Информатика боюнча
8-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү
«Мыкты колдонуучу» конкурсу
Окуу процессин класстан тышкаркы иш чаралар менен бөтөнчөлөтүү маанилүү жана зарыл процесс, себеби окуучулар чыгармачылык менен иштөөгө жана өз алдынчалыкка көнүгүүсү зарыл. Бул үчүн окуучулардын алган билимдерин жана көндүмдөрүн стандарттуу эмес шарттарда көрсөтө алуусуна шарт түзүү маанилүү болуп саналат.
Конкурстун максаты:
информатика сабагында алган теориялык жана практикалык билимдерин бышыкташат жана өздөрүн текшеришет;
информатика сабагына окуучулар кызыгуусун арттырышат;
жаш колдонуучу катары окуучулар компьютерди колдонууга өбөлгө алууга шарт түзүлөт;
жалпы максаттарга жетүү үчүн топтордо иштөөгө көнүгүшөт;
таланттуу жана кесипкөй окуучулар аныкталат.
Жабдуулар:
Компьютер
Таркатылуучу материалдар
Карточка-тапшырмалар
Плакаттар
Уюштуруу этабы:
Конкурста 8-класстын окуучулары катышат.
Класстын окуучулары 2 негизги топко бөлүнүшөт. Топтордогу окуучулардын арасынан конкурска активдүү катышуучулар жана колдоочулар болуп бөлүнүшү мүмкүн.
Топтордун башчылары дайындалат.
Конкурстун жюрилери аныкталат жана баллдар эсептелип турат.
Информатика сабагына байланышкан топтордун аттары аныкталат. Алардын эмблемалары жана тизмелери такталат.
Конкурсту алып баруучу - предметтик мугалим.
Үй тапшырмасы берилген жана калган тапшырмалар даярдалган.
Конкурстун жүрүшүндө топтор 3 түрдүү жардамга мүмкүнчүлүк ала алышат: 1) предметтик мугалимдин жардамы,
2) жюрилердин жардамы,
3) топтун башчысынын жардамы.
9. Тапшырмалар аткарылып жаткан мезгилде топтордун калган мүчөлөрү, б.а. колдоочулары музыкалык номерлерди аткарып турушат.
КОНКУРСТУН ӨТҮШҮ:
Таанышуу жана саламдашуу
Үй тапшырмаларын текшерүү: жоопторун таап келүү.
Монитордон колдонуучунун көзүнө чейинки аралык - 60-70 см
Байыркы гректердин эсептегичи - Абак
Информатика эмнени окуп-үйрөнөт (бир сөз менен) - маалыматты
1 Кб канча байт бар - 1024 байт
Катуу дисктин көлөмү кандай болушу мүмкүн - 40 Гб – 500 Гб
Маалыматтар дискте ... сакталат - файлдарда
Файлдардын тобу - папка
Терилген текстке өзгөртүү киргизүү - редактирлөө
Алгоритмди берүүнүн 3 түрү - табигый тилде,
графикалык, программалоо тилинде
Катуу диск эмнеден коркот - катуу урунуудан
Digital сөзү кантип которулат - цифралык
Материнская платадагы негизги микросхема - процессор
Microsoft Office пакетине кирген негизги программалар - Word, Excel,
Access, PowerPoint
Операциондук система - Windows
Ар бир туура жооп үчүн 1 балл берилет.
Microsoft Office Word тексттик редактору үчүн тапшырмаларды аткаруу
Тапшырмаларды аткарууга 20 минута убакыт берилет.
Ар бир тапшырманын аткарылышына 5 балл берилет.
Тапшырма 1. Үлгү боюнча текстти жаз жана жасалгала.
Шрифт MonotypeCorsiva, размер 24.
Файл – бул аты бар жана эсте сакталып туруучу программа же маалыматтар.
Тапшырма 2. Үлгү боюнча текстти жаз жана жасалгала.
Шрифт А97_Октом_Times, размер 18.
Файлдардын үстүнөн төмөндөгү операцияларды жүргүзүүгө болот:
копирование,
перемещение,
удаление,
переименование.
Тапшырма 3. Фигураларды документке кой.
Геометриялык фигуралар
Microsoft Office Excel таблицалык редактору үчүн тапшырмаларды аткаруу
Тапшырмаларды аткарууга 20 минута убакыт берилет.
Ар бир тапшырманын аткарылышына 5 балл берилет.
Тапшырма 1. Маанисин эсептегиле.
z=6y-5x - y жана х тин бир канча маанилери үчүн эсептегиле.
Тапшырма 2. Функциянын графигин чийгиле.
y=sinx
Тапшырма 3. Даяр таблицага каалагандай диаграмма түзгүлө.
8-класс папкасындагы “конкурс_таблица” файлын ачкыла
Класстар | Окуучулардын саны |
1 | 36 |
2 | 24 |
3 | 20 |
4 | 19 |
5 | 25 |
6 | 23 |
7 | 19 |
8 | 22 |
9 | 27 |
10 | 17 |
11 | 15 |
Microsoft Office Power Point редактору үчүн тапшырмалар
Тапшырмаларды аткарууга 20 минута убакыт берилет.
Ар бир тапшырманын аткарылышына 5 балл берилет.
Тапшырма. Үлгү боюнча слайддарды жасагыла.
Фигураларды коюу. Текст жазуу.
Шрифт А97_OKTOM_ZELEK, размер 40.
Квадрат: жагы 7 см
/ч бурчтук: негизи - 7,5 см, бийиктиги - 7 см
Эллипс: узуну – 11 см, бийиктиги – 5 см
Диаграмма түзүү. Текст жазуу.
Шрифт Аrial Black, размер 60, Жирный.
Сүрөттү коюу. Текст жазуу.
Шрифт А97_Oktom_Times, размер 66, Жирный, Курсив.
8-класс папкасындагы “smile” сүрөтүн койгула
«РОМАШКА» КОНКУРСУ.
«Ромашканын» желекчелеринде клавиатуранын атайын клавишаларынын аттары жазылган. Ватманда аткарган кызматтары жазылган тартибинин номери коюлган. Аткарган кызматтары боюнча желекчелерди дал келтиргиле.
Ар бир туура жоопко 1 балл берилет.
ESC (командадан баш тартуу).
DELETE (курсордун оң жагындагы символду өчүрөт)
ENTER (курсорду жаңы жолчого түшүрөт)
BACKSPACE (курсордун сол жагындагы символду өчүрөт)
SHIFT + буква (чоң тамгаларды жазат).
CAPS LOCK (бир басуу менен лампочка күйөт жана тамгалар баары чоң болуп жазылат, экинчи басуу менен өчүрөбүз).
HOME (курсорду жолчонун башына алып келет)
END (курсорду жолчонун аягына алып келет)
Баллдар эсептелет жана жыйынтык чыгарылат.
Жыйынтыктар боюнча белектер жана грамоталар тапшырылат.
9