СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч. Айтматов "Кылым карытар бир күн" романынан үзүндү (Адам табиятынын маңкурттугу)

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ч. Айтматов "Кылым карытар бир күн" романынан үзүндү (Адам табиятынын маңкурттугу)

Просмотр содержимого документа
«Ч. Айтматов "Кылым карытар бир күн" романынан үзүндү (Адам табиятынын маңкурттугу)»

Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан үзүндү.

( Адам табиятынын маңкурттугу)

Бул кыйырда поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттап турат… Темир жолдун эки тарап кыйырында ээн талаа, эрме чөл Сары-Өзөк жатат. Борондудан Наймандардын уруу көрүстөнү Эне-Бейитке чейин, Сары-Өзөктүн чөлүн кезип түз жүрсө, аз болгондо отуз километр кетет. Эдигейден башка бу тегеректе Эне-Бейиттин жолун билген жан жок. Сегиз түтүн Борондудан көп жылдан бери мына бүгүн өлүк чыгып отурат…

Эдигей: -Койсонорчу, ушу да эр жигиттин сөзүбү. Мындай кишини ата-бабасы жаткан Эне-Бейитке коебуз. Ракматы өзү керээз айтып кеткен. А көрө көп сүйлөбөй кам көрөлү. Жол алыс. Эртең эрте жолго чыккандай бололу.

Сабитжан: - Кайдагы бир Эне-Бейитке дебей эле, ушу тегеректе жер азбы, босогоңон аалам түбүнө чейин Сары-Өзөктүн талаасы. Өзү өмүр бою иштеп өткөн темир жолдун боюндагы бир дөбөчөгө эле жашырбайлыбы, поезддердин өткөн-кеткен дүбүртүн тыңшап жатсын. Өлгөндүн жазасы - көмгөн. Мындай учурда тез ойлоп, тез бүтүргөн жакшы, баш оорутуп , жанды кыйнап отурабызбы?

Эдигей: - Эй, «акылдуу», тегеректин баары эле ээн жер дечи, бирок, акыл-эстүү адамдар, жакындарын көрүнгөн жерге көөмп, таштап кете бербейт да?

Сабитжан: - Эне-Бейитиңер бери болгондо барышы отуз чакырым, келиши отуз чакырым, ага менин убактым тар, кайра шаарга тез кайтуум керек. Менин тигил жакта маанилүү иштерим калды. Шаар деген шаар, чоң деген чоң, аларды элдин көрүстөнүнүн алыс жакыны кызыктырбайт!

(Эдигей оозунан ачуу сөз чыгып кетпесин деп зорго карманды)

Эдигей: - Сен,көрсө, атаңды кадырлап көмүүгө эмес, эптеп кутулууга келген экенсиң да! Сөз бүттү. Эртең Эне-Бейитке аттанабыз! Мындай кишини Эне-Бейитке коёбуз! (Ачуулуу. Чыгып кетет. Арыраакта аялдар кобураша кетишет)

Биринчи аял: - Өлгөн атасын көмгөнү келбей эле, баласы,эртерээк кутулууга келген го?

Экинчи аял: - Аны айтасың, мейманга келгенсип, эки колун мурдуна тыгып, жетип келиптир. Же жанында ээрчиткен катыны жок. Ал катыны шаардык болсо болгондур, бирок кайнатасына келип ыйлап койсо болбойбу, кур дегенде.

Биринчи аял: - Абийир- ызаат деген кетти кийинкилерден. Абышка тирүү кезинде эки саан ингени бар, жыйырмага жакын кой, козусу бар, балдарына жакшы ата эле. Анда келини из суутпай келип жүрүп, акыры малдан баарын саттырды да абышканы шаарга алып кетти. Малдын пулуна эмерек сатып алышты. Анан абышка ашка жүк, башка жүк болуп куулуп калды.

Экинчи аял: - Эми ошол келин кана дебейсиңи? (Чыгып кетишет)

Эдигей: (Өзүнчө) Оо, кайрылбай кеткен кайран күндөр, бир кездерде Казангап экөөбүз ушул уулун жолчулардын Кумбелдеги мектеп-интернатына алпарып киргиздик эле. А кезде мотуракай бала, атасынын сүйгүнчүгү. Жатаканага көнбөгөн бала, кантип жүрү экен, бирөө ыза кылбады бекен, окуусу кандай боду экен, Мугалимдери кандай ойдо экен, бейбаштык кылбады бекен - деп сары убайымга батып, эки төөнү салдырып, баланы көрүп келер элек.

Кышкысын Сары-Өзөктүн калың карын буркулдатып, аяз болобу, борошо болобу бала окуусунан калбасын деп, күн түрүнө карабай жеткирер элек. Мына эми өлүмдөн башканын баарын маанилүү деп «акылдуусунуп» олтурат. Өлүмдү барктабай, тирүүлүктүн кадырына жетесиңби! Мунун аягы кайда алып барар экен?

Эдилбай: - Сабитжан, атаңдын Борондуу Эдигей деген досу барына, сен ыраазы бол! Атаны ата салты менен көмөлү. Ага сен жолтоо болбогун. Шашсаң кармаган жерибиз жок. Сен үчүн атаңа топуракты мен салып коём!

Сабитжан: - Ата меники, эмне кылсам…

Эдилбай: - Ата го сеники, бирок сен өзүң, өзүңкү болбой калыпсың го!...































Бакай-Ата району Капалов Эшимбек атындагы орто мектеби









«Мугалимдер күнүнө» карата Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын камтыган кече



«Кылым карытар бир күн»романынан үзүндү

(Адам табиятынын маңкурттугу)




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!