СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Документы 134...............

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Документы 134...............»

Кыялдар… Кыргыз тилин, маданиятын кантип даңазалап, кантип көтөрө алабыз?
    Бир кезде Айтышты баштадык эле азыр эми бул өнөрдү колдоо чоң агымга айланды. Манас театры курулуп, мамлекет акындарга чоң дем күч берип жаткан убагы… ЮНЕСКОнун тизмесине 3 жолу тизмеге кирген дүйнөдөгү бирден бир өнөр болсо керек. “Шедевр” (2003) аталып бир кирди, акын импровизатор өнөрү деп (2008) кайта кирди, “Айтыш” өнөрү деп (2011) дагы кайталады.
   Андан кийин манасчыларга кол кабыш кылдык. Ошто миллион сом байге сайып манасчыларыбыз күпүлдөтүп Манас айтып, эл журттун көңүлүн бургузуп, бүгүнкү күндө манасчыларыбыз сыйлуу өнөрпоздордун сап башында. ЮНЕСКОнун да тизмесинде (Карганбек Самаковго өзгөчө ырахмат)
    Көп өтпөй киного кириштик, кыргыз киносунун өсүшүнө Айтыш фонду эбегейсиз эмгек жасады десек болчудай. Прокатты Манас кинотеатры көтөрүп чыкса (ал кезде кинотеатрлар кыргыз киносун жерип көрсөтүшпөйт эле). Айтыш Фильм Кыргызстандын менмин деген киностудияларынын үчилтигине кошулду. Баарын эсептегенде (копродукцияны кошкондо) толук, кыска, даректүү жана анимация фильмдерден 60тай тасма жаратыптыр. Ошол фильмдер дүйнөнүн төрт бурчунан 400дөй! эл аралык сыйлыктарды жеңип алыптыр. 400 жолу кыргыздар бул жаңылыкты угуп сыймыктаныптыр.
Айтыш фондунун тикелей катышы менен 4 кинофестиваль жаралды анын экөөсү Кыргызстанда  болсо бирөөсү Лос Анджелесте бирөөсү Парижде. Америкада Aitysh USA, Францияда Aitysh France деген  расмий уюмдарыбыз ачылды. Курманжан Датка тасмасы дагы эгерде Айтыш Фильмдин техникалык базасы жана командасы болбосо тартылат беле ким билет. 
Кечээги Бишкек кинофестивалын көрүп мамлекет дагы кинону өстүрүүгө кайратту кадам шилтеди деген үмүтүм зор.
   Муну айтып жатканым жазуучуларга да жардам берели деп “Калемгер” деген адабий клуб ачканбыз. Каражаттын жетишпегенинен 10 жылдай иштеп токтоп калдык. Мүмкүн жакшы иштете алсак бүгүн жаркырап чыккан жаңы таланттар көбүрөөк болот беле. Ушуну ойлоном. Мүмкүн дагы бир белсенип көрсөкпү. Эгерде мындай болсок өнүгөт элек деген сунушуңар болсо ой бөлүшкүлө. Бирок сунуш коомдун жардамы менен гана өнүгө турган жол болсо. Анткени ал жолдун тууралыгын көргөндө, үстүдө жазып өткөндөй мамлекет дагы колдой баштаарын көрүп жатабыз. 
Бир идея бар. Парижде Монпарнас деген жер бар. Дөбөнү эле “Парнас тоосу” деп атап алып француз жазуучу акындар легендарлуу жерге айлантышты. 
Монпарнас деген журнал ачсакпы?
Ага мыкты аңгемелерди жарыялап, гонорарын мыкты төлөсөкчү?
Ага кагаз коротпой эле фейсбуктан жарыялап турсак?
Үч жолудан чыккан авторлорго Парижге чакыруу берип, сый конок кылып кадырлап алуу колдон келет эмеспи.
Мүмкүн ушундай мамиле кылсак жаш жазуучуларга өбөк жөлөк болуп бере алабызбы? Жарым жартылай болсо да колдогон спонсорлор чыгаар беле? Ошондо мамлекеттик тилибизге кошкон салым болуп бере алат беле. Эң негизгиси ошол авторлор эл көзүнө көрүнөт беле? Аңгеменин көлөмү 1000 сөздөн ашпаш керек деген ойдомун. Ар бир сөзүнө 20сомдон төлөнүп турса таңгөрү! Айына төрт аңгеме чыгып турса ошентип деле баштаса болот да. Силер сын пикириңерди айтып, фейсбуктан бөлүшүп турсаңар “Монпарнас” “Чоңпарнаска” айланып кетиши мүмкүн да?

Кандай дейсиңер!
(Колдон келсе бөлүшүп койгула, бул да болот чоң жардам!)


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!