СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыздын үмүтү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бир кишинин кызы бар экен. Ал сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу эле. Бул кызга элдин баары суктанып, ашык болбогон жигит калбаптыр. Ошентип турганда кыз катуу ооруп калат. Кызын жанындай көргөн ата-энеси ар кайсы дарыгерге көрсөтөт. Бирок кызы айыкпай, күндөн-күнгө начарлай берет. Бардыгынын үмүтү үзүлөт. Кыз да муну сезип, керели-кечке терезени карап жатат. Терезенин түбүндө бир ак кайың бар эле. Жел тийсе ыргалып турган ак кайың да кыз сымал көзгө сүйкүм көрүнчү. Жазында ооруган кыз жайы менен төшөктө жатат. Акыры кайыңдын жалбырактары саргайып, түшө баштайт. Жалбырагы күбүлө баштаган кайың да мурдагыдай болбой, көзгө комсоо көрүнө турган болот. Муну көргөн кыздын көңүлү ого бетер бузулат. Ак кайыңдын саналуу гана жалбырактары калат.

-Акыркы жалбырагы түшкөндө мен да өлөм,-деп өзүн ишендирип алган. Кыз кайыңды карап жата берет. Төрт жалбырак, үч жалбырак, эки жалбырак, аягында бир эле жалбырак калат. Бирок ал эмнегедир түшпөйт. Нечен бороон-чапкын болот, жамгыр жаап, карга айланып, кар учурган шамалдар башталат.Бирок баягы жалбырак түшпөйт. Күнүгө таңдын атышын дирилдеп күткөн кыз жалбыракты көргөндө сүйүнүп ыйлап, бирок эртең учуп кетсе эмне кылам деп заманасы куурулат. Бирок жалбырак эч учпай, жармашып тура берет. Акыры кызда :"Жаз келип, кайың бүчүр байлаганча жалбырак түшпөй турса, айыгып кетем"-деп үмүт пайда болот. Чын эле жалбырак жаз келип, айлана жапжашыл болгончо турат. Муну көргөн кыз да оорусунан айыгып кетет. Көрсө кызынын оюн сезип калган байкуш эне түндөсү барып жалбыракты ичке жип менен түшкүс кылып байлап таштаган экен.

28.01.2020 10:22


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!