СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физикалык химия жөнүндө

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Физикалык химия жөнүндө»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

ПЕДАГОГИКА ФАКУЛЬТЕТИ

КАФЕДРА “ТАБИЙГЫЙ- МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ”

« Бекитилди» «Макулдашылды»

Кафедранын 20__-ж. “___”_______ УМК төрагасы

жыйынынын № ____ протоколунда _____________

Каф. баш.___________



СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОКУУ ПРОГРАММАСЫ

(Syllabus)


Дисциплина : 10-11-кл. химия мисал.иштөө

Багыты: 550100 - табигый илимий билим берүү

Профили: Химия

Окуу формасы: Күндүзгү


Жалпы кредит - 3, курс – IV, семестрлери - VIII, жалпы 90 саат,

анын ичинен: VIII семестрде аудиториялык – 48 саат (лекция – 24 с, семинардык –14 с, лабораториялык сабак – 10 с); СРС – 42 саат


Чектик контролдоонун саны (ЧК) – сынак - VIII семестр

Окутуучу тууралуу маалымат: Абдибайитова Апиза Абдирасуловна ага окутуучу,кафедра башчысы

ФАА, окумуштуулук даражасы жана наамы ,кызмат орду )


Кафедранын аталышы, кабинеттин номери: ТМББ, №207.


Байланышуучу маалымат: __9-00____16-00___________

(кафедрада болуу режими )

0777305061, aabdibaitova@ list.ru

( тел.: жум., моб,; электрондук дарек;)


КЫЗЫЛ-КЫЯ – 2019






  1. Курстун максаты:

Курстун максаты: студенттерге химиялык маселелерди чыгаруу боюнча түшүнүк берүү, маңызын ачып көрсөтүү.

Курстун милдеттери:

  • химиядагы негизги илимий теориялар жана илимий изилдөөнүн усулдары менен тааныштыруу аркылуу студенттердин илимий дүйнө таанымын калыптандыруу;

  • студенттерди негизги химиялык түшүнүктөр менен тааныштыруу;

  • табиятта жүргөн химиялык жана физикалык кубулуштардын мааниси тууралуу даана түшүнүк берүү;

- Бул предметти окууда студенттер химиялык элементтердин жана алардын бирикмелеринин жаратылыштагы жүрүп жаткан физикалык жана химиялык процесстерге катышуу энергетикаларын билүү менен өздөрүнүн теориялык билимдерин практикада пайдалана алышат. Бул предметти окутууда төмөнкүдөй системалуу түрдө берүү зарыл.

  • заттардын абалы жана молекулалардын түзүлүшү.

  • Химиялык затардын органикалык жана органикалык эмес болуп бөлүнүшү.

  • Химиялык тең салмактуулук.

  • Органикалык кошулмалар.

  • Пайыздык концентрация.

  • Химиялык эквивалент.

  • Химиялык түзүлүш теориясы.

  • Органикалык заттардын көп түрдүүлүгү.

Дисциплинаны бүткөндөн кийин адистиги 550100 болгон студент төмөнкүлөрдү билүүсү керек

  • Заттардын касиеттерин мейкиндиктеги түзүлүштөн көз карандылыгы

  • изомерия, алардын түрлөрү.

  • реакциялардын теңдемелерин жазуу.

  • пластикалык процесстердин теңдемелерин жазуу.

  • Каталитикалык реакциялардын теңдемелерин жазуу.

Студент билүүсү керек: химиянын башка предметтерин окууда органикалык химия предметинен алган билимин маселе чыгарууда колдоно алуусу керек.

Төмөнкүдөй практикалык навыктын ээси болуусу керек

  • Химиялык реакциялардын теңдемелерин жаза алат жана түшүндүрө билет.

- Татаал заманбап химиялык маселелерге ой жүгүртүү боюнча маалыматтарга ээ болот.

2.Пререквизиттер: студент биологиянын, физиканын жана химиянын негиздерин билүү керек, аталган курстун проблемаларын заманбап теориялардын көз карашында анализдей, синтездей жана чечмелей алуусу керек.

3.Постреквизиттер: аталган курсту өздөштүрүүдөн алынган билимдер жана көндүмдөр “Органикалык эмес химия”, “Органикалык химия”, “Биохимия”курстарындагы маселелерди так чыгара алыш керек болуп, педагогикалык предметтер боюнча лабораториялык сабактарда, педагогикалык практика мезгилинде колдонулушу мүмкүн.

4. Академикалык жүрүм турум жана этиканын политикасы. Ар бир студент БатМУ КПИнин ички тартибин жана жалпы этиканы билүүсү жана багытталуусу зарыл.

Дисциплинаны өздөштүргөндөн кийин угуучунун төмөнкүдөй компетенттүүлүгү калыптанат.

550100 “Химия” профили боюнча “10-11-класстагы маселелерди иштөө” предметин бүтүргөн студент төмөндөгүдөй компетенцияларга ээ болот.

Кесиптик компетенция (КК)

КК-12. Заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдоно билүү.

Кошумча киргизилген компетенция (ККК)

ККК-4. Заттарды салыштыруунун классикалык жана заманбап ыкмаларын билет, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн сыноолорду коюга, баалоого жөндөмдүү.

5. Дисциплинанын технологиялык картасы

Модуль

Ауд. саат

СӨАИ

Лекция

Прак.

Лаб.

ЧК

ЖК

Балл

Саат

балл

саат

балл

саат

бал

V – семестр

I

24

21

12

6

7

7

5

5

10 б


30 б

II

24

21

12

6

7

7

5

5

10 б


30 б

ЖК

40 б


Жалпы

100 б


Модулдар

Ауд. саат

СӨАИ

Лекция

Лаб. Сем.

СӨАИ

ЧК

ЖК

Бал

Саат

бал

саат

бал

саат

бал

VI – семестр

I

30

30

12

6

18

8

30

6

10 б


30 б

II

30

30

12

6

18

8

30

6

10 б


30 б

ЖК

40 б


Жалпы

100 б


6. Дисциплина боюнча балды топтоонун картасы

1 – модуль ( 30 бал)

Темалар

ТК 1 ( 8 бал)

Темалар

ТК 2 ( 6 бал)

Темалар

ТК 3 ( 6 бал)


Лек.

Лаб.

СӨАИ

Лек.

Лаб.

СӨАИ

Лек.

Сем.

СӨАИ

саат

бал

саат

бал

саат

бал

саат

бал

саат

бал

саат

бал

Саат

бал

саат

бал

саат

бал

1

2

1

4

2

5

1

3

2

1

4

1

5

1

5

2

1

1

1

5

1

2

2

1

4

2

5

1

4

2

1

4

1

5

1

6

2

1

1

1

5

1


2 – модуль ( 30 бал)

Темалар

ТК 1 ( 8 бал)

Темалар

ТК 2 ( 6 бал)

Темалар

ТК 3 ( 6 бал)


Лек.

Лаб.

СӨАИ

Лек.

Лаб.

СӨАИ

Лек.

Сем.

СӨАИ

саат

бал

саат

бал

саат

бал

саат

бал

саат

бал

саат

бал

Саат

бал

саат

бал

саат

бал

1

2

1

4

2

5

1

3

2

1

4

1

5

1

5

2

1

1

1

5

1

2

2

1

4

2

5

1

4

2

1

4

1

5

1

6

2

1

1

1

5

1


7. Дисциплинанын кыскыча мазмуну

Киришүү

Физхимия предмети, милдети, максаты, мааниси, изилдөө методдору жана обьектиси. Химия илимдеринин системасында физхимиянын алган орду. Башка табигый илимдер менен болгон байланышы. Химиядагы илимий изилдөөлөрдүн методдору: байкоо, тажрыйба, моделдештирүү, теориялык алдын ала айтуу (прогноз). Химиялык тажрыйбалардын жыйынтыктарын тактоо. Абсолюттук жана салыштырмалуу каталар. Физхимиянын негизги бөлүктөрү.

Молекулалардын түзүлүшү жана андагы химиялык байланыштар

Газ, суюк жана катуу абалдагы заттардын бөлүкчөлөрүнүн аралыктары. Кинетикалык жана потенциялык энергиялар. Буулануу, кургак буулануу (сублимация), конденсация, балкып эрүү жана тоңуу процесстери. Молекулалар, иондор жана эркин радикалдар. Химиялык байланыштар молекулалардын түзүлүшүндө. Геометриялык конфигурациялар. Валенттик бурчтар. Көп атомдуу молекулалардын геометриялык конфигурациялары. Ван-дер-ваальс күчтөрү.

Заттардын абалы

Кристаллдык абал. Атомдук, молекулалык, иондук жана металлдык кристаллдык торчолор, торчолорго ээ болгон заттар жана алардын касиеттери, балкып эрүү температуралары. Аморфтук абал. Аморфтук абалга ээ болгон заттардын касиеттери. Суюк абал. Суюк абалга ээ болгон заттардын касиеттери. Сүрүлүү күчү жана ички сүрүлүү. Газ абалы. Газ абалына ээ болгон заттардын касиеттери. Идеалдык жана реалдык газдар.

Химиялык термодинамика

Химиялык термодинамика эмнени үйрөтөт. Термодинамикадагы негизги аныктамалар жана түшүнүктөр. Система жана анын түрлөрү. Изотермалык, изобаралык жана изохоралык процесстер. Термодинамиканын 1-закону жана андан чыккан негизги тыянактар. Ички энергия жана анын мааниси. Процесстин жылуулугу. Энтальпия жана анын мааниси. Жылуулук эффектилери. Экзотермиялык жана эндотермиялык процесстер. Изохордук жана изобардык жылуулук эффектилер. Жылуулук эффектилердин температурадан көз карандылыгы. Кирхгофтун закону. Туруктуу басымдагы жана көлөмдөгү жылуулук эффектилери. Ички энергиянын жана энтальпиянын өзгөрүшү. Термохимиялык жана термодинамикалык теңдемелер. Пайда болуу жылуулугу. Эрүү жылуулугу. Күйүү жылуулугу. Нейтралдаштыруу жылуулугу. Лавуазье-Лапластын закону. Гесстин закону жана андан чыккан тыянактар. Оң жана терс процесстер. Клаузиус боюнча термодинамиканын 2-законуна аныктама. Томсон боюнча термодинамиканын 2-законуна аныктама. Оствальд боюнча термодинамиканын 2-законуна аныктама. Химиялык потенциал. Карнонун жылуулук цикли. Изотермалык кеңейүү жана кысылуу процесстери. Адиабаттык кеңейүү жана кысылуу процесстери. Энтропия жана анын мааниси. Абсолюттук энтропия. Бош энергия. Термодинамиканын 3-закону же Нернстин жылуулук постулаттары.

Химиялык тең салмактуулук

Химиялык реакциялардын багыттары: кайталанбас жана кайталанма реакциялар, түз жана тескери реакциялар. Массалардын аракеттенүү закону. Химиялык тең салмакта болгон системалар. Химиялык тең салмактуулуктун жылышы. Химиялык тең салмактуулуктун жылышына температуранын таасири. Химиялык тең салмактуулуктун жылышына басымдын таасири. Химиялык тең салмактуулуктун жылышына концентрациянын таасири. Ле-Шательенин принциби. Термикалык анализ.

Молекулалык эритмелер

Эритмелердин жалпы мүнөздөмөсү. Эритмелердин концентрациялары жана аларды туюнтуу жолдору. Суюлтулган эритмелердин касиеттери. Раулдун закону. Эритмелердин тоңуу температурасынын төмөндөшү. Эритмелердин кайноо температурасынын жогорулашы. Осмос басымы. Осмос басымы боюнча Вант-Гоффтун закону. Суюктуктардагы газдардын эритмелери.

Электролиттердин эритмелери

Электролиттик диссоциация теориясынын негиздери. Электролиттер жана электролит эместер. Күчтүү электролиттердин теориясы. Эритмелердеги иондордун сольватташуусу. Эквиваленттик электр өткөрүмдүүлүк. Электролиттердин эритмелеринин электр өткөрүмдүүлүгүн өлчөө. Иондордун кыймылынын көз карандысыздык закону.

Суу эритмелериндеги иондук тең салмактуулуктар

Эритмелердеги кислота-негиздик тең салмактуулук. Суунун иондук көрсөткүчү. рН жана рК жөнүндө түшүнүк. Активдүү жана аналитикалык (титрлөөчү) кычкылдуулук. Буфердик аралашмалар. рНты колориметриялык метод менен аныктоо.

Электрохимия

Электрохимия боюнча жалпы түшүнүк, негизги өнүгүү этаптары. Электролиз жана анын маңызы. Гальваникалык элемент жана электролизер. Тең салмактуу электроддук потенциалдар. Электроддордун классификациясы. Электрохимиялык чынжырлар. Потенциометрия. Аккумулятор жана анын иштөө принциби. Электрохимиялык коррозия.

Химиялык кинетика жана катализ

Химиялык кинетиканын милдети жана химиялык реакциялардын механизми. Химиялык реакциялардын ылдамдыгы. Гомогендик жана гетерогендик реакциялар. Жөнөкөй жана татаал реакциялар. Кайталанбас гомогендик жөнөкөй реакциялардын кинетикасы. Татаал реакциялардын кинетикасы. Кайталанма реакциялардын кинетикасы. Химиялык реакциялардын ылдамдыгынын температурадан көз карандылыгы. Чынжырлуу реакциялар. Катализ. Гомогендик жана гетерогендик катализ. Фотохимиялык реакциялар.


8. Сабактын түрлөрү боюнча сааттарынын бөлүнүүсүн календардык – тематикалык планы


Лекциялык курстун мазмуну


Темалардын аталыштары. V семестр

Сааты

1

Киришүү

2

2

Молекулалардын түзүлүшү жана андагы химиялык байланыштар

2

3

Заттардын абалы

2

4

Химиялык термодинамика

10

5

Химиялык тең салмактуулук

4

6

Молекулалык эритмелер

4

Жалпы

24

VI семестр

7

Электролиттердин эритмелери

4

8

Суу эритмелериндеги иондук тең салмактуулуктар

4

9

Электрохимия

8

10

Химиялык кинетика жана катализ

8

Жалпы

24

Баары

48


Лабораториялык курстун мазмуну

Темалардын аталыштары. V семестр

Сааты

1

Газ абалындагы заттардын көлөмүн өлчөө менен анын молярдык массасын аныктоо. Эриген заттын молярдык массасын аныктоо.

4

2

Эритменин тоңуу температурасы боюнча (криоскопия) электролиттик диссоциация даражасын аныктоо.

4

3

Туздардын эрүү жылуулугун аныктоо. Нейтрализация жылуулугун аныктоо.

4

4

Нафталин-фенол системасына термикалык анализ.

4

5

Электролит эритмелеринин электр өткөрүмдүүлүгүн өлчөө. Кыйынчылык менен эрүүчү заттардын эригичтүүлүгүн аныктоо.

4

6

Электр кыймылдаткыч күчүн аныктоо. Электролиз. Электрохимиялык эквивалентти аныктоо.

4

7

Болот жана жез буюмдарын никелдөө.

4

8

Электрохимиялык реакциялардын кинетикасы.

4

Жалпы

32

VI семестр

9

Суутектин иондорунун концентрациясын өлчөө. рНты индикаторлордун жардамында өлчөө.

4

10

Потенциометриялык титрлөө. Кондуктометриялык титрлөө. Буфердик эритмелер.

4

11

Уксус кислотасынын көмүрдүн сырткы бетине адсорбцияланышын өлчөө. Адсорбенттин бетинен бир затты экинчиси аркылуу сүрүп чыгаруу.

4

12

Ион алмашуучу адсорбция. Уксус кислотасынын диссоциациясынын константасын жана диссоциация даражасын аныктоо.

4

13

Хим-к реакциялардын ылдамдыгына катализаторлордун таасири. Иоддуу суутек кислотасынын аммонийдин персульфаты аркылуу кычкылданышынын ылдамдыгына жез менен темирдин иондорунун каталитикалык таасири.

4

14

Иоддуу суутек кислотасынын суутектин өтө кычкылы аркылуу кычкылданышынын ылдамдыгынын константасын аныктоо.

4

15

Оксиддик пленканын коррозияга туруктуулугун аныктоо. Металлдарды коррозиядан электрохимиялык коргоо.

4

16

Суудагы жана туздардын суудагы эритмелериндеги металлдардын коррозиясы.

4

Жалпы

32

Баары

64



Семинардык курстун мазмуну


Темалары

Сааты

Термодинамикалык закондор жана андагы негизги түшүнүктөр.

2

Молекулалык эритмелер. Электролиттердин эритмелери. Суу эритмелериндеги иондук тең салмактуулуктар.

2

Электрохимиядагы негизги түшүнүктөр. Электролиз.

2

Адсорбциялык процесстер. Химиялык кинетика жана катализ.

2

Жалпы

8





9. Курстун окуу- методикалык камсыз болуусу

Негизги адабияттар:

  1. Ү.Асанов, А.Сатывалдыев. Физикалык химия. Бишкек, 2000. 576 б.

  2. Б.Мурзубраимов, Ж.Сагындыков. Физикалык жана коллоиддик химия. Ош, 2000. 356 б.

  3. Стромберг А.Г., Семченко Д.П. Физическая химия: / под ред. А.Г.Стромберга. – изд. Четвертое, исправленное. – М.: Высшая школа, 2001. -528с. – ISBN 5-06-003627-8.

  4. Плэмбек Дж. Электрохимические методы анализа, Основы теории и применение. – М.: Мир, - 1985.

  5. Балезин С.А. Основы физической и коллоидной химии. М., “Просвещение”, - 1975. – 398с.

Кошумча адабияттар:


  1. Физическая химия: учебное пособие для вузов / Д.Г.Кнорре, Л.Ф.Крылова, В.С.Музыкантов. – М.; Высшая школа, - 1981. – 328с. – ББК 24,5; К53; УДК 541.

  2. Балезин С.А. Практикум по физической и коллоидной химии: учебное пособие для студентов хим. биол. фак. пед. ин-тов / С.А.Балезин – 5-е изд. перераб. - М.:

Изд-во “Просвещение”, 1980. – 271с. –ББК 24.5; Б 20.

  1. Сатывалдиев А.С. Практикум по физической химии / Учебное пособие. ч. III / А.С.Сатывалдиев, А.Т.Токтомаматов, К.А.Эсенкулов. – Бишкек: 2003. -50с. – “Электрохимия” – ISBN 9967-90-18-8.


10. Билимди баалоо критерийи

Экзаменде билимди баалоо 100 баллдык система (шкала) менен жүргүзүлүп, төмөнкү эрежеге ылайык коюулат:

Рейтинг (балл)

Тамгалык система боюнча баа

GPA боюнча баалоонун цифралык эквиваленти

Традициялык системе боюнча баа

85 – 100

А

4,0

Эң жакшы

80 – 84

В

3,33

Жакшы

74 – 79

С

3,0

68 -73

Д

2,33

Канааттандыраарлык

61 – 67

Е

2,0

30-60


FX

0

Канааттандыраарлык эмес




11. Бал коюуунун саясаты

Экзаменде жана зачетто бааны коюуда объективдүүлүк жана акыйкаттуулук принциптеринин негизинде студенттин билиминин сапаты бардык тараптан анализделип, модулдук-рейтингдик системанын жобосуна ылайык коюлат.

КРнын ББжИ Министрлигинин аракеттеги нормативдик акттарынын жана сунуштамаларынын негизинде табигый багыттагы дисциплиналарда төмөнкүдөй критерийлер менен коюлат:

  • "Эң жакшы" деген баа окуу-программалык материалдарды ар тараптан, системалык жана терең өздөштүргөндүгүн көрсөтө алган, программада каралган теориялык жана практикалык маселелерди эркин чыгара алган, жумушчу программада сунушталган негизги адабияттардан пайдаланып өз алдынча иштерди аткарган, кошумча адабияттар менен таанышып чыккан, окуу-программалык материалдарды түшүндүрүп берүүдө жана колдонууда чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган, дисциплина боюнча уюштурулган конкурстарга жана олимпиадаларга активдүү катышып, дисциплинанын негизги түшүнүктөрүнүн өз ара байланышын терең түшүнө алган, окуп-үйрөнгөн билимдерин, ыкмаларын жана көндүмдөрүн келечектеги кесибинде колдоно ала турган жана рейтингдик-модулдук система боюнча топтогон балы 85 балдан кем болбогон студентке коюлат.

  • "Жакшы" деген баа окуу-программалык материалдарды системалык түрдө өздөштүргөндүгүн көрсөтө алган, программада каралган теориялык жана практикалык маселелерди чыгара алган, жумушчу программада сунушталган негизги адабияттардан пайдаланып өз алдынча иштерди аткарган, кошумча адабияттар менен таанышып чыккан, окуу-программалык материалдарды түшүндүрүп бере алган, окуп-үйрөнгөн билимдерин, ыкмаларын жана көндүмдөрүн келечектеги кесибинде колдоно ала турган жана рейтингдик-модулдук система боюнча топтогон балы 68 балдан 84 балга чейин болгон студентке коюлат.

  • "Канааттандыраарлык" деген баа окуу-программалык материалдарды өздөштүргөндүгүн көрсөтө алган, программада каралган маселелерди каталыктарга жол берүү менен чыгарган, бирок окутуучу тарабынан жолдомо берилсе, маселени чыгарып кете алган, жумушчу программада сунушталган негизги адабияттар менен таанышып чыккан, өз алдынча иштерди толук эмес өлчөмдө иштеп чыккан, окуу-программалык материалдарды каталыктары менен түшүндүрө алган, бирок келечектеги кесибинде колдонулуучу зарыл болгон материалдарды окуп-үйрөнгөн жана рейтингдик-модулдук система боюнча топтогон балы 51 балдан 67 балга чейин болгон студентке коюлат.

  • "Канааттандыраарлык эмес" деген баа окуу-программалык негизги материалдар боюнча өздөштүргөн билиминде каталыктары бар, программада каралган маселелерди чыгарууда принципиалдуу каталарды кетирген, жумушчу программада сунушталган негизги адабияттар менен таанышып чыкпаган, программада көрсөтүлгөн базалык материалдарды өздөштүрбөгөн, келечектеги кесибинде колдонулуучу ыкмаларга жана көндүмдөргө ээ болбогон жана рейтингдик-модулдук система боюнча топтогон балы 51 балдан кем болгон студентке коюлат.

8



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!