Кыргызстан тарыхы
9-класс
I. Сабактын темасы: 1916-жылдагы улуттук - боштондук көтөрүлүш. (Үркүн)
II.Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар көтөрүлүштүн чыгуу жана жеңилүү себебтерин
талдай алышат. Көтөрүлүштүн мүнөзүнө жана тарыхый
маанисине баа бере алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар тарыхый окуяга туура баа берүүгө үйрөнөт,
сынчыл ой жүгүртүүсү калыптанат.
Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар топтордо иштөөгө көнүгөт, мекенчилдикке
тарбияланат. Гумандуу сезимдери өнүгөт.
III.Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү сабагы.
IV.Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу
V.Сабактын жабдылышы:, Кыргызстандын физикалык картасы, көтөрүлүштүн
жетекчилеринин сүрөттөрү, ватман, барактар, маркерлер, окуу
китеби, газета журналдардан алынган маалыматтар,
окумуштуулардын пикрлери.
VI.Сабактын жүрүшү:
Сабакты уюштуруу (2мин)
Саламдашуу
Окуучуларды тактоо.
Класстык бөлмөнү сабакка даярдоо.
Чакыруу (3мин)
Колония деген эмне?
Россия империясы качан Кыргызстанды колонияга айландырган?
Анжиан көтөрүлүшү качан болгон?
Мугалим: Биз бүгүн силер менен Кыргызстандагы 1916-жылдагы улуттук- боштондук көтөрүлүштү окуп үйрөнөбүз. Мында чогу көтөрүлүштүн чыгуу себебтерин, мүнөзүн, социалдык курамын, жеңилүү себебтерин талдап, көтөрүлүшкө тарыхый баа беришибиз керек. Ал үчүн биз беш топко бөлүнөбүз. Ар бир топко тапшырмалар берилет. Тапшырманы аткарууда окуу китебинин §2 жана таркатылып берилген кошумча маалыматтарга да көңүл бурушуңар керек. Тапшырманы аткарууга 12мин. убакыт берилет.
Тапшырмаларды аткаруу (12мин)
топ: Көтөрүлүштүн чыгуу себебтери.
2-топ: Көтөрүлүштүн мүнөзү жана кыймылдаткыч күчтөрү
3-топ: Тарыхый инсандардын көтөрүлүштүн жүрүшүндөгү орду.
4-топ: Россия империясынын көтөрүлүшкө жасаган мамилеси.
5-топ: Көтөрүлүштүн жеңилүү себептери жана тарыхый мааниси.
Презентация (20мин)
Көтөрүлүштүн чыгуу себебтери.
Кыргыз элинин кош эзүүнүн астында калышы
Салыктардын көбөйүшү
Улуттук боштондук көтөрүлүштүн чыгуу себептери
Биринчи дүйнөлүк согуш (1914ж 1-август)
кёбёйщшщ
Орус дыйкандарынын көчүп келүүсү
Июндагы ак падышанын указы
1916-ж.4-июндагы Коженттеги көтөрүлүш
2-топ: Көтөрүлүштүн мүнөзү жана кыймылдаткыч күчтөрү
Дастан: Көтөрүлүш биринчи 1916-ж 4-июлда Ходжентте башталат. Айдын аягына чейин көтөрүлүш бат эле Фергана өрөөнүнө жайылат. Көтөрүлүшкө чыккандар указды аткаруудан ачык эле баш тартышып, атайын түзүлгөн тизмелерди жок кылып, көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышат. Боштондук кыймылынын толкуну акырындап Кетмен-Төбө, Чаткал, Тогуз-Торо өрөөндөрүндө кулач жайат. Ош уездиндеги толкундоолор Сулайман тоосунун этигиндеги жыйын менен башталып ага 10 миңдей киши катышкан. Жыйынга катышкандар «Согуша барбайбыз!» , »Балдарыбызды бербейбиз!» деген ураан көтөрүшкөн. Ушундай эле толкундоолор Кожо-Абадда, Үч-Коргондо, Алай, Гүлчө,Ноокат,Куршаб ж.б кыштактарда өткөн. Август айына карата Түштүк Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгү көтөрүлүштүн кучагында калган.
Жайнагүл: Алгчкы жыйын 1916-жылыдын 10-июлда Жети-суудагы Каркыра жарманкесине жакын «Каман карагай» деген жерде өтөт. Жыйынга Мерке, Чилик, Тору-Айгыр, Сары- Торгой ж.б болуштуктарынын казак,кыргыз калкы, Пржевальск уездинин кыргыздары катышат. Кеңешмеде аскердик тыл иштерине бир да кишини жибербөөгө, керек болсо колго курал алып күрөшүүгө макулдашат.
Айтурган: Падышалык чиновниктердин коркутканына карабастан эл кыймылы күн өткөн сайын күчөй берген. Көтөрүлүшчүлөр Верный-Пишпек кан жолун ээлеп, телеграф, почта байланыш түйүндөрүн талкалашат Көтөрүлүштүн кеңири кулач жайышынан чочулаган падыша бийлиги Түркстан крайынын башка облустарынан көп күч жыйнап чогулат. Ошентип Чүйгө, Көлгө жазалоочу аскерлер топтошуп келе баштайт. Бирок алар көтөрүлүштү бат эле басып коюга күчү жетпеди.
Дилмурат:10-августа көтөрүлүшкө чыккандар Каркыра жарманкесинде 500дөн ашык дүкөндөрдү талкалап, өрттөп жиберишкен. Мариинск болуштуктун дуңгандары күрөшкө активдүү катышкан. 11-августта көтөрүлүшчүлөргө уйгурлар, дунгандар, сарт-калмактар кошулат. Ошондой эле көтөрүлүш Сарбагыш жана Атаке болуштуктарында Новорссийское кыштагында (азыркы Шабдан айылы) 12 болуштукта күчөйт. Ал тургай көтөрүлүшкө айрым орус, украин дыйкандары да катышканы бизге маалым болду
Акжол : Ошентип августтун аяк ченинде көтөрүлүшчүлөр менен жазалоочу аскерлердин ортосунда акыркы салгылашуу болот. 23-августа Кара-Колдон анча алыс эмес жерде 4миңдей көтөрүлүшчү оң, сол канат болуп душманга чабуул коюшат. Көп жоготууга учураган элет эли, алсырай баштаган көтөрүлүш Ата журтту калтырып кетүүгө, кыргындан качып кутулууга аргасыз болот.
Тарыхый инсандардын көтөрүлүштүн жүрүшүндөгү орду.
Мөкүш Шабдан уулу
Батыркан Ногой
уулу ( Көл)
Ноорузбай уулу Үкү
балбан
Көтөрүлүштүн
тарыхый инсандары
Ыбырайым Төлө уулу
Таласбай Алыбаев
уулу
4-топ: Россия империясынын көтөрүлүшкө жасаган мамилеси.
Тахмина: Көтөрүлүш башталаары менен эле анын Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал А.Н. Куропаткинди чакырып, аны Түркстан генерал губернаторлугуна дайындайт.1916-ж 17- июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министрлигинин буйругу менен Түркстанга 11 батальон, 42 замбирек, 69 пулемет менен куралданган 3,3 миң казак-орус аскер жөнөтүлөт.
Үзүрбек: Жети-Сууда көтөрүлүш башка областардагы козголоңдор басылып калганда башталгандыктан орус төбөлдөрү Жети-Суудагы көтөрүлүштү басууга Түркстан генерал-губернаторлугунун аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскер болгон. Кийнчирээк согуш министрлигинин буйругу менен 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар 16 замбирек, 47пулемет кошумча келген. Убактылуу аскер талаа сотттору түзүлгөн.
Бекжан: Токмок уездинин начальниги Г. Загряжский «Туркестанский ведомости» журналына «Биз кыргыз атын өчүрөбүз, тарых тагдыры ушундай»деп жазганы бизге белгилүү болду. Андыктан менин пикиримде Россия империясы элет элин тукум курут максаттын көздөгөн.
Эльдана: Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү аесуз басууга, жергиликтүү элди кырып жок кылууга, мал-мүлкүн тоноп, айылдарды өртөөгө көрсөтмө берген. Келгин дыйкандарга көтөрүлүштүн натыйжасындагы чыгымдарын көтөрүлүшчүлөрдүн мал-мүлкү аркылуу толуктап алууга уруксат берген. 1916-ж. 12-августунда Куропаткин көтөрүлүшчүлөрдү жазалоону жеңилдетүү үчүн аскер талаа сотторун түзүүгө буйрук берген.
Тагай: Жазалоочу отряд жана ага жардам берген келгин дыйкандар көтөрүлүшчүлөрдү гана эмес, көтөрүлүшкө катышпаган тынч элди, кары-картаң, жаш балдарды, аялдарды кыргынга учураткан. Мисалы: Беловодскийдеги 500дөн ашык кыргыздарды көтөрүлүшкө катыштыңар деп, сарайга камашып мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Теплокюченкодон 500дөй киши өлтүрүлүп 100дөй адамдын сөөгү Ак-Суу суусуна ыргытылган. Пржевальск шаарынан 700 дунгандан 6 гана киши тирүү калган.
5-топ: Көтрүлүштүн жеңилүү себептери жана тарыхый мааниси.
Назгүл: Айры, чалгы, найза, кылыч, союл, бардаңке, бараң, бир аз мылтык менен куралданган, чаржайыт көтөрүлгөн элди басып коюш, падыша аскерлери үчүн анча деле кыйынчылыкка турган эмес. Аскер талаа соттору көтөрүлүшкө катышкандарды атууга өкүм чыгарып, ошол замат өкүмдү аткарып турган.
Айзат:Тукум курут болуп кырылып калуудан корккон кыргыздар сентябрдын аягында Кытайды көздөй үркүшкөн. Жырткычтык менен басылган Түрксандагы колонизатордук саясаты үчүн падыша өкмөтү жергиликтүү элден сокку жеди
Данияр: Жеңилүүнүн эң башкы себеби көтөрүлүшкө чыккан элдин начар уюшкандыгы, чачкынды, бөлүндү болуп аракеттенгендиги, бирдиктүү жетекчиликтин жоктугу. Мында согуштук тажрыйбанын аздыгы, курал-жарактын начардыгы, падышалык аскердин даярдыгы жана куралынын артыкчылыгы дагы белгилүү роль ойногон.
Аиза: Ар түрдүү эзүүгө каршы күрөшкө чыгууга болорун түшүнүштү. Элет эли эркиндик үчүн күрөштө чоң тажрыйбага ээ болушту. Колониялык бийликти алсыраткан. Көп улутту элдин ынтымагы арткан. Жеңилип калса дагы улуттук-боштондук күрөш деп атоого негиз бар.
Бактияр: 1916-жылдагы көтөрүлүш Кыргызстандагы ири улуттук- боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялардан болгон. Көтөрүлүш жеңилип, өтө мыкаачылык менен басылганына карабастан Түрксанда колониялык бийлик бошоңдогон.
Бышыктоо: (5мин)
Мугалим: Кана балдар көтөрүлүшкө баа берип көргүлөчү
Назгүл: Мен окууган маалыматтарга караганда , падыша өкмөтү өзүнүн максатын иш жүзүнө ашыра алган жок. Себеби падыша өкмөтү көтөрүлүшкө катышкан элдин жерин тартып алып, аны өздөштүрүүнү пландаштырган. Пишпек, Пржевальск уездеринин элин Тянь-Шандын тоо арасына Нарын уездин түзүп, ошол жакка көчүрмөк болгон. Өзбек, түркмөн, казак, тажиктердин тагдыры да дал ушундай болмак. Акылга сыйбас, кыянаттык менен берилген буйруктар, администрациянын төбөлдөрүнүн жалган түшүндүрүүлөрү , келгин орустардан отряд, кунсуз киши өлтүрүү, жазасыз ээнбаштык кыргыз элин Кытай тарапка үрккөнгө аргасыз кылган.
Кыргыз элинни ата-бабадан мураска калган жерине толук ээ болуну, эркиндикти, теңдикти эңсеген бул күрөш Кыргызстан тарыхындагы маанилүү барагы катары бааласак болот.
Баалоо: (2мин)
Мугалим: Балдар бул баалоо баракчасын силер талкуу учурунда ким канчалык өз тобуна салым кошуп ой пикириңер менен алмашып турганыңарды белгилеп бергиле жана өз жообуңарды баалагыла.
Биздин топко кошкон салымым
Ф.И.О класс
Иш аракеттер | Дайыма | Кээде | Жок |
Пландаштырууга катыштым | | | |
Талкуулаштым | | | |
Сунуш киргиздим | | | |
Башкаларга жардам бердим | | | |
Жыйынтыкташтым | | | |
Презентацияладым | | | |
Менин топтогу ролум: лидер, спикер, секретарь, таймкипер, балык.
Үйгө тапшырма: (1мин) 1916-жылдагы көтөрүлүшкө арналып жазылган жазуучулардын кандай чыгармалары бар таап жазып келүү.
Талас областтык чет тилдери
багытындагы лицей- комплекси
Билим берүүнүн отличниги
Алымкулова Гүлжамал
Бекболсуновна