Просмотр содержимого документа
«Геометриянын элементтери»
Сабактын темасы: «Тик бурчтуктун аянты жана периметри»
Сабактын максаты:
аянт жана периметр түшүнүктөрүн киргизүү;
аянт жана периметрдин формулалары менен иштөөнү үйрөнүү;
тактыкты, предметке болгон кызыгууну тарбиялоо, көз карашты кеңейтүү.
достук мамиледе болуу, ɵз ара текшерүүнү жана топто иштөөнү үйрөнүү.
Бардык бурчтары тик болгон төрт бурчтук тик бурчтук деп аталат. Тик бурчтун чоңдугу 90 болгондуктан, тик бурчтуктун бурчтарынын суммасы 360 барабар: 90 + 90 + 90 + 90 = 360.
b
a a
Эскертүү
Көп бурчтуктардын бурчтары жөнүндө айтканда, алар ээ бол-гон бурчтардын градустук мааниси жөнүндө айтылат. Мында көп
16
бурчтуктун тиешелүү жактарын бурчтарды түзүүчү шоолалардын бөлүгү катары карайбыз.
Тик бурчтуктун жактары узундугу жана туурасы деп аталат.
Ошондой эле негизи жана бийиктиги деген аталыштар дагы колдонулат.
Бардык жактары барабар болгон тик бурчтук квадрат деп аталат.
Көп бурчтуктун жактарынын узундуктарынын суммасы периметр деп аталат. Тик бурчтуктун периметри P төмөнкүгө барабар:
P = a + b + a + b = 2a + 2b = 2 (a + b).
Тик бурчтуктун аянты, анын узундугу менен туурасынын көбөйтүн-дүсүнө барабар, башкача айтканда негизи менен бийиктигинин көбөй-түндүсүнө барабар: S = ah, мында а – негизинин узундугу, h — бийик-тиги, S – аянты.
Маселе
Тик бурчтуктун негизи 5 смге барабар, ал эми бийиктиги негизинен
Периметрин жана аянтын аныктагыла.
Чыгарылышы
Тик бурчтуктун бийиктиги төмөнкүгө барабар: 5 см + 2 см = 7 см.
Ошондуктан, периметр: 5 см + 7 см + 5 см + 7 см = 24 см;
аянты: 5 см · 7 см = 35 см2 (см2 белгисинин мааниси квадраттык сантиметр).
Бышыктоо
Окуу китептеги тапшырмаларды аткаруу.
IV. Ɵз алдынча иштөө
Тапшырманы аткаргыла.
Таблицаларды керектүү сандар менен толтургула.
| Квадрат | | | Тик бурчтук | |
| | | | | | | | | |
a | 7 | | | | a | 3 | 4 | | |
| | | | | b | 5 | | 3 | |
S | | 25 | | |
| | | | | | | |
| | | S | | 24 | | |
| | | | | | | |
P | | | 12 | | |
| | | | | | | |
| | | P | | | 20 | |
| | | | | | | | | |
V. Ɵз ара текшерүү
Парталашыңардын чыгарылышын текшергиле.
17
VI. Сабакты жыйынтыктоо. Үй тапшырмасы.
Сабактын темасы боюнча балдарга кыска суроолорду берип, кыска жооп талап кылгыла.