СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Паремиялардын педогогикалык каражат катары колдонулушу

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Паремиялардын педогогикалык каражат катары колдонулушу

АННОТАЦИЯ

Паремияларды элдик тарбиянын негизги каражаты катары терең изилдеп, окуп үйрөнүү менен элдин руханий дүйнөсүн, турмуш тиричилигин, маданиятын аңдып билүү (түшүнүү).

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу, фил.илим.канд, доцент А.Абдулатов

Изденүүчү, педагогика жана тил илимдер кафедрасынын башчысы, педагог-психолог Нурдинов Болот Жолболдуевич

 

Использование паремии как педагогического инструмента

АННОТАЦИЯ

Через глубокое исследование, изучение паремии как основного средства народного воспитания и наблюдение (анализ,понимание) духовного богатства, культуры и жизни народа.

Преподаватель международного Узгенского института технологии и образования им. Б. Мурзубраимова Ош ТУ, кандидат филологических наук, доцент А. Абдулатов

Соискатель, заведующий кафедрой педагогики и языковых дисциплин, педагог-психолог Нурдинов Болот Жолболдуевич

 

Using paremia as a pedagogical instrument

ANNOTATION

Through deep research, the study of paremia as the main means of national education and observation (analysis, understanding) of the spiritual wealth, culture and life of the people.

Lecturer at the International Uzgen Technological and Educational Institute named after B. Murzubraimova Osh TU, candidate of philological sciences, associate professor Abdulatov A.

Applicant, head of the department of pedagogy and language disciplines, educational psychologist Nurdinov Bolot Zholbolduevich

 

Паремия түшүнүгү бир нече илимдин курамында жолугат. Бул көп кырдуу жана функциялуу элдик чыгарма катары философияда, этнографияда, эстетикада, этикада, тил илиминде, этнопедагогикада, психологияда жана башка дисциплиналарда колдонулуп, алардын изилдөө предмети болуп калды.

Паремия негизи филологиялык обьект. Бул термин фольклордун эң кичинекей көлөмдөгү чыгармаларын жалпылап атайт. Паремиология болсо аталган жанрды түзүүчү чыгармаларды топтоп, изилдөөчү илимий багыт. Мунун чегинде паремиялардын жаралыш жолдорун, функцияларын, түзүлүшүн, түрлөрүн, көркөм каражаттарын изилдешет. Ошондой эле паремиология бул чыгармалардын ар кыл аспектилерин (философиялык, линвистикалык) жана методологиялык негиздерин талдайт.

            Паремия тилдик каражат катары төмөндөгүдөй белгилерге ээ. Ар бир паремия сүйлөм түрүндө кездешип, бүтүн бир ойду билдирет. Көлөмү чектүү, көбүнчө бир эки жөнөкөй сүйлөмдөн турат. Паремия жалпыланган типтүү, конструктивдик формулаларга баш иет. Сөз курамы аларда салыштармалуу туруктуу болот.

Паремия көп колдонулат жана аны пайдалануучулардын дээрлик баарына түшүнүктүү болот. Паремия образдуу келет да, анын түзүмүндө эч болбогондо бир көркөм каражат (литофера, салыштыруу, контраст ж.б.у.с.) учурайт. Паремиянын мааниси жалпы болот. Ал сүйлөөчү менен жазуучунун оюн көркөмдөп таасир берет. Угуучу менен жазуучунун оюна терең из калтырып, күчтүү сезим ойготот. Элдик билим-тажрыйбаны жыйнап, жалпылап жана таратып турат. Паремия типтүү ситуациаларда, жагдай шарттарда колдонулат. Угуучу менен окуучунун акыл-оюн өнүктүрөт жана байкоосун байытат. Маалымат “ныкталып” пресстелип берилет. Ал дидактикалык сапатка ээ болуп, окуу-тарбия максатында пайдаланууга ылайык келет. Мунун  баары паремиялык эпизодду түзүүчү тилдик каражаттардын биримдигин бүтүндүгүн түзөт. Бирок паремияларда бир кылка чыгарма катары кароо бир беткейликке алып келмекчи, анткени паремиялар ич ара ар түрдүү болуп бир аныктамага баш ийбейт.

Паремияларды эң оболу пикир билгизүүчү же билгизбөө мүмкүнчүлүгүнө карап эки топко бөлүүгө болот. Биринчи топту пикир берүүчү паремиялар түзөт. Бул паремияларда тигил же бул предметтин же анда тигил же бул сапаттын бардыгын же жоктугун билгизүүчү ойдун типтүү формалары берилет. Кыргыздар дүйнөдүгү эң эле байыркы элдерин бири экендиги жөнүндө кара тарых бетиндеги баян этилет. Көчмөн  турмушун жана жашоонун түрдүү катаал шарттарынын кырдаалында кыргыз башынан ичинен кубаныч шаңы менен кайгы-муңун көркөмдөп элестетүү баян эткен. Улуу сөз сепилдерин укумдан-тукумга мурас кылып калтырган.

Ата- бабалардан калган бул асыл баалуу руханий кенчти канчалык терең изилдеп үйрөнүп, туура баалап, чеберчилик менен пайдалана билген сайын алар бизге өзүнүн укмуштуудай купуя сырларын улам жаңылап ачып бере алат. Элдердин руханий дүйнөсүн да, жүрүш-туруш, турмуш тиричилигин, маданиятынын да өзөгүн дал ушул паремиялар түзөт.

Мисалы, орус элинин:“Уул тарбияласаң эркекти, кыз тарбияласаң улутту тарбиялайсың”-деген накыл сөзү нукура акылдын каймагы. Анткени, кыз-келечек колукту, эне, чоң эне! Энелер-аялзаты-улуттук тарбия системасынын өзөгү.

“Кыздын кырк чачы улуу”-деп аялдарды урматтап мамиле кылуу менен катар, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, ”Кызга кырк  үйдөн тыюу”, “Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” деп, кыз тарбиялоого талапты катуу коюп, биздин бабаларыбыз кыздарды социалдык жактан тезирээк жетиштирүүгө умтулушкан.

Кыз балдар жашынан эле суу ташуу, казан асуу, идиш-аякты таза тутуу, дасторкон салуу, үйдү таза кармоо, оюп чийип сайма сайуу ж.б.у.с. иштерди аткарышат.

            Биздин ата-бабаларыбыз балдарын мектепке бергенде “эти сеники, сөөгү меники”-деп мугалимдин колуна тапшырышкан. Мугалим окуучуларын кемсинтпей, сый-урмат менен, ага ишенич көрсөтүп, баланын адамдык беделин көтөрө чалып: “Баланы көөнү-жашоонун көөнү”-деп аны кемсинтпей мамиле жасашкан. “Адам болоор киши бар, адам болоор кишинин адам менен иши бар”-дейт кыргыздын эл макалы.

            Турмушка жана ишкердикке балдарды жашынан машыктыруунун үлгүсүн бизге мурас кылган ата-бабаларыбыз: “Баланы жашынан, катынды башынан” деген макалды айтышкан.

            “Ата каргышы-ок”, анткени, назарынан калган бала эч качан эр жарытар кул болбойт, ал сөзсүз элдин да назарынан калат. “Элдин назары-Кудайдын назары” деген ишенимге ынандырган. Бала кандайдыр бир жаман жоруктарды жасап койсо, анда ата ачууга алдырып, баласын каргап жибериши ыктымал. Анда бала атанын назарынан калат.

            “Жакшы ниет-жарым ырыскы”-дейт эл макалында “Жаштын тилегин кудай берет”-дейт. Бул паремия макалдарды таржымалдай турган болсок, аларда бай педагогикалык мазмун жатат. Демек, жашынан алдына алыскы перспективаны-жакшы ниет коюп, ага жетүүгө жан дили менен аракеттениши керек, ар бир адамдын тилеги сөзсүз ишке ашат. Анткени, ак тилеги, куш ою бар бала эч качан жаман ишке барбайт, өзү жөнүндөгү элдин пикирин өтө жогору баалайт. Эл мени жакшы десе деген күчтүү талап, аны элдин оор түйшүгүн кебелбей көтөрүүгө дем берет. Элдин бирөөлөргө кубаныч, бакыт алып келүүчү ишти аткарууга кара күчүн да, акыл дараметин да аябайт. Андай жаштарга эл ыраазычылыгын билдирип, алкыш айтат, ак ниетинен бата берет. Элдин купулуна толгон жаш өспүрүмдүн зоболосу көкөлөп бийиктей берет. “Элдин назары, кудай назары” дегендин түпкү жагдайын ушундай деп айтсак болот.“Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста”-деген паремия макал бар. Жакшылыкка баланы жашынан үйрөтүү зарыл. Эгерде баланы жашынан жакшы жөрөлгөлөр акыл менен, адептүү, жоомарт, чыныгы инсан болот, ошондо жакшылык колунан келет.Ал эми жашынан баланы жаман жөрөлгөлөргө үйрөтсө жыйынтыгы жамандыкты берет. Эгерде жерди бешене тер менен тынымсыз иштеп, эгин, бак дарак, гүлдөр өстүрбөсө, аны сөзсүз уйгак басат, жамандык эч ким сеппей эле дүркүрөп өскөн уйгактай болот.Эр жигиттин абийири бир гана үй-бүлөнүн же ата-эненин үлүшү эмес, бүт уруунун, бүткүл элдин абийири катары эсептелет.“Уят өлүмдөн катуу” деген макал айткан ата-бабаларыбыз эл алдында уяты чыгып, абийири төгүлгөндөн көрө өлүмдү өйдө көргөн. Элдик педагогика жигиттеги зарыл касиетин эң биринчиси-жигиттин абийири деп эсептеген, “Эрдин-намыс, коенду камыш өлтүрөт!”. Жигит өзүнүн жүрүш турушу менен аялдарга жасаган мамилеси менен өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн гана намысын коргобостон, бүт уруунун, элдин, намыс ариетин коргоосун көрсөтүү зарыл.

            Бүгүнкү күндө жаштарыбыздын ичимдик менен баңгиликке жакындыгы-улуттун традегиясы болуп бара жатат. Булардын айынан-кем акыл, мунжу, майып төрөлгөн балдардын саны күн сайын өсүүдө. Элибиздин “Балалуу үй-базар, баласыз үй мазар”-деп баланы ыйык тутуп, ал жөнүндө жан-дили менен кам көрүп, өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын нускалуу мурастарын унутууга акыбыз барбы?-деген суроо туулат.

            Ата-бабаларыбыздын нускалуу маданият баалуулуктарын чагылткан, бир нече ондогон кылымдар бою чогулган элдик педагогиканын мурастарына негиздеген таалим тарбия аркылуу жаштарыбызды адеп ахлагын оңдобой туруп, дүйнөлүк цивилизациянын деңгээлине көтөрүлө албасыбызды ар бир адам баласы түшүнүүсү зарыл. Ар бир балада кандайдыр бир нерсеге болгон умтулуу турат. Ал дүрмөт, аны тутандыруу үчүн учкун керек. Эмгектин адамды жаратуучу жана эмгек тарбиясынын усулдарынын илимий негизин акыл калчап туура түшүнгөн эл: “Көрө-көрө көсөм кыз өсөт; Устадан шакирт өтөт”-деген макалдарында балдардагы өзүнөн улуулардын ата-эненин  тарбиясынын эптүү чеберчилик менен өткөргөн ишине, уздугуна суктанса ал учкун балдар дагы жөндөмү ат алдыраарын жакшы билгендигин айгинелейт.

            Биздин ата-бабаларыбыз эмгек тарбиясынын чыныгы инсанды калыптандырууга ролун туура түшүнүп, балдарды өтө жашынан үй-тиричилигине тынбай иштетип үйрөткөн.“Кары келсе-ашка, жашы келсе-ишке”- бул балдарды жакшылык жактан даярдоого болгон элдин ой-мүдөөсүн чагылдырган макал.Анткени баардык байлык эмгектин натыйжасы: пешене тери менен тапкан каражатты ар кандай эле адам сарамжалдуу пайдаланаарын байкаган ат-бабаларыбыз “Отун албаганга от жактырбы” деген макалды айткан. Өзү эмгектенбеген адам эмгекти да, эмгек кылган адамды да кадырлабайт.

            Кыргыз элинде эмгектенип тапкан нан ширин деп айтылган сөз бар эмеспи. Элдин арсында өз оокаттын эптеп жей албаган, бечара, жүнү бош, келесолор дагы бар.Ошондой бекерпоз баласын атасы бир күнү “Бар балам, иштеп пешене териң менен акча таап кел”-дейт. Анда баласы иштегенден эринип досторунан акча сурап келип, атасына берет, атасы отко ыргытып жиберет. Ошентип жүрүп бир күн бирөөгө жалданып иштеп акысына акча алып келип, берет, анда атасы дагы акчасын отко ыргытып жиберет, ошондо бала акчаны отко түшүрбөй туруп, кармап алат, анда атасы балам, бул акчаны өз пешенең менен таап келипсиң: Балам эмгектенип тапкан анан ширин болот деген ушу.

            Кыргыздын элдик педагогикасында балдарды үй-бүлөлүк турмушка тарбиялоого, бөтөнчө көңүл бөлүнгөн.Алар эркектин наркын, кызыдн абайирин байлык тутушккан “Жети атасын билбеген кул”-деген макалдын мааниси: атасынан, чоң атасынын, абасынын, бубасынын, кубарынын, жотосунун, тегинин ысымдарын гана билүү дегенди түшүндүрбөйт.Ал өткөн муундардын ар бир элдин камын ойлоп, намысын коргой алуу дегенди түшүндүрөт.“Атага баш ийүү-кудайга баш ийүү”-деп макал айткан. Элдик педагогикалык ой-толгоосунун дараметине, “Кыздын кырк чачы улуу”-деп аялзатын бийик туткан кыргыз элинин бийлик маданиятына таң берип, акыл калчаган академик Г.Н. Волков элибиздин таалим тарбия жүрү идеяларынын залкарчылыгына таң калып, тамшанат.“Энени көрүп кыз өсөт. Эжени көрүп сиңди өсөт”-делет эл макалы. Балдар туура тарбиялоодо ата-эне өзүнүн эмгекке, коомго, жолдошторуна кылган мамилелери менен балдарындагы чындыктыкты, тартиптүүлүктү үлгү болууга тийиш.Макал лакаптар жеке кишинин эмес, коллективдин иш-аракетинин жыйындысы болгондо да эчен ирет кайталанган, такталган, далилденген иш-аракетинин, байкоолорунун жыйындысы болгондуктан, мааниси жагынан жалпы элдик  мүнөздө реалдуу чындык менен тыгыз байланыштуу келет.Макал-лакаптар дидактикалык мүнөздө болгондуктан, таалим тарбия берүү, акыл, кеңеш айтуу максатында колдонулат.Мисалы,“Жети атасынын атын билбеген адам жесир”-деп айткан кыргыз макалында.Ошондуктан кыргыз бейтааныш адам менен сүйлөшүп жатканда алгач анын жети атасы жөнүндө маалымат сурайт.

            “Качсам да бир ат олжом бар, куусам да бир ат олжом бар”.“Мен дагы эл эмесминби, тигилдерден кантип кем болоюн” деп анык баатырларды туурап, жоону качырып, дайым жоого түшөт, “айласыз баатыр чочкого чабат” деген макал ушундан калган. Баатыр алтоо деген ушул.Жайы кышы жалгыз көчөт, жалгыз жайланат.  “Жаман атка жал бүтсө-жанына торсук байлатпайт, жаман  эрге мал бүтсө жанына коңшу кондурбайт”-деген макал. Бул деген ач көз эч кимге эч нерсе бергиси келбеген, өзүмө гана болсо деп , өзүн гана ойлогон ою арам адам. “Жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт”-дейт макалда. Жылкычы бүткүл малчы, малайдан даражаасы бийигирээк болгон. Ошол себептен жогорудагы макал келип чыккан.“Жигит деген бөрк ал десе, баш алат”-деген макал жигит бай-манаптын жанында жүрүп, атын багат, манапка мал уурдап, жоосун жоолойт, доосун доолайт, кедей-кембагалдарды ушул жигит талкалаган. Ушунун негизинде жогорку макал айтылып калган.“Башы мукул, аягы тукул, сайда саны жок, кумда кулу жок, жетесиз кул”-деген макал бар.Башы тукул деген- ата-бабасынан бери кул-күң болгон,  аягы тукул деген-баары кул күң, бирөөнүн күлү менен чыгып, оту менен кирген сайда сайы жок-эчтекеде жок деген. Кумда кул жок-эл-журтун билбеген дарексиз кул, күң деген.Адамга акыл үйрөткөн жана адептүү жүрүш-турушка үндөгөн элдик оозеки чыгармалардын түрүнө макал-лакаптар кирет. Эл ичинде макал-лакаптан “сөздүн гүлү”, “сөздүнг чүйгүнү” катары бааланат. Анткени макал-лакаптарда адам турмушунун тажрыйбасы, учкул терең мазмундуу сөз тизмектери аркылуу, эки же андан көп саптардан турган ыр түрмөктөрү аркылуу айтылат.Макалдардан адамга керектүү ар кыл мазмундагы ой түйүндөрүн жолуктурабыз. М: “Өлөңдүү жерде өгүз семирет,өлүмдү жерде молдо семирет”. Бул паремия макалды таамай сөз менен келеке кылып айтышкан. Дин кызматкерлери илгери өлүм болгон жердеги адамдарды көптөгөн чыгымдарга учуратып, ушуну негизинде чөнтөктөрү толуп, “өлүмдүү жерде молдо семирет”-деп айтышкан. Эл өзүнүн макал-лакаптарында жатып ичер жалкоолорду бирөөгө кара санаган ушакчыларды, ичи бузук адамдарды, кошоматчыларды, элдин эсебинен жашаган мителерди жерине жеткире сындап ашкерелеген. Мис: “Бекерчиден безе кач”, “Касапчы энесине сөөк сатат”, Өз атасын сыйлабаган өз уулунан сый көрбөйт.

Мисалы: “Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур” -деген макалдын мааниси эмгекчил аракетчил, иштерман адамдардын ийгиликке жетүүсү жөнүндө айтылат.“Өлгөн аттын такасын издеп, бир бай алты ай жер казган экен”-деген макал сөзсүз, бир болгон окуянын негизинде пайда болуп айтылып калган. Бул лакап ач көз, зыкым адамдардын олдоксон кылык-жоругун кайталоодон сак болууну эскерткен.“Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз улагын сураптыр” бул лакаптын түпкү мааниси да ач көз адамдардын тойбогондугу, өзүндө турган нерсени көрбөй, жардыда турган буюмду көрүү, жөнүндө маалымат берет.

 

Колдонулган адабияттар

1.Зулпукаров К,З. Кыргыз паремияларынын түрлөрү, түзүлүшү жана педагогикалык максатта колдонулушу.//Эл агартуу-2002-№ 3-4.-53-58-бб.

2.А.Абдулатов Паремияларды когнитивдик-педагогикалык максатта сыпаттоонун айрым проблемалары. Ош-2008-ж.

3.Г.Н.Волков.Этнопедагогика–Чебоксары,1974 г

4.Паремиологический сборник Вып 2-М.;Наука, 1978г

 

использованная литература

1.Зулпукаров К., З. Виды, структура и педагогическое использование кыргызских парней .// Народное просвещение-2002-№ 3-4.-53-58-с.

2. Абдулатов А. Некоторые проблемы описания паремии в познавательных и педагогических целях. Ош-2008

3. Волков Г. Н. Этнопедагогика - Чебоксары, 1974.

4.Паремиологический сборник Вып 2-М .; Наука, 1978.

 

References

1.Zulpukarov K., Z. Types, structure and pedagogical use of Kyrgyz guys. // Public education-2002-No. 3-4.-53-58-p.

2. Abdulatov A. Some problems of describing paremia for cognitive and pedagogical purposes. Osh-2008

3. Volkov GN Ethnopedagogy - Cheboksary, 1974.

4.Paremiological collection Issue 2-M.; Science, 1978.

Просмотр содержимого документа
«Паремиялардын педогогикалык каражат катары колдонулушу»

Паремиялардын педогогикалык каражат катары колдонулушу

АННОТАЦИЯ

Паремияларды элдик тарбиянын негизги каражаты катары терең изилдеп, окуп үйрөнүү менен элдин руханий дүйнөсүн, турмуш тиричилигин, маданиятын аңдып билүү (түшүнүү).

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу, фил.илим.канд, доцент А.Абдулатов

Изденүүчү, педагогика жана тил илимдер кафедрасынын башчысы, педагог-психолог Нурдинов Болот Жолболдуевич



Использование паремии как педагогического инструмента

АННОТАЦИЯ

Через глубокое исследование, изучение паремии как основного средства народного воспитания и наблюдение (анализ,понимание) духовного богатства, культуры и жизни народа.

Преподаватель международного Узгенского института технологии и образования им. Б. Мурзубраимова Ош ТУ, кандидат филологических наук, доцент А. Абдулатов

Соискатель, заведующий кафедрой педагогики и языковых дисциплин, педагог-психолог Нурдинов Болот Жолболдуевич



Using paremia as a pedagogical instrument

ANNOTATION

Through deep research, the study of paremia as the main means of national education and observation (analysis, understanding) of the spiritual wealth, culture and life of the people.

Lecturer at the International Uzgen Technological and Educational Institute named after B. Murzubraimova Osh TU, candidate of philological sciences, associate professor Abdulatov A.

Applicant, head of the department of pedagogy and language disciplines, educational psychologist Nurdinov Bolot Zholbolduevich



Паремия түшүнүгү бир нече илимдин курамында жолугат. Бул көп кырдуу жана функциялуу элдик чыгарма катары философияда, этнографияда, эстетикада, этикада, тил илиминде, этнопедагогикада, психологияда жана башка дисциплиналарда колдонулуп, алардын изилдөө предмети болуп калды.

Паремия негизи филологиялык обьект. Бул термин фольклордун эң кичинекей көлөмдөгү чыгармаларын жалпылап атайт. Паремиология болсо аталган жанрды түзүүчү чыгармаларды топтоп, изилдөөчү илимий багыт. Мунун чегинде паремиялардын жаралыш жолдорун, функцияларын, түзүлүшүн, түрлөрүн, көркөм каражаттарын изилдешет. Ошондой эле паремиология бул чыгармалардын ар кыл аспектилерин (философиялык, линвистикалык) жана методологиялык негиздерин талдайт.

Паремия тилдик каражат катары төмөндөгүдөй белгилерге ээ. Ар бир паремия сүйлөм түрүндө кездешип, бүтүн бир ойду билдирет. Көлөмү чектүү, көбүнчө бир эки жөнөкөй сүйлөмдөн турат. Паремия жалпыланган типтүү, конструктивдик формулаларга баш иет. Сөз курамы аларда салыштармалуу туруктуу болот.

Паремия көп колдонулат жана аны пайдалануучулардын дээрлик баарына түшүнүктүү болот. Паремия образдуу келет да, анын түзүмүндө эч болбогондо бир көркөм каражат (литофера, салыштыруу, контраст ж.б.у.с.) учурайт. Паремиянын мааниси жалпы болот. Ал сүйлөөчү менен жазуучунун оюн көркөмдөп таасирдүү берет. Угуучу менен жазуучунун оюна терең из калтырып, күчтүү сезим ойготот. Элдик билим-тажрыйбаны жыйнап, жалпылап жана таратып турат. Паремия типтүү ситуациаларда, жагдай шарттарда колдонулат. Угуучу менен окуучунун акыл-оюн өнүктүрөт жана байкоосун байытат. Маалымат “ныкталып” пресстелип берилет. Ал дидактикалык сапатка ээ болуп, окуу-тарбия максатында пайдаланууга ылайык келет. Мунун баары паремиялык эпизодду түзүүчү тилдик каражаттардын биримдигин бүтүндүгүн түзөт. Бирок паремияларда бир кылка чыгарма катары кароо бир беткейликке алып келмекчи, анткени паремиялар ич ара ар түрдүү болуп бир аныктамага баш ийбейт.

Паремияларды эң оболу пикир билгизүүчү же билгизбөө мүмкүнчүлүгүнө карап эки топко бөлүүгө болот. Биринчи топту пикир берүүчү паремиялар түзөт. Бул паремияларда тигил же бул предметтин же анда тигил же бул сапаттын бардыгын же жоктугун билгизүүчү ойдун типтүү формалары берилет. Кыргыздар дүйнөдүгү эң эле байыркы элдерин бири экендиги жөнүндө кара тарых бетиндеги баян этилет. Көчмөн турмушун жана жашоонун түрдүү катаал шарттарынын кырдаалында кыргыз башынан ичинен кубаныч шаңы менен кайгы-муңун көркөмдөп элестетүү баян эткен. Улуу сөз сепилдерин укумдан-тукумга мурас кылып калтырган.

Ата- бабалардан калган бул асыл баалуу руханий кенчти канчалык терең изилдеп үйрөнүп, туура баалап, чеберчилик менен пайдалана билген сайын алар бизге өзүнүн укмуштуудай купуя сырларын улам жаңылап ачып бере алат. Элдердин руханий дүйнөсүн да, жүрүш-туруш, турмуш тиричилигин, маданиятынын да өзөгүн дал ушул паремиялар түзөт.

Мисалы, орус элинин:“Уул тарбияласаң эркекти, кыз тарбияласаң улутту тарбиялайсың”-деген накыл сөзү нукура акылдын каймагы. Анткени, кыз-келечек колукту, эне, чоң эне! Энелер-аялзаты-улуттук тарбия системасынын өзөгү.

“Кыздын кырк чачы улуу”-деп аялдарды урматтап мамиле кылуу менен катар, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, ”Кызга кырк үйдөн тыюу”, “Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” деп, кыз тарбиялоого талапты катуу коюп, биздин бабаларыбыз кыздарды социалдык жактан тезирээк жетиштирүүгө умтулушкан.

Кыз балдар жашынан эле суу ташуу, казан асуу, идиш-аякты таза тутуу, дасторкон салуу, үйдү таза кармоо, оюп чийип сайма сайуу ж.б.у.с. иштерди аткарышат.

Биздин ата-бабаларыбыз балдарын мектепке бергенде “эти сеники, сөөгү меники”-деп мугалимдин колуна тапшырышкан. Мугалим окуучуларын кемсинтпей, сый-урмат менен, ага ишенич көрсөтүп, баланын адамдык беделин көтөрө чалып: “Баланы көөнү-жашоонун көөнү”-деп аны кемсинтпей мамиле жасашкан. “Адам болоор киши бар, адам болоор кишинин адам менен иши бар”-дейт кыргыздын эл макалы.

Турмушка жана ишкердикке балдарды жашынан машыктыруунун үлгүсүн бизге мурас кылган ата-бабаларыбыз: “Баланы жашынан, катынды башынан” деген макалды айтышкан.

“Ата каргышы-ок”, анткени, назарынан калган бала эч качан эр жарытар кул болбойт, ал сөзсүз элдин да назарынан калат. “Элдин назары-Кудайдын назары” деген ишенимге ынандырган. Бала кандайдыр бир жаман жоруктарды жасап койсо, анда ата ачууга алдырып, баласын каргап жибериши ыктымал. Анда бала атанын назарынан калат.

“Жакшы ниет-жарым ырыскы”-дейт эл макалында “Жаштын тилегин кудай берет”-дейт. Бул паремия макалдарды таржымалдай турган болсок, аларда бай педагогикалык мазмун жатат. Демек, жашынан алдына алыскы перспективаны-жакшы ниет коюп, ага жетүүгө жан дили менен аракеттениши керек, ар бир адамдын тилеги сөзсүз ишке ашат. Анткени, ак тилеги, куш ою бар бала эч качан жаман ишке барбайт, өзү жөнүндөгү элдин пикирин өтө жогору баалайт. Эл мени жакшы десе деген күчтүү талап, аны элдин оор түйшүгүн кебелбей көтөрүүгө дем берет. Элдин бирөөлөргө кубаныч, бакыт алып келүүчү ишти аткарууга кара күчүн да, акыл дараметин да аябайт. Андай жаштарга эл ыраазычылыгын билдирип, алкыш айтат, ак ниетинен бата берет. Элдин купулуна толгон жаш өспүрүмдүн зоболосу көкөлөп бийиктей берет. “Элдин назары, кудай назары” дегендин түпкү жагдайын ушундай деп айтсак болот.“Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста”-деген паремия макал бар. Жакшылыкка баланы жашынан үйрөтүү зарыл. Эгерде баланы жашынан жакшы жөрөлгөлөр акыл менен, адептүү, жоомарт, чыныгы инсан болот, ошондо жакшылык колунан келет.Ал эми жашынан баланы жаман жөрөлгөлөргө үйрөтсө жыйынтыгы жамандыкты берет. Эгерде жерди бешене тер менен тынымсыз иштеп, эгин, бак дарак, гүлдөр өстүрбөсө, аны сөзсүз уйгак басат, жамандык эч ким сеппей эле дүркүрөп өскөн уйгактай болот.Эр жигиттин абийири бир гана үй-бүлөнүн же ата-эненин үлүшү эмес, бүт уруунун, бүткүл элдин абийири катары эсептелет.“Уят өлүмдөн катуу” деген макал айткан ата-бабаларыбыз эл алдында уяты чыгып, абийири төгүлгөндөн көрө өлүмдү өйдө көргөн. Элдик педагогика жигиттеги зарыл касиетин эң биринчиси-жигиттин абийири деп эсептеген, “Эрдин-намыс, коенду камыш өлтүрөт!”. Жигит өзүнүн жүрүш турушу менен аялдарга жасаган мамилеси менен өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн гана намысын коргобостон, бүт уруунун, элдин, намыс ариетин коргоосун көрсөтүү зарыл.

Бүгүнкү күндө жаштарыбыздын ичимдик менен баңгиликке жакындыгы-улуттун традегиясы болуп бара жатат. Булардын айынан-кем акыл, мунжу, майып төрөлгөн балдардын саны күн сайын өсүүдө. Элибиздин “Балалуу үй-базар, баласыз үй мазар”-деп баланы ыйык тутуп, ал жөнүндө жан-дили менен кам көрүп, өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын нускалуу мурастарын унутууга акыбыз барбы?-деген суроо туулат.

Ата-бабаларыбыздын нускалуу маданият баалуулуктарын чагылткан, бир нече ондогон кылымдар бою чогулган элдик педагогиканын мурастарына негиздеген таалим тарбия аркылуу жаштарыбызды адеп ахлагын оңдобой туруп, дүйнөлүк цивилизациянын деңгээлине көтөрүлө албасыбызды ар бир адам баласы түшүнүүсү зарыл. Ар бир балада кандайдыр бир нерсеге болгон умтулуу турат. Ал дүрмөт, аны тутандыруу үчүн учкун керек. Эмгектин адамды жаратуучу жана эмгек тарбиясынын усулдарынын илимий негизин акыл калчап туура түшүнгөн эл: “Көрө-көрө көсөм кыз өсөт; Устадан шакирт өтөт”-деген макалдарында балдардагы өзүнөн улуулардын ата-эненин тарбиясынын эптүү чеберчилик менен өткөргөн ишине, уздугуна суктанса ал учкун балдар дагы жөндөмү ат алдыраарын жакшы билгендигин айгинелейт.

Биздин ата-бабаларыбыз эмгек тарбиясынын чыныгы инсанды калыптандырууга ролун туура түшүнүп, балдарды өтө жашынан үй-тиричилигине тынбай иштетип үйрөткөн.“Кары келсе-ашка, жашы келсе-ишке”- бул балдарды жакшылык жактан даярдоого болгон элдин ой-мүдөөсүн чагылдырган макал.Анткени баардык байлык эмгектин натыйжасы: пешене тери менен тапкан каражатты ар кандай эле адам сарамжалдуу пайдаланаарын байкаган ат-бабаларыбыз “Отун албаганга от жактырбы” деген макалды айткан. Өзү эмгектенбеген адам эмгекти да, эмгек кылган адамды да кадырлабайт.

Кыргыз элинде эмгектенип тапкан нан ширин деп айтылган сөз бар эмеспи. Элдин арсында өз оокаттын эптеп жей албаган, бечара, жүнү бош, келесолор дагы бар.Ошондой бекерпоз баласын атасы бир күнү “Бар балам, иштеп пешене териң менен акча таап кел”-дейт. Анда баласы иштегенден эринип досторунан акча сурап келип, атасына берет, атасы отко ыргытып жиберет. Ошентип жүрүп бир күн бирөөгө жалданып иштеп акысына акча алып келип, берет, анда атасы дагы акчасын отко ыргытып жиберет, ошондо бала акчаны отко түшүрбөй туруп, кармап алат, анда атасы балам, бул акчаны өз пешенең менен таап келипсиң: Балам эмгектенип тапкан анан ширин болот деген ушу.

Кыргыздын элдик педагогикасында балдарды үй-бүлөлүк турмушка тарбиялоого, бөтөнчө көңүл бөлүнгөн.Алар эркектин наркын, кызыдн абайирин байлык тутушккан “Жети атасын билбеген кул”-деген макалдын мааниси: атасынан, чоң атасынын, абасынын, бубасынын, кубарынын, жотосунун, тегинин ысымдарын гана билүү дегенди түшүндүрбөйт.Ал өткөн муундардын ар бир элдин камын ойлоп, намысын коргой алуу дегенди түшүндүрөт.“Атага баш ийүү-кудайга баш ийүү”-деп макал айткан. Элдик педагогикалык ой-толгоосунун дараметине, “Кыздын кырк чачы улуу”-деп аялзатын бийик туткан кыргыз элинин бийлик маданиятына таң берип, акыл калчаган академик Г.Н. Волков элибиздин таалим тарбия жүрү идеяларынын залкарчылыгына таң калып, тамшанат.“Энени көрүп кыз өсөт. Эжени көрүп сиңди өсөт”-делет эл макалы. Балдар туура тарбиялоодо ата-эне өзүнүн эмгекке, коомго, жолдошторуна кылган мамилелери менен балдарындагы чындыктыкты, тартиптүүлүктү үлгү болууга тийиш.Макал лакаптар жеке кишинин эмес, коллективдин иш-аракетинин жыйындысы болгондо да эчен ирет кайталанган, такталган, далилденген иш-аракетинин, байкоолорунун жыйындысы болгондуктан, мааниси жагынан жалпы элдик мүнөздө реалдуу чындык менен тыгыз байланыштуу келет.Макал-лакаптар дидактикалык мүнөздө болгондуктан, таалим тарбия берүү, акыл, кеңеш айтуу максатында колдонулат.Мисалы,“Жети атасынын атын билбеген адам жесир”-деп айткан кыргыз макалында.Ошондуктан кыргыз бейтааныш адам менен сүйлөшүп жатканда алгач анын жети атасы жөнүндө маалымат сурайт.

“Качсам да бир ат олжом бар, куусам да бир ат олжом бар”.“Мен дагы эл эмесминби, тигилдерден кантип кем болоюн” деп анык баатырларды туурап, жоону качырып, дайым жоого түшөт, “айласыз баатыр чочкого чабат” деген макал ушундан калган. Баатыр алтоо деген ушул.Жайы кышы жалгыз көчөт, жалгыз жайланат. “Жаман атка жал бүтсө-жанына торсук байлатпайт, жаман эрге мал бүтсө жанына коңшу кондурбайт”-деген макал. Бул деген ач көз эч кимге эч нерсе бергиси келбеген, өзүмө гана болсо деп , өзүн гана ойлогон ою арам адам. “Жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт”-дейт макалда. Жылкычы бүткүл малчы, малайдан даражаасы бийигирээк болгон. Ошол себептен жогорудагы макал келип чыккан.“Жигит деген бөрк ал десе, баш алат”-деген макал жигит бай-манаптын жанында жүрүп, атын багат, манапка мал уурдап, жоосун жоолойт, доосун доолайт, кедей-кембагалдарды ушул жигит талкалаган. Ушунун негизинде жогорку макал айтылып калган.“Башы мукул, аягы тукул, сайда саны жок, кумда кулу жок, жетесиз кул”-деген макал бар.Башы тукул деген- ата-бабасынан бери кул-күң болгон, аягы тукул деген-баары кул күң, бирөөнүн күлү менен чыгып, оту менен кирген сайда сайы жок-эчтекеде жок деген. Кумда кул жок-эл-журтун билбеген дарексиз кул, күң деген.Адамга акыл үйрөткөн жана адептүү жүрүш-турушка үндөгөн элдик оозеки чыгармалардын түрүнө макал-лакаптар кирет. Эл ичинде макал-лакаптан “сөздүн гүлү”, “сөздүнг чүйгүнү” катары бааланат. Анткени макал-лакаптарда адам турмушунун тажрыйбасы, учкул терең мазмундуу сөз тизмектери аркылуу, эки же андан көп саптардан турган ыр түрмөктөрү аркылуу айтылат.Макалдардан адамга керектүү ар кыл мазмундагы ой түйүндөрүн жолуктурабыз. М: “Өлөңдүү жерде өгүз семирет,өлүмдү жерде молдо семирет”. Бул паремия макалды таамай сөз менен келеке кылып айтышкан. Дин кызматкерлери илгери өлүм болгон жердеги адамдарды көптөгөн чыгымдарга учуратып, ушуну негизинде чөнтөктөрү толуп, “өлүмдүү жерде молдо семирет”-деп айтышкан. Эл өзүнүн макал-лакаптарында жатып ичер жалкоолорду бирөөгө кара санаган ушакчыларды, ичи бузук адамдарды, кошоматчыларды, элдин эсебинен жашаган мителерди жерине жеткире сындап ашкерелеген. Мис: “Бекерчиден безе кач”, “Касапчы энесине сөөк сатат”, Өз атасын сыйлабаган өз уулунан сый көрбөйт.

Мисалы: “Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур” -деген макалдын мааниси эмгекчил аракетчил, иштерман адамдардын ийгиликке жетүүсү жөнүндө айтылат.“Өлгөн аттын такасын издеп, бир бай алты ай жер казган экен”-деген макал сөзсүз, бир болгон окуянын негизинде пайда болуп айтылып калган. Бул лакап ач көз, зыкым адамдардын олдоксон кылык-жоругун кайталоодон сак болууну эскерткен.“Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз улагын сураптыр” бул лакаптын түпкү мааниси да ач көз адамдардын тойбогондугу, өзүндө турган нерсени көрбөй, жардыда турган буюмду көрүү, жөнүндө маалымат берет.



Колдонулган адабияттар

1.Зулпукаров К,З. Кыргыз паремияларынын түрлөрү, түзүлүшү жана педагогикалык максатта колдонулушу.//Эл агартуу-2002-№ 3-4.-53-58-бб.

2.А.Абдулатов Паремияларды когнитивдик-педагогикалык максатта сыпаттоонун айрым проблемалары. Ош-2008-ж.

3.Г.Н.Волков.Этнопедагогика–Чебоксары,1974 г

4.Паремиологический сборник Вып 2-М.;Наука, 1978г



использованная литература

1.Зулпукаров К., З. Виды, структура и педагогическое использование кыргызских парней .// Народное просвещение-2002-№ 3-4.-53-58-с.

2. Абдулатов А. Некоторые проблемы описания паремии в познавательных и педагогических целях. Ош-2008

3. Волков Г. Н. Этнопедагогика - Чебоксары, 1974.

4.Паремиологический сборник Вып 2-М .; Наука, 1978.



References

1.Zulpukarov K., Z. Types, structure and pedagogical use of Kyrgyz guys. // Public education-2002-No. 3-4.-53-58-p.

2. Abdulatov A. Some problems of describing paremia for cognitive and pedagogical purposes. Osh-2008

3. Volkov GN Ethnopedagogy - Cheboksary, 1974.

4.Paremiological collection Issue 2-M.; Science, 1978.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!