СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили ачык сабак Сын атооч 6-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы:Сын атооч боюнча көнүгүү иштөө. Сабактын максаты:а) Сын атооч боюнча алган билимдерин бышыкташат. Кепте колдонулушу боюнча маалыматтарын кеңейтишет. б) Ойлоо жөндөмдүүлүгүн, кругозорун, сүйлөө речин өстүрөт. в) Адамдык мыкты сапаттарын ачуу менен бири-бирине кайрымдуу, сабырдуу болууга тарбияланышат. Сабактын усулу:Жарыш сабак. Топтор менен иштөө. Сабактын тиби:Бышыктоо сабагы. Сабактын жабдылышы:Лист, маркер, түстүү сүрөттөр. Предмет аралык байланыш:адеп, география Сабактын жүрүшү:а) уюштуруу 1. Саламдашуу 2. Катышуу жана жетишүү 3. Жагымдуу маанай түзүү үчүн оюн менен сабак башталат. «Жакшы сапаттар» оюну: Класстагы жалпы окуучулар төрт топко бөлүнөт. Сабак жарыш болгондуктан командадагы 5 окуучу бири-биринин жакшы сапаттарынан бирден айтышышат. Топ башчысы жооп берет. Алтын эреже жазылып илинет: С – сабакка активдүү катышуу. Ы – ынтымак менен жооп берүү. Н – намыска тик туруу (топтун намысын коргоо). А – айтылган ойлорду сыйлоо. Т – тапшырмаларды аткаруу. О – окуучулардын пикирин угуу. О – Оюн топтоп жооп берүү. Ч – чыгармачылык менен катышуу. Сын атооч боюнча терминдерди (түшүнгөнүн) суроо: 1. Сын атооч деген эмне? Кандай суроолорго жооп берет? 2. Сын атооч канчага бөлүнөт? 3. Сыпаттык сын атоочко мүнөздөмө бер. 4. Катыштык сын атоочту кандай түшүнөсүң? 5. - Заттагы белгилердин ар түрдүү даражаларын көрсөткөн сөздөр – даража деп аталат. 6. Даражанын канча түрү бар? 7. - Жай даража. 8. Салыштырма даража. 9. Көчүрмө даража. 10. Басаңдатма даража. 11. Сын атоочтун түзүлүшүнө карай бөлүнүшү Жөнөкөй, татаал сын атоочтор. 12. Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу. 13. Мисалдар келтиргиле: 14. Сын атоочтун жасалышы канча жол менен жасалат? 15. Сын атоочтун морфологиялык жол менен жасалышы.негизинен зат атоочтон сын атооч, этиштен сын атооч болуп экиге бөлүнөт. 16. (Этиштен сын атооч) Синтаксистик жол менен жасалышы: 17. Кош сын атоочтор канчага бөлүнөт? 18. Карама каршы маанидеги кош сын атоочтор. 19. Кошмок сын атоочтор. 20. Эки сөзү тең маани берүүчү сын атоочтор. 21. 1-сын атооч,2-сөзү зат атоочтон турган сын атооч: кара каш, ак пейил, ак ниет, кара көз. 22. Эки сөзү тең зат атоочтун айкалышынан түзүлөт, эр жүрөк, жакшы мүнөз. Топтор өз ара суроолорго жооп берип, таймашышат. Туура жооп берген окуучуларга 1ден чүкө берилет. Айтылгандарды бышыктоо үчүн оюн менен улантуу: оюмду улагыла: Эрежеси:Мугалим топту карап, сын атооч сөздү айтып ыргытат. Окуучу акыркы тыбышынан башталган сөздү айтып, улантат. М: жакшы – ыймандуу, улуу, ууз, зирек, кир, ж.б. Мааниси окшош сөздөрдү бири-бири менен жолугуштуруу 4 топко берилет. 1. 1. жоош- сонун 2. 1. жалган-ыраак 2.жакшы-долу 2. жашык –төгүн 3. өжөр –момун 3. алыс-ыйлаак 3. 1. кыраан – жалганчы 4. 1. таттуу –начар 2. калпычы –урматтуу 2. жаман- түстүү 3. ардактуу –алгыр 3. өңдүү- даамдуу Эң биринчи бүткөн командага чүкө берилет. АДАБИЯТТАН КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЛАРДЫ ОКУУ, АЛАР СЫН АТООЧТУ САНАП, КАЙСЫ ЧЫГАРМА ЭКЕНИН АНЫКТАШАТ. 1. Эр төштүктөн Көк дөөнүн көрүнүшү Тоодой тулпар ат минген Карагайдай камчы алган Кынсыз бычак байланган Кышкы шамаал бороондой Каары бетине айланган. 2. Тайлакка намыс түштү. Кокон күчтүү Адилеттик болбойт деп үмүт үздү Уялаш Атантайдан айрылган соң. Бөрү тил найза аштады эки миздүү 3. Атка минсе тизгиндеш, Аттан түшсө тизелеш Карчыга кушту качырдым, Кара бир белди ашырдым Кадырман ата досумду Кара бир жерге жашырдым. 4. Ак куржун толо ыр калды Алган жырым тул калды. Көк куржун толо ыр калды, Кошулган жары тул калды. 5. Бирөөнүн тону жеңил деп Кийбегиле балдар ай, Бирөөнүн аты семиз деп Минбегиле балдар ай 6. Кырчаңгы, арык, ачка эшек кетти Кыбырап, сылтай басып, боз да келди. Кубанып Толубай тура калып, Падышам анык талпар ушул деди. 7. Бири айтты асыл таштан койгун деди Бири айтты ак боз бээни сойгун деди Асыл таш, алтын менен койсо дагы Токтобой дубал көчүп кулай берди. Сөз жыйноо көнөгүүсү: Макалдар жазылып, кыркылып берилет. Топтоп макал чыгаруу керек. Макалдардан сын атоочту табуу керек. Телефондон суунун үнү угулат. Суу боюнча сын атоочторду катыштырып текст түзүшөт. Жеңген команданы аныктоо:Чүкөлөрүн саноо аркылуу. Үй тапшырмасын берүү: Баалоо:


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!