-Саламатсынарбы , балдар! Анда эмесе сабагыбызды баштайбыз Балдар силерге жагымдуу маанай каалап,көңүлүңөрдү экранга бурабыз Экранда балдаргы арналган жагымдуу музыка коюлат -келгиле балдар анда биз топторго бөлүнүп алалы 1-топ “Акылдуулар” 2-топ “Билимдүүлөр” 3-топ “Таланттуулар” | Мугалим менен учурашат Жагымдуу маанайда сабак башталат Топторго бөлүнүшөт | НК3 | ПК3 |
-Балдар баарыбы дептерибизди ачып бүгүнкү теманы жазабыз жана аныктама беребиз Мен сен ал биз Зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулуп, алардын атын атабай, жалпылап көрсөткөн сөз түркүмү ат атооч деп аталат. М и с а л ы: мен, сен, ал, биз ж. б. Ат атооч зат атоочтун, сын атоочтун, сан атоочтун суроолоруна жооп берет | Тема боюнча түшүнүк алышат | НК1 | ПК1 |
-Келгиле балдар анда көнүгүү иштейли 1-көнүгүү Текстти окуп андагы ат атоочту таап дептерибизге жазабыз Күн менен Шамал (Жомоктон) Бир күнү Күн менен Шамал экөө талашып калышты. – Мен баарынан күчтүүмүн, – деди Шамал мактанып. – Жок, сен баарынан күчтүү эмессиң, – деп каршы болду Күн. Шамал өз күчүн Күндүн көзүнө көрсөтүп далилдегиси келип: – Кел анда, экөөбүз мелдешели, тээтиги тон кийген абышканы көрдүңбү? Ким анын тонун үстүнөн чечип алса, ошол күчтүү болот, – деди. Күн анын айтканына макул болду. Күн булуттун артына жашынып карап турду. Шамал кишиге келип, анын тонунун этек-жеңин делбиретип учура баштады. Киши тонун кымтыланып алды. Шамал болгон күчүн салып, катуулап кирди. Ал канчалык катуулаган сайын киши да ошончолук бекем кымтыланды. Акырында Шамалдын күчү кетип, тонду чече албасына көзү жетти да, Күнгө кайтып келди. Эмки кезек Күнгө келди. Ал жашырынган булуттан чыгып, кишиге жылуулугун чачып, жылмая карады. Киши Күндүн мээриминен ысып, тонун чечип койду. Ошондо Күн Шамалга: – Досум, жумшак, жакшы мамиле оройлук менен залимдиктен күчтүү болот, – деди жылмайып Эн биринчи бүткөн топ доскага чыгып ат атоочту атап берет жана тобуна упай алып берет Балдар тексте кайсы сөз силерге түшүнүксүз болду ? -Биздин кийинки көнүгүүбүз сүрөттү карап, ат атоочту колдонуп текст түзүү Ар бир топтон бирден окуучу чыгып сүрөттү карап тексттерди түзүшөт -Биздин кийинки тапшырма Асты сызылган зат атоочторду ат атоочко алмаштырып жазып чыгуу -Доскага ар бир топко сүйлөм берилген 1-топко Күн анын айтканына макул болду. 2-топко Киши тонун кымтылап, ага бекем жармашты 3-топко Эмки кезек күнгө келди. -Анда биздин кийинки тапшырма ким шамдагай деп аталат? Төмөнкү макалдардын чечмеленишин ким табат? Дептерибизге көчүрүп жазабыз 1. Жылуулук – күндүн көзүндө. 2. Тийип туруп жааган күндөн түңүл, Күлүп сүйлөгөн кишиден түңүл | Көнүгүүнү акарышат -Мен,ал,сен,биз Орой деген соз түшүнүксүз болду. Орой –бул жагымсыз мамиле дегенди түшүндүрөт Текст түзүшөт жана эң көп ат атооч колдонуп түзгөн топ упай алат Ат атоочко алмаштырышат | НК2 | ПК3 |