4-класстар үчүн көчүрүү тести.
Математика
1.Эң чоң салмак бирдиги.
а) килограмм б) тонна в) метр
2.600 жана 7 санынын көбөйүндүсү.
а) 420 б) 480 в) 4200
3. Эң кичине беш орундуу сан.
а) 10000 б) 99999 в) 11111
4. х-450=550 теңдемесинин тамырын тап.
а) 100 б) 900 в) 1000
5. Жактары 25см жана 40см болгон тик бурчтуктун периметрин тап.
а) 130см б) 1000см в) 65см
6.12000 жана 60 санынын тийиндиси.
а) 20 б) 200 в) 2000
7. у : 45=20 теңдемесинин тамырын тап.
а) 900 б) 9000 в)90
8. Айлананын борборунан анын чегине чейинки аралык.
а) диаметр б) борбор в) радиус
9. 100000 жана 9000 санынын айырмасын тап.
а) 11000 б) 109000 в) 91000
Кыргыз тили
1. Кыргыз тилинде канча сөз түркүмү бар?
а) 6 б) 9 в) 12
2. Мүчөлөр канчага бөлүнөт?
а) экиге б) төрткө в) бешке
3. Сан атооч кайсы суроого жооп берет?
а) ким? Эмне? б) кандай? в) канча? Канчанчы?
4. Ат атооч сөздү тап.
а) китеп,ай б) ак,чоң в) мен, силер
5. Жылдыз, мектеп деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө тиешелүү
а) зат атооч б) сын атооч в) этиш
6.Канча жөндөмө бар?
а) 8 б) 6 в) 9
7.Асан дайыма сабакка кечикпей келет.
Сүйлөмдүн ээсин тап.
а)кечикпей келет б) дайыма в)Асан
8. Сөз жасоочу мүчөнү тап
а) -га, -ды б) -дын, -да в) -луу, -дай
9. Жандооч сөздөрдү тап
а) кызыл,бийик б) сен, биз в) жөнүндө, менен
10. Татаал зат атооч сөздөрдү тап
а) дарак, күн б) беш, онунчу в) темир жол, таш бака
Мекен таануу
1.Кыргызстанда канча област бар?
а) 9 б)7 в) 6
2. Айгүл гүлү кайсы областта өсөт?
а) Ош б) Талас в) Баткен
3. Манастын күмбөзү каякта жайгашкан?
а) Таласта б) Нарында в) Чүйдө
4. Суу жаратылышта канча абалда кездешет?
а) 3 абалда б) 2 абалда в) 5 абалда
5. Ысык-Көл областынын борбору кайсы шаар?
а) Каракол б) Бишкек в) Балыкчы
6. Сулайман-Тоо кайсы аймакта жайгашкан?
а) Жалал-Абадда б)Ошто в) Баткенде
7. Кыргызстан качан эгемендүү өлкө болгон?
а) 1991-жылы б) 2000-жылы в) 2010- жылы
8. Быйыл Кыргыз мамлекети канча жашта?
а) 24 жыл б) 30 жыл в) 33 жыл
9. Кыргызстандын президенти ким?
а) С. Жапаров б) К. Ташиев в) С. Жээнбеков
10. Биздин район кайсы областка карайт?
а) Ош б) Жалал-Абад в) Талас