СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты»

“Кылым карытар бир күн” романы жөнүндө 9 факты:



1.”Кылым карытар бир күн” романы 1980-жылы жарык көргөн.Чыгарма алгач ирет Москвада чыгуучу “Новый мир” журналына басылган.1981-жылы Кыргызстан басмасы,Молодая гвардия басмасы өзүнчө китеп кылып чыгарган.

2.Айтматовдун туңгүч романы.Буга чейин жазуучу он сегиз аңгеме,повесттерди жазып,19-чыгармасы “Кылым карытар бир күн”(“Бороондуу бекет”)романы болдц.

3.Роман төрт айда жазылган.Жазуучу чыгарманы 1979-жылы декабрдан баштап,1980-жылы март айында аяктаган.Т.а. алгачкы романын төрт айда жазып бүтүргөн.

4.”Чыңгызхандын ак булуту” повести- романдын уландысы.Жазуучу окурманды романда тагдыры белгисиз болуп калган каарманга-Абуталипке кайрадан жолуктурат.Автор каармандын тарыхын сенектик жылдардан кийиник мезгилде сүрөттөйт.Аны менен кошо Чыңгызхандын трагедиясы баяндалыа,дүйнөнү селт жттирген күч менен пенделик жашоону катар алып жүрүп отурат.

5.Кыргыз лексикасына жаңы сөздөрдү,сөз вйкаштарды киргизди:маңкурт,кабырчык,кабактуу,келжирбай,аяптоор,таманжырык,назилине,ире-ширеде,жүлгө,жалмыяр,маңгел,бөгөөлго,кабырстан,шүй,күй сөздөрдү.

6.Легендалар-Бегимай менен Раймалынын махабаты,Эне-Бейит жана маңкурт болуп кеткен Дөнөнбай тууралуу легендалар камтылган.Бул уламыштар автор тарабынан азыркы учурдун көйгөйлөрү менен түздөн-түз байланыштырылган.

Эне-Бейит-ата-бабанын мурасы,алардын денеси жашырылган жер.”Эне- Ата Мекендин башталышы,эне- бул эне тил,эне—бул эмчек сүт менен бирге жаралган абийир” деп жазат автор.

Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бегимайдын махаюатын берген.Автор легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү махабат сезими карылыгына крабай Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнолөрун алганын көрсөткүсү келген.

7.Чыгарма жараткан чыгарма.Романдын негтзтнде көркөм тасмалар-“Махабат дастаны”(реж.Дооронбек Садырбаев),”Найман эненин ыйы” же “Маңкурт”,”Бороондуу бекет”.Спектаклдер-“Чыңгызхандын ак булуту”,”Тайамам”,”Кылым карыткан бир күн” тартылган.

8.Чыгарма 50дөн ашык тилдерге которулган.Эдигей,Абуталип,Зарипа,Казангап баштаган каармандардын тагдыры,Раймалы менен Бегимайдын сүйүүсү,Дөнөнбай трагедиясы туурасында англис,немец,француз,кытай баштаган элуугө жакын элдер окуду.

9.Роман орточо эсеп менен 60ка чукул ирет басылган.Түркияда эле 10ирет чыкса,Европада 30га чукул,андан сырткары кыргыз,орус тилдеринде бир канча ирет басылган.

















Кылым карытар бир күн” романы СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.Ч.Айтматовдун бул романы өзүнүн идеялык-тематиалык багыты,сюжеттик-композициялык түзүлүшү боюнча “Гүлсарат” повестине жакын.

Танабай Гүлсары жорго менен акыркы сапарда баратып,күнү бүтүп,суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү эскерүүсү аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү планда өнүктүрүлсө,”Кылым карытар бир күн” романында да көпчүлүк окуялар Бороонду бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгында анын кесиптеш жакын жолдошу Эдигейдин эскерүүсү аркылуу баяндалат.Романда жазуучу алгач реалисттик сюжет менен катар фантастикалык сюжетти айкалыштырып,фантастиканы “мен муну жер турмушунун метафорасы катары көрсөткөм” дейт.Ошондой эле чыгармада миф,легенда,уламыштар жыш пайдаланылат.Чыгармада үч катмарлуу мезгилдик алкак:аалам баткан адамдын башы,Эне-Бейит коругу жана Жер планетасынын катышы,б.а.сюжеттик линияны шири кийгизилип,акыл-эстен ажыраган маңкурт Жоламандын башы,корукка алынган Эне-Бейит ж.б. жактагы цивилизация менен мамиле түзүүгө тыюу салынып,курчоого алынган жер планетасынын мейкиндик алкактарынын байланышы түзгөндүгүн көрөбүз.

Ошондой эле чыгарма көркөм ой жүгүртүүнун үч тибинин:мифологиялык-фольклордук,фантастикалык жана реалисттик синтезден турат.Романда сөз мейли байыркы Найман –эненин же Раймалы менен Бегимайдын тагдырлары жөнүндө баратабы,алыскы космостук станция же жердеги түлкү,ит,Каранар жөнүндө болобу-баарысы бир проблемага,Эдигейдин,б.а. адамдын азыркы доордогу тагдырына баш ийдирилген,бөлүнбөс бир бүтүн “организм” сыяктуу бир сюжеттик өзөккө,системага бириктирилген.Маселен,Эне-Бейит,бир чети ал кадимки эле Казангаптын сөөгүн коюу үчүн алып барган,өлгөндөрдү көмүүчү,кийин жабык зонага айлантылган жай;экинчи чети ал,ага байланыштуу айтылган легенда элдин өткөн тарыхынын эскерткичи,символу.Ал эми алардын сюжеттик-композициялык планда бирдиктүү пайдаланышынын натыйжада Эне-Бейит легендасы метафоралык мааниге ээ болгон.Эне-Бейит легендасында жуан-жуандардын туткундарды башына шири кийгизип,акыл-эсинен айрып маңкурт-кулга айланткан шумдуктуу иштери,Найман эненин уулу Жоламанды өз энесине кол көтөрүшүн шарттаган ширини кайгы-касирети баяндалган.Бул шири романдык сюжет өнүккөн сайын мезгилдик жактан берилип,мейкиндик масштабын улам кеңейткендиги байкалат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!