СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы - Сырдык сөздөр

 

Сабактын максаттары

а) билим берүүчүлүк максаты: 

Сырдык сөздөр боюнча маалыматтарын тереңдетишет, жаңы

билимдерди алышат.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: 

Сырдык сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшүн  үйрөнүшөт. Алар

боюнча текст, сүйлөм түзө алышат. Сырдык сөздөрдүн орун тартиби боюнча

айта алышат. Ар түрдүү маанидеги сырдык сөздөрдү интонация менен окуй

алышат;

в) тарбия берүүчүлүк максаты: 

Бири-биринин оюн уга  билүүгө, эне тилин сүйүүгө  жана сабаттуу

жазууга машыгат.

          Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу…

  а) сырдык сөздөр боюнча билим алса;

  б)  сырдык сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшүн  үйрөнүшсө, алар

боюнча текст, сүйлөм түзө алышса, сырдык сөздөрдүн орун тартиби боюнча

айта алышса,  ар түрдүү маанидеги сырдык сөздөрдү интонация менен окуй

алышат;

  в)  бирин-биринин оюн уга билишсе, эне тилин сүйүп, сабаттуу жаза

алышса.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын жабдылышы: таблицалар, маркер, ватман.

Сабактын методу: интерактивдүү методдор

 

Сабактын жүрүшү: 

1) Уюштуруу 

2) Өтүлгөн теманы кайталоо. Yй тапшырмасын текшерүү

1)  Киринди сөз деген эмне?

2)  Киринди сөздөрдү катыштырып, мисал келтиргиле 

3)  Киринди сөздөрдү колдонууда (жазууга) кандай белгилер колдонулат?

4)  Киринди сөздөр катышкан сүйлөмдөр оозеки кепте кандай окулат?

Мугалимдин сөзү: 

-  Туура айтасыңар. Сүйлөмдүн тутумунда турса да, сүйлөм мүчөлөрү

менен грамматикалык жактан түз байланышпаган, б.а., алар менен

синтаксистик ээрчишүү, башкаруу, ыкташуу сыяктуу жолдор боюнча

байланышпаган жана  өзгөчө  интонация аркылуу айланасындагы сөздөрдөн

бөлүнүп обочолонуп турган, бирок айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн

ар кандай  мамилесин  билдирүүчү  модалдык мааниси бар сөздөр, сөз

тизмектери кездешет. Мындай сөздөр жана сөз тизмектери сүйлөмдүн

үчүнчү даражадагы мүчөлөрү кирет киринди сөз деп аталат.

    Андан соң классты үчкө бөлүп, тапшырма берүү.

1-топко Киринди сөздөрдү катыштырып, текст түзгүлө.

Киринди сөздөр: албетте, арийне, чындыгында, сөзсүз, кадиксиз, кандай

болбосун, балким, мүмкүн, сыягы, калыбы ж.б.

1-  топко  текст берилет, ошол тексттин тыныш белгилерин тууралап

коюшат. Киринди сөздөрдү табышат.

Текст:

Бүгүн алыскы тоолуу аймактарга саякатка чыгабыз. Аба-ырайы да,

бактыга жараша, абдан сонун экен.  Чынында,  мындай аба-ырайында

экскурсияга чыгуу, жаратылыштын кучагында болуу бир керемет эмеспи.

Сыягы  бул саякаттан кеч келчүдөйбүз. Баары тең  ойдогудай, жадагалса

атам жүргүнчү  ташуучу унаасын айдоого уруксат алдым,  оңдой берди

болуп.

2-  топ  Киринди сөз сүйлөмдүн ортосуна, аягына, башына келген текст

түзгүлө.

Болжолдуу түрдө төмөнкүдөй текст түзүшөт.

Болжолдуу түрдө  ошондо бештер чамасында  болчу. Чынын айтканда,

атамдын ошондо кетип бара жатышы мага да сырдуу сезилген. Апам болсо

бетин жаап ыйлаган сыягы ошондо эле атамдын келбетинин билген

окшойт. Атам дайым бир жактан келгенде оюнчук, болду-болбоду, конфет

ала келчү. Мен атамды дайым жүрөгүмө сактарым кадиксиз.

 

       Сабактын кийинки бөлүгүндө  мугалим киринди сөздөр тууралууу

кыскача жыйынтыктап, жаңы тема ‹‹Сырдык сөздөр›› жөнүндө  болорун

баамдап, Т-1 таблицаны илет.

Жаңы тема:

  1-таблица

 

Сырдык  сөз

Айтуучунун  сүлөмдөгү ойго карата ички сезимин, ички мамилесин кабарлоочу   сөздөр сырдык сөздөр деп аталат.

 

Мисалы: Бах! Ысык-Көлдүн суусунун да, абасынын да тазалыгы кандай.

Сырдык сөздөр заттын, окуянын, же кыймыл-аракетинин

атын билдирүүчү сөздөр эмес, алар тек гана: сүйүнүч , өкүнүч, ыраазылык,

жек көрүү, чочугандыкты, кабарлоочу сигналдык  сөздөр болуп саналат.

Сырдык сөздөр: апей,баа, а! э! и! о! мо-мо, баракелде, өш, ботом,

катыгүн, ай-ий, ой, кокуй, рахмат, аттиӊай, чү-чү, ой, кокуй, ой, чык, мый-мый ж.б.

 

   Сырдык сөздөр өзү катышып турган сүйлөмдүн тутумундагын башка 

сөздөр менен грамматикалык байланышта болбогону менен, бүтүндөй

сүйлөмдүн мазмуну, же ал сүйлөмдөгү  белгилүү  бир сөздүн, сөздөрдүн

тобунун мааниси менен байланышта болот.

М.: Аттиңай, комбайнын айдап, Касым эгинге кирсе кана.

Сүйлөмдөн сырдык сөзү кайсы?

Окуучулар: - Аттиңай.

         Ушул силер айткан ‹‹аттиңай›› тутумунда дагы башка сөздөр менен

грамматикалык жактан байланышпайт. Ал эми маани жагынан байланышын

өкүнүү, кайгыруу маанисиин билдирет.

Окуучуларга суроо берүү: 

           -  Сырдык сөздөрдөн тышкары  сүйлөмгө  мүчө  боло албаган дагы

кандай сөздөр бар?

Окуучулар: каратма, киринди сөздөр.

            -  Туура айтасыңар,  сырдык сөздүн  да булар сыяктуу сүйлөмдөгү

жайгашкан орду эркин.  Жайгашкан орду эркин дегенди кандай

түшүнөсүңөр?

Окуучулар:

             - Сырдык сөз сүйлөмдүн ортосуна, аягына, башына келе берет.

Бирок ошондой болсо да, тилдин материалдарына караганда, сырдык сөздүн

кадыресе көндүм болгон орду бар. Анын сүйлөмдүн башталышында

ортосунда жана акырында орун алуусунда интонация жагынан да,

маанисинин кеңейишин жана бошоңдошу жагынан да айырмачылыктары

бар. Кадыресе көндүм болгон орду: 

            Сырдык сөз сүйлөмдүн эң акырынан орун алган учурлар да кездешет.

Бул  сырдык  сөздүн толук көндүм болбогон орду болуп саналат. Мында,

тескерисинче, сырдык сөздү чечмелөөчү сүйлөм башында келип, сырдык сөз  

аягына келет.

 

           Мисалы: Бул тыкчыңдаган кандай келин эле э, ботом?

           Сырдык сөздүн сүйлөм ортосунан орун алган учуру сейрек кездешет.

Бул багытта орун алуу да  сырдык  сөздүн кадыресе толук көндүм болбогон

орду болуп саналат.  Мисалы:Ишенген келиндерибиз ушинтип отурса,

ботом, жумуш качан бүтөт? 

 

2-таблица 

 

IСырдык сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшү.

 

Сырдык сөздөр сүйлөөчүнүн ар түрдүү ички сезимин, анын айлана-

чөйрөгө, тыӊдоочусунун кыймылына, сөзүнө карата болгон

мамилесин билдирет.

1.  Кубануу, ыраазы болуу: бах,ох ж.б.

                      М.: Бах,тынчтык заманда суу да кандай тунук агат!

2. Кубаттоо, мактоо: бай-пай, бали.

М.: Пай-пай, эмгек сүйгөн кишилер алп экен го!

3. Таӊ калуу маанисинде: капырай, ботом, ой тобо

М.: Ботом, сен келдиӊби?

4.Өкүнүү, кайгыруу, кейүү: аттиңӊ ай, ий, ай.

М.: Олдо айланайын балам ай, балалуу өрдөктүн айбаты эмес эле

шаӊдуу куу турбайбы.

 

 

3-таблица

 

II. Сүйлөөчүнүн кеби кимди көздөй айтылганына жараша эрктик мамилени

билдирүүчү сырдык сөздөр адамга жана айбанга карата айтылуучу болуп өз

араэкиге бөлүнөт:

I. Адамга карата айтылуучу сырдык сөздөр. Бул топко кирген

сырдык сөздөр: буйруу, тактоо, талап кылуу, сооротуу, тыюу салу, чакыруу

Адамга карата айтылуучу сырдык сөздөр аз

Тек-кандайдыр бир жакпаган ишти иштөөгө тыюу салуу маанисинде колдонулат:

М.: Тек,чукулашпай тынч отургула!

Же – кандайдыр бир жакпаган ишти иштөөнү токтотуп, жетишет деген

мааниде колдонулат.

М.:Ушул же жетишет, же калпты чактап суйлөсөң боло.

Алдей-алдей –баланы сооротууда колдонулат.

М.: Алдей-алдей, ак бөбөк,ак бешикке жат бөбөк.

Айда – бир нерсени иштөөгө чакырууну билдирет:Айда, кеттик!

 

 

4-таблица                 

 

2. Адамдынайбанатка карата болгон эрктик мамилесин билдирүүчү сырдыксөздөр. Мындай  сырдык  сөздөр  айбандарды кандайдыр бир кыймыл-аракетти үндөө, же аларды чакыруу,тынчтыкта  кармоо  максатында  колдонулат. 

а) Айбандардычакыруу, жакын келтирүүмаксатындаайтылуучусырдыксөздөр:

Жылкыны чакыруу  Кыруу - кыруу

Койду чакыруу  Кыроой - кыроой

Эчкини чакыруу   Чүчү - чүчү

Мышыкты чакыруу  Мый -мый

Атты жемге чакыруу  Мо – мо, бо - бо

Тоокту чакыруу  Түтү - түтү

Тооктун балапандарын жемге

чакыруу

Чыйпы - чыйпы

Күчүктү чакыруу

Күчү - күчү

 

Кушту чакыруу   Бөпү - бөпү

б) Айбандарды айдоо, чочутуу максатында колдонулуучусырдык сөздөр

уйду;өш-өш,атты : чү-чү, койду:  кош-кош, идти:  чык!

 III. Турмуш-тиричиликте колдонулуучу сырдык сөздөр.

Бул топко кирүүчү сөздөр адамдын турмуш-

тиричилигинде ар кандай шарттарда колдонулат.

 

        М.: Ассаламуалейкум! – Ваалейкумассалом. Кайыр! Кош! Рахмат

Ылаппай! 

 

 

    Көп маанилүү сырдык сөздөр! –а!, э!, и!, ай!, ой!, эй!, ий!, ту!, баш!,

баракелде!, ботом!, чиркин!,ж.б.

Булардын ичинен ‹‹а›› дегн бир эле сырдык сөз: кекетүү коркуу чочуу шылдыӊдоо

мактоо  

 

 

Классты үчкө бөлүп,тапшырмаларды берүү.

1-топ    34 беттеги  70-көнүгүү 

2-топ    35 беттеги  72-көнүгүү

3-топ    36 беттеги  73-көнүгүү

 

Окуучуларга өз алдынча тапшырмаларды берүү:

1-  тапшырма.

1-топ   Сырдык сөз башына келген сүйлөм түзгүлө.

2-топ   Сырдык сөз ортосуна келген сүйлөм түзгүлө.

Сырдык сөзгө коюлуучу тыныш белгилери

Сырдык сөз сүйлөмдүн  башына келсе,өзүнөн кийин үтүр коюлат.

Сырдык  сөз сүйлөмдүн ортосуна келсе, эки жагынан үтүр коюлат.

Сырдык сөздөр күчтүү сезим менен айтылганда, үтүрдүн ордуна илеп белгиси

коюлат.

Сырдык сөз сүйлөмдүн аягына келсе, үтүр белгиси андан мурун коюлат.

 

3-топ   Сырдык сөз аягына келген сүйлөм түзгүлө.

 

2-  Тапшырма.

1 топ.  2-топтун сырдык сөз ортосуна келген сүйлөмдү  алып, башына

келтирип, кайра түзүү.

2 топ.  1-топтун сырдык сөз башына келген сүйлөмүн алып, сырдык сөздү

ортосуна келтирип түзүү.

3 топ. 2-топтун ортосуна келген сүйлөм. 

 

3-  Тапшырма.

1.  Суктануу иретиндеги сырдык сөздөрдү катыштырып, текст түзгүлө.

2.  Кайгыруу иретиндеги сырдык сөздөрдү катыштырып текст  түзгүлө.

3.  Таңгалуу иретиндеги сырдык сөздөрдү  катыштырып, сүйлөм түзгүлө

(интонация менен окуу).

 

4-тапшырма

1-топко: Адамдарга карата айтылуучу сырдык сөздөрдү катыштырып, текст

түзүү.

2-топко:  Адамдын айбанатка карата болгон эрктик мамилесин билдирүүчү

сырдык сөздөрдү катыштырып, текст түзүү.

3-топко: Турмуш-тиричиликке колдонулуучу сырдык сөздөрдү катыштырып,

текст түзүү.

4-тапшырма (диалог берүү)

I топ: 

- Саламатсызбы?

- Оо, кайрадан сизби?

-Ооба, менмин.

-А-а, сиз кайда бара жатасыз?

-Бах, кандай сонун аба-ырайы, анын үстүнө жаз мезгили. Муну көрүп, үйдө

олтура албадым, ошондуктан сейилдегени чыктым.

- Бах, сиз жаратылыш менен ушунчалык тыгыз экенсиз.

-Ооба, ушул көрүнүштү сүрөтчүлөр боек менен чагылдырса, мен аны сөздүн

гүлүн тандап чагылдырам ( көркөм окушат).

 

II топ

Кеч курун. Мал кезүүдөн кайткан учур.

-Ээ, Аскат! (чакыруу).

-Апей, сага эмне болду мынчалык күйүгүп?

-Көрбөй тургансып сурайсың да, ботом. Тээ ары жактагы кызыл ат биздин

 

жылкы, ошону кармай албай жатам.

- Ай-ий-да бир топ узап кеткен экен. Жүр анда, кармашайын.

 

III топ. 

Кичинекей Рамия куурчагы менен ойноп отурат: 

- Алдей-алдей ак бөбөк, ак бешикке жат бөбөк.

Ары жактан апасы келет:

-Ээ ботом, дагы эле ойноп жатасыңбы?

-Ий апа, кичине ойной турайынчы.

Аңгыча эшиктен жыла басып, Рамиянын мышыгы келди.

Рамия:

    -Мый-мый, мышыгым менин,  -  деп эркелетип кирди. Апасы аны көрүп

элжиреп кетти. Жалгыз тиреги ушул кыз эмеспи.

 

Сабакты жыйынтыктоо:

 Кана, балдар, бүгүн эмнени үйрөндүңөр?

Ѳтүлгөн тема боюнча кластер түзүп, жыйынтыкташат.

Үйгө тапшырма берүү

Окуучулардын билимин баалоо

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!