СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

                                 Тест                                  

  1. Тексттин бөлүктөрүнүн аталышы:

а) абзац, тема, идея.

б) ойдун башталышы, өнүгүшү, аякташы.

в) тексттин планы, аты, темасы    г) микро тема, аты, темасы.

      2) тексттеги ойдун өнүгүшү ... байланыштуу болот.

а) тексттеги ойдун, окуянын чиеленишине       б) окуянын улануусуна.

в) каармандарынын көбөйүшүнө,              г) жаңы абзац болгонуна.

     

     3) тексттеги сөздөрдүн кайталанышы... деп аталат.

а) кезектешүү же ыңгайлашуу                  б) карым –катнаш

в) орундуу жана орунсуз кайталоо          г) ээрчишүү

 

4) Сөздөрдүн орундуу кайталанышы көп кездешкен жерлери.

а) Жомоктордо       б) ыр түрүндөгү тексттерде.

в) илимий чыгармаларда    г) табышмактарда.

 

5) Кептин стили деген ...

а) тилдин колдонуш өзгөчөлүгү.

б) белгилүү максатка ылайык оозеки же жазма формада тилдин колдонулуш өзгөчөлүгү

в) көркөм адабияттын тили.

г) илимий адабияттардын тили.

 

6) Кептин негизги стилдери:

а) сүйлөшүү жана жазуу стили.     б) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

в) оозеки, жазуу, иш кагаз стили   г) көркөм, илимий, публицистикалык.

 

7) Стилдин түрлөрү:

а) илимий, көркөм, баяндоо, сүрөттөө.

б) илимий, көркөм, публицистикалык, офицалдуу-иштүү.

в) оозеки ,жазма

г) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

 

8) Кептин сүрөттөө тибине мүнөздүү стил.

     а) илимий,   б) иштиктүү, в) көркөм   г) жөнөкөй.

   

     9) Иш кагаздарына мүнөздүү белгилер:

     а)  ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү.       б) көркөмдүүлүк .

     в) эмоционалдуулук   г) тактык.

  

    10) Этиш сөздүн сүйлөмдөгү милдети:

    а) ээлик     б) баяндоочтук   в)  айкындоочтук  г) толуктоочтук.

 

    11) Чакчыл мүчөгө жак мүчө уланган этиштин келер чагы

а) –ган+ жак мүчөсү       б) –ып+ жак мүчөсү   в) –а+(й)+ жак мүчөсү.

 

12) Этиштин өзгөчө формалары:

а) ынгайлары, мамилелери, чактары:     б) жөнөкөй ,татаал, тубаса этиштер.

в) атоочтуктар, чакчылдар, кыймыл атоочтор.

г) этиштин жөндөлүшү жакталышы.

 

13) –ып, -а,(-й), -ганча,- гыча,- майынча мүчөлөрү менен уюшкан, чакты, жакты көрсөтпөстөн, негизги кыймыл аракеттин  кошумча кырдаалын туюндурган сөз түркүмү:

а) зат атоочтун көптүк саны,      б) этиштин жакталышы.

в) этиштин атоочтук формасы, г) этиштин чакчыл формасы.

 

14) Жаңылбас жаак болбос, мүдүрүлбөс туяк болбос.белгиленген сөздөрдү мүнөздөгүлө.

а) этиш      б) түшүндүрмө мүчө    в) атоочтук    г) затташкан этиш сөзү.

 

15) Кыймыл – аракетти  заттын белгиси катарында көрсөтүп, этиштик касиетке да, атоочтук касиетке да ээ болуп турган этиштин өзгөчө формасы:

а) атоочтуктар    б) чакчылдар  в) кыймыл атоочтор  г)  мамиле этиштер.

 

16) Атоочтуктардын этиштик белгиси :

а) баяндоочтук милдетти аткарат,   б) –са мүчөсу уланат 

 в) чакты билдирет, тескери –ба мүчөсү уланат.

г) ат атоочтук милдет аткарат.

 

17) Анын отурганын эч ким байкаган жок.Сүйлөмдө берилген атоочтуктун сүйлөм мүчөлүкт милдети.

а) аныктооч   б) баяндооч    в) толуктооч  г) бышыктооч.

 

18) Атоочтуктун заттык мааниде колдонулушу:

а) Көп жашаган адам билет.    б) Көптү көргөн адам билет.

в) Отургандар сууну көздөй басышты.  г) Арстан алганына кубанбайт.

 

19) Атоочтуктарды уюштурган мүчөлөр:

а) –ып, -а, -й   б) –ган, -ар, -бас.   в) –чу- чү,-са.    г) –чи,-на,-да.

 

20) Оң терс формада берилген атоочтуктоар:

а) баргандар, келгендер, жазгандар    б) отуруу- отурбоо, иштөө-иштебөө

 

21) Өткөн өмүр, качкан куш.Белгиленген сөз этиштин кайсыл өзгөчө формасы.

а) кыймыл атооч, б) чакчылдар  в) атоочтуктар   г) чакчыл түрмөк.

 

22) Сүйлөмдө чакчылдардын кызматы:

а) бышыктоочтук милдет аткарат.  б) кыймыл-аракетти билдирет, өзүнөн мурунку атооч сөздөздөрдү жөндөмөгө салып башкарат.

б) ээлик милдет аткарат   в) толуктап турат.

 

23) –ганча ,-гыча,-майынча мүчөлөру уюштурган этиштин өзгөчө формасы:

а) атоочтуктар.  б) чакчылдар   в) кыймыл атоочтуктар.

 

24) Өз максатыма жетмейинче окуганым окуган. Чакчыл этиштин өзүнөм мурунку сөздү жөндөмөгө салып башкарышы:

а) атооч жөндөмөдө     б) табыш жөндөмөдө   

в) жатыш жөндөмөдө г) барыш жөндөмөдө

 

25) Алар толуп кетишти. Чакчыл этиштин сүйлөм мүчөлүк милдети.

а) аныктооч    б) толуктооч     в) бышыктооч  г) баяндооч.

 

26) Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирген сөз түркүмү

а) зат атооч    б) этиш   в) тактооч  г) сын атооч.

 

27) Тактоочтун түрлөрүү:

а) мезгил, орун, максат, сыпат.

б) мезгил, орун, максат, сын-сыпат, сан-өлчөл.

в) жөнөкөй, татаал, тубаса, туунду.

 

28) Татаал тактоочтор:

а) быйыл, күзүндө, кечинде.  б) аз-аздан, колмо-кол, тез-тез.

в) жакыныраак, адамча, ошончо.

 

29) Анын мында келгенине көп убакыт болду. Сүйлөмдөгү орун тактооч.

а) анын   б) мында    в) көп    г) убакыт.

 

 30) Туунду тактооч:

 а) ылдам        б) бетме-бет     в) жазында     г) түнү бою

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!