СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Абийиринди жашындан сакта

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Абийиринди жашындан сакта»



Сабактын темасы: Абийиринди жашындан сакта!

Сабактын максаты:

- Абийирдүүлүк жөнүндө түшүнүк алышат.

- текстти окуп, анын мазмунун тушунө алышат.

- Каармандарга мүнөздөмө берип, алар жөнүндө тескттен мисал келтире алат.

- Жолдошторунун арасында жана үй бүлөдө абийирдүү болууга багыт алат.

- Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга көнүгүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Абийирдүүлүк жөнүндө жазылган макалдар

Сабактын тиби:

Жаны теманы өздөштүрүү

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

Жаны тема: Балдар абийир, ыйман аздап куюлуп, чөйчөккө чогулган таза суу сыяктуу. Анын олдоксон кыймыл ,эби жок жүруш туруш менен төгүп алууга болот. Муну менен эмнени айткыбыз келет.Абийир жакшы болуу аз аздап жыйналат. Аны этияттап сакта жоготуп алба.”Абийиринди жашындан сакта ,адашып жаман жолго баспа” деген дагы бир нуска сөз сени алдыга үндөгөн ураан болсун.

1.Бугункү бүтүүчү ишти эртенкиге калтырба!

2.Өз колундан келген ишти башкага тапшырба!

3.Арзандыгына карап керексиз буюмду ала бербе!
4.Баарынан намыс кымбат тураарын унутпа!

5.Аз иш бүтүрдүм деп көп кейибе!

6.Боло турган нерсенин болбой калганына өкүнбө!

7.Ачуун келсе онго чейин сана, өтө эле катуу келсе жузгө чейин сана!

Окуучулар жогорудагы жети нуска боюнча өз ойлорун айтып талкуулашат.Андан сон мугалим “Абийир” деген текстти окуп берет. Алгач текст эмне жөнүндө болушу мүмкүн деген суроо менен балдарга кайрылат.окуучулар ойлорун айтышат. Текст окулат.

Абийир

Фазл аттуу кадырлуу бир адамдын өзүнө жакын эки адамы бар эле. Биринин аты Назар,дагы биринин аты Сакип эле. Фазылдын кашында Назар менен Сакип бири-бири менен азилдешти,тамаша айтышып, киришти, аягында азилдери зилге айланды . Экөө тен кызууланышып, бири-бирине акаараткелтиришип, уруша башташты. Назар Сакипти эки колу менен силкип ийди эле, Сакиптин топусу жерге учуп туштү. Ал буга ансайын ачуулана баштады. Фазл ага:

-Неге мынча ачууландын? Азилкечтикте мындай сапат көп болот.Топундун жерге түшүшү менен мынчалык ачууланышын туура эмес – деди.

Сакип ачуусун басалбай:

-Эмнеге ачууланбайсын ? Сендей улуу адамдын кашында топум жерге түшүп,кетип абийирим төгүлдү- деди эле Фазл күлүп:

-Топундун жерге тушүп кетиши мен үчун мынчалык ачууланышын орунсуз. Менин кашымда сенин абийириндин төгулгөнүнө көп эле убакыт болду. Эсинде барбы бир куну мага: “Менин атым бир тундун өзундө эле Мавр шаарынан Нишапур шаарына жеттим”.- деп жалган ссүйлөгөн элен ошол күндөн баштап сөзүнө ишенбей калдым. Абийирин төгүлдү.Эми абийир үчун талашпай эле кой, жалганчыда кандай абийир болот? – деди.

Ой жүгүртүү үчүн суроолор:

1.”Абийир,ыйман аздап куюлуп, чөйчөккө чогулган суу сыяктуу” дегенди кандай тушүнөсүн?

2.”Жакшы болуу аста-аста,жаман болуу бир паста”эмне үчүн минтип айтышат?

3.”Абийиринди жашындан сакта” дейт.Эмне үчун ? Жаш улуулаганда сактаса болбойбу?

4.Окуядагы Назар менен Сакиптин азилдери эмне үчун аягында зилге айланды деп ойлойсунар?

5.Сакаи топусу түшүп кеткенине ачууланды.Ачууланбай койсо болот беле?

6.Фазл эмне үчүн Сакипке абийиринин төгүлгөнүнө көп эле убакыт болгонун айтты?



Жамандыктан кайтаруу ыймандыктын белгиси.

Хадист

“Аранардан кимдир бирөө күнөөлүү ишти көрсө аны колу менен токтотсун.эгер ал колунан келбесе тили менен токтотсун,ал да колунан келбесе анда ал жүрөгү менен жек көрсүн. Бирок бул үчүнчүсү ыймандын эн алсыз даражасы.

(Муслимден)

Залкар ойлор

Абийирин сактай албаган адамдардан алыс бол...

Э.Делакруа

Абийирин саткан байыбайт..

Л.Вавенарг

Адамдын абийирдүүлүгү менен абийирсиздиги жеке гана анын ишинен билинбестен. Анын үмүтүнөн да билинет.

Демократ

Эр жигиттин эн күчтүү куралы, анын абийирдүүлүгүндө

Элден

Абийир мин күбөгө татыйт.

Квант

Абийири кеткен адамдын

Айыбы бир кун ачылат

Жаап алган менен жаагын бек,

Жалдыр көз кантип жашырат.

Г. Фильдинг

Үй тапшырма:

Залкар ойлорду окуп, маанисин чечмелеп бер.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!