Просмотр содержимого документа
«5-класс кыргыз класстарынын кыргыз тилинен тест»
5-класс (кыргыз)
1.Кыргыз тилинин синтаксис бөлүмү эмнени үйрөтөт?
А. сөз жана сөз жасоону
Б. сөз жана сөз түркүмүн
В. сөз айкашы жана сүйлөмдү
Г. жөнөкөй жана татаал сөздү
2. Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы сөз айкашы?
А. бака жалбырак
Б. жашыл жалбырак
В. темир жол
Г. төө куш
3. Этиштик сөз айкашын тапкыла.
А. бийик тоо
Б. алмаздан катуу
В. келгендердин ар бири
Г. мектептен келүү
4. Сөз айкашын тапкыла.
А. мен келдим
Б. ташбака
В. күз
Г. алтын кашык
5.Кайсы сүйлөмдө бөлүнгөн сөз – ээ?
А. Чакырганга барбаган адам ымдаганга зар болот.
Б. Чакырганга барбаган ымдаганга зар болот.
В. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
Г. Окуучулар пахта теришти.
6.Бөлүнгөн сөз сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?
Ж а к ш ы д а н жакшы ат калат.
А. толуктооч
Б. бышыктооч
В. аныктооч
Г. ээ
7.Таандык байланышындагы сөз айкашы кайсы?
А. жыйырма бир жумушчу
Б. апамдын аты
В. көмүрдөй кара
Г. адептүү болуу
8.Кайсы сүйлөмдө бөлүнгөн сөз – аныктооч?
А. Ж а м а н д ы к т а н көзгө жаш келер.
Б. Ж а м а н д а н жакшылык жок.
В. Ж а м а н жолдоштон жалгыздык жакшы.
Г. Ж а м а н өз камын ойлойт.
9.Берилген сүйлөмдөгү этиштин чагын аныктагыла.
Асман жактан апачуу кыйкырык угулду.
а) учур чак
б) өткөн чак
в) келер чак
г) чакчыл
10.Белгиленген сөз сүйлөмдө кайсы милдетти аткарат?
Айылдагы туугандар келишти.
а) бышыктооч
б) толуктооч
в) тактооч
г) аныктооч
11.Баш мүчолөркайсылар?
а) аныктооч
б) толуктооч
в) бышыктооч
г) ээ, баяндооч
12.Сүйлөмдү аныктагыла.
Мына, сабакка кечиктик!
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) киринди сүйлөм
13.Сүйлөмдүн кайсы түрү экенин аныктагыла.
Алмаз университетти качан бүтүргөн?
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) киринди сүйлөм
14.Сүйлөмдүн түрүн аныктагыла.
Мен бүгүн киного бардым.
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) киринди сүйлөм
15.Жалпы атты тап
А) кызыл
Б)тоо
В)Акылбек
Г)келди