин жетет.

Кыргыз мөңгүлөрү

 Кыргызстандын жаратылыш комплекстеринин маанилүүлөрүнүн бири. Рельефтин байыртадан берки калыптануу тарыхында жана азыркы кездеги жүрүп жаткан ар кандай жаратылыш процесстеринде мөңгүлөрдүн мааниси зор. Экинчиден, мөнгүлөр агын суулардын куралуу булактарынын бири. Республиканын климаттык шартында жайында күчөп эриген мөңгүлөр тоо этегиндеги сугатка муктаж болгон айыл-чарба талааларын суу менен жетишээрлик камсыз кылат. Кыргызстандын аймагында аянты 0,1 км2 ден жогору болгон 6516 мөңгү катталган. Алардын ээлеп турган аянты 8047,8 км2, башкача айтканда республиканын жалпы аянтынын 4%ин ээлейт. Эгерде бардык мөнгүлөрдү эсептесек, алардын саны 7638ге жетет жана аянты 8107,7 км2 ге барат.

Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн таралышы

Мөңгү каптаган аянттардын жана жекече мөңгү-муздуктардын өлчөмдөрү, негизинен климаттын элементтеринин жергиликтүү шарттарга жараша өзгөрүшүнө, тоо системаларынын абсолюттук бийиктиктерине жана алардын өрөөндөргө карата жайгашышына көз каранды. Жер бетинин тилмелениши да чоң ролду ойнойт. Ушул шарттарга жараша мөнгүлөрдүн таралышы мейкиндик боюнча бирдей эмес. Көп аянтты ээлеген мөнгүлүү аймактар бийик тоолордун капталдарында жана өрөөндөрдө жайгашкан. Кээ бир тоолордун кырларында үзгүлтүксүз жаткан «түбөлүк» кар талаалары жана мөңгүлөр кездешсе, экинчи кырка тоолордо туташ эмес кар-муз талаалары, майда мөңгүлөрдүн формалары кезигет. Мөнгүлөрдүн таралышында эки түрлүү мыйзам ченемдүүлүктөр байкалат. Биринчиси — бийик жайгашкан тоо массивдерине байырлаган мөңгүлөрдүн туташ жаткан очогу; экинчиси — кырка тоолордун бийик кырларын бойлоп кээде туташ, кээде өз алдынча биринен бири ажырап жайгашкан мөңгүлөрдүн катары. Мөңгүлөрдүн эң зор очогу Кан-Тоо жана Жеңиш чокуларынын тегереги болуп эсептелет. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Какшаал-Тоо, чыгышынан Меридиан кырка тоосу жана батышынан Сары-Жаз суусу чектеген аймакта жалпы аянты 1581 км2 ашык 340 мөңгү жайгашкан. Алар ошол аймактын жалпы аянтынын 31%ин түзөт. Мындай жогорку даражадагы кар-мөңгүлөрдүн жайгашышы жана көптөгөн аянттарды алардын туташ каптап жатышы Кыргызстандын гана аймагына эмес бүткүл Борбордук Азия үчүн уникалдуу кубулуш. Мындай шарттын түзүлүшүнө биринчи кезекте, абсолюттук бийиктиктин улам чыгышка барган сайын көбөйүшү жана чыгышында эң бийик Меридиан кырка тоосунун атмосфералык агымдардын жолунда бөгөт болуп жайгашышы себеп. Меридиан кырка тоосу Кан-Теңир тоо тоомунун жалаң орографиялык борбору гана болбостон, азыркы муз каптоонун да борбору болуп эсептелет. Эгерде бул тоо тоомун Кыргызстандын аймагынан тышкары (Кытай) жаткан жагы менен бирге карай турган болсок, жалпы эле кургактыктагы мөңгү баскан региондордун көрүнүктүүлөрү экендигин көрүүгө болот. Мындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 3000 км2 ден ашык. Ошону менен бирге жекече мөңгүлөрдүн өлчөмдөрү да эң зор. Мисалы, бир гана Түштүк Эңгилчек мөңгүсүнүн узундугу 58,9 км, аянты 613,2 км ге барабар. Бул мөңгүдөн башка да узундугу 20 км ден ашык, Семенов (Кашка-Төр), Мушкетов (Адыр-Төр), Түндүк Эңгилчек, Кайыңды жана башка мөңгүлөр бар.

Орто Азияда мөңгүлөрдүн каптаган аянттары боюнча көрүнүктүү орунду Чоң-Алай кырка тоосу ээлейт. Чоң-Алай кырка тоосунун абсолюттук бийиктиги 7139 м ге чейин (Ленин атындагы чоку) жетет, борбордук бөлүгүнүн орточо бийиктиги 6000 м ден ашык. Мындай бийиктиктердин натыйжасында кырка тоонун кырлары жана ага жакын капталдары туташ мөңгү, түбөлүк эрибеген карлар менен капталган. Ал кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1329,3 км2 ге жетет, б.а. Кан-Тенир тоо тоомунун мөңгүлөрүнүн аянтынан калышпайт. Алардын ичинен түндүк капталында, б.а. Кыргызстандын аймагында таралган мөңгүлөрдүн аянты 697,5 км2.

Кыргызстандагы аянты 25 км²ден ашкан ири мөңгүлөрү.

Аталышы

Узундугу км

Аянты км²

Жайгашкан жери

1

Түштүк Эңилчек

58,9

623,2

Хан Теңир

2

Түндүк Эңилчек

34,8

202,9

Хан Теңир

3

Кайынды

25,8

107,4

Хан Теңир

4

Корженевский

21,5

89,1

Чоң Алай кыркы тоосу

5

Мушкетов

20,5

75,0

Хан Теңир

6

Семёнов

21,0

74,6

Хан Теңир

7

Петров

14,0

70,9

Ак Шыйрак тоо түйүнү

8

Ленин

13,5

55,3

Чоң Алай кыркы тоосу

9

Нура

13,8

54,2

Чоң Алай кыркы тоосу

10

Түндүк Кара-Сай

10,5

46,5

Ак Шыйрак тоо түйүнү

11

Кызыл-Суу

16,9

43,0

Чоң Алай кыркы тоосу

12

Жаман-Суу

10,4

39,0

Ак Шыйрак тоо түйүнү

13

Кан-Жайлоо

13,0

32,5

Хан Теңир

14

Калпаковский

10,0

30,4

Тескей Ала-Тоо

15

Ак-Сай

10,7

29,3

Какшаал кырка тоосу

16

Көйкап

11,1

27,8

Хан Теңир

17

Кара-Керме

11,8

27,3

Какшаал кырка тоосу

18

Каман

12,0

27,0

Чоң Алай кыркы тоосу

19

Арча-Башы

10,5

25,4

Алай кырка тоосу

20

Абрамова

9,0

25,2

Алай кырка тоосу

 

Мөңгүлөр азайып баратат.

Соңку 20-30 жыл арасында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 25-30% кыскарганы жана азайып жатканы айтылууда. Эксперттер мөңгүлөрдүн ээриши бул аймактарга, суу таңсыктыгы менен бирге эпидемиялык да коркунучтарды алып келерин эскертишүүдө.

Асман мелжиген кыргыз тоолорундагы сегиз миңден ашуун мөңгүлөр глобалдык жылуулуктун таасиринен улам азайып баратканын адистер да белгилеп келишет. Дүйнөдө акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгү эрип кетсе, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн 25-30 пайызы жоголгон. 1965-1974-жылдары Кыргызстанда катталган 7638 мөңгүнүн азыр болгону 5237си калган.

Мөңгүлөрдүн ээриши Борбордук Азияга эпидемиялык жактан да коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Тоолуу жер болуп климатыбыз ошондой, эпидемия тез өөрчүшү мүмкүн. Экинчиден, Борбор Азияда 55-60 млн. киши биздин сууну ичип атат. Мөңгүлөр ээрип кетсе алып келинген суу менен багуу акылга сыйбаган чындык да. Ошондуктан мөңгүлөрдү жапатырмак киришип, көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

Мөңгү - байлык Коңшу мамлекеттер миңдеген гектар жерлерди иштетип, сууну эл аралык нормага ылайык колдонбогондуктан Арал деңизине суу жетпей келет. Андыктан деңиз жээгинен туз ирээтинде көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөргө таасир этүүдө. Экинчиден, кийинки учурларда токойлордун кыйылып жатканы да мөңгүлөрдүн ээришине алып келүүдө. Себеби бир гектар токой жыл ичинде 50 тонна чаңды жутуп, өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар бийиктикке чыгып, шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө.

Акыркы учурда суу жетпеген мамлекеттердин саны 60-65 пайызга чейин көбөйүп кетти. Дүйнөдө 5 миллиард киши таза сууга жетпей жашайт. Орто Азиянын негизги суу запасын Тажикстан менен Кыргызстан топтойт. Мөңгүлөр да негизинен Тажикстанда жана Кыргызстанда. Акыркы мониторингге караганда, жылына бир пайыздан мөңгүлөр азайып атат. Демек жүз жылдан кийин бул жок болуп кетиши мүмкүн.

Айрым мамлекеттер мөңгүлөрдү жасалма түрдө сактап келишет. Бул үчүн абадан күн ысыгын өткөрбөй турган жылтырактарды мөңгүлөргө жабуу жолун колдонуп келишет. Анткен менен Кыргызстандагы Суу маселелери институтунун айрым окумуштуулары мөңгүлөрдү сактоо аракеттери реалдуу эмес экенин айтып, анчалык чуу чыгаруунун кажети жок дешет. Ошондой эле бир кыйла бийиктиктен улам Кан-Теңир менен Жеңиш чокуларынан мөңгүлөр анча көп азайбай турганын айтышууда.

Колдонулган адабияттар.

  1. Бараталиев.Ъ. Кыргызстандын географиясы   Б 2004 .
  2. Матикеев К Физикалык географияны проблемалары (окуу куралы) Ош  2013
  3. Картография  ГУГК Географическая  карта для среднее.ие.2015г

      4.  Осмонов А. О. Кыргыз Рес.нын физикалык географиясы 2006

 

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандын географиясы»

Студент: Ашимова Элина

Жетекчи: Асилбек уулу Өмүрбек

Кыргызстандын аймагында мөңгүлөрдүн таралышы.

Мөңгү деген эмне?

Мөңгү - бул көп жылдар бою жыйналган муз катмары. Ал кышында жааган кардын жайында толук эрибей калып топтоло беришинен пайда болот. Бийик тоолордо, Арктиканын аралдарында жана Антарктидада мөңгүлөр ушинтип пайда болот. Жайында абанын температурасы нөл градустан жогорулаганда, мөңгүнүн үстүнкү бетиндеги кар эрийт. Акырындык менен эриген кар бири-бири менен өтө бекем бириккен көк муздарга айланат. Бирок бул али туташ мөңгү эмес. Эриген кар көк музга, анан мөңгүгө айланышы үчүн бир гана жаз жетишсиз. Too мөңгүлөрүнүн калыңдыгы 100 метрче, ал эми Антарктида менен Гренландиядагы, Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү мөңгүлөрдүн калыңдыгы 3-4 чакырымга чейин жетет.

Кыргыз мөңгүлөрү

 Кыргызстандын жаратылыш комплекстеринин маанилүүлөрүнүн бири. Рельефтин байыртадан берки калыптануу тарыхында жана азыркы кездеги жүрүп жаткан ар кандай жаратылыш процесстеринде мөңгүлөрдүн мааниси зор. Экинчиден, мөнгүлөр агын суулардын куралуу булактарынын бири. Республиканын климаттык шартында жайында күчөп эриген мөңгүлөр тоо этегиндеги сугатка муктаж болгон айыл-чарба талааларын суу менен жетишээрлик камсыз кылат. Кыргызстандын аймагында аянты 0,1 км2 ден жогору болгон 6516 мөңгү катталган. Алардын ээлеп турган аянты 8047,8 км2, башкача айтканда республиканын жалпы аянтынын 4%ин ээлейт. Эгерде бардык мөнгүлөрдү эсептесек, алардын саны 7638ге жетет жана аянты 8107,7 км2 ге барат.

Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн таралышы

Мөңгү каптаган аянттардын жана жекече мөңгү-муздуктардын өлчөмдөрү, негизинен климаттын элементтеринин жергиликтүү шарттарга жараша өзгөрүшүнө, тоо системаларынын абсолюттук бийиктиктерине жана алардын өрөөндөргө карата жайгашышына көз каранды. Жер бетинин тилмелениши да чоң ролду ойнойт. Ушул шарттарга жараша мөнгүлөрдүн таралышы мейкиндик боюнча бирдей эмес. Көп аянтты ээлеген мөнгүлүү аймактар бийик тоолордун капталдарында жана өрөөндөрдө жайгашкан. Кээ бир тоолордун кырларында үзгүлтүксүз жаткан «түбөлүк» кар талаалары жана мөңгүлөр кездешсе, экинчи кырка тоолордо туташ эмес кар-муз талаалары, майда мөңгүлөрдүн формалары кезигет. Мөнгүлөрдүн таралышында эки түрлүү мыйзам ченемдүүлүктөр байкалат. Биринчиси — бийик жайгашкан тоо массивдерине байырлаган мөңгүлөрдүн туташ жаткан очогу; экинчиси — кырка тоолордун бийик кырларын бойлоп кээде туташ, кээде өз алдынча биринен бири ажырап жайгашкан мөңгүлөрдүн катары. Мөңгүлөрдүн эң зор очогу Кан-Тоо жана Жеңиш чокуларынын тегереги болуп эсептелет. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Какшаал-Тоо, чыгышынан Меридиан кырка тоосу жана батышынан Сары-Жаз суусу чектеген аймакта жалпы аянты 1581 км2 ашык 340 мөңгү жайгашкан. Алар ошол аймактын жалпы аянтынын 31%ин түзөт. Мындай жогорку даражадагы кар-мөңгүлөрдүн жайгашышы жана көптөгөн аянттарды алардын туташ каптап жатышы Кыргызстандын гана аймагына эмес бүткүл Борбордук Азия үчүн уникалдуу кубулуш. Мындай шарттын түзүлүшүнө биринчи кезекте, абсолюттук бийиктиктин улам чыгышка барган сайын көбөйүшү жана чыгышында эң бийик Меридиан кырка тоосунун атмосфералык агымдардын жолунда бөгөт болуп жайгашышы себеп. Меридиан кырка тоосу Кан-Теңир тоо тоомунун жалаң орографиялык борбору гана болбостон, азыркы муз каптоонун да борбору болуп эсептелет. Эгерде бул тоо тоомун Кыргызстандын аймагынан тышкары (Кытай) жаткан жагы менен бирге карай турган болсок, жалпы эле кургактыктагы мөңгү баскан региондордун көрүнүктүүлөрү экендигин көрүүгө болот. Мындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 3000 км2 ден ашык. Ошону менен бирге жекече мөңгүлөрдүн өлчөмдөрү да эң зор. Мисалы, бир гана Түштүк Эңгилчек мөңгүсүнүн узундугу 58,9 км, аянты 613,2 км ге барабар. Бул мөңгүдөн башка да узундугу 20 км ден ашык, Семенов (Кашка-Төр), Мушкетов (Адыр-Төр), Түндүк Эңгилчек, Кайыңды жана башка мөңгүлөр бар.

Орто Азияда мөңгүлөрдүн каптаган аянттары боюнча көрүнүктүү орунду Чоң-Алай кырка тоосу ээлейт. Чоң-Алай кырка тоосунун абсолюттук бийиктиги 7139 м ге чейин (Ленин атындагы чоку) жетет, борбордук бөлүгүнүн орточо бийиктиги 6000 м ден ашык. Мындай бийиктиктердин натыйжасында кырка тоонун кырлары жана ага жакын капталдары туташ мөңгү, түбөлүк эрибеген карлар менен капталган. Ал кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1329,3 км2 ге жетет, б.а. Кан-Тенир тоо тоомунун мөңгүлөрүнүн аянтынан калышпайт. Алардын ичинен түндүк капталында, б.а. Кыргызстандын аймагында таралган мөңгүлөрдүн аянты 697,5 км2.

Кыргызстандагы аянты 25 км²ден ашкан ири мөңгүлөрү.

Аталышы

Узундугу км

Аянты км²

Жайгашкан жери

1

Түштүк Эңилчек

58,9

623,2

Хан Теңир

2

Түндүк Эңилчек

34,8

202,9

Хан Теңир

3

Кайынды

25,8

107,4

Хан Теңир

4

Корженевский

21,5

89,1

Чоң Алай кыркы тоосу

5

Мушкетов

20,5

75,0

Хан Теңир

6

Семёнов

21,0

74,6

Хан Теңир

7

Петров

14,0

70,9

Ак Шыйрак тоо түйүнү

8

Ленин

13,5

55,3

Чоң Алай кыркы тоосу

9

Нура

13,8

54,2

Чоң Алай кыркы тоосу

10

Түндүк Кара-Сай

10,5

46,5

Ак Шыйрак тоо түйүнү

11

Кызыл-Суу

16,9

43,0

Чоң Алай кыркы тоосу

12

Жаман-Суу

10,4

39,0

Ак Шыйрак тоо түйүнү

13

Кан-Жайлоо

13,0

32,5

Хан Теңир

14

Калпаковский

10,0

30,4

Тескей Ала-Тоо

15

Ак-Сай

10,7

29,3

Какшаал кырка тоосу

16

Көйкап

11,1

27,8

Хан Теңир

17

Кара-Керме

11,8

27,3

Какшаал кырка тоосу

18

Каман

12,0

27,0

Чоң Алай кыркы тоосу

19

Арча-Башы

10,5

25,4

Алай кырка тоосу

20

Абрамова

9,0

25,2

Алай кырка тоосу



Мөңгүлөр азайып баратат.

Соңку 20-30 жыл арасында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 25-30% кыскарганы жана азайып жатканы айтылууда. Эксперттер мөңгүлөрдүн ээриши бул аймактарга, суу таңсыктыгы менен бирге эпидемиялык да коркунучтарды алып келерин эскертишүүдө.

Асман мелжиген кыргыз тоолорундагы сегиз миңден ашуун мөңгүлөр глобалдык жылуулуктун таасиринен улам азайып баратканын адистер да белгилеп келишет. Дүйнөдө акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгү эрип кетсе, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн 25-30 пайызы жоголгон. 1965-1974-жылдары Кыргызстанда катталган 7638 мөңгүнүн азыр болгону 5237си калган.

Мөңгүлөрдүн ээриши Борбордук Азияга эпидемиялык жактан да коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Тоолуу жер болуп климатыбыз ошондой, эпидемия тез өөрчүшү мүмкүн. Экинчиден, Борбор Азияда 55-60 млн. киши биздин сууну ичип атат. Мөңгүлөр ээрип кетсе алып келинген суу менен багуу акылга сыйбаган чындык да. Ошондуктан мөңгүлөрдү жапатырмак киришип, көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

Мөңгү - байлык
Коңшу мамлекеттер миңдеген гектар жерлерди иштетип, сууну эл аралык нормага ылайык колдонбогондуктан Арал деңизине суу жетпей келет. Андыктан деңиз жээгинен туз ирээтинде көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөргө таасир этүүдө.

Экинчиден, кийинки учурларда токойлордун кыйылып жатканы да мөңгүлөрдүн ээришине алып келүүдө. Себеби бир гектар токой жыл ичинде 50 тонна чаңды жутуп, өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар бийиктикке чыгып, шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө.

Акыркы учурда суу жетпеген мамлекеттердин саны 60-65 пайызга чейин көбөйүп кетти. Дүйнөдө 5 миллиард киши таза сууга жетпей жашайт. Орто Азиянын негизги суу запасын Тажикстан менен Кыргызстан топтойт. Мөңгүлөр да негизинен Тажикстанда жана Кыргызстанда. Акыркы мониторингге караганда, жылына бир пайыздан мөңгүлөр азайып атат. Демек жүз жылдан кийин бул жок болуп кетиши мүмкүн.

Айрым мамлекеттер мөңгүлөрдү жасалма түрдө сактап келишет. Бул үчүн абадан күн ысыгын өткөрбөй турган жылтырактарды мөңгүлөргө жабуу жолун колдонуп келишет.

Анткен менен Кыргызстандагы Суу маселелери институтунун айрым окумуштуулары мөңгүлөрдү сактоо аракеттери реалдуу эмес экенин айтып, анчалык чуу чыгаруунун кажети жок дешет. Ошондой эле бир кыйла бийиктиктен улам Кан-Теңир менен Жеңиш чокуларынан мөңгүлөр анча көп азайбай турганын айтышууда.

Колдонулган адабияттар.

  1. Бараталиев.Ъ. Кыргызстандын географиясы Б 2004 .

  2. Матикеев К Физикалык географияны проблемалары (окуу куралы) Ош 2013

  3. Картография ГУГК Географическая карта для среднее.ие.2015г

4. Осмонов А. О. Кыргыз Рес.нын физикалык географиясы 2006




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!