Тарбиялык саат
5а класс
Мугалими
Турдукулова Нурзада Доктурбековна
Айлана чөйрөнүн абалы күн санап татаалдашууда, алыска барбай эле коёлу. Жайыттардын куну учуп көзгө сүртөр Жети-Көпүрө жайлообуз, Козу-баглан дарыябыз да жабыркоодо. Ар кандай уулуу заттардын таасири астында, жээгине курулган эс-алуу жайлардын натыйжасында аба, суу, жер булганып жатат.
- Суу булганып,токойлор кыйылып жатат деп тим турбастан,табияттын тазалыгын кароодо бир үй-бүлөдөй ынтымактуу болгонубуз оң. Жер деле биздин үйүбүз. Ар бир инсан табиятка аяр мамиле жасап, тиричилик булагы болгон абага, сууга, токойго акыл-эстүү мамиле жасоого үйрөнүшүбүз керек.
2
3
Бишкек шаары
1
2
2
1
4
Козу-Баглан дарыясы
Улуу табиятка-улуу мамиле.
- Таштандылар айлана-чөйрөнү булгоочу заттардын негизгилеринен. Ал адамдын саламаттыгына, тирүү организмдерге жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет.Алар энергетикадан, өнөр жайдан, айыл чарбадан, транспорттон, турак жайдан жана башкалардан түрдүү жолдор менен чөйрөгө бөлүнүп чыгат. М:Транспорттон бөлүнүп чыккан түтүн.
Жаратылыш-жан досум,ал бизге кылымдар бою азыктарын берип,жылуулугун чачып,мээримин төгүп келди. А биз болсо жаратылышка эмне кылдык? Ооба,жаратылышты түгөткөндөн түгөтүп бара жатабыз,табият жаны-адам жаны менен бир.
Экология-деген эмне?
Тема: «Экология жана Биз».
Сабактын максаты: 1)Окуучулар экология жөнүндө кеңири маалымат алышат,аны коргоо жана сактоо ар бир жарандын милдети экендигин түшүнүшөт. 2)Экологиянын көркунө көрк кошуусуна салым кошуп,анын бузулушунан сактоого тарбияланышат.
Экология (грек тилинен oikos - үй, мекен, жашаган жер жана logos - илим, окуу. Түздөн түз которгондо: үй жөнүндө илим, ал эми адамзат үчүн үй бул Жер планетасы.)- организмдердин өз ара жана айлана чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим. Тирүү организмдин жашоо шартын жана организмдердин жашоо чөйрөсү менен өз ара байланышын изилдөөчү илим.
Экологиянын өтө көп аныктамалары бар, бирок көпчүлүк окумуштуулар, “ Экология – тирүү организмдердин тиричилигинин шартын изилдөөчү жана организмдер менен чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланышын изилдеген илим”, дешет.
Белгилүү окумуштуу америкалык эколог Ю.Одум мындай жалпы аныктама берет: “ Экология – бул илим аралык билим тармагы, көп денгээлдик системалардын жаратылышта, коомдо жайгашуу жана алардын өз ара байланышы жөнүндөгү илим”.
«Экология» терминин 1-жолу немец биологу Э. Геккел 1866-жылы колдонгон. Тирүү организмге чөйрөнүн түздөн-түз же кыйыр тийгизген таасири экологиялык фактор деп аталат. Ал биотик жана абиотик факторлоруна бөлүнөт.
1) Биотик түрүнө тамак-аш факторлору, айрым особдордун же бир түрдөгү особдор тобунун жана ар башка түрдүн ортосундагы өз ара мамиле (аймак, тамак-аш, суу жана башкалар үчүн күрөшүү) кирет.
2) Абиотик факторлор биологиялык объектиге сырттан таасир этет. Мисалы: температура, жарык, нымдуулук, жаан-чачын, атмосфералык басым, шамал, атмосферанын иондошуусу жана башкалар.
Ыссык-Көл эс алуучу жайдан башка да туризм борбору.Башка өлкөлөрдөн туристтер,альпинисттер,саякатчылар келип турушат.Алар көлдүн кооздугуна,тунуктугуна,абасынын тазалыгына суктанып кайтышат.Акындар даңазалап ыр жазышат,жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди,уламыш жомоктоду жазышат.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса, толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун.
Мына ушундай табигий сулуулукту сактап калуу ар бир кыргыз жаранынын көкүрөк өйүгөн маселеси болуусу керек.
Ыссык-Көл –кыргыз бермети .
Биринчиден, муну өкмөт катуу көзөмөлгө алуусу керек. Экинчиден, жергиликтүү элдин арасында агартуу жана тарбиялоо иштери жакшы жолго коюулушу абзел. Адамдар табигаттын кайталангыс кооздугу жана жан-жаныбарлар дүйнөсүнүн бай болуп кала бериши алардын өздөрүнүн кызыкчылыгында экенин түшүнүүсү абзел. Табигатты сактап калуу менен алар эртеңки күнү жечү нанын, балдарынын жашоосунун камын көрүп жатышканын аңдоолору керек. Ошон үчүн Ысыккөл сыяктуу корукка алынган аймактарда туруктуу туризмди жана экологиялык туризмди өнүнүктүргөн оң. Туруктуу туризм бул экологияны сактап калуу менен бирге туризмди өнүктүрүп, социалдык жана экономикалык жалпы өнүгүүгө салым кошууну камтыйт. Массалык туризмден айырмаланып, экологиялык туризм айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылганды түшүндүрөт. Эл Ысыккөлгө айбанаттарды атуу, сейрек өсүмдүктөрдү терип кетүү үчүн эмес, адам баласынын колу тийе элек табыгатты көрүп, көз жоосун алган сулуулукка черин жазып кетүү үчүн келүүсү керек. Ошондо гана биз табыгатты келечек муундар үчүн сактап кала алабыз.
Арсланбап токою
Үйгө тапшырма.Төмөнкү эки сүрөт боюнча дил баян жазып келесиңер.
Үйгө тапшырма
Жогорудагы сүрөттөр боюнча кыска дил баян жазып келесиңер.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.