СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

География боюнча методикалар

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул методикалык жардам болушу мумкун.

Просмотр содержимого документа
«География боюнча методикалар»

ГЕОГРАФИЯ

Географиялык билим жалпы орто билим берүү системасында дүйнөнү илимий таанып билүүнүн, жаратылышты, жана географиялык процесстерди, объектилерди, түрдүү аймактардагы, ошондой эле бүткүл дүйнө мамлекеттериндеги коомдун жаратылыш менен өз-ара аракеттенишүүсүн окуп үйрөнүү жана түшүнүү билимдерине таянуунун негизи болуп саналат.



Географиялык билим адамдарды Жердин негизги жаратылыш жана социалдык-экономикалык системаларында жүргөн процесстерди жана кубулуштарды түшүндүрүүгө, конкреттүү территориялардын социалдык-экономикалык, технологиялык жана саясий өнүгүүсүнүн мүнөзүн, алардын материалдык, руханий өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө үйрөтөт. Ал экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, айланадагы жаратылыш чөйрөсүн колдоо үчүн зарыл. Географиялык маданият – жалпы адамзаттык маданияттын курамдык бөлүгү.



Географиялык билим тармагы биологиялык, геологиялык, экономикалык, социалдык, саясий жана башка илимдерди өз ичине камтыйт. Ага байланыштуу географияны окутууда комплекстүү-географиялык, тарыхый-маданияттык, экологиялык-экономикалык жана практикалык акценттерин күчөтүү максатка ылайык.



Мектептин география предметинин окуу материалдарынын мазмунун тепчип өтүүчү багыттар төмөнкүлөр:



Биринчиден, гумандаштыруу, ал географияда, башка илимдердегидей эле, адамга жана анын жашоо тиричилигиндеги бардык жактарына жана циклдерине бурулуу менен байланыштуу. Бул учурда “адам-жаратылыш”, “адам-чарба”, “адам-территория”, “адам-айлана-чөйрө” байланыштары биринчи планга чыгат.



Экинчиден, бул социологиялаштыруу, ал өз кезегинде өнүгүүнүн социалдык аспекттерине көңүл бурууну жогорулатууга багытталган гумандаштыруу менен тыгыз байланыштуу.



Үчүнчүдөн, бул экологиялаштыруу, адамды, анын жашаган чөйрөсү, жашоону кайра жаратуу шарттары менен үзгүлтүксүз байланышта карайт.



Төртүнчүдөн, бул окутуунун практикалык багыттуулугу.



Географияны окуп үйрөнүүдөгү эң негизги милдет болуп, окуучулардын өз алдынча карта, статистикалык материалдар менен иштөөнү, өзү жашаган жерге байкоо жүргүзүү, адамды курчаган чөйрөнүн сапатын баалоо билгичтигине ээ болуу.



2019-2020-окуу жылында 7-11-класстарда география предметин окутуу азыркы убакытка чейин колдонулуп келе жаткан окуу программасынын жана окуу китептеринин негизинде улантылат, ал эми 6-класста жаңы предметтик стандарт жана окуу программасы боюнча окутулат.



Окуу процессинде географиялык компетент-түүлүктү калыптандыруу үчүн башкысы, акыркы күтүлүүчү натыйжага багытталган сабактарды пландаштыруу саналат. Сабак акыркы күтүлүүчү натыйжага багытталышы үчүн, мугалим максатты окуучунун позициясында коюушу зарыл. Сабактын максаты – бул окутууда, тарбия берүүдө, өнүктүрүүдө мугалимдин жетекчилигинде алдын ала пландаштырылган күтүлүүчү натыйжа. Максаттар белгилүү темаларды окуп үйрөнүүнүн негизинде аныкталат жана ал өз убагында мазмунду, окутуу методдорун жана сабактын бүт бойдон жүрүшүн иштеп чыгууга чоң таасирин тийгизет. Сабактын максатын тариздөөгө бир нече негизги талаптарды бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) сабактын максаты төмөнкүдөй суроолорго жооп бериши керек: “Окуучулар кандай билимдерди өздөштүрүшөт?” – билим берүүчүлүк максат, «Алардын кандай компетенттүүлүктөрү калыптанат?» – практикалык максат жана өнүктүрүү максаты, «Сабактын окуучуларды тарбиялоого жана алардын практикалык иш аракеттерине кошкон салымы кандай?» – тарбия берүүчүлүк максат; 2) максаттар конкреттүү, реалдуу, жетишүүгө боло тургандай, өлчөнө, сабакта толук ишке ашырыла тургандай, башкача айтканда сабакта кайсы компетенциялар калыптаныш керек экендигин көрсөткүдөй таризделиши керек.



Окуу материалын окуп үйрөнүүнү пландаштырууда башка илимдер менен байланыштыруу аныкталат. Предмет аралык байланыш – бул окутуунун принциби, ал көптөгөн окуу предметтеринин окуу материалдарын, алардын түзүлүштөрүн тандоого таасир берүү менен окуучулардын билимдеринин системалуулугун күчөтөт, окутуу методдорун активдештирет, окутуу процессинде компетенттүүлук мамилени ишке ашырууну камсыз кылуу менен окутууну уюштуруунун түрдүү формаларын колдонууга багыт берет.



Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун өзүнүн жогоруда көрсөтүлгөн предметтик стандартка ылайык (3-бөлүм) максаттары, типтери, критериялары жана көрсөткүчтөрү (индикаторлору), методдору жана каражаттары болуусу зарыл. Ал окуучулардын калыптанган географиялык компетенттүүлүктөрүн баалоону пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо учурунда, китептеги текстти окуп, аны жаттап алуу окуучунун географиялык компетенттүүлүгүнүн калыптанышынын көрсөткүчү боло албай тургандыгын белгилеп кетүү керек. Ал үчүн мугалим ар бир сабактын натыйжасын аныктоосу жана аларды иштелип чыккан критериялар боюнча баалоону билиши керек. Баалоонун критерияларын колдонууда, окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн ал ачык айкын жана түшүнүктүү болуу менен объективдүү баалоону камсыз кылуусу зарыл.



Окуучулардын географиялык компетент-түүлүктөрүн үч түрдүү: диагностикалык, формативдик жана суммативдик баалону колдонуу сунушталат. Булардын ичинен негизги көңүлдү формативдик баалоого буруу керек. Окуучулардын алгачкы географиялык компетенттүүлүктөрүн аныктоо максатында формативдик баалоо сабактын ар бир этабында өткөрүлөт, ал кырдаалга байланыштуу окутуунун максатын, стратегиясын өзгөртүүгө, окуучулардын кругозору, кызыгуулары, алар жашаган чөйрө жөнүндө элестөөлөрдү калыптандырууга көмөк берет.



Формативдик баалоонун натыйжаларын окутуунун күнүмдүк натыйжаларын жакшыртуу үчүн колдонушат. Диагностикалык баалоо теманы окуп үйрөнүүнүн баштапкы этабында өткөрүлөт. Суммативдик баалоо – окутуунун белгилүү бир этабында (бөлүмдү окуп үйрөнүүнүн аягында, жарым жылдыкта, окуу жылынын аягында) өткөрүлөт жана географиялык компетенттүүлүктөрдүн калыптанышынын көрсөткүчү болуп саналат.



Тигил же бул географиялык компетент-түүлүктөрдүн калыптанышын баалоодо мугалим баалоонун үч деңгээлин: репродуктивдүү (I деңгээл), продуктивдүү (II деңгээл), чыгармачыл (III деңгээл) билүүсү зарыл.



“Аймактардын кардарлыгы жана санариптештирүү контекстинде Кыргызстандын билим берүү мейкиндигин өркүндөтүү” темасындагы мугалимдердин август кеңешмесинде талкуулоо үчүн актуалдуу суроолор:



2019-2020 окуу жылына карата географияны календардык-тематикалык жана сабактарды пландаштыруу.

Географияны окутуунун заманбап технологиялары.

Предметтик компетентүүлүктү калыптандырууда колдонулуучу окутуунун интерактивдик методдору (география сабагындагы окуучулардын долбоордук жана изилдөөчүлүк иш аракеттери).

Географияны жана Кыргызстандын экологиясын окутуудагы Интернет-ресурстар (статистикалык материалдарды колдонуу менен).

География сабагында мультимедиялык ресурстарды колдонуу.

География сабагында географиялык окуу маалыматтарын түзүү, иштеп чыгуу, колдонуу. (Окуу-методикалык комплекс).

Алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу. Кыргыз Республикасынын региондорунда окутуу тажрыйбалары.

География боюнча сунушталган интернет-ресурстар:



Stat.kg;

– Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы 2017-ж.



– Кыргыз Республикасынын өнөр жайлары. 2013-2017-жж.



– Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы. 2013-2017-жж.



– Кыргыз Республикасынын демографиялык ар жылдыгы. 2013-2017-жж.



– Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөсү. 2013-2017-жж.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!