СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандын географиясы.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргызстандын географиясы.

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандын географиясы.»

Кыргыз республикасы билим беруу жана илим министрлиги.

Ош мамлекеттик университети.

Математика-физика технология факультети





Студенттин оз алдынча иши

ФМОМ(б)-1-20 тайпасы

Предмет:География.

Тема:Кыргызстандын географиясы.

Студент: Нурдинбекова Элзат.

Текшерген:Сатыбалдиев Байсал.

Ош-2022.

Планы:

1. Кыргызстандын географиялык жайгашуусу жана анын чек арасы.

2. Кыргыстандын орографиясы.

3.Кыргызстандын рельефи.

4. Геологиялык түзүлүшү жана жер казынасы (пайдалуу кендер).

5.Жыйынтыктоо.

6.Адабияттар.































1.Кыргызстандын географиялык жайгашуусу жана анын чек арасы.

Кыргыз Республикасы Орто Азиянын түндүк-чыгышынан орун алган, Тянь-Шандын жана түндүк Памир-Алтайдын бөлүгүн камтыган. Чек ара негизинен табигый азыктар, бийик тоолор жана дарыялар, кээ бир жерлери гана Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүнө түшүп түз жерлер менен өтөт. Кыргызстандын географиясы-Чыгыш жарым шардагы эң чоң материк Евразиянын борбордук бөлүгүнөн, аны чулгаган океандар менен деңиздерден алыс орун алган. Эгерде глобуска же Жарым шарлардын картасына көз чаптырсак Кыргызстандын аймагы Евразиянын, Атлантика океанынан Тынч океанына чейин курчаган кеңдик боюнча созулган эбегейсиз зор тоо системаларынын түндүк жагындагы чет жакасын ээлейт. Кыргызстан ээлеген аймактан түндүктү карай бийик тоолор жапыздап, Казакстандын бөксө тоолоруна жана андан ары Батыш Сибирдин түздүгүнө өтөт. Түштүктү карай тоолордун бийиктиги улам артып, Памир, Гиндикуштун чыгышы, Кара-Корум, Тибет менен Гималайдын батышы аркылуу Индостан жарым аралынын түздүктөрүнө өтөт. Кеңдик боюнча Кыргызстан мээлүүн алкактын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Анын кеңдигинде батышты карай Кызыл-Кум, Кара-Кум чөлдөрү, Чон жана Кичи Кавказ, Кичи Азиянын түндүгү, Балкан, Апеннин жана Пиреней жарым аралдары, ал эми чыгышты карай Такла-Макан, Гоби чөлдөрү,Маньчжурия, Корея жарым аралынын түндүгү, Сихоте-Алиндин түштүгү жатат.

Кыргызстандын эң түндүк чеги Чүй дарыясынын сол жайылмасынын чегинде Камышановка кыштагынын түндүк жагындагы 43˚, 16˚ түндүк кеңдикте өтөт. Ал жерден Түндүк Муз океанына чейинки аралык 3380 км; түштүк чеги Чоң Алай тоо кыркасында, Дароот-Коргондун тушундагы Кызыл-Суунун сол куймасы Алтын-Дайра суусунун алабындагы мөңгүнүн башы. Ал жердин кеңдиги 39° 11΄ жана ошол чекиттен Индитокеанынын жээгине чейинки аралык 1670 км. Кыргызстандын эн батыш чеги Лейлек районунун аймагындагы Ак-Суу суусунун алабынын батыш жагын чектеп турган Түркстан кырка тоосунун түндүктү карай багытталган айрыгынын кыры. Ал чек 69° 15΄ чыгыш узундукта жатат жана Атлантика океанынан 6530 км аралыкта орун алган эң чыгыш чеги Эңгилчек мөнгүсүнүн төрүндө. Меридиан кырка тоосун-да жайгашкан 6210 м бийиктиктеги чоку. Ал чокунун меридиа-ны 80° 18', чыгыш узундугу жана ал жерден Тынч океанынын жээгине чейин 3830 км. Кыргызстандын батыш чегинен чыгыш чегине чейинки аралык 925 км, ал эми түндүгүнөн түштүк чегине чейинки аралык -459 км, чек арасынын узундугу 4508 км, жалпы аянты 198,5 миң км2.

Кыргызстан Орто Азиянын түндүк-чыгышында орун алган. Бирок «Орто Азия» деген түшүнүк географиялык адабияттарда ар башка түшүндүрүлүп жүрөт. Бирде мурдагы СССРдин составына кирген төрт республиканын аймагын билдирсе, бирде Түштүк Казакстанды да камтып кетет. Түштүк жана чыгыш чектери болсо табигый чектери менен эмес, мамлекеттик чек ара менен өткөрүлүп келген. Азыркы кезде мындай чек аранын кажаты болбой калгандыгына байланыштуу Кыргызстандын алып турган ордун Борбордук Азияга карата аныктаса болот. Кыргызстан-Борбордук Азиянын түндүк-батыш жагын, Тянь-Шандын батыш бөлүгүн жана Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүн ээлейт.

Кыргызстандын чек аралары -Кыргызстан - түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Казакстан менен, батышынан Өзбекстан менен, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан менен, түштүктөн жана түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасынын аймактары менен чектешет.

 Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын узундугу- 1113 км.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара сызыгынын узундугу -1374 км.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара сызыгынын узундугу -972 км (анын 330 км азыркы күнгө чейин тактала элек).

Кытай Эл Республикасы менен болгон чек сызыгы -1049 км.



2.Кыргыстандын орографиясы.

Орография рельефтин геоморфологиясын изилдөөдө бир кыйла конкреттүү жол менен киргизилген. Башкача айткандабеттин болушу мүмкүн болгон мүнөздөмөлөр менен гана чектелбейт, бул жер рельефиндегидей. Мисалы, тоо кыркаларынын же тоо кыркаларынын тобунун пайда болушун изилдей аласыз. Бул формациялар орогения деп аталат. Физикалык географиянын бул бөлүмү жер кыртышында кездешкен рельефтин же бийиктиктин түрлөрүн классификациялоого жооптуу. Рельефтин түрлөрү гана эмес, ага таасир этүүчү бардык тышкы факторлорду эске алуу менен бетине ээ боло турган формалары да бар. Изилдөөлөр тоолордун бардык түрлөрүн сүрөттөөгө багытталганАр бир тоонун пайда болуу жана өнүгүү тарыхында ар башкача процесс болгон. Бул изилдөөлөр жана сүрөттөөлөр картографиялык сүрөттөлүштөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт. Карталар деп аталган бул сүрөттөлүштөрдүн аркасында белгилүү бир аймакта кездешкен рельефтин түрүн элестетип, көбүрөөк билүүгө болот. Орографияда рельефтин мүнөздөмөсүнүн ар кандай жолдору бар. Тоолор, вулкандар, түздүктөр жана өрөөндөр сыяктуу ар кандай формаларды кездештиребиз. Ошондой эле, деңизге байланыштуу аймагыбызга жараша, ар кандай геоморфологияларды, мисалы, аскалар жана пляждарды байкоого болот. Орография ошондой эле айрым суу агымдарын, алардын формаларын (мисалы, меандрлар) жана ооздорунун морфологиясын аныктоого кызмат кылат. Орографияны изилдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолсок, алар географтар үчүн дагы, ошондой эле өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн да өтө маанилүү экендигин байкай алабыз, анткени алар инфраструктурага жана жол иштерине ар кандай мамилелерди ишке ашырышат. Жердин бардык мүнөздөмөлөрү кеңейүү жана шаарлашуу үчүн имараттарды жана байланыш каттамдарын курууга мүмкүнчүлүк алуу максатында изилденет. Ошондой эле дүйнө жүзүндө айыл чарба жана тоо-кен тармагында маанилүү ролду ойнойт. Себеби ал жердин кыртышынын жана жер кыртышынын мүнөздөмөлөрү боюнча маанилүү талдоолорду жүргүзүп, кандай өсүмдүктөрдү өстүрсө болорун билип алат. Мындан тышкары, ошондой эле өндүрүлгөн карталардын аркасында жер астындагы суунун запасы бар же жок экендигин биле алабыз орографияны билүү менен. Эгерде биз жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууну жана казып алууну кааласак, мунун бардыгы негизги нерсе болуп калат. Мындан тышкары, ага байланышпагандай сезилгени менен, орография ар башка жерлерде болуп жаткан климатка жана экологиялык өзгөрүүлөргө таасирин тийгизет. Мисалы, тоолуу аймакта болушу мүмкүн болгон климат (жаан-чачын, температура жана шамал режими боюнча дагы) жээк аймагындагы климат менен бирдей эмес. Аба массаларынын кыймылына тоолордун бийиктигине жараша конденсация процессин түзгөн ушул орографиянын таасири тийди. Ар тараптуу тоолордун чокуларынын бийиктиги кыйла актуалдуу. Бул чокулар шамалдын ылдамдыгын тездетүүгө жооптуу.

Айткандарды кыскача келтирсек орография белгилүү бир аймакта каттала турган жаан-чачындын, булуттардын жана шамалдын көлөмүнө таасир этет.

3.Кыргыстандын рельефи.

Рельефтин жалпы мүнөздөрү-Кыргызстандын аймагы негизинен бийик тоолор менен тоо арасындагы өрөөндөрдүн татаал жайгашкан катарларынан турат. Жалпысынан, азыркы түзүлгөн рельеф байыркы эпигерциндик структуралардын олигоцен-миоценден баштап, плейстоцендин аягына чейин карама-каршы багыттагы интенсивдүү тектоникалык кыймылга дуушар болушунан калыптанган. Бир жагынан тектоникалык көтөрүлүү басымдуулук кылып, денудация жана эрозиялык тилмеленүү күчөп турса, экинчи жагынан тоо арасындагы тектоникалык ийилген ойдуңдар чөкмөлөргө толуп турган шартка азыркы рельефтин келбети түзүлгөн.

Эң бийик көтөрүлүүлөр чыгыш жакта, Кан-Теңир тоо томунун аймагында жүргөн. Чет жакалардагы Чүй, Фергана өрөөндөрү төмөн ийилген ойдуңдар болгон, алар тоодон келген шиленди кум-шагылга толгон. Бийиктиктин ылдыйлай башташы чыгыштан батышты карай кетет. Чыгыштагы Жеңиш чокусунун бийиктиги 7439 м, ал эми Лейлек районунун аймагындагы түздүктүн бийиктиги 401 м. Демек, Кыргызстандын аймагынын бийиктик амплитудасы — 7038 м. Тянь-Шань тоолору батышты карай жайылып, өрөөндөр кеңейип, кырка тоолордун, тоо арасындагы өрөөндөрдүн жалпы багыты кеңдик боюнча таралып кетет. Меридиан кырка тоосу менен Фергана тоо системасы ал багытты албайт. Кырка тоолордун тутумдашкан жерлеринде тоо түйүндөрү, татаал массивдер жайгашкан. Алар Кан-Теңир тоо тоому, Ак-Шыйрак, Талгар, Талас-Чаткал, Матча тоо түйүндөрү.

Негизги рельеф түзүүчү факторлорго эндогендик жана экзогендик факторлор кирет. Эндогендик факторлор рельефтин ири формаларын түзөт. Экзогендик факторлор болсо ар кандай тышкы күчтөрдүн аракети менен домпок жерлерди талкалап, тилмелеп түзөтүү, ал эми ийилген ойдуңдарды шиленди, талкалануунун продукциясы менен толтуруп, тегиздөө багытында иш жүргүзөт. Натыйжада тектоникалык кыймылдан пайда болгон жер бетиндеги ар кандай рельефтин формалары тынымсыз өзгөрүүгө дуушар болуп турат.

Геологиялык түзүлүшү жана рельефинин калыптануу мезгилине жараша рельефтин типтерин геоморфологиялык комплекстерге бириктирүүгө болот. Геоморфологдордун көз караштары боюнча Кыргызстандын аймагы тоо этегин бойлогон түздүктөр, жапыз тоолор жана адырлар, бийик жана бөксө тоолордун комплекстери болуп бөлунөт.



4. Геологиялык түзүлүшү жана жер казынасы (пайдалуу кендер). Кыргызстандын геологиялык түзүлүшү татаал. Ал палеозойдун Урал-Монгол-Охота жана мезозой-кайнозойдун Жерортолук деңиздик геосинклиналдык кырчоолордун тирешкен жеринен (Чоң Алай терең жаракасынын эки капталынан) орун алган. Палеозойдук кырчоо түштүккө, ал эми мезозой-кайнозойдук кырчоо түндүккө багытталган доголор аркылуу сүзүшүп турат. Көптөгөн катуу жер титирөөлөрдүн очоктору ушул кырчоолордун тирешкен жеринде жайгашкан. Бул жерден түштүгүрөөктө байыркы (палеозойго чейинки) Корей-Кытай платформасынын блоктору орун алган (Тарим массиви ж. б.). Теңир-Тоонун дагы бир өзгөчөлүгү – кайра жаралган (академик В.А.Обручев) же эпиплатформалык (орогендерге) тоолорго (А.Л. Яншин, В.Е. Хаин ж. б.) киргендигинде. Деңиз деңг. 401 мден 7439 мге чейинки бийиктиктерде (тепкичтерде) жаткан Кыргыз жергесинде бардык геол. замандардын катмарлары кездешет. Алардын геохронологиялык жашы байыркы организимдердин палеонтологиялык калдыктары аркылуу аныкталган. Ошондуктан Теңир-Тоонун геологиялык түзүлүшү Евразиянын 600 млн жылдан берки тарыхын чечмелегенге эталон катары каралат. Кырг-н кеңдик багытта созулган 4 геол. аймакка (тилкеге) бөлүнөт: Түндүк, Ортоңку, Түш. Теңир-Тоо ана Түн. Памир. Түн. жана Ортоңку Теңир-Тоону Теңир-Тоонун негизги жаракасы бөлүп турат. Ортоңку жана Түш. Теңир-Тоону Чаткал-Нарын-Карасуу, Атбашы-Эңилчек, Түш.Фергана жаракалары ажыратат. Айрым изилдөөчүлөр (А.В. Пейве, 1945) мындай структуралар мантияга дейре жетип, жүздөгөн млн жылдар бою кыймыл аракетте болуп келген терең тик жаракалар деп эсептешкен. Талас – Фергана жаракасын терең горизонталдык багыттагы чоң жылыштын (сдвигдин) даана мисалы катары караган.

Кыргызстандын канча ири кен байлыктары бар. Кыргызстандын тоо-кен тармагы экономикалык тез өсүштү камсыз кыла турган негизги потенциалдардын бири катары каралып келатат. Азыркы кезде тоо-кен тармагы өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 48 берет. Ал эми жалпы ички дүң өнүмдүн 10% түзөт. Өнөр жайынын жарымын берген тармак экспорттун да тең жарымына жакынын түзөт. Анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын, сейрек металлдар негизинен экспортко кетет.

Кыргызстанда темир, титан, ванадий кендери бар. Темир кендеринин ичинен чөкмө-метаморфизмделген кендердин тиби арбын көлөмдө. Нарын шаарынан 30 км чыгышта Жетим темир кен бассейни башталып, Чоң Нарын суусун бойлоп 70 км ге созулуп жатат. Жалпы запасы бир нече млрд. т. Дүйнөдөгү темир кендеринин басымдуу болугу кварцит формациясынын түрү кездешет. Республиканын көптөгөн жерлеринен скарн-магнетит кендери жолугат. Мындай кендердин запасы анча чон болбойт. Магнетиттин чакан-кендери Кемин, Чаек, Сумсарда, Талас жана Нарын шаарларынын тегерегинде кездешет. Темир менен кошо ал кендерде алтын, платина жана башка металлдар бар. Коргошун, цинк жана жез биргелешип, полиметалл кендерин түзүшөт. Кендер келип чыгышы боюнча гидротермдик жана стратоформдук болуп экиге бөлүнөт. Кыргызстандын аймагында гидротермдик жол менен пайда болгон кендер кеңири таралган. Алар эреже катары металлдардын жогорку концентрациясы менен айырмаланат. Негизги таралган жерлери Талас Ала-Тоосунда: Кең-Шанык, Көркама, Ак-Таш Түндүк Кыргызстанда: Борду, Чолок-Терек, Темир-Төр-Булак; Чаткал кырка тоосунда: Сумсар, Кара-Үңкүр, Ак-Башат; Жыргалаң суусунун алабында: Эки-Чат, Чаар-Кудук жана Каркыра. Молибден-ванадий кендери Ортоңку Тянь-Шанда кеңири таралган. Ал кембрийдин көмүртектүү-чопо-кремнийлүү сланецтеринин сланецтеринин катмарларында да кездешет. Молибден, ванадий менен кошо рудаларда фосфор, коргошун, уран ж. б. жолугат. Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.













6.Адабияттар.

1.Кыргызстандын географиясы. Бишкек-2004.

2. Кадыркулов М.К. Кыргызстандын физикалык-географиясы.Бишкек-2012.

3. Низамиев А.Г.Ахмедов;Р.Ш.Низамиев;Р.Г. Кыргызстандын географиясы. Ош-2006

4.Wikipedia.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!