Дефис менен жазуу
Кайталанып айтылган сырдык сөздөрдүн араларына да дефис коюлат: Пай-пай-пай! Эмгек сүйгөн кишилер алп экенго!(Сыдыкбеков). Ха-ха-ха! Чүкө салган тулубум. Ташта, энеке! Кереги жок мунун (Турусбеков). Кобур-собур эткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс дабыштар Жапарга угулуп турду ( Баялинов).
Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис -ынчы, (-нчы) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин коюлат: 2020-жыл, 5-май, 11-класстын окуучусу, жыйналыштын 2-маселеси- эмгек тартиби жөнүндө.
Эскертүү: Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат: XIX кылымдагы орус адабиятынын тарыхы. Кыргыздардын XVI-XVII кылымдардагы экономикалык жана саясий абалы. Окуу жылынын III чейреги.
Иреттик сан атоочтордун ордуна N белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси келбейт, анткени N белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: N 69 орто мектеп, N 1 китеп кана ж.б.