Ак карлуу тоонун кожоюну-илбирс
Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - латынча Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. Дүйнөдө бир нече миң гана баш ак илбирс калганы айтылат. Бул сейрек жаныбар туурасында кызыктуу фактылар:
Ак илбирс кызыл китепке кирген жырткыч. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Кыргызстанда 200-300гө жакын бар дешет окумуштуулар.
Ак илбирстер байырлаган аска-зоолор алты миң метрге чейинки бийиктикти түзөт. Бул Эферест чокусуна дээрлик үч миң метр гана жетпейт.
Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.
Бул жырткычтын биологиясы толук изилденип бүтө элек. Анткени алар өтө бийиктикти байырлагандыктан аларды изилдөө кыйын. Окумуштуулар али күнгө талашып келишет, ак илбирстер кичи мышыктар классына киреби же ири мышыктарга киреби?
Ак илбирс жылына эки жолу тукумдайт, көбүнчө экиден, ашып кетсе бешке чейин күчүк тууйт. бала көтөрүү узактыгы 90-100 күнгө барабар.
Ак илбирстер табиятта 13 жылга чейин жашайт. Бакма шартта ургаачысы 28 жыл жашаган учур катталган.
Ак илбирсти анын добушу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көмөкөйү табиятынан ушундай жаралган, эч кандай шыбыш, үн, добуш ал тургай дем чыгарбай да коё алат.
Альпинисттерде бейрасмий “ак илбирс” деген титул бар. Эң жогорку бийиктиктерди багындыргандарга ич ара ушинтип атап коюшат.
Илбирс
Илбирс |
|
Коргоо абалы |
Endangered (IUCN 3.1)[1] |
Илимий классификация |
дүйнөсү: | Айбанаттар |
тиби: | Хордалуулар |
классы: | Сүт эмүүчүлөр |
түркүмү: | Жырткычтар |
тукуму: | Мышык сымалдуулар |
тукумчасы: | Pantherinae |
уруусу: | Uncia (талаштуу) Gray, 1854[2] |
түрү: | U. uncia |
Биноминалдык аталышы |
Uncia uncia (Schreber, 1775) |
subspecies |
see text |
|
Range map |
Синонимдери |
Felis irbis Ehrenberg, 1830 (= Felis uncia Schreber, 1775), by subsequent designation (Palmer, 1904).[3] Panthera uncia Schreber, 1775 |
Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - латынча Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. [4][5][6]
Турпаты
Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см..[7][8] Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. [9]. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см.[10] Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.
Жашоо аймагы жана саны
Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Ооганстанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда таралган. [11] Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес.
Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыштын фондунун маалыматтарына ылайык түрдүн жалпы саны бардык жашоо ареалдарынын алкагында 3500 - 7500 чейин [12]. Дагы 200 чамалуу илбирс дүйнө өлкөлөрүнүн зоопарктарында кармалып капаста тукумдашат[12].
Өлкө | Аймагы, аянты (км²)[13] | Эсептелген саны (божомолдуу)[1].[13] | Эсептелген жылы |
Ооганстан | 50 000 | 100—200 | 2003 |
Бутан | 15 000 | 100—200 | 1994 |
Кытай | 1 100 000 | 2000—5000 | 1998 |
Индия | 75 000 | 200—600 | 1994 |
Казакстан | 50 000 | 180—200 | 2001 |
Кыргызстан | 105 000 | 150—500 | 2001 |
Монголия | 101 000 | 500—1000 | 2000 |
Непал | 30 000 | 300—500[14] | 2009 |
Пакистан | 80 000 | 200—420 | 2003 |
Орусия | 60 000[15] | 150—200[15] | 2003 |
Тажикстан | 100 000 | 180—220 | 2003 |
Өзбекстан | 10 000 | 20—50 | 2003 |
Илбирстер Кыргызстанда
Илбирс
Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары ХХ кылымда Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010-жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.
Кыргызстан илбирстер көп жашаган өлкөлөрдүн катарына кирет. 2013-ж. Кыргызстанда 307 илбирс бар. Ысык-Көл облусунда – 129, Нарын облусунда – 23, Чуй облусунда – 52, Талас облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 52, Ош жана Баткен облустарында – 27.[16]
Кыргызстанда илбирсттер Тескей Ала-Тоодо, Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас Ала-Тоосунда, Чаткал, Какшаал-Тоо, Фергана жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет. [17] Илбирстер Беш-Арал коругунда, Ысык-Көл коругунда, Нарын коругунда, Сары-Челек биосфералык коругунда, Сарычат-Эркештам коругунда жана Ала-Арча улуттук сейил багында кезигет.[18] Ананьево айылындагы NABU кайра кубаттандыруу борборунда 5 илбирс бар (09.2013).
Илбирстин кууту
Илбирстин кууту баардык эле мышыктар уруусуна кирүүчүлөр сыяктуу эле бирдин айынан - жалган куран айларында жүрөт. 3-4 жаштарында жетилип куутка катышат, 95-105 күндөй балдарын көтөрөт. Ургаачысы татаал адам оңойлук менен жетпеген, аскалардын жапалак арча, бадал менен капталган үңкүрлөрдө май айында 2-3 баласын тууйт, алардын салм. 350-400 гга чейин болот.
Илбириске аңчылык
Илбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу жүрүүлөрү керек. Мындай адамдарды элде «илбирс кармоочулар» деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармооочулар чоңдорун капкан менен кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышып сатышат.
Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Бул түрдүн мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет.