2 | Yй тапшырманы суроо. (5–8 мүн.) | Ачык, жабык тесттерди иштөө 1.Талас облусунун жалпы аянты 17.0 миң км2 14.6 миң км2 11.4 миң км2 11.7 миң км2 29.0 миң км2 2. Талас облусунда канча айыл бар? 3.Талас облусу Кыргызстандын кайсыл аймагында жайгашкан? Түштүк-батышында Түндүк-Чыгышында Түндүгүндө Түндүк-Батышында Түштүгүндө 4.Талас облусу чыгышынан кайсыл облус менен чектешет? Ысык-Көл Жалал Абад Нарын Чүй Ош 5. Талас облусу түндүк-батышынан кайсыл республика менен чектешкен? Россия Казакстан Өзбекстан Кытай Тажикстан 6. Талас облусунун алтын чыккан аймактары Макмал, Кумтөр Жер-Үй, Талды-Булак Солтон-Сары, Куран-Жайлоо Ак-Таш, Кум-Бел Чандалаш, Биринчи-Май 7. Талас облусунда канча район бар 8. Манас чокусунун бийиктиги 700м 4200м 4400м 4482м 7439м 9. Талас облусундагы эң ири дарыя Талас Каракол Үч-Кошой Беш-Таш Кара-Дарыя 10. Талас облусу качан уюшулган 1944-жылы 1952-жылы 1956-жылы 1962-жылы 1990-жылы Талас облусу Дал келтирүү: Бакай-Ата Бакай-Ата кыштагы Кара-Буура Кызыл-Адыр кыштагы Манас Покровка кыштагы Талас Көк-Ой кыштагы Сүйлөм толуктагыла “Республикадагы облустардын арасында калкы боюнча акыркы орунда. Республиканын калкынын 4,1% түзөт ” Картаны пайдаланып райондорду тактап жаз: 1) 2) 3) 4) Талас облусунун билим берүү мекемелеринин саны (2020-жыл) № | Билим берүү мекемелери | Саны | 1 | Мектепке чейинки уюмдар | 63 | 2 | Жалпы билим берүү уюмдары | 117 | 3 | Атайын муктаждыгы бар балдар үчүн | 1 | 4 | Башталгыч билим берүү уюмдары | 6 | 5 | Орто ке | иптик билим берүү уюмдары 5 | 6 | Жогорку окуу жайлары | 1 | Облустарды салыштыр: | Талас облусу | Ош облусу | Аянты | 11,4 миң км2 | 29,0 миң км2 | Калкы | 271,0 миң киши (2020) | 1713,8 миң киши (2020) | Райондору | 4 | 7 | Шаарлары | 1 | 4 | Өзгөчөлүктөрү | | | | Китептеги суроолорго жооп беришип, Талас шаары жөнүндө айтып беришет. | Калыптандыруучу |
3 | Жаңы тема менен тааныш- тыруу (5–8 мүн.) | Жаңы тема боюнча маалымат берүү: Чүй облусу Кыргызстандын түндүк бөлүгүн ээлейт. Түндүгүнөн жана батышынан Казакстан, түштүк-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалал-Абад, Нарын, чыгышынан Ыссык-Көл облустары менен чектешет. 1939-жылы Фрунзе облусу негизделген (Чүй, Талас), 1944-жылы Талас облусу бөлүнгөн, 1956-жылы кайрадан бириктирилген. 1990-жылы Чүй облусу болуп Талас облусунан бөлүнгөн. Облуста 8 админстрациялык район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата), 7 шаар (Токмок, Кант, Кара-Балта, Шопоков Кайыңды, Кемин, Орловка), 1 шаарча (Борду), 105 айыл аймагы, 327 кыштагы бар. Облустун чегинде республиканын борбору Бишкек шаары бар. Жалпы аянты – 20,2миң км2. Облустун борбору – Бишкек шаары. Облустун аймагын Чүй, Чоң-Кемин, Суусамыр өрөөндөрү ошондой эле аларды чектеп жаткан Иле, Кыргыз, Күңгөй, Талас, Суусамыр, Жумгал кырка тоолору түзөт. Абсалюттук бийиктиги 550 м ден 4895м ге чейин жетет. Кен байлыктары – алтын, темир, титан, хром, никель, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү элементер, металл эместер, минералдуу ысык булактар, дары баткактар курулуш материалдары ж.б. Облустун жеринин табияты кооз, минералдуу жана жылуу сууларга бай. Алар дарылануучу, дем алуучу, туризмди, альпинизмди өнүктүрүүгө өнүктүрүүгө өтө ыңгайлуу. Алардын ичинен Ысык-Ата жылуу суу дарылануу үчүн, “Ала-Арча” улуттук табият паркы эс алуу жана альпинизм үчүн ыңгайлуу. Булардан башка Кара-Балта, Ак-Суу, Сокулук, Аламүдүн, Кегети, Шамшы, Чоң Кемин ж.б. кооз капчыгайлар туристтер үчүн ыңгайлуу. Облустун чегинде эң байыркы архиологиялык эстеликтер – таш доорунун Георгиевка дөбөсү, Аламүдүн тургун жайы, коло доорунун Кайыңды, Жайылма тургун жайлары, сак-усун мезгилине таандык тургун жайлар ж.б. бар. Облустун климаты кургак жайы өтө ысык, кышы суук. Жаан-чачындын жылдык саны 270-420мм. Калкы: Чүй облусунда республиканын калкынын 14,7%ы жашайт (2020). Калктын орточо жыштыгы 1км2 жерге 48 адам туура келет. Шаар калкы 178,8 миң киши (18%), айыл калкы 796.2 миң киши (82%). Жыныстык курамы боюнча аялдар 495035(50,8:%), эркектер 479949 (49,2%). Облустун жалпы калкынын 320,6 миңи (32,9%) эмгек жашына чейинкилер, 549,5 миңи (56,4%) эмгек курагындагылар, 104,9 миңи (10,7%) эмгек жашынан өткөндөр. Экономикалык миграциянын натыйжасында орустар, украиндер жана башка жергиликтүү эмес улуттар азайганы менен аймактын улуттук курамы дагы эле өтө аралаш мүнөзгө ээ. 2020-жыл боюнча Кыргыздар – 67,7% Орустар – 13,9% Дуңгандар – 6,6% Уйгурлар – 1.9 % Өзбектер – 1.8 % Казактар –1.4 % Түрктөр – 1.2 % Азербайжандар –1.3 % Украиндер –0.4 % Татарлар –0.6 % Немистер –0.5 % Корейлер –0.4 % Тажиктер - 0.4 % Чечендер - 0.1 % Башка улуттар - 1.7% | Окуучулар кунт коюп угушат. Тушунбогон суроолору болсо беришет. | |