СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм

Нажмите, чтобы узнать подробности

Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм боюнса сабактын слайды 9-кл

Просмотр содержимого документа
«Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм»

Кыргыз тили 9-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

9-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Илим-билим пайдалуу, Талыкпастан сен дайым, Көп-көп жазып, окугун.

Илим-билим пайдалуу,

Талыкпастан сен дайым,

Көп-көп жазып, окугун.

Сабактын темасы: Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм

Сабактын темасы:

Байламталуу

тең байланыштагы

татаал сүйлөм

Сабактын максаты:  Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм деген эмне?  Байламтанын кандай түрлөрү бар?  Аны кайсы учурда тыныш белгилер менен ажыратабыз?

Сабактын максаты:

  • Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм деген эмне?
  • Байламтанын кандай түрлөрү бар?
  • Аны кайсы учурда тыныш белгилер менен ажыратабыз?
Өткөн сабакта: Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм  140-көнүгүү.  Окугула. Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таап жазгыла.

Өткөн сабакта:

Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм

140-көнүгүү.

Окугула. Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таап жазгыла.

Жаңы тема: Бештин айынын он төртү. Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм.  Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм деп – татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр байламталар аркылуу байланышып, бирок өз ара тең укук абалда болуп түзүлөөрүн айтабыз.

Жаңы тема:

Бештин айынын он төртү.

Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм.

Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм деп – татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр байламталар аркылуу байланышып, бирок өз ара тең укук абалда болуп түзүлөөрүн айтабыз.

 Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдү төмөнкүдөй байламталар байланыштырат:   Байланыштыргыч байламталар: жана, жана да, да, дагы, жана дагы ж.б. Бул байламталар аркылуу байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөр окуянын бир мезгилде болгондугун билдирет. Мисалы: Ошондо бала кийимин чечип ыргытты да (кадим жайкысындай, ичиркене бүрүшүп) жээктеги талдын бутагын кармай сууга кирди. Жаңы жылды жыл сайын чогуу тособуз жана майрамды көңүлдүү өткөрүүгө аракеттенебиз.

Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдү төмөнкүдөй байламталар байланыштырат:

Байланыштыргыч байламталар: жана, жана да, да, дагы, жана дагы ж.б. Бул байламталар аркылуу байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөр окуянын бир мезгилде болгондугун билдирет. Мисалы: Ошондо бала кийимин чечип ыргытты да (кадим жайкысындай, ичиркене бүрүшүп) жээктеги талдын бутагын кармай сууга кирди. Жаңы жылды жыл сайын чогуу тособуз жана майрамды көңүлдүү өткөрүүгө аракеттенебиз.

 Каршылагыч байламталар: а, ал эми, бирок, антсе да, ошентсе да, ошондо да, ошондой болсо да, анткени менен ж.б. Мындай байламталар менен байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөр карама-каршы мааниде айтылган ойду билдирет. Мисалы: Анатай экөө а күнү жарашкан жок, бирок катар жүрүп иштей беришти. (Ч.А.) Окуу деген эң сонун, а сиз эмне окубайсыз?

Каршылагыч байламталар: а, ал эми, бирок, антсе да, ошентсе да, ошондо да, ошондой болсо да, анткени менен ж.б. Мындай байламталар менен байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөр карама-каршы мааниде айтылган ойду билдирет.

Мисалы: Анатай экөө а күнү жарашкан жок, бирок катар жүрүп иштей беришти. (Ч.А.) Окуу деген эң сонун, а сиз эмне окубайсыз?

 Ажыраткыч байламталар: же, же болбосо. Мисалы: Элдин көзүнчө жыгылып каламбы, же кусуп жиберемби деп коркуп баратты. Бул байламталардын ичинен да байламтасы ар дайым өзүнөн мурунку сүйлөмгө таандык болот да, ошондуктан үтүр байламтадан кийин коюлат.  Мисалы: Жээктен алыс болсок да, алачыкты алып кетеби деген коркунуч эрксизден туулат.

Ажыраткыч байламталар: же, же болбосо. Мисалы: Элдин көзүнчө жыгылып каламбы, же кусуп жиберемби деп коркуп баратты. Бул байламталардын ичинен да байламтасы ар дайым өзүнөн мурунку сүйлөмгө таандык болот да, ошондуктан үтүр байламтадан кийин коюлат.

Мисалы: Жээктен алыс болсок да, алачыкты алып кетеби деген коркунуч эрксизден туулат.

 Калган байламталардын баары (ары, жана, а, ал эми, бирок, же, же болбосо, ошондой болсо да, бирок ж.б.) өзүнөн кийинки сүйлөмгө таандык болуп айтылат, ошол себептүү үтүр байламтанын астына коюлат. Мисалы: Бул баягы өлөсөлүү көтөрүмдөрбү, же жаңы туулганбы деп калышат балдарды мактап.

Калган байламталардын баары (ары, жана, а, ал эми, бирок, же, же болбосо, ошондой болсо да, бирок ж.б.) өзүнөн кийинки сүйлөмгө таандык болуп айтылат, ошол себептүү үтүр байламтанын астына коюлат.

Мисалы: Бул баягы өлөсөлүү көтөрүмдөрбү, же жаңы туулганбы деп калышат балдарды мактап.

Бышыктоо: 150-көнүгүү.  Көп чекиттин ордуна тиешелүү байламталарды койгула.

Бышыктоо:

150-көнүгүү.

Көп чекиттин ордуна тиешелүү байламталарды койгула.

Кийинки сабакта көрүшкөнчө!

Кийинки

сабакта

көрүшкөнчө!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!