Байыркы кыргыздар жөнүндө кыскача маалымат
Байыркы Кыргыздар болжол менен Чыгыш Теңир-Тоонун Манас дарыясынын атырабында жайгашкан. Кийнчерээк, б.з. 5-кылымда, алардын оодук бөлүгү Энесайга (Түштүк Сибирге_ журт которуп, мында 6-12-кылымдарда Энесай Кыргыз кагандыгын негиздеп, өнүктүрүшкөн. 5-6-кылымдарда Энесайдагы жергиликтүү динлиндерди жана башка сибирдик түрк урууларын Кыргыздар өздөрүнө сиңирип алган. Алардын айрым бөлүктөрү 10-кылымдын ортосунан тартып кайрадан Теңир-Тоо аймагында жана ага тарыхый коңшулаш аймакта - азыркы Моңголиянын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Көл (моңголчо Хирхис-ноор) аймагында жашаган. Байыртадан эле Кыргыздардан өз алдынча мамлекети, орто кылымдардын эрте мезгилинде – Кыргыз кагандыгы болгон. 840-ж. Кыргыз кагандыгы Борбордук жана Ички Азиядагы Уйгур кагандыгын талкалаган жана алардын бөлүгү Чыгыш Түркстанга качкан уйгурлардын артынан кууп келип, Теңир-Тоо аймагына туруп калышкан соң, акырындап ислам динине өтө баштаган.
Кыргыздардын айрым топтору чыгыштан Теңир-Тоого кара кытайлардын, наймандардын жана моңголдордун жортуулу учурунда да (12-13-кылымдарда) оошуп келген. Эне-Сай Кыргыздарынын айрым бөлүктөрү түштүк-чыгышка да ооп, алардын бир катары бүгүнкү күндө Түндүк Кытайдагы Фу-йу уездинде өз этностук ысымын ж-а тилин сактап, жашап жатышат. 14-кылымдан 18-кылымдын башына чейин Эне-Сайда Кыргыздардын чоң тобу (Сибирь Кыргыздары) моңголдордун алтын-хандарына, кийинчирээк ойротторго (калмактар) баш ийип (кээде сөз жүзүндө гана баш ийип, өз эгемендигин сактап) келишкен. 18-кылымдын башында Жуңгар хандыгы аларды талкалап, бир катарын Жуңгарияга (Теңир-Тоонун чыгышына) көчүрүп кеткен соң, Сибирь ж-а Алтайдагы Кыргыздар кийинки Саян-Алтайдагы түрк ж-а моңгол элдерине аралашып кеткен. Моңголиядагы Кыргыздар моңголдошууга дуушар болгон. Караханийлер доорунан тартып Теңир-Тоодогу кыргыздар Теңир-Тоодогу этностук курамы татаал өзүнчө улут катары белгилүү.
Санжыра б-ча Кыргыздар кырк уруудан куралган. Ошондуктан алар “кырк уруулуу эл” деп да аталган. (Этнолог жана тилчи, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунованын баамында, “кыргыз” сөзү “кырк” сөзүнөн жана көптүк биримдикти туюнтчу “-ыз” курама мүчө сөзүнөн куралган).
Кыргыз элинин курамындагы башка этностордун ысымын эскерткен этнонимдер (кытай, моңолдор, түркмөн, казак, өзбек, калмак, ногой, сарт, ж.б.) анын эл болуп калыптанышына байыркы ж-а орто кылымдарда жашаган көптөгөн этностор жана уруулар катышкандыгын далилдейт.
Кыргызстанга көчүп келген орус,украин,уйгур,дуңган ж.б.элдердин дыйканчылык боюнча бай тажрыйбаларынын таасири менен кыргыздардын дыйканчылыгына айрым өзгөрүштөр кире баштайт.Кыргыздарда көбүнчө кедей-кембагалдар дыйканчылык менен күн көрүүгө өтө баштаган.Дыйканчылыкта буудай,арпа,сулу,туруу ж.б. дан эгиндери,өсүмдүктөр эгилген.Кыргызстандын түштүгүндө болсо пахта,тамеки,күрүч жана жашылча-жемиште түрлөрү өстүрүлгөн. Капиталисттик рынок мамилелеринин киргизилиши менен Кыргызстандын айрым жерлеринде кыргыз дыйкандары өз муктаждыктары үчүн гана эмес,базарга сатуу үчүн да дан эгиндерин, жашылча-жемиштерди, мөмө дарактарды өстүрүп,бал аарыларын бага баштаган.Бирок соода дыйканчылыгынын бул түрлөрү,орус,украин,озбек,дуңган калктарында көбүрөк өнүккөн.Кыргызстандын түштүгүндө пахта да товар катары өндүрүлө баштаган.Түштүк Кыргызстандагы Нойгут-Кыпчак,Найман,Багыш,Баястан,Акбуура жана Ноокат болуштуктарында атайын сатуу үчүн эгин өстүрүлө баштаган. 19-к-дын экинчи жарымынан өзгөчө Фергана облусунда кыргыздар толук же жарым-жартылай отурукташа баштаган.1917-; карата Фергана облусундагы 362 миң кыргыздын, 206 миңи отурактышкан же жарым отурукташкан турмушка өтүшкөн.Кыргызстандын түндүгүндө болсо 20-к-дын башында 70тей гана кыргыз кыштагы болгон.Орус менен украиндедин кыштактары 100дөн ашык, о. эле 5 немис, 3 дуңган кыштактары болгон.Түштүк Кыргызстандын кыргыз кыштактарында негизинен 500дөн,айрым чоң кыштактарда 1-2 миңдей адам жашаган.Ал эми Түндүк Кыргызстанда кыргыздар жашаган кыштактарды адамдардын саны 100-200дөн ашкан эмес. Көчүп келген дыйкандар жергиликтүү элге сугат жерлерин өздөштүрүүнү,каналдарды жана арыктарды казууну үйрөтүшүп,алардан жайытты пайдаланууну үйрөнүшкөн.Байлардын жана кулактардын чарбаларында темир соколор,тырмоолор,чалгылар ж.б. пайда боло баштаган. 1914-ж Кыргызстанда 434 миң га сугат жерлери болуп,анда эң эле жөнөкөй жолдор менен пахта 2 миң га,картошка менен жашылча 14 миң га жерге өстүрүлгөн.
Кыргыздардын тарыхы негизинен:
байыркы Кыргыздар (б.з. ч. 3-кылымдан – б. з. 5-кылымына чейин),
орто кылымдардагы Кыргыздар (6-14-кылымдар),
кийинки Кыргыздар (15-21-кылымдар) болуп 3 мезгилге бөлүнөт. Байыркы кыргыздар оболу Теңир-Тоо, андан соң ага кошумча Түштүк Сибирь, Алтай, Ички Азия аймактарын мекендеген. Орто кылымдардагы Кыргыздарга Эне-Сай Кыргыздары (6-14-кк.), Теңир-Тоо Кыргыздары (9-14-кк.), Борбордук Азия Кыргыздары (9-14-кк.); Манжурия, Моңголия, Алтайдагы Кыргыздар, Сибирь Кыргыздары (15-18-кк.) кирет. Кийинки Кыргыздарга Теңир-Тоо же Ала-Тоодогу Кыргыздар (15-21-кк.), манжуриядагы Фү-йү үйөзүндө жана жалпы Манчжурияда байырлап жаткан кыргыздар (18-21-кк.) жана башка кыргыз топтору кирет. Бир катар кыргыз уруулары 18-20-кк. казак, өзбек, каракалпак, башкыр, татар, уйгур, алтай, хакас, тыва, саха, сары уйгур, кырым татар (ногой), түрк, балкар, карачай, шор, ж.б. түрк элдерине, айрымдары тажик, монгол, дунган, калмак, арап, орус, ж.б. этносторго жуурулушуп кетишкен.