СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

80 жашын кут болсун

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«80 жашын кут болсун»

80 жашын кут болсун ОшМУ

Ааламдагы жети керемет сыңары куттуу Кыргызстан жергебиздин кереметтеринин бири болгон, Борбор Азиядагы жалгыз гана тоосу шаардын так ортосунда жайгашкан тарыхы терең, пейили кенен ордолуу Ош шаарында орун алган үмүткө чырак, максатка ынак, аракетке кубат берген билим ордосу Ош мамлекеттик университетибиз сексен жашка толуп, кылымга тете куракты курап, нечендеген мыктылардын, эл баштаган чыгаандардын, өлкөм үчүн деп өз өмүрүн мамлекетке арнаган өмүрү өрнөк болчу канчалаган мыктыларды учурган куттуу билим ордосу. Андан тышкары, окуу жайды бүтүргөн ар бир студенттин жүрөгүнөн түнөк тапкан, өчпөс бактылуу көз ирмемдер, жалындаган жаштык кез, билимге чаңкап билим капты толтуруучу кез, деги кочу не бир укмуш күндөрүн өткөргөн жашоонун алтын бөлүгү болуп саналат эмеспи.

Биздин ордендүү ОшМУнун башааты 1939-жылда ачылган Ош мугалимдер институнан башталат. Ал эми 1942-жылы 20-сентябрда Ростов мамлекеттик университети менен Ростов мамлекеттик педагогикалык институтту Ош мугалимдер институна көчүрүлгөн. Бул эки окуу жай шартка ылайык бир окуу жайга бириктирилген. Ал жактан Ошко 9 профессор, 25 доцент, 25 окутуучу, 4 ассистент келишкен. Алар абдан пайдалуу, түрдүү илимий иштер жасап, 1944-жылы 2-майда кайра мекенине көчүп кетишкен. СССР Минстрлер Советинин 1951-жылдын 12-майдагы №1759 Токтому менен Ош мугалимдер институту- Ош педагогикалык институту болуп кайра түзүлгөн. Ал эми 1992-жылдын 17-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту – Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөн.

ОшМУ – бүгүн эл аралык билим берүүдөгү эң алдыңкы тажрыйбаларды, инавацияларды өздөштүрүп, билим берүү технологияларын жана шарттарын модернизациялап жатат.

Адам баласы бул жашоодо үч нерседен жаңылбоого тийиш. Алар: кесип, дос, өмүрлүк жар. Эгер ушул айтылгандардын баарын туура тандаган болсоңуз анда сиз, “бактылуулуктун” ачкычын туура тандап алдыңыз дегени. Мен ушунун баарын Даңк ордендүү Ош мамлекеттик университетимден тапканы калдым. Анткени, билимге сусаган, жүрүгүндө ыйманы бар, адамгерчиликтүү жана келечектүү жаштардын ордосунан кантип мыкты дос таба албай калайын? Кесипкөй, интеллектуал, адамгерчиликтүү заманбап адистерди тарбиялап коомго кошуп жаткан ОшМУдан кантип мыкты адис болуп чыкпайын? Ушунун баарын тапкан акыркы бөлүк менен бүтүндүктө ОшМУ үчүн кантип кызмат кылбай калайын? Илим-билимге сугарган, ийгиликтин сырын айткан изги тилек максатттарга көмөк берген илимпоз агай-эжекеме рахмат!!!

ОшМУнун 19 факультети, 2 институту, 2 Академиясы, 4 колледжи, 1 илимий изилдөө институту, ар кайсы аймакта жайгашкан 6 гимназия жана лицейлери, 22 эл аралык борборлору, бала бакчалары ушул тартип менен кете берсем айтайын десем сөз жетпейт, көрөйүн десем көз жетпей деги эле адам туулгандан тартып аны толук калыптандыруу процесстеринин бүт баары ОшМУ да бар. Ааламга саякат кылуу ар бирибиздин кыял эмеспи, чет өлкөдө окуп келүү мыктылардын максаты. Мунун баары ОшМУда бар. Сөзүм кур болбос үчүн: ОшМУ азыр 34 алыскы өлкө менен, 200 дөй ЖОЖдор менен түзүлгөн келишимдер жана алар боюнча өтө активдүү иштеген эл аралык байланыштар бөлүмү бар жана азыркы учурда тыгыз кызматташууда. Анткени, ОшМУ өнүктүрүүнүн стратегиялык-приоритеттик багыттары катары инновациялык, инвестициялык жана интеграциялык багыттагы иштер менен алек болуп, мезгил менен тең жарышып, күн санап ааламга кулачын кенен жайып, өнөгүүгө багыт алган Борбор Азиядагы 5 ЖОЖдун бирине айланып, дүйнөдөгү топ 700дүн катарын толуктагы белсинип жаткан кези. Ошондой эле, Кыргызстандагы билим берүүнүн авангарты саналган ОшМУ биздин сыймыгыбыз!!!

Ош мамлекеттик университети жөнүндө жазсам сөз бүтпөйт, айтсам кеп бүтпөйт, анын тарыхы, сыйлыгы, сыймыгы, студенттери, мээнеткеч окутуучулары айтор ар бири жөнүндө бир китеп жазса болчудай. Ош мамлекеттик университети – Кыргызстандын жогорку билим берүүсүндө өзүнүн изденүүсү, умтулуусу менен заманбап талаптарга ылайык тез өнүгүп, өсүп бара жаткан университет деп сыймыктануу менен айта алабыз. ОшМУда окуп жатканыма миң мертебе шүгүр кылам жана ОшМУда иштеп, ОшМУ үчүн жалпы журт үчүн кызмат кылгым келет...

Темасы: 80 жашың кут болсун ОшМУ!

Автор: Заидов Азирет Манасович, ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин 3-курсунун студенти.

Байланыш номери: 0704957555

WhatApp номери: 0772682791

Электрондук почтасы: [email protected]

1



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!