СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз эли нарктуу эл

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары ар бир улуттун, элдин туу туткан, алмуздактан бери аздектеп, эненин сүтү, бешиктеги ыры, атанын кеби, нарктуу санжыралары менен укумдан- тукумга, атадан балага сакталып, өтүп келген. Улуттун улуттугун сактаган өзгөчөлүгү.

Кыргыз элинин байыртадан бери сактап келе жаткан баалуулуктары көп. Биздин тарыхыбыз, тилибиз, динибиз, маданиятыбыз, салт-санаабыз, тарыхый эстеликтерибиз, нарк-насилибиз. Бирок доор алмашкан сайын, баалуулуктар өзүнүн ордун жоготуп, коом өзгөргөн сайын баалулуктарга болгон көз караштар өзгөрүп келет. Айрыкча ааламдашуу заманында, интернет доорунда бир коомдук башкаруудан экинчи коомдук жолго түшүп, башка күчтүү коомдордун маданиятына жетеленип, өзгөчөлүгүбүздү жоготуп баратабыз.

Улуттук баалуулуктарыбыз күн өткөн сайын жок болуп унутулуп бараткан сыяктуу. Алар коомдун жана улуттун бешигинде өнүгүп жаралат. Маселен, эне тилибиз, салт-санаабыз, үрп-адатыбызды эле алалычы. Ал дарактын көркүн ачкан мөмөлөрү жана гүлдөрү сыяктуу. Өз маданиятын калыптандыра албаган жана жоготуп койгон улут, жемиш бербеген же аны жоготкон дарак сыяктуу. Ар бир кыргыз ата-бабалардын салтын үрп-адатын билип, кийинки муунга берүүсү керек. Себеби элди эл кылган, жана башка элдерден айрымалаган бул-улуттук баалуулуктары.

Анткени эне сүтү менен буткөн тилде гана чыныгы кыргыз уул-кызынын жан дүйнөсүнө баалуулуктарды сиңирип, өз улуту үчүн сыймыктанууга тарбиялоого болот. Үй-бүлөдөгү ата-энени орду, улуу менен кичүүгө сый мамиле кылуу, дасторкон маданияты, сүйлөшүү адеби, кыз баланы тарбиялоодогу өзгөчөлуктөр, уулду мырзалык сапаттарга тарбиялоо, улуттук тамак-аш жасоого үйрөтүү, улуттук оюндар ж.б. багыттагы ангемелешүү, баарлашуу сааттарыын өткөрүү, практика жүзүндө оюн ойноо, тамак-аш даярдоо сыяктуу иш аракеттер өз натыйжасын берүүдө.

Мында ата-эне, чоң ата, чоң эне, таята, таене, ага-эжелердин катышуусу менен өз турмуштук тжрыйбасында колдонуп келген мыкты журум-туруму, билген өнөрлөрү менен бөлүшүү, балдарды турмушка даярдоо максаты ишке ашырылат. Анткени боз үй деген эмне экенин билгенибиз менен, аны кантип тигүү керектигин, жасалгаларын жасоо, ички буюмдарын туура жайгаштырууну баарыбыз эле биле бербейбиз. Дасторконго баары отурган сон гана ата-эне баштамайын тамакка кол салбоо керектиги же бата кылмайынча андан туруп кетпоо сыяктуу үй-бүлө эрежелери бүгун унутта калып, сакталбай калгандыгы өтө өкүнүчтүү. Анткени бул балдардагы улууну урматтоо, ата-энени сыйлоо сапаттарын калыптандырып, үй-бүлөдөгү ынтымактын сакталышынын бирден бир өбөлгөсү экенин эсибизден чыгарбоого жардам берет.

Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл. Улуттук баалуулуктар-бизди башка улуттардан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүгүбүз. Билим уясы болгон мектебибиздин негизги миссиясы- улуттун тилинде терең ой жүгүртүп, сүйлөй алган, улут маданиятынын көрөңгүсүнө сугарылган мыкты инсандарды тарбиялап чыгаруу болуп саналат.

Категория: Истоки
26.03.2024 22:46


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие записи

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!