Кыргыздар – алтай тил түркүмүнүн ичинен түрк тилдер тобуна кирген байыртадан белгилүү улут. Алардын негизги бөлүгү түпкү улут катары Кыргызстанда байырлайт. Кыргыздар Борбордук жана Ички Азиядагы байыртадан бери маалым түрк эли болуп саналат. Кыргыздар өз негизги атажурту Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу борбордук азиялык пост-советтик республикаларда, Кытай Эл Республикасында (Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы, Маньчжуриядагы Хейлунжаң вилайети, Түндүк Тибет, Тарбагатай, Текес, ж.б.), Ооганстан, Пакистан, Түркия, Орусия, Австралия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Чехия, Египет ж. б. өлкөлөрдө да байырлашат. Тили б-ча Кыргыздар түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү мусулман динин (сүннийлердин ичинен ханафий мазхабын) тутушат. Айрымдары – атеисттер. Кээлери – бутпарастар (маселен, Кытайдын Тарбагатай аймагындагы калмак-кыргыздар). Мурдагы СССРде Кыргыздар өз жазмасында оболу араб жазмасын, андан соң латынча, акыры – 1940-жылдан тартып орус алфавитин пайдаланса, башка айрым өлкөлөрдөгү Кыргыздар (Кытай, Ооганстан, Пакистан, Иран, арап өлкөлөрү) араб алфавитин колдонушат. Түркияда, Батыш Европада, АКШда, Канадада, Австралияда байырлаган кыргыздар латын жазуусун колдонушат. Кыргыз улутун кураган негизги этностук компонент - байыркы кытай жылнаамаларында алгач б. з. ч. 202-201-жылдарда эскерилген байыркы Кыргыздар (гяньгунь же цзянгун) болуп саналат. Кыргыздардын түпкү тарыхы хун дооруна байланышкан.