СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Документы 6..................

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Документы 6..................»

БАРКТАЛБАГАН “БАСМАЧЫЛАР”
Өзбекстандын Жогорку соту бүгүн 25-август күнү 1929-1931 жылдар аралыгында “басмачы” деген кара атка конгон 240 эл баатырын актап, толугу менен реабилитасийа кылып, тарыхий адилеттүүлүктү орнотту. Жалпы жонунан беш кылмыш ишин караган Жогорку сот өкүлдөрү Каракалпакстан, Сурхандарыйа, Навайи, Самарканд жана Кашкадарыйа аймактарында ак жеринен шовинисттик жана динсиз совет бийлиги тарабынан атылып кеткен өзбек “басмачыларын” караган. Эл баатырларына “пантүркист, панисламист, куралдуу топторду уйуштуруу менен Советтик бийликке каршы чыгуу жана куралдуу төңкөрүш жасоо аракети” деген кине койулган. Өзбек бийлиги мындан дал эки жыл мурун, 115 “басмачы” деп аталган урпактарын актаган болчу. Арасында советтик бийликтин куу амалы менен колго түшүрүлүп, кийин атылып кеткен “басмачылардын” амири Ибрагимбек да толугу менен акталган.

Үлгү ала турчу нерсе. Тарыхый учур жана мүмкүнчүлүк бар мезгилде биз да “басмачылар” темасын кайрадан карап чыгып, тарыхий тактыкты орнотушубуз зарыл. Бир гана өздөрү атылып же сүргүнгө айдалганы аз келгенсип, үй бүлө мүчөлөрү, жаш балдары, картайган ата-энелери да “эл душманынын балдары” , “басмачылар” деген кара такты 90 жылдан бери көтөрүп жүрүшөт. Жөн гана улак тартып же эстелик койуп койгон менен маселе чечилбейт. Сөзсүз түрдө йуридикалык баа берилип, ар бир эл баатырынын иши кайрадан каралып, акталыш керек. Акталды деген кагазын балдары болбосо да, неберелери колго алганда өлгөн бабаларыбыздын жаны жай алат.

Жаныбек Казы, Мадаминбек, Көр Шермат, Ади Паңсат, Айтмерек Корбашы, Мойдунбек, Абдыш Мерген, Нурмат Миңбашы, Ахмат Палван, Сүйүнбек Жүзбашы, Аман Палван...бул тизмени уласак жүздөгөн жана миңдеген ысымдар улана бермекчи. Бир күн келип бул аталарыбыздын да аты акталып, жүзү жарык шекилде тарых барактарынан өзүнүн татыктуу ордун табат деген ишеничтемин.

Урматым менен Нуриет Абдулазиз


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!