СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

География боюнча методикалар

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаш мугалимдерге география боюнча  методикалар

 

Просмотр содержимого документа
«География боюнча методикалар»

ГЕОГРАФИЯ 


2009-2010-окуу жылында география предмети учурда окутулуп жаткан программалардын жана окуу китептердин негизинде окутулат. Бирок азыркы учурда стандарттар, окуу программалары өзгөртүлүп кайрадан окутуунун компетенттүүлүгүнө багытталып түзүлүүдө. Мындай өзгөртүүлөр география предметин окутууда эң биринчи кезекте окутуунун натыйжалуулугун көздөп, окуучунун продуктивдүү окуу эмгегин жогорулатууга талаптарды коет. Бул талаптарды аткарыш үчүн төмөндөгү көрсөтүлгөн иш-аракеттерге көбүрөөк басым жасалышы зарыл. Алар: география предметинин ар бир курсунун мазмунунда окутуунун практикалык багытынын басымдуулук кылышы; географиялык окуу материалын окуп-үйрөнүүдө жергиликтүү материалдар менен салыштырып, конкреттүү мисалдардын негизинде окуучуларга жеткирүү; жаратылыштын жана коомдун өнүгүү процесстеринде тарыхый-географиялык билимдердин чагылдырылышы; "жаратылыш-адам-коом-айлана чөйрө" системасындагы байланыштардын тыгыз байланышта каралышы ж.б.
Географияны мектепте окутуу процессин жана окутуунун жыйынтыктарын талдап көрсөк окуучулардын билимдеринин базалык деңгээлден 81,8% ("Окуучулардын окуу жетишкендиктеринин улуттук баалоо боюнча отчету, 2008-ж.") төмөн болгондугу ойлондурбай койбойт. Ушул жогоруда көрсөтүлгөн документте окуучулардын география предмети боюнча Жердин географиясы боюнча элестөөлөрдүн, өзүнүн крайы жөнүндөгү билимдердин эң төмөндүгү, план, карта менен иштей албагандыгы, Кыргызстандын климатынын эмнеден көз карандылыгы экендигин билбестиги менен түшүндүрүлөөрү айтылган. Окутуунун мындай абалы предмет боюнча окуу-методикалык комплекстеринин жетишсиздиги, окуу каражаттарынын жоктугу, мугалимдердин социалдык-материалдык жашоо шарттарынын төмөндүгү жана башка ушул сыяктуу көйгөлүү маселелер окуу процессине өз таасирин түздөн-түз тийгизээри баарыбызга белгилүү. Бирок жогорудагы айтылган көйгөйлүү маселелер мамлекеттик деңгээлде чечилип, мамлекеттин түздөн-түз кызыкчылыгында болгондо гана чечилээри шексиз. Мындай учурда окуу процессинде бир гана мугалимден да көз каранды болуучу факторлор бар экендигин эсибизден чыгарбасак. Ал факторлордун эң негизгилердин бири болуп сабактын планын пландаштыруу жана сабактын натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Сабактын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн анын структуралык элементтерин (максаты, мазмуну, окутууну уюштуруунун формалары, каражаты, жыйынтыгы) ырааттуулугунун дидактикалык жактан камсыз болушу зарыл. Бул элементтердин эң негизгиси болуп сабактын максатынын так, даана, реалдуу пландаштырылышы болуп эсептелет. Анткени көпчүлүк учурларда сабактын планы декларативдүү, формалдуу, жогору жактагы мектептин администрациясы үчүн пландаштырылган сыяктуу болуп калганын жашырбай эле айтсак болот. Мындан сырткары дагы бир айтып кетчү нерсе көпчүлүк учурларда мугалимдер окуу программасын сабакты пландаштырууда пайдалана алышпайт же пайдалангылары да келишпейт. Сабактын планын пландаштыруу жеңил болушу үчүн окуу программасынын негизинде түзүлүүчү календарлык-тематикалык планды кененирээк жана тагыраак түзүлүшү зарыл. Ал үчүн календарлык-тематикалык пландын төмөндөгүдөй формасын сунуш кылабыз:
Окутуу процессинде окутуунун традициялык усулдары менен бирдикте эле окутуунун жаңы формаларын жана ыкмаларын айкалыштырып окутуу окуучулардын ой-жүгүртүү процесстерин активдештирип, алган билимдердин наркын жана баалуулук экендигин тактайт. Ал ыкмалар проблемалык, модулдук, лекция-семинардык, белги-моделдик окутуу ж.б. болушу мүмкүн. Жогорудагы жана башка окуу процессинде колдонулуп жаткан педагогикалык технологиялар инсанга багыттап окутуунун негизги жоболорун ишке ашырат жана окутуунун мүнөзү окуучунун кызыкчылыгына жана пайдасына иштейт. Сабактын ар бир формалары жана ыкмалары окуучулардын билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптаныш максатын көздөш керек. Анткени көпчүлүк учурларда теориялык билимдер окуучунун кийинки жашоосуна кереги жоктой сезилип калып жатпайбы. Ошондуктан окуучуларга берилүүчү тапшырмалар окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүүчү долбоорлоо, моделдештирүү, алдына алып айтууга карата түзүлүшү зарыл. Ошондой эле география предметин окутууда эң башкы билгичтик бул картографиялык билгичтик болуп эсептелет. Демек окуучуларды картографиялык көндүмдөргө үйрөтүүчү атайын сабактарды уюштуруу географиялык ченөөлөргө, сүрөттөп жазууга, аныктоого, себеп-натыйжа закон ченемдүүлүктөрдү түшүндүрүп берүүгө уюштурулушу зарыл. 
Окутуунун сапатынын дагы бир төмөндөшүнүн себеби болуп окуучулардын практикалык иштерди аткаруудагы кыйынчылыктары болуп эсептелет. Анткени көпчүлүк учурларда окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн бышыктоого жана алган билимдерин калыптандырууга сабак учурундагы убакыт жетишпейт. Ошондуктан окуучуларга практикалык тапшырмасын натыйжалуу аткаруу үчүн окутуунун алдына коюлган милдеттеринин негизинде методикалык жактан негизделип, мазмуну жагынан системалуу, көлөмү жагынан рационалдуу болууга тийиш. Практикалык иштин мазмуну жаңы өтүлгөн сабактын мазмунунун логикалык уландысы болушу керек. 
Мугалим окуучуларга практикалык иштин тапшырмасын конкреттүү түшүндүрүп, кандай жыйынтык, натыйжага жетишээрин айтуусу зарыл.
Мына ушундай жогоруда айтылган сунуштарды аткаруу үчүн мугалим өзү географиялык жана методикалык билимдерге ээ болгон убакта гана өз натыйжасын берет жана окуучулардын билим сапатынын жогорулашына көмөкчү болот деген ойду айтмакбыз. 
Август кеңешмелеринде география мугалимдеринин секциялык жыйындарында окуу материалдарын тематикалык пландаштыруунун жаңы ыкмаларына, окуу процессинде жаңы педагогикалык технологиялардын пайдалануу жыйынтыктарына, географиянын мектептеги ар бир курсун окутуудагы келип чыккан педагогикалык проблемаларга, мугалимдердин билимдерин жогорулатуунун маселелерине, окуучулардын предмет боюнча окуу-методикалык комплекс менен камсыз болушуна жана башка тематикалар менен өтсө болот.


Сунуш кылынуучу окуу китептер: 
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн: 
1. Герасимов Т.П. и др. Физическая география. 6 кл.1996., "Просвещение".
2. Сухов В.П. Физическая география. 6 кл. 1996., "Просвещение".
3. Коринская В.А.и др. География материков и океанов. 7 кл., "Просвещение".
4. Крылова О.В. и др. География материков и океанов. 7 кл.1995., "Просвещение".
5. Бакиров Н.Б. и др. "География Кыргызской Республики". 1992. (8-9 кл.).
6. Максаковский В.П. Экономическая и социальная география мира. 10 кл.1995. "Просвещение".
7. Мамедов Н.М. Основы общей экологии. 9-11 кл. М., 1996.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн. 
1. Максимова Н.А. Физикалык география. 6-кл. Бишкек 2001.
2. Токомбаев Ш., Бакиров Н.Б. Физикалык география. 6-кл., Бишкек, 2001.
3. Коринская В.А. Материктердин жана океандардын географиясы.7-кл. 2001
4. Кадыркулов М. Материктердин жана океандардын географиясы. 7-кл.,Бишкек, 2005.
5. Бакиров Н.Б., Исаев А.И., Осмонов А.О. Кыргыз Республикасынын географиясы. 9-кл. Бишкек, "Кыргызстан", 1998.
6. Бакиров Н.Б. Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы. 10-кл., Бишкек, "Шам" 1999.
7. Осмонов А. Геоэкологиянын негиздери. 11-кл. Бишкек, "Шам", 1999.


1. Окутуунун активдүү методдору менен формаларын колдонгон педагогикалык технологиялар: оюн технологиялары, проблемалык окутуу, өстүрүп-өнүктүрүп окутуу технологиялары, программалык окутуу технологиялары, интерактивдүү окутуу, окутуунун компьютердик технологиялары, модулдап окутуу, окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирип окутуу ж.б. 

2. Адептивдүү педагогикалык технологиялар: түрдүү деңгээлин карап окутуу; окутуунун жекелештирилиши; вальдоф педагогикасы; суггестивдүү технологиялар; окутууга аудиовизуалдык мамиле кылуу; адептивдүү мектеп (Е.Ямбург), мектеп-парк (Балабан); агромектеп (А.Католикова) ж.б.

3.Окутуунун автордук мектеби катары сунуш этилген педтехнологиялар: Ш.А.Амонашвили, Е.И.Ильин, С.Н.Лысенкова; Никитиндердин үй-бүлөлүк тарбиялоо системасы; В.Ф. Шаталов ж.б. (Коротаева Е.В. Обучающие технологии в позновательности школьников: Библ. журнала «Директор школы // 2003, № 2, 21-22-б. 

Барнаул шаарынан А.В.Петров ХХ кылымдын соңунда Россияда саясий, социалдык, экономикалык тармактарда гана кризис болбостон, билим берүү тармагында да олуттуу кризис болгондугун айтып келип, азыркы учурда мектептер жана ЖОЖдо төмөнкүдөй технологияларды практикага активдүү киргизип жаткандыгын белгилейт:


  • ^ Проблемалык окутуу. Анын маңызы, максаты үйрөнүп жаткандын алдына бара-бара жана атайын максат менен билимди активдүү өздөштүрүү үчүн таанып билүүчү милдеттерди коюп баруу; билим берүүнүн максатына жетишүү үчүн изденүүчү методдорду жана таанып билүүчү милдеттерди коюунун механизмдерин колдонуу;


  • ^ Концентирленген окутуу. Анын маңызы, максаты - билим блокторун бириктирип окуу менен предметтерди терең өздөштүрүүгө аракет кылуу, мында максатка жетүүнүн башкы жолу - үйрөнүүчүнүн иш жөндөмдүүлүгүнүн динамикасын өстүрүүчү ыкмаларды колдонуунун механизмдерин пайдалануу;


  • ^ Модулдук окутуу. Өз алдынча окуу программасы менен үйрөнүүчүнүн жекече ишмердигин өнүктүрүшү. Анын максатка жетүү механизми – окутуунун индивидуалдуу темпи жана проблемалуу мамиле. 


  • Өнүктүрүп - өстүрүүчү окутуу. Мунун маңызы- үйрөнүүчү адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүгүнө жана анын реализацияланышына негизденип билим берүү. Максатка жетүү механизми - үйрөнүүчүнү ар кандай ишмердүүлүктүн түрлөрүнө салып, максатка алып баруу.


  • ^ Дифференцирлеп окутуу. Анын маңызы - үйрөнүүчүнү жалпыга милдеттүү стандарттан төмөн түшүп кетпеген ар түрдүү пландалган денгээлдеги программалык материалдарды окуп үйрөнүү. Максатка жетүү механизми - индивидуалдуу окутуу методдорун колдонуу. 


  • ^ Активдүү окутуу. Анын маңызы- келечектеги адистин ишмердүүлүгү үчүн предметтик жана социалдык мазмунду моделдештирүү. Максатка жетүү механизми - активдүү окутуунун методдору. 


  • ^ Оюнга негиздеп окутуу. Анын маңызы - билим берүүчү маалыматтарды издеп табуу, иштеп чыгуу жана өздөштүрүү ишмердүүлүгүнө багытталган жумуштарды өз алдынча ишке ашыруу. Максатка жетүү механизми - үйрөнүүчү чыгармачылык ишмердүүлүккө тартуу үчүн оюн ыкмаларын колдонуу» [72].

Лекция – ЖОЖдо окутуунун методу да, формасы да болуп эсептелет. Окутуунун методу катары илимдин мазмунун оозеки түрдө ырааттуу, системалуу баяндайт. Лекциянын көптөгөн түрлөрү бар: жалпы системалуу курс, киришүү, обзордук, атайын курс ж.б. ЖОЖдун педагогикасында лекциянын сапатын баалоонун критерийлери катары төмөнкүлөр белгиленген :


  • Студенттердин катышуусу;


  • Көпчүлүктүн аны жазышы;


  • Мазмунунун 


    1. идеялык багыты;


б) деңгээли;

г) татаалдыгы;

д) конкреттүү мисалдар менен коштолгондугу;


  • Студенттерди ойлонууга түрткөн суроолордун берилиши;


  • Айтылган материалдардын далилденгендиги;


  • Аудиториянын деңгээлинин эске алынышы;


  • Лектордун жүрүм-туруму;


  • Окутуучу менен студенттин мамилеси;


  • Аудиторияны башкаруу. [ 51,148-б.]


Лекциянын план, структурасы, критерийлери туура сакталып өтүлгөн төмөнкү лекция биз тандап алган лекциянын түшүндүрүп- иллюстрациялап өтүлгөн түрүнө жана ЖОЖдо окутуунун негизги түрү болгон лекция формасынын жалпы жоболоруна туура келип, студенттердин жаңы билим, көндүм, адаттарга ээ кылууда көздөгөн максатты ишке ашырмакчы.

География   сабагында сабакка даярдануу     жолдору.

 Азыркы мезгилде коомдун өсүп өнүгүшү, мугалимдерден жогорку денгээлдеги  окутууну талап кылууда, ар бир предметтин илимийлүүлүгү  компетенттүүлүгүн гана карабастан оптималдуу  жолдорун издөө   тапшырмасын максат кылат.Учурдагы мезгилдин талабына  мугалимдердин тузгөн календарлык планы азыркы шартка  жооп бере албайт.Себеби анда сабактын темасы,сааты мөөнөтү,көрсөтмө куралдар колдонулган адабияттар жана үй тапшырма деген гана бөлүкчөлөрдөн турат.

      Сабакка күндөлүк план жазууда  календарлык план эң чоң ролду  аткарыш керек.Себеби мугалим түзгөн күндөлук планда, жазылган сабактын максаты  жана милдеттери туура жана так  аткарылыш керек.

  Максат деген бул алынган жыйынтык.

1.Билим берүү (айрымалай алышат) Окуучулар эмнени билиш керек.

2.Өнүктүрүүчүлүк  (берилген темадагы маалыматты билет)Окуучулар эмнеге машыгуулары тийиш.

3.Тарбиялык мааниси:(калыптанат)Практика жүзүндө аткарыш керек.

       Күндөлүк сабактын планын жазууда, мен өзүмө ыңгайлуу болуш үчүн календарлык планга төмөндөгүдөй графаларды коштум.

Сабактын темасы

Сааты.

Мөөнөтү

Окуучулар эмнеге машыгуулары тийиш

Окуучулар эмнеге машыгуулары тийиш

Практикалык иштер

Көрсөтмө куралдар жана колдону-н материал-дар

 Үй тап-шыр-ма.

Теги: География, Жунушалиев, Касымкул, Сабырбек, Талас.Нанаев, атындагы, мектеп, мугалими, орто

география сабагын кантип окутабыз?
2007-2008-окуу жылында мектепте географияны окутуу өткөн окуу жылындагы стандарт, программа жана окуу китептердин негизинде жүргүзүлөт. Бул нормативдик документтерде жана сунуш кылынуучу окуу китептеринин мазмуну азыркы учурдун талабына ылайык келген инсанга багытталган принциптерин көздөйт. Ал принциптер окуучулардын окуу процессинде алган билимдерин окуучулардын практикалык ишмердүүлүгүнүн фундаменти, б.а. билимдер дайыма аракетте болушуна багытталган. Азыркы учурда география предметинин мугалими окуучуларга даяр эле билимди берип тим болбостон, окуучулардын алган билимдерин күнүмдүк турмуш тиричилигине керек болгудай кылып калыптандырышында. Демек, биздин күнүмдүк жүргүзүп жаткан сабагыбызда мектеп географиясынын практикалык багытына басым жасоо дегенди билгизет.
Мындай окутуунун практикалык багытталышы мугалимдер арасында тааныштай эле көрүнөт. Анткени бул багытта көпчүлүк мезгилде мугалимдер практикалык сабактын сааттарын көбөйтүп койсок эле болот деген түшүнүктөр менен ойлонуп алышат.
Бүгүнкү күндө географияны практикалык багытта окутуу - бул жөн эле педагогикалык жана методикалык категория эмес, географиялык билимдерге жана билгичтиктерге ээ болуп, аны күнүмдүк жашоодо колдонууну камтыган окутуунун принциби. 
Бул принципти эки жол менен ишке ашырса болот:
1. Практикалык иштердин тапшырмаларын стандарттын, программалардын талабына ылайык даана, так пландаштыруу.
2. Окуу материалынын мүнөзүнө ылайык сабактын ыкмаларын, формаларын иштеп чыгуу.
География предметинин практикалык багытталып окутулушу төмөндөгү билгичтик, көндүмдөрдү калыптандырууга багытталышы зарыл:
- объектилердин жана кубулуштардын өзгөчөлүү белгилерин жазууга, түшүндүрүүгө, бөлүп алууга;
- географиялык маалыматтарды ар кандай билимдердин булактарынан табууга жана талдоого;
- географиялык маалыматтарды берүүчү булактардын негизинде географиялык мүнөздөмө түзүүгө;
- жердин, объектинин багыттарын жайгашуусун, бийиктигин, аралыгын аныктоого;
- жаратылыштын компоненттеринин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоо үчүн приборлорду, инструменттерди пайдалана билүүгө.
Окутуунун жыйынтыктары мектепте географиялык билим берүүнүн стандартында "баалоо", "прогноздоо", "аныктоо", "түшүндүрүү", "атоо" деген рубрикада берилген.
Окутуу процессинде окутуунун традициялык усулдары менен бирдикте эле окутуунун жаңы формаларын жана ыкмаларын айкалыштырып окутуу окуучулардын ой-жүгүртүү процесстерин активдештирип, алган билимдердин наркын жана баалуулук экендигин тактайт. Ал ыкмалар проблемалык, модулдук, лекция-семинардык, белги-моделдик окутуу ж.б. болушу мүмкүн. Жогорудагы жана башка окуу процессинде колдонулуп жаткан педагогикалык технологиялар инсанга багыттап окутуунун негизги жоболорун ишке ашырат жана окутуунун мүнөзү окуучунун кызыкчылыгына жана пайдасына иштейт. Сабактын ар бир формалары жана ыкмалары окуучулардын билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптаныш максатын көздөш керек.
Август кеңешмелеринде география мугалимдеринин секциялык жыйындарында окуу материалдарын тематикалык пландаштыруунун жаңы ыкмаларына, окуу процессинде жаңы педагогикалык технологиялардын пайдалануунун жыйынтыктарына, географиянын мектептеги ар бир курсун окутуудагы келип чыккан педагогикалык проблемаларга, мугалимдердин билимдерин жогорулатуунун маселелерине, окуучулардын предмет боюнча окуу-методикалык комплекс менен камсыз болушуна жана башка тематикалар менен өтсө болот.







Мектепте география предмети жаӊы 2013-2014-окуу жылында өткөн окуу жылында өзгөртүлүп, толукталып чыккан окуу программасынын  негизинде окутулат. Бирок, окуу процессин учурдун талабына, окуучунун муктаждыгына, кызыгуусуна, жөндөмүнө карата уюштуруу талапка ылайык. Анткени, азыркы учурда мектеп практикасында дагы деле болсо окуу процесси натыйжасыз болуп, окуучулардын билимдери, билгичтиктери, көндүмдөрү жакшы көрсөткүчтөрдү бербей келүүдө. Мындай жагдай өзгөчө окуу процессине байкоо жүргүзүүлөрүбүздө, окуучулардын олимпиадаларынын көрсөткүчтөрүнөн байкаса болот. Көпчүлүк учурларда окуучулар географиялык түшүнүктөрдү оозеки кебинде пайдаланып сүйлөй албастыгы, картографиялык маалыматтар менен иштей албагандыгы, географиялык объектилерди салыштыруу көндүмдөрүнүн, окуу китебиндеги тексттер менен иштөө билгичтиктеринин жоктугу ж.б.менен мүнөздөлөт. Бул жогорудагы жетишпегендиктердин негизги себеби болуп, мугалимдердин адисттик квалификациясынын төмөндүгү болуп эсептелүүдө. Ошондуктан мектептеги география предметинин ар бир курсун окутууда программада көрсөтүлгөн окуучулардын географиялык билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө коюлган талаптарга өзгөчө көӊүл буруп, окуу жетишкендиктердин критерийлери такталышы керек. Окуучулардын билгичтиктеринин, көндүмдөрүн өздөштүрүү деӊгээлин аныктоодо төмөндөгү критерийлерди (белгилерди) эске алуу окуу процессинин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:

А) билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн колдонуу аймагын билет, географиялык билимдердин булактарынын (карта, атлас, окуу китебинин тексти ж.б.) өзгөчөлүктөрүн түшүнөт;

Б) аткарылуучу иш аракеттин мазмунун жана ырааттуулугунун планын билет;

В)  иш аракеттерди практика жүзүндө тааныш жана тааныш эмес  окуу кырдаалда колдоно алат.

Билгичтиктер, көндүмдөр теориялык  билимдер менен тыгыз байланышта болуп, ага географиялык маалыматтардын, билимдердин булактары ар кандай деӊгээлде таасир берет. Ошондуктан окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн окуу процессинде уюштурууда ар түрдүү билимдин булактарынын шарттоочу  мүмкүнчүлүгү менен тааныштырылышы максатка ылайык. Өзгөчө окуу китебинин тексти менен иштөө ыктарына көӊүл бурулуп, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө конкреттүү тааныштырылып,  жол-жобосун тактап көрсөтүп берүү зарыл.  Мисалы окуу китебинин тексти менен иштөө үчүн «Сынчыл ойлом» технологиясынын ыкмалары «Белгилеп жана токтоп окуу», «Абзац менен окуу», «Түшүнүктөрдү аныктоо», «Эки бөлүктүү күндөлүк» ж.б. колдонуу ылайыктуу. Ал эми окуучулардын жаратылыштык жана социалдык-экономикалык объектилерге географиялык карталардын жардамы менен салыштыруу аркылуу мүнөздөмө берүү көндүмдөрүн калыптандырууда географиялык мүнөздөмө берүүнүн типтүү планын пайдалануу максатка ылайык. Жаратылыштык, социалдык, экономикалык объектилерге мүнөздөмө берүүдө мындай типтүү планды пайдалануу географиялык картаны окуунун, билүүнүн ырааттуулугун жана толуктугун камсыз кылат. Мисалы, 6-класстын физикалык географиясын окуп-үйрөнүүдө салыштыруу ыкмасы аркылуу төмөндөгүдөй эстеткичти колдонуу пайдалуу:

Бул эстеткичти жогорку класстарда  программалык талапка жараша толуктоолорду киргизип, окуучунун жогорку деӊгээлдеги ой жүгүртүүсүн камсыз кылуучу тапшырмаларды окуучуларга сунуштап, географиялык объектилерди салыштыруу аркылуу географиялык мүнөздөмө берүүгө үйрөтүүгө болот.

Окуу процессинде окуучулардын географиялык билгичтик, көндүмдөрүн калыптандырууда төмөндөгү этаптардын эске алынышы зарыл:

1.Билгичтик, көндүмдөрдүн маанисин жана ага ээ болуунун максатынын мугалим тараптан окуучуга көрсөтүлүшү. Мисалы,Кыргыз Республикасынын географиясын окуп-үйрөнүүнү баштоонун алдында мугалим окуучулардын алдына — статистикалык таблицаларды окууга үйрөнүү максатын коюп, статистикалык таблицалардын жардамы менен өнөр жай продукциясынын өндүрүү  көлөмүн,  аймактар боюнча экономиканын өнүгүү деӊгээлин билүүгө жана анын негизинде бүтүм чыгарууга болот.

2. Окуучуларды билгичтиктердин курамы менен тааныштырып, аны окуучулар тараптан аӊдоосу. Бул жерде мугалим окуучулардан таблицадан зарыл болгон графаны, сапты таап, сандык маалыматтарды салыштырып, бүтүм чыгарууда өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү темпин түшүндүрүп берүү.

3. Мугалим тараптан ишти аткаруунун үлгүсүн көрсөтүп берүү. Бул этапта окуучулар тараптан  кетирилүүчү кээ бир каталарды эскертип коюу зарыл.

4. Билгичтик, көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берүүчү машыгуу көнүгүүлөрдү өткөрүү. Бул этапта окуучулар тапшырманы мугалим көрсөткөн үлгүнүн негизинде аткарышып, кийинки көнүгүүлөр жаӊы өздөштүрүлгөн окшош материалдын негизинде аткарышат.

5. Жаӊы маселелерди чечүү үчүн өз алдынча билгичтик, көндүмдөрдү колдонуу

Мектепте география предметин окутууда  дагы бир эске ала турган багыт  — бул өткөн окуу жылында толукталып, өзгөртүлүп чыккан окуу программасында негизги мазмундук өзгөрүүсү — “Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү стратегиясынын чагылдырылышы” болгону баарыбызга белгилүү. Бул концепция жөнүндө окуу программасынын киришүү бөлүгүндө «Туруктуу өнүгүү концепциясы азыркы учурдагы табият-адам-экономика-айлана-чөйрө системасындагы экологиялык проблемалардын курчушу, тактап айтканда, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан жаратылыштык, экономикалык, социалдык ж.б. проблемалар менен байланышып, өсүп келе жаткан жаш муундарды  өзүн курчап турган жаратылыш, коомдук, социалдык чөйрөсүнө активдүү жарандык позиция менен  сабаттуу, сынчыл ой жүгүртө ала турган адамды тарбиялоо» максаты белгиленген.   Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн идеясын мектепте географияны окуп-үйрөнүүдө ишке ашырууда төмөндөгүлөргө көӊүл бурулушу зарыл:

• глобалдык масштабдагы экологиялык маселелерди талкуулоо;

• дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү жаратылышты пайдалануу процесстерин салыштыруу (жерди пайдалануу, токой ресурстарын иштетүү ж.б.);

• физикалык-географиялык шарттардын адамдын жашоосуна тийгизген таасирин окуп-үйрөнүү;

• адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин окуп-үйрөнүү;

• социалдык жана жаратылыш компоненттердин байланышын окуп-үйрөнүү;

• глобалдык экологиялык процесстерди окуп-үйрөнүүдө аны чечүү үчүн эл аралык байланыш контекстинде кароо;

• экономикалык географияны окуп-үйрөнүүдө айлана-чөйрөнүн маселелери менен байланышта кароо;

• демографиялык маселелерди элдик үрп-адаттар, традициялар менен байланыштырып окуп-үйрөнүү.

Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү – бул окуп-үйрөнүүнүн жана таанып-билүүнүн туруктуу процесси болуп эсептелет. Ошондуктан мектепте географияны окуп — үйрөнүүдө мурунку сиӊип калган көз караштарды кайрадан карап чыгып, ой жүгүртүүнү дүйнөдө учурда болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн жооп табуунун талап кылат  жана ал төмөндөгүдөй төрт милдетти алдына коет:

• ар бир окуучуга Туруктуу өнүгүүнүн зарылдыгын жана маанилүүлүгүн  аӊдоого колдоо көрсөтүү;

• окуучуларды Туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн талкуулоого активдүү катышууга тартуу;

• каралып жаткан көйгөйлүү маселелерди ар кандай көз караштан кароого үйрөтүү;

• окуучуларды көйгөйлүү маселелерди бир эле класстан же аудиториядан ой жүгүртүүгө үйрөтпөстөн, класстан тышкаркы мезгилдерде да ой жүгүртүүгө түрткү берүү.

“Кыргыз Республикасынын  географиясы» курсунда «Тоо аймактарында экологиялык кырдаалды башкаруунун көйгөйлөрү» темасын окуп-үйрөнүүгө 7 саат, анын 2 с. практикалык иш пландаштырылып, төмөндөгү маселелер каралган: тоо аймактарынын адамдын жашоосундагы мааниси жана анын калктын маданиятына, ден-соолугуна, тамактануусуна, кийимине тийгизген таасири. Тоо экосистемаларынын эл аралык мааниси. Тоо биологиялык көп түрдүүлүгүнүн өзгөчөлүк мааниси.  Кыргызстандын экосистемасы жана ресурстары. Кыргызстандын тоолоруна жалпы мүнөздөмө жана анын биологиялык көп түрдүүлүгү.  Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору. Тоо аймактарындагы айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү. Тоо аймактарына техногендик процесстердин таасири жана анын өнүгүүсү. Кыргызстандагы жаратылыштык кырсыктар жана алардын өзгөчөлүктөрү. Жер титирөөлөр көчкү, сел, таш көчкүлөр,сунун ташкындоолору. «Туруктуу өнүгүү» түшүнүгү жана анын негизги багыттары. Жаратылышты пайдалануунун Туруктуу  жана Туруксуз моделдери. Туруктуу өнүгүү модели экологиялык кризистен чыгуунун модели катары. Ал эми  практикалык иштерде контур картага табигый кырсыктардын аймактарын түшүрүү жана жер титирөөлөр, сел, ташкындар, көчкү жөнүндө ар бир адам кандай маалыматтарга ээ болуу керектиги, бул жаратылыштык өзгөчө кырдаал учурунда кандай көндүмдөргө ээ болоорун көрсөтө алышы каралган. Ошондой эле окуучулар бул теманы өздөштүрүүдө «Туруктуу өнүгүү», «жаратылышты пайдалануу», «табигый кырсыктар» түшүнүктөрүн билүүгө жана картадан Кыргызстандын табигый кырсыктары болгон аймактарды көрсөтүүгө, Кыргызстандын экологиялык көйгөйлүү аймактарын аныктап, анын себептерин түшүндүрүүгө машыгуулары белгиленип, талап коюлган.

«Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана аларды коргоо» темасында география илиминин жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууда мааниси, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча стратегиялык багыты жөнүндө билимдерге ээ болушат. Билимдер менен бирге карталар боюнча жаратылыштын компоненттерине адамдын чарбалык ишмердүүлүгүнүн тийгизген таасирлерин, билимдердин ар кандай булактарынан алардын булгануу себептерин аныктоо жана жаратылышта жүрүү эрежелерин сактоо көндүмдөрүнө ээ болушат. Ал эми республиканын административдик аймактарынын социалдык — экономикалык маселелерин окуп-үйрөнүүдө ар бир региондун экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө билишет.

Программадагы белгиленген экологиялык билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр окуу процессинде калыптандыруу физикалык-географиялык билимдердин негизинде калыптанышы талашсыз. Анткени, экологиялык проблемалар жаратылыштагы жаратылыш компоненттеринин бири-биринен  жана анын закон ченемдүүлүгүнөн көз каранды экендигин эстен чыгарбоо керек. Демек, окуучулардын экологиялык компененттүүлүгүн калыптандыруунун негизин (фундаментин)  жаратылыш компоненттериндеги болуп жаткан табигый процесстерди жана кубулуштарды окуу процессинде таанып-билүүгө зарыл болгон окуу материалынын мазмуну, аны уюштуруунун формалары, каражаттары, окуу көндүмдөрү калыптандыруунун этаптары, ырааттуулугуна шайкеш келиши керек.

Бул багытта белгиленген программалык талаптарды окуу процессинде ишке ашыруу үчүн экологиялык маселелерди окуп-үйрөнүүдө маалыматтык-мультимедиялык технологияларды (компъютердик технология, интерактивдүү доскалар) пайдалануу окуучулардын кызыгуусун өстүрүп, окуу материалын өздөштүрүүгө жеӊилдиктерди түзөт. Ал эми окуучулар үчүн түзүлгөн тапшырмалардын мазмуну проблемалуу маселелерди чечүүгө багытталып, сабакта жана сабактан сырткаркы окуу-тарбия иштеринде ар кандай формада өткөрүлүшү мүмкүн. Окуучуларга сунушталган проблемалар реалдуу болуш үчүн проблемаларды тандап алуунун төмөндөгү критерийлери эске алынышы зарыл:

• проблемалардын окуучулардын конкреттүү тобунун кызыкчылыгына жана муктаждыгына дал келиши;

• проблемаларды тандоодо жана анын иш аракеттерин пландаштырууда окуучулардын катышуусу;

• проблеманы чечүү үчүн анын чечүү жолдорунун көп варианттуулугу;

• тандалган проблемалар жөнөкөй жана класстын, топтун күчүн актагандай болушу;

• проблема окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша болушу;

• зарыл болгон материалдар менен камсыз болушу;

• окуучулардын мурунку тажрыйбаларына таянылышы.

Компъютердик технологияларды пайдаланууда окуучулар менен төмөндөгү окуу иштерин аткарууну сунуштоого болот:

6-класста физикалык географияны окуп-үйрөнүүдө географиялык координаталардын чекитин градустук торчонун жардамы менен аныктоого машыгуу;  даяр маалымааттардын  же эркин байкоолордун негизинде абанын орточо температурасын аныктоо (суткалык, айлык, жылдык); температуралардын, булуттуулуктун, жаан-чачындардын графигин, диаграммасын түзүү; жаратылыш компоненттеринин экологиялык абалын интернет маалыматтарынын издеп табуу жана аны окуп-үйрөнүү; географиялык билимдерди текшерүү максатында тесттерди жана оюндарды өткөрүү.

7-класста материктердин жана океандардын географиясында: тесттик тапшырмалар аркылуу билимдерди текшерүү; материктердин климаттарынын типтерин аныктоо; географиялык координаталарды, дарыялардын азыктануу режими боюнча типтерди аныктоо; материктердин жаратылыш зоналарын анын сүрөттөлүшүнүн негизинде типтерин, географиялык абалын, рельефин, тектоникасын, климаттык шарттарын аныктоо; материктердин жана океандардын  экологиялык абалы жөнүндө окумуштуулардын изилдөө иштери, ачылыштары жөнүндө проблемалык иеманын үстүндө долбоорлук иштерди аткаруу.


Кыргыз Республикасынын жана дүйнөнүн экономикалык-социалдык географиясында. 

1. Физикалык-географиялык бөлүгүндө: белгилүү бир аймакта сааттык алкакты, абанын нымдык коэфицентин, орточо температураларын, жаан-чачындарын, климаттын  типтерин, рельефтин типтерин жана анын формаларын аныктоого, моделдештирүүгө; 2. Экономикалык-социалдык бөлүгүндө: статистикалык маалыматтын негизинде ар кандай аймактардын ресурс менен камсыз болуу деӊгээлин аныктоого; кен байлыктардын жайгашуу аймактарын билүүгө машыгуу көнүгүүлөрүн аткарууга; айыл чарба, өндүрүш аймактарынын, адистешүү аймактарынын картасын моделдештирүү; интернет маалыматтардын негизинде Кыргызстандын жана дүйнөнүн экологиялык маселелери боюнча салыштыруу жана иликтөө иштерин өз алдынча аткаруу. Окуучуларга интернеттен алынган материалды талдоого жана аларды иргеп алууга үйрөтүү окуу максатынын негизин түзүү керек. Анткени, көпчүлүк учурда окуучулар интернеттен даяр реферат, докладдарды алып, анын мазмундук сапатына мугалим тараптан көнүл бурулбай формалдуулукка барган учурларда окуучулардын окуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасыз болушуна алып келет. Мугалим окуучуларга компъютер менен иштөөдө тапшырманы  конкреттүү иш аракеттердин алгоритмдерин так көрсөтүп, алынуучу натыйжаларды окуучу менен макулдашып берүүсү зарыл.  География предметин компъютердик технологиялардын жардамы менен окутууда программа менен камсыз болуу маселеси келип чыгаары белгилүү, бирок ар бир мектептеги информатика предметинин мугалими менен биргелешкен программа түзүү иштери жүргүзүлсө, кандайдыр бир деӊгээлде маселелерди чечүүгө болот.

Август кеӊешмелеринде талкуулануучу маселелердин болжолдуу тематикалары:

• Жаӊы окуу жылына карата тематикалык-пландарды түзүү жана анын өзгөчөлүктөрү;

• Окуу процессинде маалыматтык-мультимедиалык, долбоор технологияларын колдонуу;

• Окуучуларды окуу китебинин тексти менен иштөөнүн ыкмалары жана жолдору;

• Окуу процессинде окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда педагогикалык технологияларды колдонуунун тажрыйбалары.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн окуу китептери:

1. Максимова Ы.А. Физикалык география. 6-кл. Бишкек 2001.

2. Токомбаев Ш., Бакиров Н.Б, Физикалык география. 6-кл., Бишкек, 2001.

3. Кулматов Т.Н. Физикалык география. 6-кл., Бишкек, 2010

4. Коринская В.А. Материктердин жана океандардын гсографиясы.7-кл. 2001

5. Кадыркулов М. Материктердин жана океандардын географиягы. 7-кл.,Бишкек, 2005.

6. Бакиров    Н.Б.,    Исаев    А.И.,    Осмонов    А.О.    Кыргыз    Республикасынын географисяы. 9-кл.Бишкек, «Кыргызстан», 1998.

7. Бакиров Н,Б.  Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географисы.   10-кл, Бишкек, «Шам» 1999.

8. Осмонов А.О.,Чодураев Т.Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы, Бишкек, 2012.

 

К.Джунушалиева

Эреже

Мисалы

1. Биринчи кезекте салыштыруу үчүн белгилерди иргеп алгыла

1. Урал жана Кавказ тоолорунун бийиктиктери

2. Аларды салыштыргыла

2. Кавказ тоолорунун бийиктиги — 5642 м, ал эми Урал тоолорунуку — 1894 м

3. Окшоштуктары жана айырмачылыктары жөнүндө бүтүм чыгаргыла

3. Кавказ тоолору Урал тоолоруна караганда бийик

4. Окшоштуктардын жана айырмачылыктардын себептерин түшүндүргүлө

4. Кавказ тоолору жаш жана талкалануу аз






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!